Утратило силу
в соответствии с постановлением Правительства КР
от 27 июля 2011 года № 416 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-сентябры № 534 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, инфраструктураны жакшыр-туу, социалдык чөйрөнүн, укук коргоо органдарынын, коргонуунун, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыњдоо,ошондой эле Ысык-Көл облусунун калкынын жашоо дењгээлин көтөрүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 ток-томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун социалдык жак-тан өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо: 10-пунктта "Ысык-Көл облусу боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик финансы инспекциясы" деген сөздөр "Кыр-гыз Республикасынын Эсеп палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын."; 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "17. Максаттуу акча каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат: - билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жанаспорт, укук коргоо органдарынын, коргонуу, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын меке-мелеринин материалдык-техникалык базасын чыњдоого жана коммерциялык,ишкер долбоорлорго колдонулушу мүмкүн эмес; - курорттук комплекстердин башкы пландарын, кењири пландоо долбо-орлорун, калктуу конуштардын шаар курулуш документтерин иштеп чыгууга,экологиялык коопсуздукту камсыздоого; - жерди мелиоративдик жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларга, ирри-гациялык тармактарды оњдоого жана калыбына келтирүүгө жана жердин аба-лын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга."; - көрсөтүлгөн токтомго Тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайыкредакцияда берилсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-нуу бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 534 токтомуна тиркеме Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фондунун Байкоочу кењешинин КУРАМЫ Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчиорун басары, Кењештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин жергиликтүү бюджеттердитейлөөчү орун басары; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык куру-луш башкармалыгынын начальниги; Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору; Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы дене тарбия, спорт жана жаш-тар саясаты комитетинин төрагасы, Ысык-Көл облусу боюнча дене тарбияжана спорт координатору; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүбашкармалыгынын начальниги; Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл облусу бо-юнча билим берүү мекемелеринин координатору; Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигининЫсык-Көл облусу боюнча өкүлү; "Кумтөр Голд Компани" биргелешкен ишканасынын башкы директору,байкоочу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов