Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-сентябры № 540 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-статьясына ылайык жана саламаттыксактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөөнүжөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламат-тык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк тө-лөөгө төмөнкү графикке ылайык кошумча каражат бөлсүн: 2009-жылдын 1-январынан тартып - 2005-2006-жылдар үчүн карыздардыжоюу; 2010-жылдын 1-январынан тартып - 2007-2008-жылдар үчүн карыздардыжоюу; - 2009-2011-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө бекитилгенграфикке ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштегенжылдары үчүн үстөк төлөөгө каражат карасын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги үстөктөрдү төлөө тартибин жанаграфигин, анын ичинде республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү тө-лөөнүн кезектүүлүгүн жана шарттарын иштеп чыгышсын жана бекитишсин. 3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - бекитилген графикке ылайык саламаттык сактоо системасынын кыз-маткерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөөнү камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын "КыргызРеспубликасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына 2009-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө инвентаризацияжүргүзсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов