КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-октябры № 552 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Наабайканалардын унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары О.М.Артык-баев, М.Т.Мамасаидов, Д.А.Ниязалиева, Б.У.Мамасеитова, Ч.Г.Абдуллаевадемилге кылышкан "Наабайканалардын унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелгенкорутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 552 токтому менен жактырылган "Наабайканалардын унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары О.М.Артык-баев, М.Т.Мамасаидов, Д.А.Ниязалиева, Б.У.Мамасеитова, Ч.Г.Абдуллаевадемилге кылышкан, "Наабайканалардын унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, ага төмөнкүдөй эскертүүлөрдүжана сунуштарды билдирет. Маанисин тактоо максатында 1-статьядагы "байытуу (фортификация)"жана "фортификация" деген түшүнүктөрдү, ошондой эле "витамин-минералдыкже минералдык кошулмалар" жана "премикс" деген түшүнүктөрдү бирик-тирүүнү сунуштайбыз. "Жарактуу мөөнөтү" жана "сактоо мөөнөтү" дегентүшүнүктөрдү алар окшош болгондуктан кайра кароону сунуштайбыз. Ошондойэле 1-статьяны "байытылган ун стандарты - кг унга мг микроэлементтердинвитамининин милдеттүү санын белгилеген ун стандарты" жана "витамин-ми-нералдык премикс стандарты - унга аны байытуу максатында кошулуучу ви-таминдердин жана микроэлементтердин кеп компоненттүү кошулмаларынынбелгиленген саны" деген түшүнүктөр менен толуктоону сунуштайбыз. 2-статьянын экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени атал-ган маселе "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы менен жөнгө салынат. 4-статьянын бешинчи абзацында "пайдаланууну камсыз кылат" дегенсөздөрдү "пайдаланууга контроль жүргүзөт" деген сөздөр менен алмаштыру-уну сунуш кылабыз. II главанын аталышын төмөнкүдөй редакцияда баяндалышын сунуштай-быз: "II глава. Унду байытуу жана темир жетишпеген абалды алдын алуужаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ый-гарым-укуктары". 5-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалышын сунуштайбыз: "5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары.". 5-статьянын төртүнчү абзацындагы "камсыз кылышат" деген сөздөрдү"милдеттүү пайдалануу үчүн контроль жүргүзөт" деген сөздөр менен алмаш-тырууну сунуштайбыз. 5-статьянын алтынчы абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунушкылабыз: "- Кыргыз Республикасынын белгиленген ченемдик укуктук актыларынаылайык минералдык-витаминдик же минералдык кошулмалар менен байытылган(фортификацияланган) жогорку жана биринчи сорттогу наабайкана унун чы-гаруучу юридикалык жана жеке жактардын менчигинин түрүнө карабастансактоо жана сатуу шарттарына контроль жүргүзүшөт". Мыйзам долбоорун "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунуннегиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык келтирүүмаксатында төмөнкүнү сунуштайбыз. 4-статьянын сегизинчи абзацындагы "контролду камсыз кылат" дегенсөздөрдү "мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылат" деген сөздөр менен алмаш-тырууну. 6-статьянын биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек: "Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн, алып келинген жана сатылуучубайытылган ундун коопсуздугунун талаптарыньш мамлекеттик ченемдери тех-никалык регламент, ал эми техникалык регламент күчүнө киргенге чейин -ченемдик укуктук актылар же стандарттар менен белгиленет". 6-статьянын экинчи абзацын ушул статьянын биринчи абзацынын редак-циясы өзгөргөнгө байланыштуу алып салуу керек. 7-статьяны төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек: "7-статья. Байытылган унду өндүрүү, жеткирүү, сактоо жана сатуужаатында ишкердик жүргүзүүчү юридикалык же жеке жактар техникалык рег-ламенттин же техникалык регламент күчүнө киргенге чейин колдонулуучученемдик укуктук актылардын же стандарттардын талаптарына ылайык байы-тылган унду өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерин сактоонукамсыз кылууга, анын коопсуздугун жана сапатын кепилдикке алууга мил-деттүү. Даярдоочулар же жеткирүүчүлөр белгиленген тартипте техникалыкрегламенттин же техникалык регламент күчүнө киргенге чейин колдонулуучученемдик укуктук актылардын же стандарттардын милдеттүү талаптарынаылайык келишине байытылган унду сертификациялоону жана декларациялоонуишке ашырууга тийиш.". 8-статьяны төмөнкүдөй редакцияда берүү керек: "8-статья. Байытылган ундун коопсуздугуна жана сапатына мамлекет-тик көзөмөл жүргүзүүчү органдардын ыйгарым укуктары. Байытылган унга карата техникалык регламенттин (техникалык регла-мент күчүнө киргенге чейин ченемдик укуктук актылардын жана стандарт-тардын) талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөл саламаттык сактоо жанастандартташтыруу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдартарабынан тарабынан жүргүзүлөт. Байытылган унга жана аны сактоого, та-шууга жана сатууга карата мамлекеттик көзөмөл байытылган унду пайдала-нуу стадиясында жүргүзүлөт. Байытылган унду өндүрүүчү объекттерге жанаөндүрүш процессине карата мамлекеттик көзөмөл мезгилдүү пландуу жанапландуу эмес текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объекттерин пай-далануу процессинде ишке ашырылат.". Редакциялык тактоо максатында 8-статьяны II главанын 5-статьясынанкийин алып келүүнү сунуштайбыз. 10-статьянын биринчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, себеби ви-тамин-минералдык кошулмалар менен унду байытуу ун тартуучу ишканаларгаунду фортификациялоо үчүн технологиялык жабдууларды сатып алууга кошум-ча чыгымдарды, ундун сапатына контролдук кылууга чыгымдарды, ошондойэле атайын жабдылган жайлар жана байытылган унду сактоо үчүн курулмаларменен байланыштуу чыгымдарды алып келет. Аталган кошумча чыгымдар унга,нанга жана нан азыктарына баалардын жогорулашына алып келет, бул болсоөлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына алып келет. 10-статьянын экинчи абзацын "уруксат берилген" деген сөздөрдөн ки-йин "саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөрменен толуктоону сунуштайбыз. 10-статьянын алтынчы абзацына төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: - "сертификациялоо" деген сөздөн кийин "же декларациялоого ылайык"деген сөздөр менен толуктоону; - "байытылган ун" деген сөздөрдөн кийин "өндүрүлүүчү," деген сөзменен толуктоону; - "жана контролдоо" деген сөздөрдү алып салууну. 11-статьянын экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш-тайбыз: "Байытылган унду маркалоо. Маркалоонун реквизиттери ар бир тањгак-ка мамлекеттик жана расмий тилдерде коюлат жана төмөнкүдөй маалыматтыкамтыйт: - продуктунун аталышы; - сорту; - чыгаруучунун аты, жайгашкан жери (юридикалык дареги, чыгарылганөлкө); - чыгаруучунун товардык белгиси (бар болсо); - масса, нетто; - азык-түлүк баалуулугу; - чыгарылган күнү жана тањгактоо сменасынын номери; - сактоо шарты; - жарактуу мөөнөтү; - шайкештигин тастыктоо жөнүндө идентификация жана маалыматжүргүзүлүүчү документтин белгилениши; - "обогащенная", "байытылган" деген сөздөр чоњ шрифт менен жазы-лат; - кошулган кошулмалардын аталыштарын көрсөтүү менен жалпы кабылалынган логотип коюлат.". 12-статьянын төртүнчү абзацындагы "жол берилбейт" деген сөздөрдөнкийин ", өндүрүү," деген сөз менен толуктоону сунуш кылабыз. 12-статьянын бешинчи абзацындагы "же шайкештик декларациясына" де-ген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз. 12-статьянын жетинчи абзацындагы "сактоо" деген сөздү "жарактуу-лук" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылабыз. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ию-лундагы N 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу систе-масын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө"
Жарлыгына жана "Иш-кердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө са-луучу таасирин талдоонун усулу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы
токтомуна ылайык мыйзам долбоору-нун регулятивдик таасир этүүсүнө талдоо жүргүзүүнү сунуштайбыз.