Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-октябры № 555                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин              кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордукаппаратын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Ош шаары, Му-минов көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан имараттын биринчи кабатын жанажертөлө жайын  Кыргыз  Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигининбалансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

           -ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди

кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын ;

     - Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-нистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге өзгөртүү-лөрдү киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)

 

         3.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары,

Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз

Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн

Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте

өткөрүп берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)

      4. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2001-жылдын 19-мартындагы №111 "Кыргыз  Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине Ош  областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-нистрациялык имаратын  жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:     экинчи абзацындагы "ээлеп турган 1699,8 кв.м аянттагы бөлмө-жайларКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгү бөлүмү-нө аныкталган тартипте бекитип берилсин" деген сөздөр алып салынсын.     5. "Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №111 "Кыргыз  Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине Ош  областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-нистрациялык имаратын  жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-на толуктоо   киргизүү   тууралуу"   Кыргыз   Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 12-ноябрындагы № 835 токтому күчүн жоготту деп табылсын.     6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министри                             И.Чудинов