Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну № 324
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборун кызматтык жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"-ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди
кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;"
-3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары, Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|