Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 3-октябры № 558 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелин-деги № 62
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскердик багыттагыпродукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсөтүүбоюнча ишмердикти лицензиялоо боюнча лицензиар болуп аныкталсын. 2. "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260
токтому менен беки-тилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө
жобо ушул токтом-дун тиркемесине ылайык редакцияда 45-глава менен толукталсын. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 553 токтомуна тиркеме "45-глава Аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердикти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү 1. Ишмердиктин лицензия берилүүчү түрүнүн аталышы: аскердик багыт-тагы продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсө-түү. 2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-ги. 3. Лицензиянын бланкында көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча рекви-зиттер: - лицензиат өз ишмердигин аймактык жактан бөлүнгөн бир нече объек-ттерде жүргүзгөн учурда ага өзүнчө лицензия (уруксат) берилбейт. Мындайобъекттер жөнүндө маалыматтар (дарек, телефон ж.б.) лицензиянын блан-кында дароо көрсөтүлүшү керек. 4. Лицензия башкы болуп эсептелеби: жок. 5. Лицензиянын колдонуу аймагы: Кыргыз Республикасы. 6. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: убактылуу, 2 жылдан кем эмес мөө-нөткө. 7. Лицензия ээликтен чыгарылып башка адамдарга өткөрүп берилбейтжана бул тууралуу белгиси болушу керек. 8. Кошумча лицензиялык талаптар: - лицензиаттын квалификациялык жана техникалык дењгээли ишмердик-тин ушул түрү үчүн коюлган талаптарга ылайык келиши керек; - ишмердиктин лицензиялануучу түрлөрүн ишке ашыруу укугу лицензи-аттын уюштуруу документтеринде (Устав, Жобо ж.б.) көрсөтүлүшү керек. 9. Лицензия берүү үчүн кошумча документтер: а) Лицензиаттын ишмердигинин шарттары белгиленген талаптарга тууракелгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отунресурстары министрлигинин эксперттик корутундусу; б) түшүндүрмө кат, анда төмөнкүлөр камтылышы керек: - лицензиаттын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маа-лымат; - иштин сапатын жана коопсуздугун камсыздоочу квалификациялууадистер жөнүндө маалымат; - аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуужана кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү жооптуу инженердик-техникалыккызматкерлердин эмгектик ишмердиги жөнүндө маалымат; - ишмердиктин ушул түрүнүн экологиялык жактан коопсуз экендигиненегиздеме; - аткарылган иштердин сапатына контроль жүргүзүү системасы жөнүндөмаалымат; - финансылык абалы жана каржылоо булактарынын тизмеси ж.б. жөнүндөмаалымат; - нормативдик-техникалык документтердин тизмеси, анын негизинделицензиялануучу ишмердик жүргүзүлөт. Лицензиар зарыл учурда кошумча маалымат берүү, лицензиаттын ишмер-дигин текшерүү жана изилдөө үчүн көз карандысыз эксперттерди тартуу та-лабын кое алат. Лицензиат лицензия алууга документте көрсөтүлгөн маалыматтардынбардык өзгөрүүлөрү жөнүндө лицензиарга өзгөрүү кирген күндөн тартып 10күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү. Лицензиар берилген документтерде баяндалган маалыматтардын туура-лыгын текшерүүгө укуктуу. 10. Лицензияны кайра сурап алуунун башка негиздери жана тартиби: - лицензиаттын күнөөсү боюнча кыйла зыян алып келген авария; - өз милдеттерин аткарбоо же лицензияда белгиленген шарттарды бу-зуу; - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жанаайлана-чөйрөнүн булганышына алып келген ишмердик жүргүзүү; - лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде лицензиянын колдонулушунбир нече жолу токтото туруу. 11. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун башка негиздери жанатартиби: - кызматкерлердин жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугунареалдуу коркунучту аныктоо, ошондой эле лицензиардын лицензиатты мындайкоркунучту жоюуну милдеттендирген чечимин лицензиаттын аткарбоосу. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу ушул Жободо белгиленгентартипте жүргүзүлөт. 12. Лицензия берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү лицензия берүүдө ли-цензиардын тарткан тиешелүү чыгымдарынан аныкталат, бирок эсептик көр-сөткүчтүн үч минималдуу өлчөмүнөн ашпашы керек. 13. Лицензия берүү үчүн сумманы төлөө тартиби ушул Жобонун 9-гла-васына ылайык жүргүзүлөт. 14. Квалификациялык экзамендерди (аттестациялоону) берүү тартиби-нин өзгөчөлүктөрү: талап кылынбайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов