Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 3-октябрындагы № 559
«Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иштешин толук камсыз кылуу, мамлекеттик менчиктеги объекттерди өткөрүп берүү жолу менен муниципалдык менчикти түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомго «Райондук маанидеги Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси» деген № 5 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы | 1 | 7362610 |
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасын белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
И. Чудинов |