Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 16-декабры № 827
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 3-июлундагы № 397,
2000-жылдын 28-августундагы № 533,
2001-жылдын 21-июнундагы № 286,
2001-жылдын 30-октябрындагы № 672,
2002-жылдын 11-мартындагы № 129,
2004-жылдын 7-октябрындагы № 742,
2004-жылдын 6-декабрындагы № 894,
2005-жылдын 29-июлундагы № 324,
2006-жылдын 29-мартындагы № 211,
2008-жылдын 28-августундагы № 482,
2008-жылдын 3-октябрындагы № 559,
2009-жылдын 10-августундагы № 511,
2009-жылдын 9-октябрындагы № 633,
2010-жылдын 9-мартындагы № 140
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-
жылдын 23-июнундагы "Кыргыз Республикасынын райондук маанидеги шаарларында
жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарды уюштуруу жөнүндө" Указын жана
"Кыргыз Республикасынын райондук маанидеги шаарларында жергиликтүү өз ал-
дынча башкармалыктарды уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин 1998-жылдын 23-июнундагы Указын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 484 токтомун аткаруу макса-
тында бир кыйла иштер жасалгандыгын белгилейт. Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй
областтык, Ысык-Көл, Кара-Суу, Өзгөн, Жайыл, Ысык-Ата (мурдагы Кант),
Сокулук, Нарын райондук мамлекеттик администрцияларынын, райондук мааниде-
ги Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Өзгөн, Чолпон-Ата, Шопоков шаарларынын
жана Нарын (областтык борбордун статусуна шаардын өзгөчөлүгүн эске алуу
менен) шаарынын кеңештери менен шаар башкармалыктарынын муниципалдык мен-
чикти уюштуруу, шаар башкармалыктарынын штаттык санын аныктоо, райондук
маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын бюджетин
түзүү боюнча сунуштары ар тараптан изилденип чыкты.
Райондук маанидеги шаарлардын бардыгы болуп муниципалдык менчикке
1064 социалдык чөйрө, турак жай муниципалдык курулуш обьекттерин, 576,4
млн.сом калдык наркы менен калктын жашоо турмушун камсыз кылуу обьектиле-
рин өткөрүп берүү сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- райондук маанидеги шаарлардын муниципалдык менчикке обьекттерди
өткөрүп берүү тартиби (тиркелет);
- муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү райондук маанидеги Кант,
Кара-Балта, Кара-Суу, Өзгөн, Чолпон-Ата, Шопоков жана Нарын шаарларынын
(областтык борбордун статусуна шаардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен) № 1-7
тиркемелерге ылайык обьекттердин тизмеси.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-октябрындагы № 672
токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, кеңештер, райондук
маанидеги шаарлардын шаар башкармалыктары тиешелүү министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Мамлекеттик мүлк фонду
менен бирдикте 1999-жылдын 1-февралына чейин райондук маанидеги шаарлардын
мамлекеттик менчик обьектилерин муниципалдык менчикке кабыл алууну-өткөрүп
берүүнү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар, кеңештер жана райондук маанидеги шаарлардын шаар
башкармалары республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, райондук маанидеги
шаарлардын шаар башкармаларынын бюджеттеринин долбоорлорун иштеп чыгууда
райондук маанидеги шаарлардын муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө
тийиш болгон обьекттерди күтүүгө чыгымдарды эске алышсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана кеңештер райондук
маанидеги шаарлардын шаар башкармалары муниципалдык менчикке өткөрүлүп
берилүүчү обьекттердин сакталышын камсыз кылуу, алардын иштешине зарыл
шарт түзүү, райондук маанидеги шаарлар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар
менен калктын керектөөсүн канааттандыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүш-
сүн.
5. Райондук маанидеги шаарлардын шаар башкармалыктарына берилген ма-
млекеттик негизги ыйгарым укуктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин 1998-жылдын 23-июнундагы "Кыргыз Республикасынын райондук
маанидеги шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарды уюштуруу
жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын райондук маанидеги
шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарды уюштуруунун негиздери
жөнүндө Жобонун 4-пунктунда аныкталгандыгы көңүлгө алынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Ысык-Көл, Нарын, Ош,
Чүй областтык, Ысык-Көл, Кара-Суу, Өзгөн, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Нарын
райондук мамлекеттик администрациялар райондук маанидеги шаарлардын шаар
башкармалыктарынын структураларын түзүүнү райондордун бюджетинин санына
жана жалпы көлөмүнүн чегинде жүргүзүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Респуб-
ликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансындагы муни-
ципалдык менчиктин негизги каржаттарынын эсебин алсын.
8. Ысык-Көл, Кара-Суу, Өзгөн, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Нарын район-
дук мамлекеттик администрациялардын башчылары тиешелүү органдар менен бир-
дикте райондук маанидеги Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Өзгөн, Чолпон-Ата,
Шопоков, Нарын (областтык борбордун статусу бар шаардын өзгөчөлүгүн эске
алуу менен) шаарларында тиешелүү шаардык структураларды билим берүү, сала-
маттыкты сактоо, архитектура, ички иштер, аскердик эсепке алуу столдорун,
муниципалдык, салык, финансы жана аймактардын таламдарына ылайык келүүчү
башка структураларды аларга башкаруу аппаратынын санынын жана кызматкер-
лерге эмгек акы төлөө фондунун чектеринде зарыл укуктарды берүү менен уюш-
туруу маселесин чечишсин.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясында пункт күчүн жоготту)
10. Райондук маанидеги шаарлардын муниципалдык менчике өткөрүлүп
берилүүчү обьекттердин тизмесин бекитүүгө байланыштуу Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик мүлк фонду Кыргыз Республикасында 1998-2000-жылдарга
мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасы-
нан Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Өзгөн, Чолпон-Ата, Шопоков, Нарын шаарла-
рынын муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген обьекттерин чыгаруу менен
ага зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.
"Райондук маанидеги Кара-Суу шаарынын муниципалдык менчигине өт-
көрүлүп берилүүчү объектилердин тизмеси" деген № 3 тиркемени жана ага КР
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы № 211 "Объектилерди муниципалдык мен-
Чикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
менен киргизилген толуктоолорду бул токтомдун орусча редакциясынан караңыз
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана кеңештер, район-
дук маанидеги шаарлардын, шаар башкармалыктарынын башчылары, райондук
маанидеги шаарлардын муниципалдык менчикке өткөрүлүп берүүгө тийиш болгон
обьекттерин аныктоо боюнча иштерди улантсын.
12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү министрлик-
тер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен бир-
дикте мурда кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларды ушул токтомго
ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
13. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министр Аппаратынын уюштуруу - кадр иштери жана регионалдык
башкаруу департаментине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Жумалиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 16-декабрындагы
№ 827 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү
шаарларындагы шаардык башкармалыктардын
СТРУКТУРАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 30-октябрындагы № 672 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 16-декабрындагы
№ 827 токтомун
№ 1-1 тиркеме
Райондук маанидеги Кант шаарынын муниципалдык
менчигине өткөрүлчү объекттердин
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы № 482 токтомунун
редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────┬──────────────────────┬────────────────────┐
│ Объекттердин аталышы │ Саны, өлчөө бирдиги │ Баланстык наркы │
│ │ │ (миң сом) │
├─────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────────┤
│"Алый Парус" маданият үйү│ 1 │ 68634,0 │
├─────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────────┤
│"Затейник" балдар борбору│ 1 │ 414048,45 │
├─────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────────┤
│Кант шаарынын 2-кичи │ 1 │ 490048,45 │
│районундагы № 1 жатакана │ │ │
├─────────────────────────┼──────────────────────┼────────────────────┤
│"Тюльпан" пионер лагери │ 1 │ - │
└─────────────────────────┴──────────────────────┴────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси – министри М.Исмаилов