Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 3-октябры № 562 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2009-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизель отуну менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө "Талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамле-кеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана2-статьяларына ылайык, "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу данөсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чараларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы №446 токтомунун 8-пунктунда каралган дизель отунун талон боюнчабөлүштүрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-гы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 2008-жылдын 12-сентяб-рында түзүлгөн берүү келишиминин негизинде "Газпром нефть Азия" жооп-керчилиги чектелген коому күзгү талаа иштерин жүргүзүү үчүн алып ке-линүүчү 5,0 мињ куб.м көлөмүндөгү дизель отунун атайын даярдалган талонбоюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн берүүчү болуп аныктал-сын. 2. "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому алып келүүчүдизель отунунун көрсөтүлгөн көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-лекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуаркылуу кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн Кыргыз Республи-касынын аймагына алып келүүдө жана андан аркы сатууда бажытөлөмдөрүнөн, салыктардан жана жыйымдардан бошотулууга тийиш экендигибелгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик ушул ток-томдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдө "Газпром нефть Азия" жоопкерчи-лиги чектелген коому тарабынан дизель отунуна атайын даярдалган талон-дор менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети дизельотунун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө жана аны айылдыктовар өндүрүүчүлөргө андан аркы сатууда бажы төлөмдөрүнөн, салыктарданжана жыйымдардан бошотуу маселелеринде ушул токтомду жетекчиликке алыш-сын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-паратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов