Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 3-октябры № 563 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Локомотивдерди жана жүргүнчүлүк вагондорду Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-январындагы № 20 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына ан-дан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Бажыкодексинин 145-статьясынын 1-пунктуна ылайык темир жолду реструктуриза-циялоо жана модернизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1 "Локомотивдерди жана жүргүнчүлүк вагондорду Кыргыз Республикасы-нын аймагына убактылуу киргизүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылдын 23-январындагы № 20 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүкиргизилсин: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Беш локомотивди жана алтымыш жүргүнчүлүк вагонду Кыргыз Рес-публикасынын аймагына убактылуу ташып келүү мөөнөтү - аларды ташыпкелүү учурунан тартып 15 жыл болуп аныкталсын.". 2. Бул токтомдун адкарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов