Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-октябры № 571 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдында Кинематография боюнча департамент түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №171 "Кыргызкино" Улуттук концерни жөнүндө"
Жарлыгын аткаруу, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ишмер-дигин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигининалдында юридикалык жактын статусу менен Кинематография боюнча департа-мент түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги: - эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалыматминистрлигинин жобосунун долбоорун жана башкаруу схемасын, Кинематогра-фия боюнча департаменттин жобосунун, түзүмүнүн жана штаттык санынындолбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин; - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов