КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-октябры № 587 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык,ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-ындалсын. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Бул Мыйзам мамлекеттин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын(мындан ары - ЭКБ) өндүрүүчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүнмамилелеринин укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык не-гиздерин, жөнгө салуу механизмдерин, энергиянын кайра жаралуучу булак-тарын өндүрүү үчүн жабдууларды, пайдалануу үчүн түзүлүштөрдү белгилейт. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Бул Мыйзамдын максаты Бул Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүк-түрүү жана пайдалануу, энергетикалык структураны өркүндөтүү, энергети-калык ресурстарды диверсификациялоо, калктын социалдык абалын жакшыр-туу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу,айлана-чөйрөнү коргоо жана экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп сана-лат. 2-статья. Бул Мыйзамды жөнгө салуу объекттери Бул Мыйзамды жөнгө салуу объекттери жылуулукту, электр энергиясынжана ЭКБны пайдалануу менен отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошон-дой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ЭКБ тармагындагы жабдуулардыжана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп эсептелет. 3-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: биомасса - байкоо жүргүзүү мезгилинде биогеоценоздо болгон өсүмдүкжана жаныбарлардын организмдеринин жыйынды массасы; кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарынпайдалануу аркылуу, анын ичинде кайра жањылоочу отундан алынган эколо-гиялык жактан таза энергия; энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кай-ра жаралуучу түрлөрүнүн булактары: - Күндүн, Жердин энергиялары, ваакумдун энергиясы, абанын энергия-сы, суу энергиясы; - кенсиз жана көмүртексиз жаралган энергиянын булактары, баардыкорганикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын таралуу(ачытуу) энергиясы; - жылуулуктун калдык энергиясы (градирнилер, трансформатор подс-танциялары, башка өнөр жай түзүлүштөрү жана агрегаттары), алардын иш-төөсүнүн натыйжасында жылуулуктун калдык энергиясы чыгат; кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассаданжана органикалык же жаратылыштык сырьедон жана/же ар түрдүү булактаналынган отун; энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучуэнергияны кайра өзгөртүп түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөө-гө багытталган иш-аракеттердин жыйындысы, ошондой эле ошол иш-аракет-терди материалдык-техникалык камсыздоо; күндүн энергиясы - күндүн радиациясын пайдалануудан алынган энер-гия; тармак (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энер-гияны ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү боюнча техникалыккаражаттардын жыйындысы; биогаз түзүлүшү - газды, андан чыккан жылуулукту жана органикалыкжер семирткичтерди өндүрүү үчүн органикалык калдыктарды жана ыпласагындыларды анаэробдук ачытуучу жабдуулар системасы; адаттагы энергия - кайра жаралбоочу энергетикалык ресурстарданалынган энергия, атап айтканда көмүртектин сырьесунан алынчу (көмүр,мунай, газ) жана гидроэлектр станциялардын энергиясы; ЭКБ тармагындагы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган - Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамында белги-ленген энергетика тармагындагы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу ор-ган. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келти-рилген тизмеси толук берилген эмес, ЭКБ жана энергетикалык натыйжалуу-луктук тармагындагы илим жана технологиялар өркүндөгөн сайын тизме ке-њейе бериши мүмкүн. 4-статья. Кыргыз Республикасынын ЭКБ жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын ЭКБ жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, баш-ка мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой элеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө киргенэл аралык келишимдерден турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекүчүнө кирген эл аралык келишим менен бул Мыйзамда каралгандан башкаченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат. 5-статья. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасында ЭКБны пайда-лануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп эсептелет, аныничинде төмөнкүлөр боюнча: - ЭКБнын потенциалын изилдөө; - ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан өбөлгө түзүү; - ЭКБны өндүрүү, ташуу, кайра түзүү, сактоо жана пайдалануу үчүнэнергетикалык түзүлүштөрдү, машиналарды, жабдууларды жана продукциялар-ды иштеп чыгуу, өндүрүү, ташып келүү жана пайдалануу; - кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу аркылуу энергия алып жү-рүүчүлөрдү жана механикалык энергияны өндүрүү; - ЭКБ энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган уюштуруу,илим-изилдөө, долбоордук, эксперттик, конструктордук, курулуш жана жөн-гө салуу ишмердигин жүзөгө ашыруу. II глава ЭКБ тармагында мамлекеттик башкаруунун негиздери 6-статья. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери ЭКБ тармагындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй принциптерге негиз-денет: - айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдаланууну камсыздоо, калктын ден-соолугун коргоо жана кайра калыбынакелип туруучу энергия секторун өркүндөтүүгө багытталган чараларды ишкеашырууда эмгекти коргоо; - ЭКБны пайдаланууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү; - ЭКБ өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) экономикалык кызыгуусункамсыз кылуучу укуктук жана финансы-экономикалык механизмдеринин систе-маларын ЭКБнын отун-энергетикалык балансына киргизүү максатында түзүү; - инвестицияларды тартуу жана ишмердикти колдоо; - ЭКБнын иштеп чыгарылган энергиянын сатылышына кепилдик берүү; - ЭКБ жана кайра жаралуучу отун чөйрөсүндө жасалма монополия түзүүшарттарын жоюу менен ЭКБны пайдалануучу системалардын атаандаштыккажөндөмдүүлүгүн камсыздоо; - ЭКБ тармагындагы техникалык жана технологиялык жетишкендиктердимаалыматтык камсыздоо; - ЭКБны өздөштүрүү процессине коомчулукту жана илимий-техникалыкпотенциалды кењири тартуу; - энергияны берүү же адаттагы энергияны алмаштыруу максатындаэлектр энергетикалык тармактын субъекттери менен ЭКБ өндүрүүчүлөрдүн(керектөөчүлөрдүн) кызматташтыгын колдоо; - электр жана жылуулук энергияны децентралдаштырылган жана авто-номдук генерациялоого багытталган иш-аракеттерин колдоо; - калкты ЭКБны пайдаланууга жана жабдууларын өндүрүүгө катыштыруу; - ЭКБ тармагындагы ведомстволор аралык жана секторлор аралык кыз-матташтыкты камсыздоо. 7-статья. ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдыруунутөмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат: - ЭКБны өздөштүрүүдө артыкчылыктарды аныктоо; - ЭКБны, анын ичинде скважиналарды, кайра жаралуучу отунду чыгаруужана аны пайдалануу процессинде айлана-чөйрөнү бузган заттарды эвакуа-циялоону өздөштүрүүдө экологиялык таза технологияларды же таштандылар-дын төмөн же коопсуз дењгээли менен технологияларды иштеп чыгуу жанаишке киргизүү боюнча мыйзамдарда каралган экономикалык механизмдердинжана өбөлгө түзүүчү чаралардын кепилденген иштеши; - шаарларда, ошондой эле айылдарда энергетикалык сервисти жанажергиликтүү өндүрүштүн иштешин, калктын жашоосун камсыздоо үчүн көз ка-рандысыз кайра жаралуучу энергия системасын курууну колдоо; - ысык суу менен камсыздоо, жылытуу, муздатуу жана электр энергия-сын иштеп чыгаруу үчүн күн энергиясы системаларынын жабдууларын орноту-уну жана пайдаланууну колдоо; - айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын органика-лык калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биогаз түзүлүштөрүнүн тар-мактарын орнотууну жана түзүүнү колдоо; - ЭКБны пайдалануу, түзүлүүчү системаларды оњдоо жана тейлөө боюн-ча түзүлүштөрдү туруктуу өндүрүүнү камсыздоочу сервистик борборлордутүзүүнү колдоо. 8-статья. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмө-тү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функция-ларына жана ыйгарым укуктарына ылайык төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу; - каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагыжалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана атка-руу; - ЭКБнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалыктармакты реформалоо; - ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгөтүрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук до-кументтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо; - энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоо жана статисти-калык эсепке алууну камсыздоо жана кайра жаралуучу энергия жана отунтармагында иштеген субъекттердин реестрин жүргүзүү; - ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техни-калык прогресске колдоо көрсөтүү; - эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жа-на өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо; - ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюм-дардын катышуусуна колдоо көрсөтүү. III глава ЭКБ тармагындагы экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдер 9-статья. ЭКБны пайдалануу боюнча түзүлүштөрдү жасоо, сатып алуу жана эксплуатациялоо ЭКБны пайдалануу боюнча түзүлүштөрдү жасоо, сатып алуу жана эксп-луатациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу мыйзамдардынжана техникалык регламенттердин талаптары сакталган учурда каалаганюридикалык жана жеке жак тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Имараттарды долбоорлоо боюнча иштеген уюмдар долбоорлорду даярдооучурунда күндүн энергиясын жана ЭКБнын башка булактарын пайдалануу мүм-күнчүлүгүн караштырууга милдеттүү. 10-статья. ЭКБ пайдалануу боюнча программаларды жана долбоорлорду каржылоо ЭКБны өнүктүрүүгө жана пайдаланууга багытталган илимий жана техни-калык изилдөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-бинен, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджетижөнүндө мыйзамында каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт. 11-статья. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энер-гия өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй префе-ренцияларга ээ: - ЭКБ үчүн жабдууларды, түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү буюмдардыимпорттоодо жана экспорттоодо бажы алымдарынан бошотулат; - ЭКБ аркылуу иштетип чыгарылган энергияны энергетикалык компания-лар сатып алууга милдеттүү; - эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөржана жылуулук тармактардын талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жанажылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасынакошууга тийиш; - улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардынотун сатуу системасына кошулушу керек. 12-статья. ЭКБ боюнча ишмердикти маалыматтык жактан камсыздоо ЭКБ энергиясы маселелери боюнча ишмердикти маалыматтык жактан кам-сыздоо энергетика боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүргүзү-лөт: - ЭКБ пайдалануунун улуттук жана региондук программаларды терењталкуулоо; - ЭКБ чөйрөсүндөгү көрсөтмөлүк долбоорлорду түзүү боюнча иштикоординациялоо; - администрациялык-аймактык бирдиктердин аймагында ЭКБны артыкчы-лыктуу пайдалануу менен зоналарды түзүү; - ЭКБ чөйрөсүндөгү технологиялардын жана жабдуулардын көргөзмөсүнуюштуруу; - ЭКБнын пайдалануучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө ЭКБны өндүрүү жа-на пайдалануу маселелери боюнча маалыматтарды берүү; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ЭКБны өндүрүүнү жана пай-даланууну пропагандалоо. 14-статья. Энергетикалык ресурстардын жана статистиканын мамлекеттик реестри ЭКБнын энергия булактарын иштеп чыгаруу, өндүрүү, ташып кирүү,кайра иштетүү, кайра түзүү, ташуу, сактоо жана пайдалануу тууралуу маа-лымат Кыргыз Республикасынын статистика боюнча ыйгарым укуктуу органытарабынан эсепке алынууга тийиш. 15-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. IV-глава Корутунду жоболор Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамгаылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти