КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-октябры № 591 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 591 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин депутаты И.А.Масалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,жалпысынан аталган долбоорго макулдук берүүгө мүмкүн деп эсептейт. Би-рок, төмөнкүлөрдү эске алуу керек: 1. Мыйзам долбоорунун аталышын "толуктоолорду" деген сөздөн мурда"өзгөрүүлөрдү жана" деген сөздөр менен толуктоону. 2. Мыйзам долбоордун кириш сөзүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 200__- жыл, № ______, -ст.)Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор киргизилсин:". 3. 3-пунктту "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы" деген сөздөрдөнкийин ", Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу элчилери, КыргызРеспубликасынын эл аралык уюмдарга караштуу өкүлдөрүнүн жетекчилери,мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр менен толуктоону. 4. 4-пункттун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону: "Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктө-рүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынынэл аралык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрүнүн иштери мамлекеттик тилде,зарыл учурда башка тилдерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. ". Мында, бул ченемди киргизүүнү 2010-жылдан тартып кароо зарыл, ант-кени ушул максаттарга 2009-жылга республикалык бюджеттин долбоорундаКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгымдарында каражаткаралган эмес. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлө-рү боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жанаКыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрүнүн иш-терин мамлекеттик тилге которуу үчүн жылына 32835,0 мињ сом суммасындакаражат талап кылынат.