Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-октябры № 591                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз      Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"      Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына  толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2008-жылдын 21-октябрындагы                                              № 591 токтому менен                                                  жактырылган            "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө"        Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү          тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна                               КОРУТУНДУ      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин депутаты И.А.Масалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик тили  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,жалпысынан аталган  долбоорго макулдук берүүгө мүмкүн деп эсептейт. Би-рок, төмөнкүлөрдү эске алуу керек:     1. Мыйзам  долбоорунун аталышын "толуктоолорду" деген сөздөн мурда"өзгөрүүлөрдү жана" деген сөздөр менен толуктоону.     2. Мыйзам долбоордун кириш сөзүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:     "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" (Кыргыз  Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,  200__- жыл,  № ______, -ст.)Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана  толуктоо-лор киргизилсин:".     3. 3-пунктту  "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы" деген сөздөрдөнкийин ", Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу элчилери, КыргызРеспубликасынын эл  аралык  уюмдарга  караштуу өкүлдөрүнүн жетекчилери,мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр менен толуктоону.     4. 4-пункттун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:     "Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктө-рүнүн жана  консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынынэл аралык  уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрүнүн иштери мамлекеттик тилде,зарыл учурда башка тилдерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. ".     Мында, бул ченемди киргизүүнү 2010-жылдан тартып кароо зарыл, ант-кени ушул  максаттарга  2009-жылга  республикалык бюджеттин долбоорундаКыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинин чыгымдарында каражаткаралган эмес.     Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлө-рү боюнча  Кыргыз  Республикасынын  дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жанаКыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу өкүлчүлүктөрүнүн иш-терин мамлекеттик  тилге которуу үчүн жылына 32835,0 мињ сом суммасындакаражат талап кылынат.