Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-октябры № 593
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча
Координациялык кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын, балдар эмгегин жок кылуу боюнча иш-чараларга тартылган эл
аралык жана коомдук уюмдардын иштерин координациялоону өркүндөтүү мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Ко-
ординациялык кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жыл-
дын 25-августундагы № 541 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында
балдар эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кењеш жөнүндө жободо:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "өкмөттүк эмес жана эл аралык" деген
сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "коомдук жана эл аралык" деген сөздөргө
алмаштырылсын;
"балдар эмгегинин пайдалануунун эњ начар формаларын жоюуга" деген
сөздөр "балдар эмгегинин эњ начар формаларын жоюуга" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
- 1.2-пункт "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" деген сөздөрдөн
кийин ", Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси" деген сөздөр
менен толукталсын;
- 2.2-пунктта:
сегизинчи абзацтагы "өкмөттүк эмес" деген сөздөр "коомдук жана эл
аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.2-пункттун он жетинчи абзацындагы "пайдалануу" деген сөз "жок
кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3.1-пункттун бешинчи абзацындагы "өкмөттүк эмес" деген сөздөр "ко-
омдук жана эл аралык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пунктта:
экинчи абзацтагы "Биринчи вице-премьер-министр" деген сөздөр "Ви-
це-премьер-министр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык
өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "секретариат" деген сөздөн кийин "- жумушчу топ"
деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.7-1-пункт менен толукталсын:
"4.7-1. Координациялык кењештин заседаниелеринин ортосундагы
мөөнөттө анын ишин Секретариат - жумушчу топ камсыз кылат. Секретариат
- жумушчу топ беш-жети мүчөдөн турат, алар Координациялык кењештин
мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча шайланышат.";
- 4.8-пунктта:
биринчи абзац "секретариат" деген сөздөн кийин "- жумушчу топ" де-
ген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- балдар эмгегин жок кылууга багытталган программаларды жана дол-
боорлорду ишке ашыруу жөнүндө жыл сайын отчетторду даярдоо.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4.9-пункт менен толукталсын:
"4.9. Координациялык кењештин атынан секретариат - министрликтер-
ден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, атка-
руу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Координациялык
кењештин иштери менен байланышкан маселелер боюнча эл аралык жана коом-
дук уюмдардан маалымат сурап алууга укуктуу.";
Координациялык кењештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык
редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча коор-
динациялык кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу жана "Кыргыз
Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кењеш
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы №
541 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июнундагы № 456 токтомун күчүн жоготту деп та-
буу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелинде-
ги № 255 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 токтомунун 3-пункту.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-октябрындагы
№ 593 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери
боюнча Координациялык кењештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Кењештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри,
Кењештин төрагасынын орун басары;
Координациялык кењештин катчысы Кењештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк до-
бушу менен шайланат.
Кењештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басары
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу
боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо-
юнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун ба-
сары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият
жана спорт бөлүмүнүн балалыкты коргоо боюнча секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,
жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Бал-
дарды коргоо боюнча департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги-
не караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору - Кыргыз Респуб-
ликасынын Башкы мамлекеттик эмгек инспектору;
Бишкек шаарынын вице-мэри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги-
нин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги;
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Кењешинин төрагасынын бирин-
чи орун басары, Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак кооперациялары
жана ишкердиктин башка түрлөрүнүн кызматкерлеринин профсоюзунун борбор-
дук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Кењешинин төрагасынын орун
басары, Агроөнөржай комплекси кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук
комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди социалдык-эко-
номикалык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясы" союзунун төрагасы
(макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясы" союзунун Агроөнөржай
комплекси жана айыл чарбасы комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясы" союзунун кесиптик би-
лим берүү чөйрөсү боюнча кењешинин координатору (макулдашуу боюнча);
ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары (макулда-
шуу боюнча);
ИПЕК Эларалык эмгек уюму долбоорунун улуттук координатору (макул-
дашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын пре-
зиденти (макулдашуу боюнча);
"Балдарды коргоо борбору" коомдук уюмунун аткаруучу директору (ма-
кулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов