ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 595» Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди «Казахмыс Голд Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө»токтом

Редакция23.10.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-октябры № 595                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука       районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан      жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген             коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,  384-статьяла-рына жана 27-главасына,  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 20жана 32-статьяларына жана "Жер казынасын пайдаланууга жер  участокторунберүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 12-апрелиндеги №  261 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун  мамлекеттик  адми-нистрациясынын  Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча рес-публикалык комиссия менен макулдашылган,  Жалал-Абад облусунун Ала-Букарайонундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан,  аянты 260,4га жайытты "Бозымчак" кенинде пайдалуу кендерди иштетүү жана  кен-байы-туу  ишканасын куруу үчүн иштетүү максатында жер казыналарын пайдаланууукугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген 2008-жыл-дын 23-январындагы № 710 АЕ лицензияларга ылайык ижара келишимдин  шар-тында  "Казахмыс  Голд  Кыргызстан"  жоопкерчилиги чектелген коомуна 19жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алын-сын.     2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.     3. Кыргыз  Республикасынын  Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-нистрациясы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66"Айыл чарба  жерлерин  айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюугабайланыштуу айыл  чарба  өндүрүшүнүн  жоготууларынын  ордун толтуруунуннаркынын убактылуу  нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белги-ленген нормативдерге  ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган  пайданын  ордун толтуруунун наркынын суммасын "КазахмысГолд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөөсүн;     "Казахмыс Голд  Кыргызстан"  жоопкерчилиги  чектелген коомунун жеручастокторго жер  салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффи-циентти, ал  эми  2009-жылдын 1-январынан тартып 1 коэффициентти колдо-нуп, Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз РеспубликасынынЖалал-Абад облусунун  Ала-Бука  районундагы  Көк-Таш  айыл өкмөтү мененижара келишимин түзүүсүн.     4. "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому белги-ленген тартипте экологиялык жана техникалык коопсуздук, бөлүп берилүүчүжер участогундагы  кенди  коргоо жана аны пайдалануу жагында эксперттиккорутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну жанаколдонуудагы нормаларга  жана  эрежелерге ылайык макулдашууну жана экс-пертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын.     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  агроөнөржай  комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министри                                     И.Чудинов