Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-октябры № 596 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мамлекеттик органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүм-дөрүнүн, мекемелердин, мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөтүү уку-гу берилген субъекттердин акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) та-рифтерди (бааларды) түзүүлөрүнүн жана колдонууларынын тууралыгына мам-лекеттик контролду өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637
токтому менен беки-тилген, Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)түзүүнүн ыкмасы жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: - бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруу бийлик орган-дарынын, алардын структуралык" деген сөздөр "мамлекеттик органдар,алардын ведомстволук жана аймактык" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөр-дө алмаштырылсын; - 1-1-пункттагы "мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү"деген сөздөр "мамлекеттик акы төлөмө кызматтардын жана уруксат берүүчүдокументтердин реестрине киргизилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук жана аймактыкбөлүмчөлөрүнө, мекемелерге, субъекттерге, мамлекеттик жана муниципалдыкишканаларга оперативдүү башкаруудагы жана чарба жүргүзүү укугундагы жо-гору турган органдарды жана уюмдарды кармоого акы төлөмө кызматтардыннаркынын эсебинен которуу жүргүзүүгө тыюу салынат."; - 2-4-пунктта "аткаруу бийлиги органдарынын структуралык" дегенсөздөр "мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык" деген сөз-дөр менен алмаштырылсын; - 3-2-пунктта "аталган органдын структуралык" деген сөздөр "атал-ган органдын ведомстволук жана аймактык" деген сөздөргө алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 3-3-пункт менен толукталсын: "3-3. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)макулдашуу үчүн берилүүчү материалдардын толуктугуна жана тууралыгынажоопкерчиликти акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана уруксат берүүчүдокументтердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдардын жана анынведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн, мекемелердин, субъекттердинжетекчилери тартышат."; - төмөнкүдөй мазмундагы 4-2-пункт менен толукталсын: "4-2. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана уруксат берүүчү доку-менттердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдар, алардын ведомст-волук жана аймактык бөлүмчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык ишкана-лар, мекемелер жана субъекттер ар бир акы төлөнүүчү кызмат боюнча өзүн-чө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү."; - 5-1-пунктта: төртүнчү абзац "негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер"деген сөздөрдөн кийин "отчеттук мезгилде" деген сөздөр менен толуктал-сын; бешинчи абзац "алгачкы мезгилинин баланстык (калдык) наркынан 10%(пайыз) " деген сөздөр жана сандар менен толукталсын; жетинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Автомашиналарды ондоого кеткен чыгымдар транспортко амортизация-лык которуулардан орду толтурулат."; 6-1-пунктта "аткаруу бийлигинин органдарынын жана мекемелердин акытөлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчү структуралык бөлүмдөрүнүн республика-лык жана региондук реестрлерин" деген сөздөр "мамлекеттик органдардынведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн республикалык жана региондукреестрлерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдеринушул токтомго ылайык келтиришсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов