Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-ноябры № 613                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги      карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык,     бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык      санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө"            Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу      Электр энергиясынын  негизги  берүүчүлөрүнүн  финансы-экономикалыкабалын негизги  карыздар, эсептелген проценттер, туум-айыптар, финансы-лык жана айыптык санкциялар боюнча бюджеттин алдында карызды реструкту-ралаштыруу аркылуу  турукташтыруу жана колдоо максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Электр  энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары,эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жанакредиттери боюнча  финансылык,  айыптык  санкциялары  боюнча карыздарынреструктуралаштыруу жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзам  долбооружактырылсын.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин.     3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-ындалсын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ           Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги      карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык,     бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык       санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө      Бул Мыйзамдын  максаты  электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүнфинансы-экономикалык абалын  негизги  карыздар,  эсептелген проценттер,туум-айыптар, салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча финансы-лык, айыптык  санкциялар  боюнча карыздарды реструктуралаштыруу аркылуутурукташтыруу жана колдоо болуп эсептелет.       1-статья. Жалпы жоболор      1. Бул  Мыйзамдын  жоболорунун колдонулушу электр энергиясынын не-гизги берүүчүлөрүнө,  салык, бажы органдарына жана Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунажайылтылат.     2. Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:     - негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому(мындан ары  -  "Электр  станциялары"  ААК) жана "Кыргызстандын улуттукэлектр тармактары"  ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызстандынулуттук электр тармактары" ААК);     - карыздарды  реструктуралаштыруу  - "Электр станциялары" ААК жана"Кыргызстандын улуттук  электр  тармактары"  ААК үчүн төлөө мөөнөттөрүнузартуу жана карызды жарым-жартылай эсептен чыгаруу;     - проценттер,  туум-айыптар,  финансылык  жана  айыптык санкцияларбелгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстери-не ылайык  салыктарды,  жыйымдарды жана бажылык төлөмдөрдү, Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн карыздык милдеттенмениншарттарына ылайык кредиттерди өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн эсептелгенсуммалар.       2-статья. Реструктуралаштыруу шарттары      "Электр станциялары"  ААКнын  жана  "Кыргызстандын  улуттук электртармактары" ААКнын  карыздарын  реструктуралаштыруу  25 жылдык мөөнөткөаныкталат, мында  карыз  жылдар  боюнча  бирдей бөлүштүрүлөт жана төлөйбаштоо 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдырылат.     "Электр станциялары"  ААКнын  жана  "Кыргызстандын  улуттук электртармактары" ААКнын карыздарын реструктуралаштыруу бюджеттин алдында не-гизги карыздар, эсептелген проценттер, туум-айып, финансылык жана айып-тык санкциялар боюнча 2008-жылдын 1-июлуна карата жүргүзүлөт.       3-статья. Реструктуралаштыруу механизми      Реструктуралаштырууга "Электр  станциялары"  ААКнын жана "Кыргызс-тандын улуттук электр тармактары" ААКнын Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин Экономиканы  өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун алдындагыжалпы суммасы  3269,8 млн. сомго негизги карыздары, эсептелген процент-тер, туум-айып, салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча финан-сылык жана  айыптык санкциялар боюнча карыздар тийиштүү, мында реструк-туралаштыруунун төмөнкүдөй тартиби бекитилет:     1) "Электр станциялары" ААКнын жалпы суммасы 2180,7 млн. сом өлчө-мүндөгү карызы, анын ичинде:     салыктар боюнча:     - төлөй  баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 824,2млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;     - эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча587,4 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;     бажылык төлөмдөр боюнча:     - төлөй  баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 563,5млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;     - эсептелген  проценттер,  туум-айыптар,  финансылык  жана айыптыксанкциялар боюнча 55,2 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;     кредиттер боюнча:     - 150,4  млн.  сом  суммасындагы  айыптык  санкциялар боюнча карызэсептен чыгарылсын.     2) "Кыргызстандын  улуттук электр тармактары" ААКнын жалпы суммасы1089,1 млн. сом өлчөмүндөгү карызы, анын ичинде:     салыктар боюнча:     - төлөй  баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 493,9млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;     - эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча477,4 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;     кредиттер боюнча:     - 119,5 млн.  сом суммасындагы  айыптык  санкциялар  боюнча  карызэсептен чыгарылсын.     Реструктуралаштыруунун шарттарын   аткарууда   реструктуралаштыруумөөнөтүнүн ичинде  негизги  карыздын  реструктуралаштырылган  суммасынапроценттерди, туум-айыптарды,   финансылык   жана  айыптык санкциялардыэсептөө жүргүзүлбөйт.       4-статья. Күчүнө кириши      Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти