КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-ноябры № 626 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын15-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жанажарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат-тарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген
жобо бекитил-син.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-июнундагы № 324"Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасындажашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбө-лүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу"
токтомунун 1-пункту күчүн жоготтудеп эсептелсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри И.Чудинов