Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 93, 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасында Иммигранттын статусун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык иштелип чыккан.
Бул Жобо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жана анын аймактык органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап туруу үчүн убактылуу же туруктуу уруксаттарды (мындан ары - жашап туруу үчүн уруксат) берүүгө арыздарды кабыл алуу, тариздөө, берүү жана жокко чыгаруу боюнча ишинин тартибин белгилейт.
Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында убактылуу же туруктуу жашап турууга укук берүүчү документ болуп эсептелет.
Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу учурунда анын өздүк күбөлүгү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан кем эмес жашаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жашаган жери боюнча Департаментке же анын аймактык органдарына жашап турууга уруксат берүү жөнүндө белгиленген формадагы арыз менен кайрылууга укуктуу (№ 1 тиркеме).
Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка толгон, аракетке жарактуу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам берет.
Арыздын бланкы кол менен даана, мамлекеттик же расмий тилде толтурулат. Арыздын бланкын толтурууда сөздөрдү кыскартууга болбойт, арыздын бланкындагы суроолорго жооптор толук болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгер арыз ээси жашап турууга уруксатты өзү жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн алууга ниеттенсе, ал жөнүндө арызда көрсөтүлөт. Арыз ээсинин 18 жашка жеткен үй-бүлө мүчөлөрү арызды өзүнүн атынан өз алдынча беришет.
Арыз берүүдө арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жашоону каалоосун билдирген бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу жана ушул Жободо белгиленген талаптардын аткарылышы зарыл.
4. Чет мамлекеттердин аймактарында таризделген, көчүрмөсү жашап турууга уруксат алуу үчүн тиркелчү расмий документтер, эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык же консулдук мекемелеринде белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
Чет тилде жазылган документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун тууралыгы жана котормочунун койгон колунун тууралыгы нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгер чет өлкөлүк жарандардын ким экендигин жана жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтеринин жарактуулук мөөнөтүнө 6 айдан аз калган болсо, арыздары кароого кабыл алынбайт.
5. Жашап турууга убактылуу уруксаттар боюнча материалдарды кароонун жалпы мөөнөтү берилген күндөн тартып 1 айдан, ал эми жашап турууга туруктуу уруксаттар боюнча материалдардыкы - 1 жылдан ашпоого тийиш.
II. Арыздарды кабыл алуунун уюштурулушу
Жашап турууга туруктуу уруксаттар боюнча
6. Жашап турууга туруктуу уруксат төмөнкүдөй берилет:
- ушул Жободо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турууга уруксат алган адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына кайра келип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга дагы;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган, же Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - алар 18 жашка чыкканда.
7. Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка чыккан, Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылдан ашык мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) өздөрү беришет.
Арыз менен кошо төмөнкүдөй документтер 2 нускада тапшырылат:
- паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);
- арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары);
- арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн - Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);
- чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- арыз ээсинин толук өмүр баяны.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 93, 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 33-статьясында каралган негиздердин жок дегенде бирөөсү бар чет өлкөлүк жаран ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен кошо төмөнкүлөрдү тапшырат:
- ата-энелеринин биринин улутун ырастаган маалымкатты (документ) (туулгандыгы тууралуу актылык жазуу);
- Кыргыз Республикасынын жараны болгон тууганы же Кыргыз Республикасында иммигранттын статусун алган адам жиберген чакырууну;
- Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык байланышын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде тургандар нике жөнүндө күбөлүктү жана жубайынын паспортунун көчүрмөсүн, чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген арыз ээси менен балдары чогуу жашаса туугандыгын же асырап алгандык фактысын, ошондой эле чогуу жашагандыгын ырастачу документтерди;
- арыз ээсинин жана анын туугандарынын фамилиялары ар башка болсо туугандык мамиле кошумча тапшырылчу тийиштүү документтер менен далилденет;
- камкордук жана көзөмөлдүк фактысын ырастачу документтер;
- адистиги (кесиби) бар экенин ырастачу документтер жана рекомендациялар.
Иммигрант статусун алууга артыкчылык укуктар менен пайдалануучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай тургандан кийин туруктуу жашаганга уруксат алууга арыз берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.
10. Эгер арыз ээси менен кошо аялы (күйөөсү) 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келсе турган болсо, алардын Кыргыз Республикасына келүүгө жазуу жүзүндөгү макулдуктары талап кылынат.
Документтеги баланын колу нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
11. Эгер Кыргыз Республикасына ата-энелердин бирөө гана 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келе турган болсо, ал жубайынын балдары иммиграцияга кетип жаткан атасы (энеси) менен чогуу жашашына каршы эместиги жөнүндө нотариуста күбөлөндүрүлгөн арызын тапшырууга тийиш.
Андай макулдук жок болсо иммигрант ата (эне) тийиштүү мамлекеттин балдарды ошол жубайга ыйгаргандык жөнүндө соттун чечимин тапшырууга тийиш.
Жашап турууга убактылуу уруксат боюнча
12. Жашап турууга убактылуу уруксат чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга төмөнкүдөй берилет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн;
- окуу жайдын жана билим жана илим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суранычы боюнча окуу жайда окуш үчүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш жүргүзүү үчүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомунун редакциясвна ылайык)
13. Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка чыккан, Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан ашык мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) өздөрү беришет.
Арыз менен кошо төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);
- арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилик минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары);
- арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн - Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);
- чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- арыз ээсинин толук өмүр баяны.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 93, 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.
15. Эмгек ишмердигин жүргүзүүчү арыз ээси ишканасынын катталганы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн тапшырышат; Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окугандар окуу жай менен контракттын көчүрмөлөрүн жана окуган жеринен маалымкат тапшырышат; Кыргыз Республикасында инвестиция салуучу инвестицияны тарткан уюмдун жетекчисинин ал чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген елчемдө инвестиция салып жатканы жөнүндө катын берет.
III. Документтерге текшерүү жүргүзүүнүн тартиби
16. Арызды кароого кабыл алууда аны менен кошо тапшырылчу бардык керектүү документтер бар экендиги, аларды тариздөөнүн тууралыгы жана жашап турууга уруксат алуу үчүн конкреттүү негиздерге шайкештиги текшерилет.
Арыз даана эмес толтурулган, талап кылынган пункттарда айрым жазуулар болбогон, оңдолгон жана кырылган жерлер аныкталганда Департаменттин аймактык органынын кызматкери белгиленген тартипте жаңы арызды толтурууну талап кылышы керек.
Арыз ээси койгон колунун тууралыгы арыздын бланкында, арызды кароого кабыл алган жооптуу адамдын колу менен ырасталат.
Арыз ээлерине жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуунун "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясында каралган негиздер жөнүндө да маалымдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Кабыл алынган арыз арыздарды каттоочу журналда каттоо номерин коюу менен белгиленген тартипте катталууга тийиш (№ 2 тиркеме).
Журнал номер коюлуп, көктөлүп жана канцелярияда катталууга тийиш.
18. Арызды жана тиркелген документтерди кароого кабыл алган Департаменттин аймактык органдары ички иштер органдарынын тийиштүү эсептери боюнча керектүү текшерүү жүргүзүшөт.
Текшергенден кийин жашап турууга уруксат алуу үчүн документтер улуттук коопсуздук органдарына жана анын аймактык подразделениелерине жиберилет.
Аталган органдар өз компетенцияларынын чегинде жашап турууга убактылуу уруксат боюнча 10 күндүк мөөнөттө жана жашап турууга туруктуу уруксат боюнча эки айлык мөөнөттө аларды алууга тоскоол болуучу жагдайлар бар же жок экени жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат беришет.
Арызды кароонун (текшерүүнүн жана макулдашуунун) натыйжасы боюнча жашап турууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө бербөө жөнүндө чечим чыгарылат.
Жашап турууга туруктуу уруксат алуу үчүн материалдар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына иммигранттын статусун берүү маселесин чечүү үчүн жиберилет.
Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келген материалдарды 6 айдын ичинде карайт жана иммигранттын статусун берүү жөнүндө сунушту караган учурда Департаментке билдирүү жиберет. Иммигранттын статусун берүү маселеси оң чечилсе Департамент чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды жашап турууга туруктуу уруксат менен документтештирет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясында каралган негиздер боюнча кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомунун редакциясвна ылайык)
20. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ал жашаган жердеги Департаменттин аймактык органдарына тийиштүү каттоону камсыздоо же чыгып кетишин контролдоо үчүн билдирүү жиберилет.
IV. Жашап турууга уруксат берүүнүн жана жарандыгы жок адамды күбөлөндүрүүнүн тартиби
21. Жашап турууга туруктуу жана убактылуу уруксаттарды берүү Департаментте же Департаменттин аймактык органдарында жүргүзүлөт.
Арыз ээси жашап турууга туруктуу уруксатты алуудан баш тартуу жөнүндө кайрылган учурда Департамент же Департаменттин аймактык органдары жашап турууга убактылуу уруксатты берет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2015-жылдын 15-июлундагы № 494, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам оң чечилгени жөнүндө билдирүү алганда Департаментке же анын аймактык органдарына жашап турууга уруксат алуу үчүн өзү кайрылат жана мамлекеттик алым төлөгөнү жөнүндө квитанциясын, ак-кара түстөгү 33 x 43 мм эки фото сүрөтүн тапшырат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Жашап турууга уруксаттар мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат. Аларга төмөнкүдөй маалыматтар жазылат:
- аты-жөнү;
- туулган күнү, айы, жылы;
- туулган жери;
- Кыргыз Республикасына келген күнгө карата жарандыгы;
- үй-бүлөлүк абалы;
- келгендеги максаты;
- жашап турууга уруксатты ким жана качан бергени;
- улуттук паспортунун номери;
- жашап турууга уруксатынын жарактуулук мөөнөтү жана жарактуулугунун узартылган мөөнөтү;
- бойго жете элек балдары жөнүндө;
- каттоосу жөнүндө;
- өзгөчө белгилери.
24. Кыргыз Республикасында жашап турууга туруктуу уруксаты бар жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кетиши зарыл болгон учурда Департамент же анын аймактык органдары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берет.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү чет өлкөдө анын ээсинин ким экендигин билдирүүчү документ болот жана Кыргыз Республикасында жарандыгы жок туруктуу жашаган адамга берилет.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- эркин формада жазылган арыз;
- жарандыгы жок адам үчүн жашап турууга уруксат;
- ак-кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү англис жана мамлекеттик тилдерде толтурулат. Ага төмөнкүдөй маалыматтар жазылат:
- аты-жөнү;
- туулган жылы жана жери;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн ким жана качан бергени;
- чогуу жүргөн бойго жете элек балдары жөнүндө;
- визалары жөнүндө;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Адамдын макулдугу менен жашап турууга уруксатта жашап турууга уруксаттын ээсинин канынын группасы жана резус-таандыктыгы жөнүндө белги коюлат.
Жашап турууга уруксаттарга жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнө бул Жободо каралбаган жазууларды жазууга тыюу салынат.
Жашап турууга уруксатта, ошондой эле жарандыгы жок адамдын күбөлүгүндө ак-кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү фото сүрөт, ээсинин жана документти берүүгө жооптуу адамдын колдору болууга тийиш.
26. Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга ал жетим болуп калса же толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда турса жаш курагына карабастан берилиши мүмкүн.
27. Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берүүдө анын укуктук статусу, жокко чыгаруунун негиздери, Департаментте же анын аймактык органдарында жыл сайын кайра каттоодон өтүп туруу, ошондой эле жашаган жерин өзгөрткөн учурда каттоосун өз убагында узартуу жана кайра каттоого туруу милдети түшүндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Кыргыз Республикасында иммигранттын статусун алган жана өзүнүн жарандыгы таандык мамлекеттердин аймагында туруктуу жашаган жарандар мурдагы туруктуу жашаган жеринен каттоодон чыгууга тийиш.
29. Жарактуулук мөөнөтү жашап туруу мөөнөтүнүн чегинде аяктаган, өзүн күбөлөндүргөн документтери бар чет элдик жарандар өзүн күбөлөндүргөн документтердин жарактуулук мөөнөтүн өзү жараны болуп эсептелген мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдарында өз убагында узартууга (жаңысын тариздөөгө) милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап турууга туруктуу уруксат 5 жыл мөөнөткө, бирок чет мамлекеттин паспортунун жарактуулук мөөнөтүнөн ашык эмес, 45 жашка чыкканда - чет мамлекеттин паспортунун бүткүл жарактуулук мөөнөтүнө берилет.
Жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга убактылуу уруксат 5 жыл мөөнөткө, ал эми 45 жашка чыкканда - мөөнөтсүз берилет.
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу уруксат 1 жыл мөөнөткө, жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартып туруу менен берилет.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү 2 жыл мөөнөткө берилет. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү 5 жолуга чейин узартылып, андан кийин алмаштырылат.
V. Эсептик каттоого алуу
31. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат алгандан кийин 5 иш күндүн ичинде убактылуу же туруктуу жашаган жериндеги Департаменттин аймактык органдарына арыз менен кайрылууга жана эсептик каттоого турууга милдеттүү.
Каттоо жөнүндө белгилер жашап турууга уруксатка жашап турууга уруксаттын жарактуулук мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө коюлат.
32. Эсептик каттоого алынгандан кийин жашап турууга уруксат алган ар бир чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга эсептик-топтоочу иш ачылып, ал тийиштүү журналга катталат (№ 3 тиркеме).
Эсептик-топтоочу иште чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын бардык зарыл документтеринин көчүрмөлөрү (паспорттун көчүрмөсү, жашап турууга уруксаттын көчүрмөсү, жашаган жеринен маалымкат, иштеген жеринен маалымкат жана башкалар) тиркелүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эсептик-топтоочу иштери алардын сакталышын камсыздоочу жайларда сакталат.
33. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашаган жери өзгөргөндө жашаган жаңы жериндеги Департаменттин аймактык органдарына кайрылууга жана эсептик каттоого турууга милдеттүү.
Мында Департаменттин аймактык органдары чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын мурдагы эсептик каттоодо турган жерине билдирүү жиберип жана топтоочу ишин сурап алууга тийиш.
34. Кыргыз Республикасынын аймагына келүүнүн тартибин контролдоо жана эсепке алууну жүргүзүү үчүн Департаменттин аймактык органдары адамдын соттолгондугунун бар-жогун текшерүүнү жылына бир жолу жүргүзүшөт.
Текшерүүлөрдүн материалдары топтолуучу делолорго көктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алмаштыруунун жана жарактуулук мөөнөтүн узартуунун тартиби
35. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алмаштыруу төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:
- фамилиясы, аты, атасынын аты алмаштырылганда;
- туулган жылы өзгөртүлгөндө;
- жазууларда так эместиктер аныкталганда;
- жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- пайдаланууга жараксыз болгондо;
- жоголгондо.
36. Жашап турууга уруксаттарды жана жарандыгы жок адамдын күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашаган жериндеги Департаменттин аймактык органдарына жашап турууга уруксаттын жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөн бир ай мурда төмөнкүдөй документтерди тапшыруу менен кайрылууга тийиш:
- эркин формада жазылган арыз;
- жашап турууга уруксат жана анын көчүрмөсү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн - жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн - чет мамлекеттин жарактуу паспорту;
- Департаменттин аймактык органдарынын жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдар үчүн - жашап турууга уруксаты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жоголгону жөнүндө маалымкаты;
- иштеген жеринен маалымкат;
- жашаган жеринен маалымкат;
- ак-кара түстөгү, 33 x 43 мм өлчөмдөгү 2 фото сүрөт.
Жашап турууга уруксат фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөнгө байланыштуу алмаштырылганда ал шарттарды ырастачу документтер тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат алыш же алмаштырыш үчүн документтерин жана фото сүрөттөрүн тийиштүү жаш куракка жеткенден же фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын өзгөрткөндөн, жазууларда так эместиктер аныкталгандан, жашап турууга уруксат пайдаланууга жараксыз болуп калгандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттө тапшырууга тийиш.
38. Арызды жана тиркелген документтерди кароого кабыл алган ПВКБ, ПВК бөлүмү ички иштер органдарынын тийиштүү каттоолору боюнча зарыл текшерүү жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү ал адам чет өлкөдө жүргөн убакта бүткөн учурда ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга укуктуу, ал жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн зарыл убакка чейин узартат.
40. Жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жоголгон учурда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар документ жоголгон жердеги Департаменттин аймактык органдарына арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү республиканын чегинен сыртта жоголгону жөнүндө жарандыгы жок ал адам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси адам кайра кетиши үчүн ким экенин билдирүүчү документ берет.
41. Жашап турууга уруксаттар жана жана жарандыгы жок адамдардын күбөлүктөрү төмөнкүдөй учурларда күчүн жоготушат:
- чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынан туруктуу жашачу жерине кеткенде;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда же өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыкканда;
- жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу үчүн атайын жалган маалыматтар берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
42. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам өлгөн учурда жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү ички иштер органдарына тапшырылат, ал эми чет өлкөдө болсо - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине тапшырылып, алар өлгөндүк катталгандан кийин аны каттоого турган жериндеги ички иштер органдарына жиберишет.
43. Кайтарыкка алынган, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга же камоого соттолгон адамдын жашап турууга уруксаты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү баштапкы териштирүү, алгачкы тергөө органы же сот тарабынан алып коюлат жана жашаган жериндеги ички иштер органдарына жиберилет. Кайтарыктан бошотулгандан же жазасын өтөгөндөн кийин жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү ээсине кайра берилет.
44. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн бергендик жана жарактуулук мөөнөтүн узарткандык үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
Жашап турууга туруктуу уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн бергендик жана жарактуулук мөөнөтүн узарткандык үчүн мамлекеттик алым төлөөдөн толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган адамдар бошотулушат.
45. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн керектүү гербдүү жана визалык мөөрлөрдүн, штамптардын, бланктардын үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Жашап турууга туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгү табылса Департаментке тапшырылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, ошондой эле барымтага алып коюуга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
48. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн аяр сактоого милдеттүү.
49. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар бул Жобонун талаптарын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
50. Бул Жобонун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы контролдошот.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу
51. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 17-статьясында каралган негиздер боюнча чыгарылат.
52. Коопсуздук, сот, салык органдарынан жана башка кызыкдар органдардан жашап турууга туруктуу уруксатты жок кылууга келген материалдар жалпыланат жана Департамент кароо үчүн эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберет.
Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кароонун жыйынтыгы боюнча билдирүүнү Департаментке чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга тийиштүү чара көрүү үчүн жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Жашап турууга убактылуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдар Департаментте каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү корутунду чыгарылып, аны Департаменттин директору бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга үч күндүк мөөнөттүн ичинде өзүнүн колун койдуруу менен билдирилет жана чечим кабыл алынгандан кийин 15 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү тапшырылат.
55. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө корутунду жана андай чечим кабыл алууга негиз болгон башка материалдар, ошондой эле жашап турууга уруксат өздүк ишке тиркелет.
Зарыл учурларда чет өлкөлүк жаранга республиканын чегинен чыгып кетүү үчүн белгиленген тартипте виза таризделет.
56. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынан белгиленген мөөнөттө чыгып кетпеген учурда ички иштер органдары чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынан депортациялоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Өздүк жана эсептик-топтоочу иштерди жүргүзүү
57. Жашап турууга уруксат алуу үчүн документтерин тариздеген ар бир чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга өздүк иш ачылып, ага ошол адамга тиешелүү бардык материалдар тиркелет. Өздүк иштер өздүк иштерди эсепке алуу китебине катталууга тийиш (№ 4 тиркеме).
Китептеги катар номер иштин да номери болуп эсептелет жана иштин мукабасына коюлат.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүк иштери алардын сакталышын камсыздоочу жайларда сакталат.
58. Департаменттин аймактык органдарында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүк иштери алар ошол аймакта жашап турган убакыт бою сакталат.
59. Гербдүү визалык мөөрлөрдүн, штамптардын жана бланк продукциянын үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Эсептик-топтоочу иштерди жок кылуу Департаменттин аймактык органдарынын начальниктери же алардын орун басарлары бекиткен актылар боюнча ишке ашырылат.
Эсептик-топтоочу иштерди жок кылуу жөнүндө актылар такай сакталат.
61. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын архивдеги өздүк иштери төмөнкүдөй сакталат:
- республиканын аймагында жашагандардыкы - такай;
- туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө кеткендердики, өлгөндөрдүкү, чыгарылгандардыкы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына алынгандардыкы - 5 жыл.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого № 1 тиркеме |
ПВКБ (ПАСПОРТ БӨЛҮМҮНӨ)
_________________________________________________________________ органдын аталышы
| Арыз ээсинин фотокарточкасы үчүн орун |
__________________________________________________________________
фамилиясы, аты, атасынын аты
АРЫЗ
__________________________________ үчүн жашап турууга уруксат берүүнү, узартууну сурайм
_______________________________________________________________________________________
(кереги жогу чийилет) кайсы түр экени көрсөтүлөт
Өзүм жөнүндө төмөнкү маалыматтарды билдирем:
1. Жарандыгы _____________________________________________________
Букарлыгы
2. Мурда башка жарандыкта болгонбу. Кайсы жарандыкта, кайда, качан болгонуңузду жана аны эмне байланыштуу жоготконуңузду толук көрсөтүңүз
_______________________________________________________________________
3. Туулган жылы, айы жана күнү __________________________________________
4. Туулган жери ________________________________________________________
6. Никедемин (никеде эмесмин) (кереги жогу чийилет) ______________________
7. Чогуу жашаган 18 жашка чейинки балдарынын аты жана туулган жылы, алардын жарандыгы
_______________________________________________________________________
8. Билимиңиз жана кайсы тилдерди билесиз _______________________________
_______________________________________________________________________
9. Кыргыз Республикасына биринчи жолу качан келгенсиз ____________
10. Кыргыз Республикасында канча жолу болгонсуз, болгон жер жана убак
_______________________________________________________________________
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан акыркы жолу өткөн күн жана жер, визанын №, ким жана качан берген
_______________________________________________________________________
12. Кыргыз Республикасына келүүнүн максаты
_______________________________________________________________________
13. Кесип же Кыргыз Республикасындагы иш _______________________________
14. Иштеген жер ________________________________________________________
15. Кыргыз Республикасында жашаган жер (так дарек)
_______________________________________________________________________
16. Кыргыз Республикасында жашаган туугандар, анын ичинде балдар:
Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туугандык даражасы (атасы, энеси, күйөөсү, аялы, уулу, кызы, бир туугандар, эже-карындаштар) | Туулган жылы | Туугандардын жарандыгы | Жашаган жери жана иштеген жери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
17. Чет өлкөдө жашаган туугандар:
Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туугандык даражасы (атасы, энеси, күйөөсү, аялы, уулу, кызы, бир туугандар, эже-карындаштар) | Туулган жылы | Туугандардын жарандыгы | Жашаган жери жана иштеген жери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
18. Төмөндөгү документтерди тиркедим:
- паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү;
- жашаган жерден үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никелүү болсо);
- арыз ээсин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жашоо үчүн минимум менен камсыздоочу туруктуу мыйзамдуу киреше булагы бар экени жөнүндө маалымат (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, эмгектик ишмердик жүргүзүүгө уруксаты, банктагы активдери, эсептери же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугу, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жерден маалымкат ж.у.с);
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары);
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн - арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (аймактык паспорт бөлүмүнүн аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу).
|
| ____________________________________ арыз ээлеринин колу жана фамилиялары |
Арызды кабыл алган жана тапшырылган документтерди текшерген |
| ____________________________________ кызматкердин кызмат орду жана колу |
20__ жыл "___" _________________ _________________________________
| Мамлекеттик алым төлөнгөнү жөнүндө марка чапталчу орун |
Ар кандай белгилер:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого № 2 тиркеме |
Арыздарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты, Туулган күнү | Жарандыгы, паспортунун сериясы жана № | Катталган күнү | Район, дареги | Жашап турууга уруксаттын категориясы | Макулдашууга жиберилди | Комиссиянын кароосуна жиберилди | Жашап турууга уруксат берилди | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме |
Эсептик-топтоочу иштердин ЖУРНАЛЫ
| Фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү | Жашап турууга уруксаттын №, жарандыгы | Катталган күнү | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого № 4 тиркеме |
Өздүк иштерди эсепке алуу КИТЕБИ
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты, Туулган күнү | Паспортунун №, Жарандыгы | Катталган күнү |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|