Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында кызмат өтөө жөнүндө ЖОБО Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы орган-дарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшүнүн укуктук не-гизин, тартибин жана шарттарын аныктайт. I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарындакызмат өтөө Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кыз-маттарда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызма-тынын түрү болуп эсептелет. 2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында(мындан ары - Финансылык полиция) кызмат өтөөнүн укуктук негизин КыргызРеспубликасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыр-гыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушул Жоботүзөт. 3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук, адам укуктары мененэркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, кызматтартибин сактоо, кызматы үчүн калыс сыйлоо, жөндөмүн жана квалификация-сын эске алуу менен кызматтык ишмердигинин натыйжасы боюнча кызматтанилгерилетүү принциптеринде түзүлөт. 4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгилен-ген тартипте Финансылык полициянын аттестацияланган курамынын штаттыккызматтарын ээлеген, Финансылык полициянын катардагы жана башкаруучукурамдагы атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандарыэсептелет. Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайынформалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелериКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленгенүлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетондор берилет. Жетондун жана күбөлүктүн баяндалышы Финансылык полициянын Төрагасытарабынан бекитилет. Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белги-ленген тартипте атайын каражаттарды жана ок атуучу табелдик куралдысактоого жана алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык полиция ор-гандарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоо-чу расмий документ болуп эсептелет. Кадрлар бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматка жањы алынган Финансылыкполициянын кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пай-далануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби боюнча инструктажөткөзөт. Кызмат боюнча кийин иштен жылдырылганда, Финансылык полициядан иш-тен бошогондо, кезектеги атайын наам ыйгарылганда жана мурда берилгенкүбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө аны алган жерге кайтарылып бери-лет. Финансылык полициянын кызматкерлерине тиешелүү даярдыктан өткөндөнкийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табелдик ок атуучу ку-ралды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укукберилет. 5. Финансылык полицияга кызматка укук коргоо, салык, бажы же фи-нансы органдарында кеминде бир жылдык эмгек стажы бар, 23төн жаш эмесжана 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, ишкер, кесиптик сапаттары боюнчажөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттерин аткаруугамүмкүндүк берген, анык аскердик кызматты, аскерден тышкары альтернати-валуу кызматты өтөгөн же запастагы офицер наамы бар Кыргыз Республика-сынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат (анык аскердик кызматты,аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөө жана запастагы офицер наа-мынын болушу аялдарга карата колдонулбайт). Зарыл учурларда Финансылык полицияга кызматка башка укук коргоо,салык, бажы жана финансы органдарында кызмат өтөгөн, тиешелүү атайыннаамдары жана класстык чендери, экономикалык жана кызматтык кылмыштаргакаршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку профессионалдык тажрыйбасы бар, 35жаштан ашкан жарандар кабыл алынышы мүмкүн. Финансылык полицияга 50 жаштан ашкан жарандарды кабыл алууда аларменен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттүү эмгек ке-лишими түзүлөт. Финансылык полициядагы кызмат жөнүндө эмгек келишими боюнча жаранага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, Антты, ички тартипти жа-на ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми Финансылык полиция агаүлүштөрдүн бардык түрлөрүн, укуктарды жана жењилдиктерди берүүнү кам-сыздоого, финансылык полиция органында кызмат өтөө үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана эмгек келишиминде каралганшарттарды түзүүгө милдеттенет. Эмгек келишиминде юридикалык жагдайлар каралат, алар тараптарөзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу келип чыгат. Эмгек келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, анын шарттары кызматкердинКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык жана социалдыкабалын начарлатпоого тийиш. Финансылык полиция органдарынын катардагы, жетектөөчү жана жалдан-ма курамынын кызматына дайындалган жарандар менен кызмат жөнүндө эмгек-тик келишим кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эмгек келишими анда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде экиай мурда тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшүмүмкүн. Кызматтык зарылчылык болгон учурда кызматкердин макулдугу мененкызматкерге ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызмат маянасы төлөнүүменен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө эмгек келиши-минде каралбаган милдеттерди аткаруу тапшырылышы мүмкүн. Эмгек келишиминин формасы жана шарттары Финансылык полициянын тие-шелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана Төрага бекитет. Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдөатайын текшерүүдөн, ошондой эле кызмат өтөөгө жарактуулугун, талапкер-лердин дене-түзүлүш даярдыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинин системасынын аскер-дарыгерлик комиссияларында ме-дициналык текшерүүдөн өткөн шартта ишке ашырылат. Финансылык полициянын катардагы жана кенже жетекчилик курамынынкызматына орто, атайын-орто жана жогорку билими бар жарандар кабыл алы-нат. Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынынкызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку били-ми бар жарандар кабыл алынат. Финансылык полициянын катардагы жана жетекчилик курамынын тиешелүүкызмат ордуна дайындалган аскердик кызматка милдеттүү адамдар белгилен-ген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана атайын каттоодо турат. Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициянынТөрагасынын буйругу менен таризделет. Буйрук Финансылык полициянын кызматкерине кол койдуруу менен жары-яланат. Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободобелгиленген тартипте ант беришет. Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү кыз-матка катардагы жана башкаруучу курамынын атайын наамын ыйгаруу мененбирге дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы бекити-лет. 6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматкатөмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал: - соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугучектелүү деп табылса; - соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен реабилита-цияланбаган негиздер боюнча бошотулса; - ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе; - башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо; - укук коргоо органдарынан, ошондой эле мамлекеттик башка орган-дардан терс жактары боюнча иштен бошотулса. Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,бир туугандар, байке-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле жу-байынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон Финансылык поли-циянын кызматкерлерине эгерде кызматтары түздөн-түз бири-биринин башийүүсүндө же бири-биринин контролдугунда турса бир эле Финансылык поли-ция органында кызмат өтөөгө уруксат кылынбайт. Финансылык полиция кызматкерине төмөнкүлөргө тыюу салынат: а) чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуукызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө; б) ишкердик жүргүзүүгө; в) кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга; г) финансылык полиция органдарында жана башка мамлекеттик орган-дарда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга; д) кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жанамаалыматтык камсыздоо каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү, ошондойэле кызматтык маалыматты колдонууга; е) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардынишине өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат убакты-сында катышууга; мамлекеттик кызматтык ишмердүүлүктүн партиялык прог-раммаларга жана чечимдерге баш ийүүсүнө тыюу салынат; ж) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишкеашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жанакызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга; Ушул пункттун жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына шай-кеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык по-лиция кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кыз-маттан бошотулууга тийиш. 7. Катардагы кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы кызматорундарынын тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдарФинансылык полициянын Төрагасы тарабынан аныкталат. Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже, ор-то жана улук башкаруучу курамына, кызматка дайындалгандан үч айөткөндөн кийин Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан атайын наам ый-гарылат. Кызматтык зарыл учурларда штаттык орун басар болуп саналбаган баш-ка кызматкерге убактылуу жок болгон кызматкердин милдетин аткаруужүктөлүшү мүмкүн, бул учурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн ишордунда жок болгон кызматкердин маянасынын 30 пайыздан кем эмес кызматакысы төлөнүп берилет. Мында бош кызмат оруну боюнча милдеттерди атка-руунун үзгүлтүксүз мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш. Кызматкерди бош кызмат оруну боюнча милдетин аткаруучу кылып да-йындоого жол берилбейт. 8. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлертөмөнкүдөй ант беришет: "Мен, (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республика-сынын Финансылык полиция органдарына кызматка киришип жатып Кыргызстан-дын элине берилгендигиме ишендирүү менен салтанаттуу ант берем: Кыргыз Республикасынын Конституциясын сөзсүз сактоого, Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлык-тарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарынжетекчиликке алууга; жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыкта-рын, мамлекетти кылмыштуу жана мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого,начальниктин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга; мыйзамды сактоого, чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекенимдинэкономикалык таламдарынын чегинде турууга, мамлекеттик жана кызматтыксырды бекем сактоого; кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниетаткарууга; иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө. Антымды бузсам мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген жаза колдонулсун". Ант берүүчү Анттын текстине кол коет жана ант берген датасынкөрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат. Ант берүүнүн тартибин Төрага аныктайт. 9. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруутөмөнкүдөй жүргүзүлөт: а) жогору турган кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде; б) тењдеш кызматка: - иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча кыйла максаткаылайык пайдалануу үчүн; кызматтын кызыкчылыктарында кызматкерди башкажерге которууга - ротацияга байланыштуу. Кызматкерлерди ротациялоо,эреже катары, 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт; - кызматкердин ден-соолугуна, жашына жана үй-бүлөлүк муктаждыгынабайланыштуу жеке өтүнүчү боюнча. Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамынатењ атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча тењ кызматтык маяна ка-ралган болсо, ал тењ болуп саналат. в) төмөн турган кызматка: - штаттар кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулгандабул адамдарды тењдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо; - аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-соолу-гунун абалы боюнча; - аттестациялоо тартибинде кызматына дал келбегендиги боюнча; - дисциплинардык жаза тартибинде; - жеке өтүнүчү боюнча. г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага жи-берүү тартибинде. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганФинансылык полициянын кызматкерлери, анын конституциялык ыйгарым укукмилдеттерин аткаруу мөөнөтүндө Финансылык полициянын кадрында калтыры-лат. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полициянын кадрындакалтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынажана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына андан ары кызмат өтөөүчүн жиберилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганже Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Финансылык полициясынын кадрында кал-тыруу менен кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлер акчалай каржылоо(эмгек акы) менен кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик орган-дар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленчү эрежелер жананормалар боюнча камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганже кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кыз-маткерлердин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү (азык-түлүк паектунордуна акчалай компенсация, пенсиясынын өлчөмүнүн 50 пайызы өлчөмдөгүкошумча, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык кызмат-тар жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация) сакталат. Аталгантөлөмдөр кызматкерди жиберген Финансылык полиция тарабынан төлөнөт. Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кыз-маткерлер Финансылык полициянын карамагына келет жана Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганга же Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратына жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна жеага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш. Финансылык полициясынын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасы-нын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратына жиберилген кызматкерге кезектеги атайын наамдар Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгары-лат. Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардыкучурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет. Төмөн турган кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкерикийин анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жекесапаттарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогорутурган кызматка жылдырылышы мүмкүн. 10. Финансылык полициянын кызматкерлери штаттык саны кыскаргангабайланыштуу мурда ошол кызматты ээлеген, Дисциплинардык уставга ылайыкиштен бошогон, оперативдүү-кызматтык ишмердигинде көрсөткүчү начар бол-гон кызматкерлерди түзүмдүк подразделениенин жетекчисинин түздөн-түзсунушу боюнча 4 айдан ашпаган мөөнөткө Финансылык полициянын кадрларкарамагына киргизилет. Өзгөчө учурларда кызматкерлердин жеке себептерименен берилген рапорттун негизинде кадрлар карамагына киргизүүгө урук-сат берилет. Кадрлар карамагында турган Финансылык полиция кызматкерлерине ак-чалай үлүштөрдү төлөп берүү кадрлар кызматына келгенде табелдин неги-зинде жүргүзүлөт: - биринчи эки ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча кызматтыкмаянанын жана атайын наамы боюнча маянанын өлчөмүндө; - андан кийинки эки ай үчүн - атайын наамы боюнча кызматтык маяна-нын өлчөмүндө. Кызматкердин кадрлар карамагында болгон мөөнөткө убактылуу ишкежарамсыздыктын мөөнөтү, кезектеги ар жылдык жана башка отпускалардаболгон убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу ка-макта болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо сот тара-бынан актоочу өкүм чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартыпбошотулган күнүнө чейинки мөөнөттөр эсепке алынбайт. Финансылык полициянын кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрукменен милдеттүү түрдө жазуу түрүндө тааныштыруу ошол эле учурда төртайлык мөөнөт өткөндөн кийин сунушталган штаттык кызматка дайындоодонкадрлардын карамагында турган кызматкер жазуу жүзүндө (эки жолу) баштартканда финансылык полиция органдарынан кызматтан бошотулушу мүмкүнэкендигин билдирүү болуп эсептелет. Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызма-тынан убактылуу четтетилиши мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыга-рылганда - иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин; 2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүнталабы менен дайындалган учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүнтолук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтык милдеттерин аткару-уга мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда, кызматтаалкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон учурларда. Кызматкерди кызматтан убактылуу четтетүү учурунда анын эмгек акысысакталат. 11. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге кызмат өтөөгөкоторууга анын өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү подразде-лениелеринин начальниктеринин макулдугу боюнча жол берилет. 12. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо,кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынынжана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт. 13. Финансылык полициянын катардагы, орто жана улук башкаруучу ку-рамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына шайкешкелүүсүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын кесиптикдаярдыгынын дењгээлине, укуктук маданиятына, адамдар менен иштей билүүжөндөмүнө баа берүүгө, кызматкерлердин иштөө натыйжалуулугун жогорула-тууга, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртууга,алардын квалификациясын, демилгесин, чыгармачыл активдүүлүгүн жана тап-шырылган ишке жоопкерчилигинин жогорулашына түрткү берүү максатындажүргүзүлөт. Аттестациялоодо баа берүүнүн негизги критерийи болуп кызматкерлер-дин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет. Кызматкерлерди аттестациялоо Финансылык полиция органдарында кыз-матта ар бир үч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бироккөрсөтүлгөн мөөнөттөн 6 айдан кеч эмес). Аттестациялык-конкурстук комиссияны Финансылык полициянын төрагасытүзөт жана анын жобосун бекитет. Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жанаөткөзүү тартиби Финансылык полициянын төрагасы тарабынан бекитилет. Аттестациялык-конкурстук комиссия аттестациялоону аттестацияданөтүп жаткан кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын заседаниесине жөндүү себепменен катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) аттестация-дан кызматка келгенден кийин өтүшөт. Кызматкер аттестациялык-конкурстук комиссиянын заседаниесине се-бепсиз келбеген учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аны ка-тыштырбай эле аттестация өткөрүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарууга укук-туу. Кезексиз аттестациялоо өткөрүүгө жол берилбейт. II. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби 14. "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чин-дерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин ата-йын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт: а) кенже атайын наамдар - финансылык полициянын катардагыдан пра-порщикти кошо алганда ага чейинки; б) орто атайын наамдар - финансылык полициянын кенже лейтенанттанкапитанды кошо алганда ага чейинки; в) улук атайын наамдар - финансылык полициянын майордон полковник-ти кошо алганда ага чейинки; г) жогорку атайын наамдар - финансылык полициянын генерал-майордонгенерал-лейтенантты кошо алганда ага чейинки. Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, же-келик түрдө алардын квалификацияларын, билимин, кызматка болгон мамиле-син, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу менен ый-гарылат. 15. Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы жана кезек-теги болуп бөлүнөт. Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наамын-дагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо ээ-леген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жого-ру наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана кызматтык милдетте-рин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоого алуу катарында Финансылык поли-циянын Төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн. Финансылык полициянын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан ыйгарылат. Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабылалынган жаранга финансылык полициянын подполковнигинен жогору эмес ал-гачкы атайын наам запас боюнча кыйла жогорку аскердик наамы болбогонучурда ыйгарылышы мүмкүн. Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине ушулЖободо каралган учурлардан тышкары, ырааттуу түрдө кезектеги наамга -ордун алмаштыруучу штаттык кызмат боюнча каралган наамга туура келгендежана мурдагы наамындагы өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндөыйгарылат. Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин ас-кердик жана атайын наамдарындагы өтөгөн жылдарынын мөөнөтү алардын Фи-нансылык полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурдааларга кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн. Мурдагы аскер кызматчыларына, аскердик, атайын наамдары же класс-тык чендери бар, Финансылык полицияга кызматка алынган ички иштер жанаулуттук коопсуздук органдарынын, салык жана финансылык полициянын же-текчилик курамынын адамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик башка органдардын кызматкерлерине, атайын наам алардын мурдагыаскердик, атайын наамдарын же класстык чендерин эске алуу менен колдо-нулуудагы мыйзамдарга ылайык ыйгарылат. Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн бел-гиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызма-тында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде ыйгарылат. Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч-ка жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынынбелгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда ээ-леген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка жогоружана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызматөтөө жылдарынын бүткүл мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт. Ушундай негиздербоюнча наамдарды ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимименен жүргүзүлгөн учурлардан тышкары жол берилбейт. Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруужөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жыл жана андан ашык иштеген,ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестация-дан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээ-леген штаттык кызматы боюнча каралган чектик наамга карабастан курагыже оорусу боюнча аларды кызматтан бошотуу менен бир эле учурда Финансыполициясынын Төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курам-дагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери ошол наа-мында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу курамдыналгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт. Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине кыз-матка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда,алып салына элек дисциплинардык жазасы болгондо, реабилитациялоочу не-гиз боюнча кылмыш-жаза иши токтотулганча, кызматтык териштирүү (бирокбир айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт. Финансылык полиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматкерине кезектегиатайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги үчүн дис-циплинардык жоопкерчилик тартат. 16. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-ку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөймөөнөттөрү белгиленет: финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл; финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл; финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл; финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл; финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жыл; финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл; финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жыл, финансылык полициянын капитаны наамында - үч жыл; финансылык полициянын майору наамында - үч жыл; финансылык полициянын подполковниги наамында - төрт жыл. Финансылык полициянын катардагысы, прапорщиги, полковниги, гене-рал-майору жана генерал-лейтенанты атайын наамдарында иштөө жылдарынынмөөнөтү белгиленбейт. III. Финансылык полицияда кызмат тартиби 17. Финансылык полицияда кызмат тартиби Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында, Антта, Финансылык полициянын дисциплинардык уставында,ошондой эле Финансылык полициянын Төрагасынын буйруктарында жана ушулЖободо белгиленген нормаларды жана эрежелерди кызматкерлеринин сакташынбилдирет. 18. Финансылык полициянын тийиштүү бөлүмүнүн начальниги ага башийгендердин арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тар-тат. Жетекчи: - баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарылболгон шарттарды түзөт; - баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жооп-керчилик сезимин тарбиялайт; - баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулук-ту жана калыстыкты камсыз кылат; - баш ийгендердин кадыр-баркын урматтайт; - жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнө, Финансылык поли-циянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин сындоо боюнчабаш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет. 19. Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иште-ринде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянынкызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат: а) алкыш жарыялоо; б) баалуу белек же акчалай сыйлык менен сыйлоо; в) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу; г) Финансылык полициянын Грамотасы же Ардак грамотасы менен сый-лоо; д) төш белги менен сыйлоо; е) ведомстволук медаль менен сыйлоо; ж) мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штат-тык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору наамыйгаруу; з) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу-да көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчөэмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшүмүмкүн. Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартиптибузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жазачаралары колдонулушу мүмкүн: а) эскертүү; б) сөгүш; в) катуу сөгүш; г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү; д) кызматынан төмөндөтүү; е) атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү; ж) эмгек акысына үстөктөрдү кармап калуу; з) ээлеген кызматынан бошотуу; и) Финансылык полициядан бошотуу. Сыйлоолор жана дисциплинардык жаза берүүлөр Финансылык полициянынТөрагасынын буйруктары менен жарыяланат. Жазага дуушар болгон адамгакабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансылыкполициянын кадрлар бөлүмчөсү тарабынан билдирилет. Дисциплинардык жаза берүү жөнүндө буйрук менен танышуудан баш тар-туу учурлары Финансылык полициясынын кадрлар бөлүмү тарабынан акт түзүүжолу менен катталат. Сыйлоо тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан өзүнүнкомпетенциясынын чегинде аныкталат. Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызмат-керлерине дисциплинардык жаза Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенФинансылык полициянын Дисциплинардык уставына ылайык колдонулат. 20. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча Финансылык по-лициянын аймактык жана түзүмдүк подразделениелеринин начальниктердинукуктары Финансылык полициянын Дисциплинардык уставы менен белгиленет. IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары 21. Финансылык полициянын ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эскеалуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык поли-циянын Төрагасы тарабынан белгиленет. Керектүү учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленгенубакыттан тышкары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрамкүндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн, ал үчүн бирайдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекошумча эс алуу күнү же компенсация берилет. V. Финансылык полиция кызматкерлеринин отпускалары жана социалдык гарантиялары 22. Финансылык полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөйтүрлөрү белгиленет: ар жылдык төлөнүүчү; кыска мөөнөттөгү; кошумча (иштеген жылдары үчүн); социалдык (убактылуу ишке жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жанатөрөгөндүгү, бала бакканына байланыштуу); окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге); Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отпускалардын башкатүрлөрү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгилен-ген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын аныктоодоэске алынбайт. Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30 кален-дардык күн мөөнөтүнө берилет. Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалар-дын графигине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине кален-дардык жыл ичинде берилиши керек. Ар жылдык отпуска (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердинубактылуу ишке жарамсыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат жеузартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш отпускага дал келген күндөрүчүн сакталат. Кезектеги отпускадан кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык по-лициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык за-рылдык учурунда жол берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда анынпайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылда же кийинки жылдын биринчи кварта-лында берилет. Кызматкер иши боюнча жылдырылса, ага чейин колдонулбаган кезектегиотпускасы жањы иштеген жери боюнча берилет. Узактыгы 45 күн болгон кезектеги отпуска иштеген жылдарына кара-бастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору)кызмат өтөгөн, аттестацияланган курамдын адамдарына берилет. Кызматы аттестацияланган курамдагы жењилдетилген шарттарда пенсиячектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүккезектеги отпуска алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердинтизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 23. Кечиктирилгис социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн,ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын кызмат-керине бир жылдын ичинде узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпус-ка (акы төлөнүүчү) берилиши мүмкүн, ал кезектеги отпусканын эсебинеэсептелбейт. 24. Финансылык полициянын кызматкерине убактылуу ишке жарамсызды-гына байланыштуу төлөнүүчү отпуска аскердик-врачтык комиссиянын кору-тундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн отпусканын узактыгыоорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Узакка ооруган катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары, эгердеишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыличинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициянын кадрларбөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун анык-тоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын медициналык текшерүүсүнөжиберилет. Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же ма-йыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөнмезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылообүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет. Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсеби-не кошулбайт. 25. Кошумча ар жылдык төлөнүүчү жана социалдык отпускалар. Финан-сылык полициянын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардыкэсептөөдө) акы төлөнө турган төмөндөгүдөй кошумча отпуска берилет: а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күн мөөнөткө; б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө; в) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө; г) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күнмөөнөткө. Финансылык полиция кызматкерлерине - аялдарга (эркектерге) балалууболуу боюнча, ошондой эле үч айга чейинки уул (кыз) асырап алгандыгыүчүн айлык (акчалай үлүшүн) акысын сактоосуз отпуска Кыргыз Республика-сынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет. Мындай отпускада жүргөн мезгили атайын наамында иштеген жылдарынынмөөнөтүнө, кызматтык маянасына коэффицент белгилөө үчүн стажына жанапенсия чектөөгө эсептелет. Социалдык жана окуу отпускалары Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет. Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин ке-зектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт. Бала багуу боюнча отпускада болгон кызматкердин ордун, кызматындаатайын наам берүүсүз, оперативдик-кызматтык ишмердүүлүккө жана жашырууниш кагаздары менен иштөө талап кылынбаган башка кызматкер менен алмаш-тырууга уруксат берилет. 26. Финансылык полициянын кызматкерлеринин акчалай үлүшү ээлегенштаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча маянаны,иштеген жылдары үчүн проценттик үстөктү, иштин жашырын мүнөзү жана жа-шырын иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маянасына 25 пайызга чейин,кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укуккоргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган башка төлөмдөрдү камтыйт. Кезектеги эмгек отпускасына чыккан учурда кызматкерлерге ден-соо-лугун чыњдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-те бир жолку көмөкпул төлөнөт. Финансылык полиция кызматкерлерине сыйлык Финансылык полициянынишинин натыйжасына алардын жеке салымына жана кызматтык милдеттерин ат-карууга карата мамилесине ылайык, каралган бюджеттик каражаттардынмүмкүнчүлүктөрүнө жараша эмгек акынын төрт айлык фондунун өлчөмүндөтөлөнөт. Финансылык полициянын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кечеменен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жанатартип боюнча жүргүзүлөт. VI. Жењилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар 27. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу, бирок белги-ленген тартипте тариздебеген жана иштеп жаткан аттестацияланган курам-дын адамдарына негизги акчалай күтүүнүн төлөмдөрүнүн учуруна далкелүүчү пенсиянын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөнөт. Финансылык полициянын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, жекежана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкишке ашырылат. VII. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу 28. Финансылык полициядагы кызмат өтөөнүн токтотулушу үчүнтөмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн: а) Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо; б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартиптекабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу; в) атайын наамынан ажыратуу; г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу; д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы. Финансылык полициянын кызматкерлери атайын наамынан соттун чечимименен ажыратылышы мүмкүн. Атайын наамдарынан ажыратылган кызматкерлер Финансылык полицияданфинансылык полициянын катардагы кызматкери катары бошотулушат. Иштегенжылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга, пенсиялары Финансылыкполициянын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленгеншарттар жана нормалар боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайыннаам боюнча маяна финансылык полициянын катардагы кызматкеринин атайыннаамына жараша эсепке алынат. 29. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-дарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн: а) өз каалоосу боюнча; б) ушул Жобонун 30-пунктунда белгиленген куракка жеткенде; в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде; г) Финансылык полиция органы жоюлганда же кайра түзүлгөндө Финан-сылык полициянын кызматкерин кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбойкалганда; д) оорусу боюнча - Финансылык полицияда иштөөгө жарамсыздыгы туу-ралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде; е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүүэкендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин денсоолугуна байла-ныштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге барыпиштей албастыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун неги-зинде; ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбестиги; з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузушу; и) Финансылык полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу та-лаптарга коошпогон иштерди жасагандыгы; к) реабилитацияланбаган негизде жазыктык куугунтуктоодон бошотулсаже соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышыүчүн кесилгендигине байланыштуу; л) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине депутат болуп шайлан-гандан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат орунга дайындалган-дан башка учурларда, белгиленген тартипте башка мамлекеттик, укук кор-гоо жана контролдоочу органдарга которулгандыгына байланыштуу; м) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганга байланыштуу; н) башка мамлекеттин жарандыгы бар болгонуна байланыштуу; о) кадрлардын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганга байланыштуу; п) Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жа-на атайылап жалган маалыматтарды бергендик үчүн; р) ротация иретинде которуудан баш тартканда; с) соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмыш жаса-гандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу; т) эмгек келишиминде каралган мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу; у) эмгек келишиминин шарттарын бузгандыгына байланыштуу. Финансылык полициянын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в" пунк-тчаларында каралган негиздер боюнча иштен бошотуу кызматкердин өзүнүн,ошондой эле Финансылык полициянын демилгеси боюнча да ишке ашырылышымүмкүн. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет: а) кызматкердин кызматтык милдеттерди аткарбоосу; б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуукол салууда жоготкондон башка учурларда); в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленгенкызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык себепсиз иштежок болушу; г) кызматкердин ишке алкоголдук, наркотиктик же токсикалык масабалда келиши; д) кызматкерлер үчүн ушул Жободо белгиленген чектөөлөрдү сактаба-гандык; е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучубашка сырды ачыкка чыгаргандык; ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо; з) кызматты өз эркинче таштап коюу; 30. Финансылык полиция органдарында кызмат өтөөнүн жогорку чектиккурагы болуп төмөндөгүлөр эсептелет: - катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - элүүжаш; - орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - элүү жаш; - жогорку башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - алтымыш жаш. Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу ме-нен жана медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши Фи-нансылык полициянын Төрагасы тарабынан 5 жылга чейинки мөөнөткө узарты-лышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда Финансылык полициянын кызматкерлерининкызмат өтөшү ушундай эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мындаалардын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Финансылык полициянын жогорку жетектөөчү курамынын иштеши КыргызРеспубликасынын Президентинин чечими менен бир жылдык мөөнөткө узарты-лышы мүмкүн, андан кийин да узартылышы мүмкүн, бирок узартуу мөөнөтү 5жылдан ашпоого тийиш. Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган негиз-дер боюнча Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуумүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Чектелген куракка жете элек же болбосо кызмат өтөөнүн чектелгенкурагынан ашып, кызматта калтырылган Финансылык полициянын кызматкерле-ри иштен запаска (аскердик каттоого тургузуу менен) же кызмат өтөөнүнчектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо кызматта калты-рылган мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушу мүмкүн. 31. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-ку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финан-сылык полициянын Төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат. 32. Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтанбошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет. Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошоно тургандыгы туура-луу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз начальниктерине же бол-босо Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөлөрүнө жазуу түрүндө билди-рет. Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок дептабылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын наамы-нан ажыраган кызматкерлер Финансылык полициянын кызматкерлеринин тизме-синен Төраганын буйругу менен чыгарылат. 33. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке ашырылат. 34. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган Финансылык по-лициянын кызматкерлерине бир жолку пособие төлөнөт, ал эми пенсияга чы-гууга укуксуз бошотулууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген өлчөмдөрдө чыгуу пособиеси төлөнөт. Финансылык полиция органдарында кызмат өтөөдө чектелген кураккажете элек, бирок 20 жана андан ашуун иш стажысы бар Финансылык полиция-нын кызматкерлери, иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгуу укугу мененбир жолку пособие төлөнүп, иштен бошотулушу мүмкүн. Кызмат өтөөдө чектелген курагына жеткендигине, ден-соолугуна жеуюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу иштен бошогон Финансылык по-лициянын кызматкерлерине кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына жарашатөмөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт: 5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 5 айлык маянасыөлчөмүндө; 10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 айлык маянасыөлчөмүндө; 15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 айлык маянасыөлчөмүндө; 20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 айлык маянасы өлчөмүндө. Башка негиздер боюнча кызматтан бошогон Финансылык полициянын кыз-маткерлерине ушул пункттун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн бир жолку посо-биени төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен аныкталат. VIII. Финансылык полициядагы кызматын, атайын наамдарын жана ишин калыбына келтирүү 35. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,же болбосо төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамы-нан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзам-сыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери белги-ленген тартипте Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызматы, атайын на-амы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш. Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын калыбына келтирүүнүннегиздери болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жана кызматтыктериштирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду саналат. 36. Кызматтан жылдыруу, кызматтан бошотуу, кызматтан төмөндөтүү,атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндөчечимдерге Финансылык полициянын кызматкери макул болбосо кызматтанжылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Фи-нансылык полициядан иштен кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү колунатийген күндөн тартып же болбосо Финансылык полицияда кызматын, атайыннаамын калыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу жазуужүзүндөгү билдирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга укук-туу. Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына кел-тирүү жөнүндө соттун чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жогорку инстанцияларга даттануулар берилбесе аткарылууга тийиш. Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен бошогон Финансы-лык полициянын кызматкерин мурдагысына тете ишке дайындоо аркылуу ишкеашырылат. 37. Финансылык полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерлергекезектеги атайын наамды ыйгаруу, проценттик үстөк төлөө жана пенсиячектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматынкалыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардыништен бошогон учуру кошулат. IX. Корутунду жоболор 38. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансы-лык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын баш-ка нормативдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого жеке жоопкерчи-лик тартышат. Кызмат адамдары тарабынан Финансылык полициянын кызматкерине кара-та укукка жат иш-аракеттер кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толту-руу менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүгө тийиш, ал эми мындайтартип бузууларда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. 39. Финансылык полицияга кызматка өткөн Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Кор-гоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин,Кыргыз Республикасынын Бажы комитетинин, прокуратура жана сот органда-рынын, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларынажана кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбашка органдарынын кызматчыларына алар тиешелүү кызматтарга дайындал-гандан кийин аскердик, атайын наамдарын жана класстык чендерин эскеалуу менен финансылык полициянын атайын наамдары ыйгарылат. Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары,анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүнэске алуу менен пенсия дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет. Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчөкырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Финансылык полициянын кызматкери башка мамлекеттик органга кото-рулганда анын атайын наамы сакталып, ал мамлекеттик органдын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдарына, класстык ченде-рине, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына тењештирилет. 40. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же кыз-мат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жа-ракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон Финансылык полициянынкызматкерлеринин сөөгүн коюу Финансылык полиция органдарынын каражаты-нын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк подразделениелердин на-чальниктери тарабынан уюштурулат. Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалайүлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүн анын өлгөн күнүнө чейин алынба-ган маянасы (анын ичинде кызматкер өлгөн ай үчүн толук) аны менен чогуужашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан өлгөн кызмат-кердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга өлгөн кызматкердин көзү бар учурда укугупайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет. Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансылык полиция кызматкери пайдаланылбаганотпускасы үчүн компенсация да төлөнөт. Финансылык полициянын каза болгон кызматкеринин сөөгүн коюу расым-дарынын тартиби Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан аныкталат.