Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 14-июлу № 376 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президенти-нин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнөкаршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жанаыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" жана 2008-жылдын 10-июнунда-гы № 200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө"жарлыктарын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын органдарын-да кызмат өтөө жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкаруусхемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык санда-рын - 207 бирдикке, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуз-дук комитетин - 42 бирдикке кыскартуунун эсебинен Кыргыз Республикасы-нын Финансылык полиция кызматынын чектелген штаттык саны 569 санда(тейлөөчү персоналды кошпогондо) белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети эки айлык мөөнөттө: - изин суутпай-издөө иштерин жана кылмыштын экономикалык түрлөрүбоюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүчү подразделениелерден функцияларды жанаыйгарым укуктарды, ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн сандагы штат-тык бирдиктерди, каралган финансылык каражаттарды, ошондой эле тиешелүүматериалдарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын Финансылык поли-ция кызматына өткөрүп беришсин; - бул токтомдон келип чыгуучу жана жобого, түзүмгө жана штаттыксанына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү чечимдердин долбоорло-рун иштеп чыгышсын жана киргизишсин; - өзүлөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Финансылык полиция кызматына Кыргыз Республикасынын Ички иштер ми-нистрлигинен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук ко-митетинен штаттарды өткөрүп берүү менен байланышкан чыгымдар сметасынатиешелүү өзгөртүүлөрдү, андан ары белгиленген тартипте "Кыргыз Респуб-ликасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, Өрткө каршы мамлекеттик кызматы-нын, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу сис-темасынын, бањгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетек-чилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарынэсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөжобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылыкполиция" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызма-ты" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине,ички иштер, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, финансылык полиция,атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, бањгизаттардыконтролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдар-га, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособиедайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо: 8-пункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацында "Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын директору" деген сөздөр"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы" дегенсөздөргө алмаштырылсын; бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр тиешелүүжөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" дегенсөздөргө алмаштырылсын; Жобого № 4 тиркеменин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр "КыргызРеспубликасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырыл-сын. 6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициякызматынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүүжөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык по-лиция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Фи-нансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Финансылык полиция кызматынын туусунун баяндамасындааталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр тие-шелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы"деген сөздөргө алмаштырылсын. 7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициякызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенса-циянын нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын14-июнундагы № 434 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр "Кыргыз Рес-публикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясы-нын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын11-майындагы № 171 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселе-лери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 274 токтому. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ ---------------------------- | Кыргыз Республикасынын |--------- ------------ |Финансылык полиция кызматы| |-->|Жетекчилик| ---------------------------- | ------------ | | ------------ --------------------- | ------------------- |-->| Коллегия | |Бишкек шаары боюнча|<--|-->|Чүй облусу боюнча| | ------------ | ФПК башкармалыгы | | |ФПК башкармалыгы | | ------------ --------------------- | ------------------- | | Борбордук| --------------------- | ------------------- --->| аппарат | |Ыссык-Көл облусу | | |Жалалабат облусу | ------------ | боюнча ФПК |<--|-->| боюнча ФПК | | башкармалыгы | | | башкармалыгы | --------------------- | ------------------- --------------------- | ------------------- |Нарын облусу боюнча|<--|-->|Ош облусу боюнча | | боюнча ФПК | | |ФПК башкармалыгы | | башкармалыгы | | ------------------- --------------------- | ------------------- --------------------- | | Баткен облусу | |Ош шаары боюнча ФКП|<--|-->| боюнча ФПК | | башкармалыгы | | | башкармалыгы | --------------------- | ------------------- | |------------------- | | v v --------------------- --------------------------- |Талас облусу боюнча| | Райондук, облустардын | | ФПК башкармалыгы | |райондор аралык бөлүмдөрү| --------------------- ---------------------------