КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-ноябры № 630 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйза-мынын
долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-мий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө I глава Жалпы жоболор 1-статья. Бул Мыйзам жөнгө салуучу чөйрө 1. Бул мыйзам төмөнкү мамилелерди жөнгө салат: - баалуу кагаздардын ачык сунушталышын жана эмиссиясын; - баалуу кагаздарга ээлик кылууну жана аны жүгүртүүнү; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана башкакатышуучуларынын ишмердигин; - баалуу кагаздар рыногуна көзөмөлдү. 2. Бул Мыйзам мамлекеттик баалуу кагаздарды, муниципалдык баалуукагаздарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарынчыгарууну жөнгө салбайт. Мамлекеттик баалуу кагаздарды, муниципалдык баалуу кагаздарды,Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарын фондулук ры-нокто жүгүртүү ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырылат. 3. Кыргыз Республикасынын резидент эмес эмитенттеринин баалуу ка-газдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү ушул Мыйзам жана булМыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарыжана нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 2-статья. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар 1. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, бул Мыйзамга ылайык ка-был алынган нормативдик-укуктук актылардан турат. 2. Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартиптекүчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эларалык укуктун баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу жалпы таанылганпринциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бөлүгүболуп эсептелет. 3-статья. Бул Мыйзамдын максаты үчүн пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар Андеррайтинг - ачык эмиссияда чыгарылчу баалуу кагаздарга андер-райтер тарабынан ал баалуу кагаздардын эмитенттери менен макулдашуунуннегизинде жазылууну жүргүзүү же сатуу. Андеррайтер - баалуу кагаздардын эмитенти менен ачык чыгарылчу ба-алуу кагаздарга жазылууну же сатууну ишке ашыруу, же баалуу кагаздаргажазылууну же аны башка бир жак сатып алышын камсыздоого милдеттенмеалуу менен келишим түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучу-су. Баалуу кагаздарын эмитенти менен андеррайтердин ортосундагы кели-шимде андеррайтерге бардык баалуу кагаздарга же алардын бөлүгүнө жазы-лууга же бардык баалуу кагаздарды же алардын бөлүгүн сатып алууга мил-дет тагылышы мүмкүн, ал милдет жазылууга карата колдонулушу же ачыкэмиссиянын натыйжасында, ачык жазылуу үчүн белгиленген акыркы датагакарата сатып алынышы мүмкүн эмес. Аффилирленген жак - башка бир жеке жактын же юридикалык жактын ка-был алчу чечимдерине төмөнкүлөрдүн: - түзүлгөн келишимдин; - акциянын (үлүштүн) ири пакетине ээ болгондуктун; - юридикалык жактын аткаруучу кызмат адамы (компаниянын башкаруу-чусу) болгондуктун; - юридикалык же жеке жакка башка юридикалык же жеке жак жогорудаайтылган негиздер боюнча контроль жүргүзө алуусунун негизинде таасирэте алчу ар кандай жеке жак жана юридикалык жак. Акциялардын контролдук пакетинин ээси - акционердик коомдун акция-ларынын контролдук пакетине төмөндөгү негиздердин бири боюнча түз жекыйыр ээ болгон юридикалык же жеке жак: - жак баалуу кагаздардын менчик ээси; - жак акциялар боюнча добуш укугун ишке ашырууга же контролдоогоукуктуу; - жак акцияларды обочолонтууга укуктуу же акцияларды обочолонтууукугун контролдойт; - жак жогоруда аталган жактардын аффилирленген же байланышы баржагы болуп эсептелет. Акциянын ири пакетинин ээси - акционердик коомдун акцияларынын ирипакетине төмөнкүдөй негиздердин бири боюнча түз же кыйыр ээлик кылганжеке жак же юридикалык жак: - жак баалуу кагаздардын менчик ээси; - жак акцияларды обочолонтууга укуктуу же акцияларды обочолонтууукугун контролдойт; - жак ал баалуу кагаздардын менчик ээсине карата байланышы бар жакболуп эсептелет. Баалуу кагаздардын экинчи рыногу - баалуу кагаздар рыногунун субъ-екттеринин ортосунда мурда чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүү про-цессинде болуучу мамилелер, баалуу кагаздар рыногунун биринчи рыногун-дагы мамилелерден башкасы. Кызмат адамы - баалуу кагаздар рыногунун эмитентинин аткаруучу ор-ганынын Төрагасы, Директорлор кењешинин мүчөсү, аткаруучу органынын же-текчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялыкуюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кызмат адамы деп таа-нылчу адам. Инвестор - баалуу кагаздарга каражат салуучу жеке жак же юридика-лык жак. Институттук инвестор - мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициясалуу максатында каражаттарды тартуучу юридикалык жак же пайлык инвес-тициялык фонд. Жеке инвестор - институттук инвестор болбогон инвестор. Инвестициялык активдер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарымукук берген мамлекеттик орган тарабынан инвестициялык актив катарындааныкталган акча, баалуу кагаздар, башка активдер. Башкаруучу компаниянын кардары - институттук инвестор жана/же жекеинвестор. Жашырын маалымат - жарыя (ачык) эмес, ачыкка чыгарылышы эмитентчыгарган баалуу кагаздардын рыноктук баасына жана аны менен жасалчубүтүмдөргө, ошондой эле эмитенттин өзүнө жана ал жүргүзүп жаткан ишкетерс таасир тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай маалыматтар. Акциялардын контролдук пакети - акционердик коом чыгарган жөнөкөйакциялардын 50 проценттен ашыгы; Баалуу кагаздардын котировкасы - фондулук биржанын тоорук система-сында аталган баалуу кагазга сатып алуучунун максимум баасы жана сатуу-чунун минимум баасы. Акциялардын ири пакети - акционердик коом чыгарган жөнөкөй акция-лардын беш жана андан ашык процентти; Листинг - баалуу кагаздарды фондулук биржанын фондулук биржа анык-тоочу атайын критерийлерге ылайык келген баалуу кагаздарына кошуужол-жобосу. Листингге карата минимум талаптарды Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн ыйгарым укук берген мамлекеттик орган белгилейт. Ачык компаниянын көз каранды эмес директору - жеке адам, ал: 1) ачык компаниянын аткаруучу органынын кызматкери же мүчөсү эмесже акыркы үч жылдын ичинде мүчөсү болбогон жана/же ушул аталган адам-дардын жакын тууган эмес; 2) ачык компаниянын ири акционеринин жакын тууганы эмес; 3) ачык компания менен ага кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдик ма-милеси жок. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун көз карандыэмес директору - жеке адам, ал: 1) баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун аткаруучуорганынын кызматкери же мүчөсү эмес же акыркы үч жылдын ичинде мүчөсүболбогон жана/же ушул аталган адамдардын жакын тууган эмес; 2) Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун ири акци-онерлеринин жакын тууганы эмес; 3) баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусу менен агакызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдик мамилеси жок. Номиналды кармоочу - баалуу кагаздардын ээсинин же башка кармоочу-сунун кызыкчылыгынын атынан чыгуучу жана келишимдин негизинде баалуукагаздардын ээсинин же башка кармоочусунун тапшырмасы менен баалуу ка-газдар боюнча мүлктүк укуктарды өзүнүн атынан ишке ашыруучу, баалуу ка-газдын ээси эмес жеке адам. Баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү - экинчи рынокто баалуу кагаздарменен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо. Баалуу кагаздар рыногундагы жалпыга жеткиликтүү маалымат - билишүчүн артыкчылыктуу укук талап кылынбаган же ушул Мыйзамга ылайык ачыккачыгарылууга тийиш болгон маалымат. Бошотулган сунуш, бул төмөнкүлөрдү билдирет: - эмитенттин бардык милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан гарантияланган баалуу кагаздарды сунуш кылуу, жана баалуу ка-газдарды жүгүртүү ушул Мыйзамга жана бул Мыйзамга жараша кабыл алынганбашка нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат; - шарты жана проспекти баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамга ылайык мурда-тан катталбаган баалуу кагаздарды ачык сунуштоо, мында баалуу кагаздарфондулук биржада сатууга коюлат; - баалуу кагаздарды ушул Мыйзам кабыл алынганга чейинки сунуштоожана ал ушул Мыйзамга ылайык ачык сунуш кылуунун аныктамасына ылайыккелет, мында баалуу кагаздар фондулук биржада сатууга коюлат. Баалуу кагаздардын алгачкы рыногу - эмитент баалуу кагаздарды жа-рандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен биринчи ээлик кылуучуга берүүпроцессинде болуучу мамилелер. Персоналдык сунуш - төмөнкүдөй жагдайларды эске алуу менен кызы-гуусун билдириши мүмкүн болгон жеке адамдардын жана/же юридикалык жак-тардын мурдатан аныкталган чөйрөсүнө баалуу кагаздарды сатуу же сатыпалуу жөнүндө сунуш: - сунуш киргизген жеке адамдардын жана юридикалык жактар менен,жана андай сунуш берилген жактар менен мурда болгон сүйлөшүүлөрдүн не-гизинде, жана/же; - сунуш киргизген жеке адамдардын жана юридикалык жактар менен,жана андай сунуш берилген жактар менен кесиптик же башка байланыштардын(биргелешкен иштин) негизинде, жана/же; - жеке адамдын же юридикалык жактын мындай сунушту кабыл алуугакызыгуусун билдирип персоналдык сунуш кылган жакка мурдагы кайрылуусу-нун негизинде. Проспект - эмитент баалуу кагаздардын ачык сунуш кылуунун чегиндечыгарган жана эмитент, анын финансылык абалы, ал чыгарган (чыгаруучу)баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Туунду баалуу кагаздардын - ээсинин баалуу кагаздарды сатып алуугаже сатууга укугун ырастачу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардыжүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууну боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актылары мененбелгиленет. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусу - баалуу кагаз-дар рыногунда иштин бир же бир нече түрүн жүргүзүүгө лицензиясы барюридикалык жак же жеке адам. Ачык компания - баалуу кагаздарынын эки жүз же андан көп ээси барэмитент жана/же баалуу кагаздардын ачык сунуш кылган же сунуш кылуучуэмитент. Ачык сунуш - төмөнкүлөрдөн башка кандай ыкма менен тандалса да, аркандай жеке жана юридикалык жактар тарабынан баалуу кагаздарды салуу жесатуу боюнча сунуш: - аффилирленген же байланышы бар жакка гана баалуу кагаздарды са-тып алуу же сатуу жөнүндө персоналдык сунуш; - 50%тен ашпаган жеке жана юридикалык жактарга жасалган персонал-дык сунуш; - баалуу кагаздардын ачык сунушуна карата андеррайтинг жөнүндө ма-кулдашууга кирүү тууралуу юридикалык жакка жазуу жүзүндө жасалган су-нуштар; Мында баалуу кагаздарды сатып алууга карата кулактандыруу, арыздынпроспектин же формасын таратуу менен жасалган бардык сунуштар ачык су-нуш болуп саналат. Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясы - баалуу кагаздарды ачык сунуш-тоо менен коштолгон баалуу кагаздардын эмиссиясы. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу - эмитенттин баалуу кагаздарын би-ринчи ээлик кылуучуларга баалуу кагаздарды ачык сунуштоо менен ажыра-туу. Баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынчу субъекти - баалуу кагаздаррыногундагы жөнгө салынчу субъект деп төмөнкүлөр түшүнүлөт: - ачык компания; - баалуу кагаздарды ачык сунуш кылган жеке жана юридикалык жак; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн-өзүжөнгө салуучу уюму; - жогоруда саналган субъектилердин биринин аффилирленген же байла-нышкан жагы. Байланышкан жак - жеке жактыкы жана юридикалык жактыкы: жеке жак менен болгондо: - жеке жактын жакын тууганы. жана юридикалык жак менен болгондо: - юридикалык жактын акцияларынын ири пакетинин (үлүшүнүн, пайдын)кармоочусу; - юридикалык жактын акцияларынын ири пакетинин (үлүшүнүн, пайдын)уюштуруучусунун же ээсинин жакын тууганы; - юридикалык жактын кызмат адамы, ошондой эле юридикалык жактынтуунду ишканасынын же негизги коомунун кызмат адамы; - кызмат адамынын жакын туугандары; - туунду, көз каранды, негизги коом. Фондулук биржанын соода системасы - баалуу кагаздар менен бүтүм-дөрдү жасоо жана аткаруу үчүн керектүү, бүтүмдөрдү жасоонун, маалыматтыиштетүүнүн, сактоонун жана ачуунун мүмкүндүгүн камсыздоочу эсептөөчүкаражаттардын, программалык камсыздоонун, маалыматтар базасынын, теле-коммуникациялык каражаттардын башка жабдуулардын жыйындысы. Башкаруучу компания - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуу-чусу, башкаруучу компаниянын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн атынан жана кар-дарларынын эсебинен инвестициялык активди операциялык башкаруу боюнчаиш жүргүзөт. Баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы - баалуу кагаздардын эмиссиясы,анын жүрүшүндө эмитент өзүнүн баалуу кагаздарын персоналдык сунуш кылуужолу менен чыгарат жана жайгаштырат. Финансылык инструмент - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү-гө уруксат берилген баалуу кагаздар жана башка инвестициялык активдер. Фондулук биржа - акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындатүзүлгөн, ачык компаниялардын баалуу кагаздары, ошондой эле фондулукбиржанын листингине киргизилген, бүтүмдөрү аукциондун негизинде түзүл-чү, ал эми бүтүмдөр жана соодалык сессиялар жөнүндө маалымат тооруктункатышуучуларына тоорук өткөрүлчү жер жана убагы, фондулук биржада са-тууга жол берилген баалуу кагаздардын тизмеси жана котировкасы жөнүндөачык жарыялануучу, ачык сунушталчу башка баалуу кагаздар менен бүтүм-дөрдүн түздөн түз жасалышына түрткү болуучу кызматтарды көрсөтүүчү баа-луу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. Баалуу кагаздар: - акциялар, облигациялар; - мамлекет чыгарган баалуу кагаздар; - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылардакаралган жогоруда аталган баалуу кагаздардын туундусу болгон баалуу ка-газдар; - пайлык инвестициялык фонддогу пай. Баалуу кагаз алардын ээлеринин бир чыгарылыштын чегиндеги эмитент-ке карата бирдей укуктарын күбөлөндүрөт. Эксперт - тийиштүү тармактагы атайын билими, квалификациясы жанатажрыйбасы бар жана жөнгө салынчу субъект жөнгө салынчу субъекттин иши-нин маселелери боюнча компетенттүү пикир алуу максатында ишке тартуучужеке адам. Эксперт деген түшүнүк көз каранды эмес аудитти, баалоочунукамтыйт, бирок аны менен чектелбейт. Эксперттик уюм - тийиштүү тармактагы атайын билими, квалификациясыжана тажрыйбасы бар жана жөнгө салынчу субъект жөнгө салынчу субъекттинишинин маселелери боюнча компетенттүү пикир алуу максатында ишке тар-туучу юридикалык жак. Эксперттик уюм деген түшүнүк аудитордук компания-ны, баалоо ишин жүргүзүүчү компанияны камтыйт, бирок аны менен чектел-бейт. Эмитент - баалуу кагаздардын ээлеринин алдында ушул баалуу кагаз-дар менен бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча өз атынан милдет-тенмелерди алган юридикалык жак. Баалуу кагаздардын эмиссиясы - баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюн-ча ырааттуу иштердин жыйындысы. 4-статья. Документардык жана документардык эмес баалуу кагаздар 1. Документардык баалуу кагаз белгиленген формадагы кагаз түрүндө-гү документтен турат. Документардык формада чыгарылган баалуу кагаздар-дын реквизиттерин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуумамлекеттик орган тарабынан аныктайт. 2. Документардык формада көрсөтүүчүгө ылайыкталган баалуу кагаздаргана чыгарылат. 3. Документардык эмес баалуу кагаздар - ысмы жазылган баалуу ка-газдар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин-деги жазуу менен же номиналдык кармоочу катары чыгуучу депозитарийдегибаалуу кагаздардын эсебиндеги жазуу менен күбөлөндүрүлөт. II глава Баалуу кагаздарды мамлекеттик жөнгө салуу 5-статья. Баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган болуп баалуу кагаздар рыногунда мамлекеттик саясаттыжүргүзгөн, жөнгө салынчу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзө-мөлдөөчү, инвесторлордун укуктары корголушун камсыздоочу, ошондой элеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди ат-каруучу мамлекеттик башкаруу органы эсептелет. 2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын ишинин тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасы-нын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууну боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет. 6-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан жеке кызыкчылыктар бар экени жөнүндө маалыматтын ачылышы 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын кызматкерлери алардын Кыргыз Республикасында же анынчегинен сыртта жүргүзүп жаткан ишкердигиндеги, Кыргыз Республикасындаже анын чегинен сыртта чыгарылган баалуу кагаздардагы бардык жеке кы-зыкчылыктарын ачууга милдеттүү. Жеке кызыкчылыктарды ачуу жеке кызыкчы-лык пайда болгон күндөн баштап эки иш күндүн ичинде ишке ашырылат. 2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органдын кызматкери өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар маселелерди кароогожана/же алар боюнча чечим чыгарууга катышпоого тийиш. 3. Эгер каралып жаткан маселенин предмети баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерининжакын тууганы же аффилирленген адамы болсо, кызматкер же анын жакынтууганы же кызматкердин аффилирленген адамы акциялардын ири пакетине(үлүшкө) ээлик кылган юридикалык жак болсо, же башка дагы финансылыккызыкчылыгы бар болсо, анда анын жеке кызыкчылыгы бар деп эсептелет. 7-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин сырды сакташы 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардажашырын маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу. 2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууучурунда белгилүү болгон жактар жана/же башка маселелер жөнүндө бардыкмаалыматтардын жашырындыгын сактоого милдеттүү. 8-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Ушул мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуучу башка мыйзамдарын аткаруу үчүн баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй функци-яларды аткарат: - баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштепчыгат жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу маселеси боюнча мамле-кеттик бийлик органдарынын иштерин координациялайт; - Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарынын интеграцияланганулуттук рыногун түзүү максатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй ка-тышуучуларына талаптарды белгилейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана кабылалат; - ачык сунуш кылуунун шарттарын жана анын проспектин каттайт; - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүнүн, баалуу кагаздарбоюнча операциялардын, эмитенттердин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөйкатышуучуларынын жана маалыматтарды ачышынын бирдейлештирилген стан-дарттарын жана эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет; - баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердикке лицензия берет,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабы бузулган учур-ларда ал лицензияларды убактылуу токтотот, кайра алып коет (жокко чыга-рат); - өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарга уруксат берет, Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында каралган учурларда уруксатты убактылуу токтототже кайра алып коет; - Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекет-тик реестрин жүргүзөт; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын берилген,токтотулган жана кайра алып коюлган (жокко чыгарылган) лицензияларынынреестрин жүргүзөт; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жана эмитенттербаалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдардын талабын аткарышын контролдойт; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, эмитенттерушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөн-гө салуучу мыйзамдарынын талаптарын аткарышын Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте текшерет; - ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуучу мыйзамдарын бузган кесипкөй катышуучуларга жана эми-тенттерге карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын баалуу ка-газдар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарында каралган чараларды колдонот; - Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда адилеттүүлүктү,натыйжалуулукту, атаандаштыкты жана тартипти өнүктүрүүгө жана сактоогокөмөк көрсөтөт; - Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучумамлекеттик органдары, чет мамлекеттердин органдары менен кызматташат; - Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда инвесторлордунмыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт; - баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын кесиптик дењгээлинжогорулатууга жардам берет. - баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселеси боюнча изилдөөлөрдүжүргүзөт; - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүчү жактарга жана уюм-дарга квалификациялык талаптарды бекитет; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууга, Кыргыз Республикасынынбаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын колдонууга байланыш-туу маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, тиешелүү усулдук рекоменда-цияларды иштеп чыгат; - баалуу кагаздар рыногунда түзүлгөн мамилелерди мамлекеттик жөнгөсалуу боюнча башка функцияларды аткарат. 9-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган өзүнүн укуктарын ишке ашыруу максатында ушул Мыйзамга жанаКыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамда-рына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - баалуу кагаздар рыногун натыйжалуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттиксаясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга; - Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын интеграцияланган улут-тук рыногунун натыйжалуу жана ачык-айкын иштешин камсыздоо максатындаанын түзүлүшүн камсыздоочу талаптарды белгилөөгө; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары сактоого мил-деттүү болгон финансылык туруктуулук критерийлерин (нормативдерин) иш-теп чыгууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар мененкесипкөй иш жүргүзүү үчүн лицензияларды берүүгө, берилген лицензиялар-дын аракетин токтото турууга жана кайра алууга (жокко чыгарууга); - баалуу кагаздар рыногунун эмитенттерин жана кесипкөй катышуучу-ларын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзүжөнгө салуучу уюмдарын баалуу кагаздар рыногунун бул субъектилери Кыр-гыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарынсакташы боюнча текшерүүгө; - нормативдик укуктук актыларды кабыл алууга жана алардын аткары-лышын камсыз кылууга; - ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга кошумча баалуу кагаз-дардын эмитенттеринин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучула-рынын маалыматтарды ачуусу жана отчет берүүсү боюнча кошумча талаптардыбелгилөөгө; - кызмат адамдарынын тажрыйбасына жана квалификациясына талаптарбанктык, камсыздандыруу жана башка ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарменен белгиленгенден башка ачык компаниялардын кызмат адамдарынын таж-рыйбасына жана квалификациясына карата талаптарды белгилөөгө; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн капиталдынминимум өлчөмүнө жана тобокелдин максимум чегине карата талаптарды бел-гилөөгө; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн активдер-дин структурасы боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө; - баалуу кагаздар менен тыюу салынган иштер жасалган фактысы анык-талган учурларда фондулук биржада баалуу кагаздарды сатууну токтотууга; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгилен-ген учурларда катталган жактын (акционердин) өздүк эсеби боюнча опера-цияларга жана эмитенттин баалуу кагаздары боюнча операцияларга бөгөткоюуга жана бөгөттү токтотууга; - пайлык инвестициялык фонддордун пайлары менен операцияларды ток-тотууга жана кайрадан баштоого; - жөнгө салынуучу субъектилерге аткаруу үчүн милдеттүү болгон эс-кертүүлөрдү берүүгө жана алардан эскертүүнүн аткарылышын талап кылууга; - баалуу кагаздар рыногун мамлекеттик жөнгө салуучу айрым функция-лардын аткарылышын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органдын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча материалдардыукук коргоо органдарына жиберүүгө жана доо арыз менен сотко кайрылууга; - мамлекеттик органдардан баалуу кагаздар рыногунун эмитенттеринежана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына тиешелүү маалы-маттарды сурап алууга; - баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рын бузгандык үчүн жөнгө салынчу субъектилерге Кыргыз Республикасынынадминистрациялык эреже бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык администра-тивдик санкцияларды салууга; - баалуу кагаздардын ачык сунушталышын, баалуу кагаздардын жекеэмиссиясын каттагандык жана башка көрсөтүлгөн кызматтар үчүн КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык акы алууга; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу чет өлкө-лүк ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенкызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кирүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишкеашырууга. 10-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынуучу субъектилерден маалымат алуу укугу 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик жөнгө салынчу субъектиден зарыл маалыматтарды, анын ичиндеКыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленгенучурларда жашырын маалыматтарды берүүнү жазуу жүзүндө талап кылуугаукуктуу. 2. Жазуу жүзүндө суроону алган жөнгө салынчу субъект суроону баа-луу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органбелгилеген мөөнөттө жана тартипте аткарууга милдеттүү. 3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жана жашырын ма-алыматты сактоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү. 11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъектилерди текшерүүгө укугу 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган өзүнүн кызматкерлерине жөнгө салынчу субъект Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарын сактоо жагынан текшерүүгө ыйгарым укук берүүгөукуктуу: 2. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкер төмөнкүлөргөукуктуу: - жөнгө салынуучу субъекттин иш жайына жумуш убагында кирүүгө; - жөнгө салынчу субъекттен текшерүүгө тиешелүү маалыматтарды жанадокументтерди талап кылууга; - текшерилүүчү субъекттин жетекчилигине билдирүү менен документ-терди текшерүүгө жана көчүрүп жазып алууга, ошондой эле текшерилчү до-кументтердин копияларын жасоого. 3. Жөнгө салынчу субъект төмөнкүлөргө милдеттүү: - кызматкерди текшерүү жүргүзүү үчүн өз аймагына киргизүүгө; - текшерүү жүргүзүүгө үчүн талап кылынган документтерди даярдоого; - текшерүү жүргүзүүгө үчүн талап кылган маалыматтарды берүүгө; - кызматкерге текшерүүнүн жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө. 4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын текшерүүлөр жөнүндө мый-замдарында каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзөт. 5. Жөнгө салынчу субъект, баалу кагаздар рыноктун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызматкеринин тек-шерүү жүргүзүүгө байланышкан аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында бекитилген тартипте даттанууга укуктуу. 12-статья. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъектиге карата чара колдонууга укугу 1. Жөнгө салынчу субъект Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурлардабаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган жөнгө салынчу субъектке мыйзамдын бузулушун жоюу жөнүндө милдетүүтүрдө аткарылчу эскертүү жиберүүгө, андай субъектти Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопко тартууга жана төмөн-күдөй максаттарда соттук чечим алуу үчүн сот органына кайрылууга укук-туу: - баалуу кагаздардын ээлеринин жана/же баалуу кагаздар рыногунункесипкөй катышуучусунун кардарларынын укуктарын коргоо үчүн; - эгер башка жеке адамга же юридикалык жакка зыян келтириши мүмкүнболсо жөнгө салынчу субъекттин ар кандай активдерди төлөшүн төлөө, өт-көрүп берүүсүн, тескешин же кандайдыр бир башка жолдор менен жүгүртүшүнчектөө үчүн. 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаз-дар рыногу боюнча мыйзамдарды, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актыларынбузгандык фактысы аныкталганда, ошондой эле маалымат беришпегендежана/же маалыматты толук эмес беришкенде, же баалуу кагаздар рыногунункесипкөй катышуучулары төлөөгө жөндөмсүз болуп калышканда баалуу кагаз-дар рыноктун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргөукуктуу: а) аныкталган кемчиликтерди токтоосуз же белгиленген мөөнөттүничинде оњдоо жөнүндө аткарылышы милдеттүү эскертүү (көрсөтмө) жиберүү-гө; б) администрациялык жаза чарасын колдонууга; в) аткарылышы милдеттүү болгон төмөнкүдөй талаптар менен кайрылуу-га: - бардык же айрым аткаруучу кызмат адамдарды алмаштыруу жөнүндө; - финансылык жактан ондоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө; - өзгөртүп уюштуруу же реструктуралоо жүргүзүү жөнүндө; - текшерилчүнүн эсебинен аудит жүргүзүү жөнүндө; г) активдерди сактоону максатында алты ай мөөнөткө убактылуу адми-нистрацияны дайындоого; д) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензияда көрсөтүлгөнбардык же айрым операцияларды алты айга чейин мөөнөткө чектөө ыктымал-дыгы менен лицензиянын жарактуулугун убактылуу токтотууга; е) лицензияны токтотууга жана кайра алууга; ж) төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда жоюу процессин баштоого. 13-статья. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын бирдиктүү мам-лекеттик реестрин жүргүзүүнү жана сактоону ишке ашырат. 2. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун бирдиктүү мам-лекеттик реестри баалуу кагаздардын реестринен жана баалуу кагаздаргаачык сунуштардан турат. 3. Баалуу кагаздар рыногунун реестринде эмитенттер Кыргыз Респуб-ликасынын аймагында чыгарган бардык баалуу кагаздар, анын ичинде жекесунуш (баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы) жолу менен жайгаштырылганбаалуу кагаздардын чыгарылыштары жөнүндө маалыматтар болот. 4. Баалуу кагаздардын реестринде төмөнкүдөй маалыматтар болушу ке-рек: - эмитенттин толук аталышы; - эмитенттин мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалыматтар; - эмитенттин юридикалык дареги; - эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын түрлөрү; - баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча чыгарылган баалуу кагаз-дардын саны жөнүндө маалымат - алардын эмиссиялары, номиналдык наркыжана/же жайгаштыруу баалары менен; - сунуштун жайгаштыруу үчүн пайдаланылган түрү (ачык жана персо-налдык); - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук актыларында каралган башка маалы-маттар. 5. Баалуу кагаздардын реестрине киргизүү үчүн эмитентке каратабаалуу кагаздардын чыгарылышы жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби жанакөлөмү боюнча талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актылары мененушул Мыйзамга ылайык белгиленет. 6. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын реестри төмөнкүдөй маа-лыматтарды камтыйт: - эмитенттин толук аталышы; - эмитенттин мамлекеттик катталышы жөнүндө маалыматтар; - эмитенттин юридикалык дареги; - чыгарылышы эмитент тарабынан ачык сунуштоо аркылуу ишке ашырыл-ган баалуу кагаздардын түрү; - баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча чыгарылган баалуу кагаз-дардын саны, номиналдык наркы жана/же жайгаштыруу баасы боюнча бөлүштү-рүү менен; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук актыларына ылайык башка маалымат-тар. 7. Жеке жана/же юридикалык жак баалуу кагаздарды Баалуу кагаздар-дын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн чыгаруу жана/же ачыксунуштоо жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамда жана баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жана көлөмдө бербегендиги үчүнКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 8. Ар кандай кызыккан жак Кыргыз Республикасындагы баалуу кагазда-рынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматты, баалуу кагаздардыперсоналдык сунуш кылган эмитенттердин уюштуруучулары (акционерлери)тууралуу маалыматтан башкасын, алууга укуктуу. 9. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамле-кеттик реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле андагы маалыматтардыалуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актылары менен белги-ленет. III глава Баалуу кагаздардын ачык сунушталышы жана ачык эмиссиясы 14-статья. Бул главанын максаты 1. Бул глава эмиссия процессинде баалуу кагаздарды ачык сунуш кы-луунун, ошондой эле мурда чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн жанааларды ачык сунуш кылуунун тартибин жана талаптарын белгилейт. 2. Бул главанын жоболору бошотулган сунушка карата колдонулбайт.Мында ал баалуу кагаздардын эмитенти ачык компания болсо, бошотулгансунуштагы баалуу кагаздар ачык сунуштун шарттарын жана андай баалуу ка-газдардын проспектин каттатпастан ачык сунушталса болот. 3. Инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын ачык сунуштоо Кыр-гыз Республикасынын инвестициялык фонддор жөнүндө мыйзамдарына ылайыкишке ашырылат. 15-статья. Баалуу кагаздардын жалпы ачык сунушталышы 1. Баалуу кагаздар эмиссияланган учурда баалуу кагаздардын эмитен-ти, ошондой эле кайсы болбосун жеке же юридикалык жак жүгүртүүдөгү баа-луу кагаздарды ачык сунуштай алат: 2. Эгер эмитент баалуу кагаздардын ачык сунушталышын эмиссиялоомаксатында же ушул Мыйзамдын, бул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башканормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык экинчи рынокто сатуумаксатында каттатпаса, анда баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга тыюусалынат. 3. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздары ушул Мыйзамда жанаКыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында белгилен-ген тартипте ачык сунушталышы мүмкүн. 4. Ачык сунуш кылуу шарттары жана проспектиси катталган баалуу ка-газдар ачык сунуш кылуунун жана проспектинин шартында белгиленген, би-рок баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун жана баалуу кагаздарды ачыксунуш кылуу проспектисинин шарттары катталган учурдан тартып бир жылданашпаган мөөнөттүн ичинде ачык сунушталышы мүмкүн. 5. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатуу-сатып алуу боюнча бү-түмдөр фондулук биржа аркылуу гана жасалышы керек. 6. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатуу ачык сунуш кылуу жө-нүндө маалымат ачыкка чыгарылган күндөн тартып 5 иш күндөн кеч эмесбашталышы мүмкүн. Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачыкка чы-гаруу сунуш кылуунун ордун көрсөтүп жарыялоо аркылуу ишке ашырылат, алжерде каалаган жактар баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттарыжана проспектиси менен тааныша алат. Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачууга ка-рата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын нормативдик укуктукактылары менен белгилениши мүмкүн. 16-статья. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин каттоо 1. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачыксунуш кылуунун шарттарын жана проспектин каттагандан кийин гана уруксатберилет. 2. Ачык сунуштун шарттарын жана проспектин каттоо үчүн баалуу ка-газдар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөн-кү документтер тапшырылат: - арыз; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары; - проспект; - эмитент юридикалык жак катарында катталганын тастыктаган доку-менттин көчүрмөсү; - юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү, уставга өзгөртүүлөрү жанатолуктоолору менен кошо; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектинкаттагандык үчүн комиссиялык акы төлөнгөнүн далилдеген документ. 3. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттагандык үчүнэмитенттен комиссиялык акы алынат. Комиссиялык акынын өлчөмүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтү белгилейт. 4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектинэгер ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти ушул Мыйзамдын жана ушулМыйзамга ылайык кабыл алынган башка нормативдик укуктук актылардын та-лаптарына жооп берсе гана каттайт. 5. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектинкаттоо жөнүндө чечимди алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген датадан кийин 30 күндүничинде кабыл алат. 17-статья. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоодон баш тартуу 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоодон төмөнкү-дөй учурларда баш тартат: - эгер эмитенттин баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуусу ушул Мый-замдын, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылар-дын талаптарына каршы келсе; - ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоо үчүн берилгенмаалыматтар ушул Мыйзамдын, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган норма-тивдик укуктук актылардын талаптарына туура келбесе; - ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоо үчүн негизболгон документтерде жалган маалыматтар же туура эмес (чындыкка тууракелбеген) маалыматтар бар болсо; - эгерде эмитенттин кызмат адамы тажрыйбасы жана квалификациясыжагынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекет-тик орган белгилеген талаптарга ылайык келбесе. 2. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоодон баш тар-тылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуумамлекеттик орган ал жөнүндө арыз ээсине 5 иш күндөн кечиктирбестен,баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. 3. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттоодон баш тар-тылган баалуу кагаздар ачык сунушталбайт. 18-статья. Чет өлкөлүк эмнтенттин баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата мамилелерди күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздарды ачык сунуштоого карата талаптар 1. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышы жана ал ачык сунушталыштынпроспекти Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндөн кийингана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасынын ай-магында ачык сунушталышы мүмкүн. 2. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары чет өлкөлүк эмитенттөмөнкү шарттарды канааттандырса Кыргыз Республикасынын аймагында ачыксунушталат: - эмитент өзү резидент болгон өлкөдө юридикалык жак катары каттал-са жана өзү катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын мыйзамына жараша ачык акционердик коомдукуна барабар юридикалыкстатуска ээ болсо; - эмитент Кыргыз Республикасынын колдонулчу фондулук биржанын лис-тингине коюлчу талаптарды канааттандырса; - эмитент баалуу кагаздар рыногунун брокердик жана/же дилердик ишжүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен Кыргыз Республикасынын баалуу ка-газдар рыногунда анын кызыкчылыгынын атынан чыгуу үчүн келишим түзсө; - эмитент баалуу кагаздар рыногунун баалуу кагаздардын ээлерининреестрин жүргүзүү боюнча иштеген кесипкөй катышуучусу менен эмитенттинКыргыз Республикасында сунушталчу баалуу кагаздарына ээлик кылуучулар-дын укуктарын эсепке алуу үчүн келишим түзсө. 3. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ачык сунушталышынаушул статьянын 1-пунктунда белгиленгенден тышкары Кыргыз Республикасы-нын ушул Мыйзамында жана башка нормативдик укуктук актыларында КыргызРеспубликасында катталган эмитенттердин баалуу кагаздарынын ачык сунуш-талышына карата белгиленген талаптар коюлат. 4. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын эмитен-ттеринин чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарын кү-бөлөндүргөн ачык сунуштоо ишке ашырылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарды күбө-лөндүргөн баалуу кагаздарды чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын нор-мативдик укуктук актылары менен аныкталат. 19-статья. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары 1. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары бардык шарттардыначык жана жеткиликтүү баяндалышын камтыган документ болуп эсептелет, алшарттарды аткарбоо баалуу кагаздардын эмиссиясын же баалуу кагаздар ме-нен бүтүмдөрдү жасоону токтотууга алып келет. 2. Ачык сунуштоонун шарттарына карата талаптар: - ачык сунуштоонун шарттарында ачык сунуштун жарактуулук мөөнөтүнкөрсөтүү; - ачык сунуштун шарттарында ачык сунушталып жаткан баалуу кагаз-дарга акы акчалай гана төлөнөөрүн көрсөтүү; - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылардакаралган башка шарттар. 3. Ачык сунуштоонун шарттары эмитенттин ыйгарым укуктуу жагы жебаалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алган жак тарабынанбекитилет. 20-статья. Проспектиге коюлуучу талаптар 1. Проспект төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: а) проспект түзүлгөн күн; б) эмитент жөнүндө жалпы маалыматтарды: - баалуу кагаздардын эмитентинин аталышы жана дареги; - эмитенттин түзүлүү жана өнүгүү таржымалы; - эмитенттин өнөр жайлык, банктык жана финансылык топторго жанабашка бирикмелерге катышканы, ошондой эле эмитенттин туунду жана агакөз каранды чарбалык шериктештиктери жөнүндө; - эмитенттин корпоративдик башкаруу стандарттары жөнүндө; в) эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар: - эмитенттин структурасы жана башкаруу органдарынын компетенциясыжөнүндө; - эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген жактардын тиз-меси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруу органдарынакирген жактардын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин жана акциялардынконтролдук пакетинин ээлери болгон акционерлердин ортосундагы аффилир-ленген байланыштардын мүнөзү; - эмитенттин кызмат адамдарына жана анын туунду жана көз карандыкоомдоруна таандык акциялардын (үлүштөрдүн) саны; г) эмитеттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар: - эгер эмитент өзүнүн ишин үч жылдан аз жүргүзүп жаткан болсо,эмитент жасаган, аларды жасоодо анын кызмат адамдарынын, алардын аффи-лирленген жактарынын акцияларынын ири пакетинин ээлеринин бүткөн акыркыүч финансылык жылда же аяктаган ар бир финансылык жылда жасоого кызык-чылыктары болгон, ошондой эле баалуу кагаздардын проспектин түзгөн да-тага чейинки бүтүмдөрү жөнүндө маалыматтар; д) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар: - эмитенттин ошол учурга карата чыгарылган бардык баалуу кагазда-ры; - ачык сунушталчу баалуу кагаздардын түрү; - эгер номиналдык наркынын бар болушу Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралса, баалуу кагаздын номиналдык наркы; - ошол ачык сунуштоонун чегинде сатуу белгиленген жана эмитенткебаалуу кагаздарды ачык сунуштоо ишке ашты деп эсептөө үчүн керектүүбаалуу кагаздардын минимум саны; - ачык сунуштоодо баалуу кагаздын баасы (бааны аныктоонун тарти-би); - баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары жана мөөнөттөрү; - сунушталып жаткан баалуу кагаздар чыгарылганы же жайгаштыруубелгиленип жатканы жөнүндө маалымат; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуунун тар-тиби; - ачык сунушталчу баалуу кагаздарды алууга артыкчылыктуу укуктунбар экени, жайгаштырылчу баалуу кагаздарды алууга жана жүгүртүүгө бар-дык чектөөлөр жөнүндө маалыматтар; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоону уюштуруу боюнча кызмат көрсө-түүчү жактар жөнүндө маалымат; - баалуу кагаздарды сатуу белгиленип жаткан фондулук биржа жөнүндөмаалымат; - эмитент фондулук биржанын листингине киргизилгени жөнүндө маалы-мат; - эмитенттин баалуу кагаздарын алууга байланыштуу тобокелдер; - эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу, эмитент аудиторэмес, кошумча эксперт (эксперттик уюмду) тарткан учурда ал корутундупроспектте болууга жана/же проспектте ага шилтеме жасалууга тийиш; - баалуу кагаздардын ачык сунушталышы ишке ашты деп таанылганучурда баалуу кагаздардын акысына төлөнгөн каражаттарды кайтаруу тарти-би. е) финансылык отчет же финансылык маалымат: - эмитенттин бүткөн акыркы үч финансылык жылдагы жылдык бухгалтер-дик отчету, же эгер эмитент өзүнүн ишин үч жылдан аз жүргүзүп жатканболсо - ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн жылдык бухгалтердик отчету,аудитордун (аудиторлордун) ушул бухгалтердик отчет боюнча корутундусу; - эмитенттин аяктаган отчеттук квартал үчүн проспект түзүлгөнучурга карата кварталдык бухгалтердик отчету; - эмитенттин учурдагы карыздары жана кредиттери жөнүндө маалымат-тар; - бүткөн акыркы финансылык үч жылда, ал эми эгер эмитент өзүнүнишин үч жылдан аз жүргүзүп жаткан болсо ар бир финансылык жылда болгонорчундуу фактылар жөнүндө маалыматтар; - баалуу кагаздарды пландалган ачык жайгаштыруунун натыйжасындатартылган каражаттарды пайдалануунун тартиби жана жумшалышы; ж) проспектке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегенжана инвесторлорду адаштырбоочу башка маалыматтар да киргизилсе болот. 2. Проспектке эмитенттин кызмат адамдары же баалуу кагаздар ачыксунуштоо жолу менен жайгаштырылган учурда проспектте көрсөтүлгөн маалы-маттардын тууралыгы үчүн жооптуу башка адамдары кол коюуга тийиш. Проспектке кол койгон адамдар проспектте көрсөтүлгөн туура эмес,толук эмес жана/же инвесторду адаштырган маалыматтын натыйжасында баа-луу кагаздардын ээсине келтирилген зыян үчүн эмитент менен кошо жооптартышат. 3. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды ачык сунуштаган четөлкөлүк эмитенттин проспекти төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды камтуугатийиш: - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуш-тоонун максаты (себеби); - чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардынукуктарын ишке ашыруунун тартиби; - баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын укуктарын ишке ашыруугабайланыштуу талаштарды кароонун жана эмитенттер баалуу кагаздар боюнчаталаптарды аткарбаганда эмитентке доо коюунун тартиби; - эмитенттин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн аталышы, анын ыйга-рым укуктары жана баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы жоопкерчилиги; - чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын алууга байланышкан то-бокелдер, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишин контролдоо боюнчамамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө; - чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылууга байла-ныштуу тобокелди азайтуучу чаралар; - эмитенттин кредиттик рейтинги жөнүндө маалымат; - эмитент резиденти болгон өлкөнүн чегинен сырттагы баалуу кагаз-дардын жүгүртүлүшү жөнүндө маалымат; - эмитенттин баалуу кагаздары менен тооруктар болгон (болуучу) четөлкөлүк фондулук биржалар жөнүндө маалымат; - эмитент жөнүндө кошумча маалымат алууга болуучу мезгилдүү басмажана электрондук басылмалар; - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылардакаралган башка маалыматтар. 21-статья. Эксперттердин корутундулары жана отчеттору 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга каттоо үчүн тапшырылган проспектте эксперт (эксперттикуюм) даярдаган корутундуга же отчетко шилтеме бар болсо, ал төмөнкүлөр-дү да камтууга тийиш: - эксперттин квалификациясынын баяндамасы; - эксперт (эксперттик уюм) баалуу кагаздардын эмитентинин аффилир-ленген же байланышы жагы экендиги жөнүндө маалымат. 2. Проспектке эксперттин (эксперттик уюмдун) проспектти корутундуже отчет менен кошо же ошол корутундуга же отчетко шилтеме жасап жарыя-лоого макулдугу тиркелүүгө, же проспектте эксперттин (эксперттик уюм-дун) ага макулдугу жөнүндө айтылууга тийиш. 22-статья. Проспектке толуктоолор жана өзгөртүүлөр 1. Эмитент төмөнкүдөй учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө са-луу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектиге кирген өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду же анын ордун алмаштыруучу проспекттитолук жањы маалыматтары менен каттоо үчүн өзгөртүүлөр же толуктоолорпайда болгон же аныкталган учурдан тартып 5 иш күндөн кечиктирбей бе-рүүгө милдеттүү, эгерде: - проспекттеги маалыматтарда өзгөртүүлөр болсо; - жањы маалымат пайда болгондо - эгер проспект баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга тапшырылганга чейин бар болгон маанилүү жа-њы маалымат пайда болсо; - эгер проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар болсо, жепроспектте маалыматты ачууда орчундуу өксүктөр бар болсо. 2. Проспектке же ордун алмаштыруучу проспектке өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тапшы-рылган учурдан тартып 10 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Проспектке же ордун алмаштыруучу проспектке өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду каттоо учурунда ошол ачык сунуш кылуунун баалуу кагаздарыменен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат. 3. Проспектке же ордун алмаштыруучу проспектке өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду каттаган учурда баалуу кагаздардын эмитенти төмөнкүлөрдүаткарууга тийиш: 23-статья. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарын токтотуу жана катталган проспектини жокко чыгаруу 1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган баалуу кагаздардын ачык сунуштарын 1 айдан ашык эмесмөөнөткө кыскарта алат жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин ачык сунуштардынжана проспектинин шарттарын каттоону төмөнкү учурларда жокко чыгараалат: - проспекте жалган же адаштыруучу кандай болбосун маанилүү маалы-мат болгон учурда; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде баалуу кагаздардысунуш кылуу шарты бузулганда; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде ушул Мыйзамда жанаушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка нормативдик укуктук актылардабелгиленген талаптар бузулганда; 2. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарын токтоткондо, ачык сунуштоотоктотулган мөөнөттүн ичинде ушул баалуу кагаздар менен келишим түзүүгөтыюу салынат. 3. Проспект каттоо жокко чыгарылган учурда баалуу кагаздардын ачыксунуштарын жүргүзүүчү адамдар баалуу кагаздарды сунуштоону токтотушукерек. 4. Ачык сунуштардын жана проспектинин шарттарын каттоо жокко чыга-рылган болсо баалуу кагаздардын ачык сунуштоо күчүн жоготот. 24-статья. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жарнагы 1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жарнагы адамдарга КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынганбаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдыннормативдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жайылтыл-ган же жеткирилген маалымат же арыз болуп эсептелет. 2. Жарнак баалуу кагаздын ачык сунуштарынын проспектисинде камтыл-баган маалыматтарды бербеши керек. 3. Ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган баалуукагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-дын нормативдик укуктук актыларына ылайык маалыматы, анын ичинде ушулМыйзамга ылайык катталган проспектини ачыкка чыгаруу жарнак болуп эсеп-телбейт. 25-статья. Баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча жазылууга арыз 1. Баалуу кагаздар рыногунун профессионалдуу катышуучусу инвестор-ду баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын, проспектинин жана баалуу ка-газдарды сатып алуу боюнча жазылууга арызга инвестордун кол коюу шартыменен таанышкандан кийин гана кардар (инвестор) үчүн ачык сунушталганбаалуу кагаздарды алышы мүмкүн. Инвесторду билдирме менен камсыздоо брокердик ишмердик жүргүзгөнбаалуу кагаздар рыногунун профессионалдуу катышуучусуна жүктөлөт. 2. Инвесторго берилүүчү баалуу кагаздарды сатып алууга жазылуугаарыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек: - ачык сунушталган баалуу кагаздардын рыноктук баасы; - ачык сунушталган баалуу кагаздарды төлөө тартиби жана мөөнөтү; - ушул баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан тобокелдик-тер; - брокер жана инвестордун кызыкчылыктарынын жањжалы, эгер бар бол-со; - инвесторлордун маалымат алууга укугу; - баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан башка маанилүүмаалымат. 3. Ачык сунуштун объектиси чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарыболуп эсептелсе, билдирме чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын са-тып алуу тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин иш-мердиги үчүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчү-лүктөрү жөнүндө маалыматты камтышы керек. 4. Инвестор ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алууга макулболгон учурда баалуу кагаздарды жана проспектини ачык сунуштоо шартта-рына ылайык инвестор баалуу кагаздарды сатып алууга жазылууга арыздытолтурат жана ага кол коет. Мында инвестор билдирмеде көрсөтүлгөн тар-типте жана мөөнөттө ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүнтөлөм жүргүзөт. 26-статья. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоодо сатуу 1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарын жүргүзгөн адамга баалуу ка-газдарды ачык сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттарын пайдалануугатыюу салынат. Баалуу кагаздарды ачык сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаты ан-деррайтинг кызматын көрсөтүүчү брокердин банктык эсебинде, баалуу ка-газдар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органбаалуу кагаздардын ачык сунушун тааныганга чейин сакталат. 2. Ачык сунуштардын предмети болгон баалуу кагаздар баалуу кагаз-дар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тара-бынан ишке ашкан же ашпаган деп таанууга чейин депозитарийдин өзүнчөэсебинде сакталат. 3. Ачык сунуштар ишке ашырылды деп таанылган учурда акча каражатыэмитенттин же баалуу кагаздардын сатуучусунун эсептик счетуна котору-лат, ал эми баалуу кагаздар инвестордун (сатып алуучунун) эсебине жанаменчигине өткөрүлөт. 4. Ачык сунуш ишке ашпай калды деп таанылган учурда: - баалуу кагаздарды жайгаштыруудан түшкөн акча каражаттар 3 жумуш-чу күндүн ичинде баалуу кагаздардын ачык сунушу ишке ашпаган деп таа-нылган күндөн кийин инвесторго кайтарылат; - ушул баалуу кагаздарды ачык сунуштаган адамдын эсебине баалуукагаздар кайтарылат. Мында ачык сунушу ишке ашпаган деп таанылган ачыкэмиссиянын баалуу кагаздары жок кылынууга жатат. 5. Ишке ашпаган деп таанылган баалуу кагаздардын сунуштары мененбайланышкан бардык чыгымдар ушул баалуу кагаздарды ачык сунуштаганадамдын эсебине таандык болот. 6. Бул статьянын 1-3-пункттарында белгиленген чектөөлөр тизмесибаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан белгиленүүчү ачык сунушталган облигацияларга жана башкабаалуу кагаздарга карата колдонулбайт. Облигацияларды сатуудан түшкөнкаражаттарды сактоо жана эсепке алуу тартиби баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиле-нет. 27-статья. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жыйынтыгы 1. Баалуу кагаздарды ачык сунушу төмөнкү шарттардын бири аткарыл-ган учурда ишке ашырылган болуп эсептелет: - ачык сунушталган бардык баалуу кагаздардын проспектте көрсөтүл-гөн мөөнөттүн ичинде сатылып бүтүшү; - проспектте баалуу кагаздын минималдуу саны көрсөтүлгөндө, мындаалардын сатылышы ачык сунуштун ишке ашырылгандыгын таануу үчүн зарылболгон жана проспектте белгиленген мөөнөттө баалуу кагаздардын ушул ми-нималдуу санынан кем эмеси сатылышы; - андеррайтинг жөнүндө макулдашууга ылайык бул ачык сунуштун бар-дык баалуу кагаздар же проспектте белгиленген баалуу кагаздардын мини-малдуу саны андеррайтерге же андеррайтерлерге сатылышы. 2. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарын өткөрүүчү адам баалуу кагаз-дарды сатып бүткөндөн кийин 30 күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык сунуштардынжыйынтыгы жөнүндө отчет берет. Ачык сунуштун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүнүн формасы жанатартибин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик орган белгилейт. 3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндөотчет берилген учурдан тартып жумушчу 10 күндүн ичинде баалуу кагаздар-ды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо тууралуу чечимкабыл алууга же баалуу кагаздардын ушул ачык сунушу ишке ашпаган дептаанууга жана баалуу кагаздарды жана проспектини ачык сунуштоонун шарт-тарын каттоону жоюуга милдеттүү. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет бе-рилген учурдан тартып 10 жумушчу күн өткөндөн кийин баалуу кагаздар ры-ногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу ка-газдардын ушул ачык сунушун ишке ашпаган деп таануу жөнүндө чечим кабылалууга укугу жок. 4. баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органы баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндөотчетту каттоодон өткөргөн учурдан тартып эмитент 5 күндүн ичинде баа-луу кагаздардын ачык сунуштарынын жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды тө-мөнкүлөр аркылуу ачыкка чыгарууга милдеттүү: - ачык сунуштардын жыйынтыгын жарыялоо; - фондулук биржанын билдирүүсү. IV глава Ачык сунуштоочу компаниянын милдеттери 28-статья. Бул главанын максаты 1. Бул главанын жоболору ушул Мыйзамга ылайык ачык сунуштоочу ком-пания болуп эсептелген эмитенттерге карата колдонулат. 2. Инвестициялык фонддор инвестициялык фонд жөнүндө мыйзамдардабелгиленген маалыматты ачуу боюнча талаптар менен катар ушул главагаылайык маалыматтын ачылышын камсыз кылууга милдеттүү. 29-статья. Ачык сунуштоочу компанияга коюлуучу талаптар 1. Ачык сунуштоочу компания болуп эсептелген эмитент төмөнкүлөргөмилдеттүү: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук актыларында белгиленген ачык су-нуштоочу компанияда аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудитор-го ээ болуусу; - ар бир кызмат адамы ээлеген кызматына профессионалдык квалифика-циясы жана тажрыйбасы боюнча шайкеш келээрин камсыздоого; - директорлор кењешинде директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн жалпысанынан 3төн кем эмес көз каранды эмес директордун болушу. 2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарын укуктуу мам-лекеттик орган ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам-дарында белгиленген талаптарга кошумча, ачык сунуштоочу компаниялардынишмердигинде корпоративдик башкаруунун принциптерин колдонуу боюнчажалпы кабыл алынган эл аралык принциптерге ылайык кошумча талаптардыбелгилеши мүмкүн. 30-статья. Маалыматтардын ачылышы 1. Эмитент маалыматтардын мезгилдүү ачылышын баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдикукуктук актыларында каралган курамына эмитенттин квартал үчүн финансы-лык отчеттуулугун жана башка маалыматтарды камтуучу жылдык же ар квар-талдык отчет формасында жүргүзүшү керек. 2. Жылдык жана ар кварталдык отчеттун курамына кирүүчү финансылыкотчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышы керек. 3. Жылдык отчет төмөнкүлөрдү чагылдырышы керек: - эмитенттин жылдык финансылык отчетун жана ага аудитордук жыйын-тыкты; - эмитент тарабынан мурда чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүн-дө маалыматтарды; - эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндөмаалыматты; - бардык ири акционерлердин жана акциянын контролдук пакетининкармоочулардын тизмесин жана эмитенттин акциясындагы алардын үлүшүн; - эмитенттин ар бир кызматтык адамы жөнүндө маалыматтарды; - эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасын, анын ичинде от-четтук мезгилде колдонулган же өзгөртүлгөн практика жөнүндө кыскачамаалыматты; - отчеттук мезгил үчүн эмитенттин ишмердиги жана финансылык жыйын-тыктары жөнүндө жетекчинин отчетун, анын ичинде көз карандысыз дирек-торлордун айтылган ар түрдүү пикирлерин; - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылардакаралган башка маалыматты. 4. Ар кварталдык отчет, отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 ка-лендардык күндөн кечиктирбестен берилет. Ар кварталдык отчет, анын ичинде финансылык отчет жөнүндө кыскачамаалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тар-типте кварталдык отчет аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечик-тирбестен жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарынажарыяланышы керек. 5. Жылдык отчет отчечтук квартал аяктагандан кийин 30 календардыккүндөн кечиктирбестен түзүлөт. Жылдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндалы-шы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органдын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жанамөөнөттө жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарына жарыяланышы ке-рек. 6. Жылдык жана кварталдык отчеттун көчүрмөсү ар түрдүү кызыкдарадамга таанышуу үчүн жеткиликтүү болушу керек, аларга отчеттун көчүрмө-сү аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпаган акы алуу менен берилишимүмкүн. 7. Эмитент анын баалуу кагаздарынын листингин жүргүзүүчү фондулукбиржага төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш: - отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечик-тирбестен ар кварталдык отчеттун көчүрмөсүн; - эмитенттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жылдык отчет беки-тилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен жылдык отчеттункөчүрмөсүн; 8. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен аркандай кызыкдар жактарга ар кварталдык жана жылдык отчетко жеткиликтүү-лүгүн камсыздоонун башка түрлөрү белгилениши мүмкүн. 9. Ар кварталдык отчет жана аны ачыкка чыгаруу жөнүндөгү маалыматбаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорганга отчеттук квартал аяктагандан кийин 35 календардык күндөн кечик-тирбестен көрсөтүлөт. Жылдык отчет жана ачыкка чыгаруу жөнүндөгү маалымат баалуу кагаз-дар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эми-тенттин ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 15 ка-лендардык күндөн кечиктирбестен көрсөтүлөт. Банк ишмердикти жүзөгө ашыруучу эмитент банк ишмердигин жөнгө са-луу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жогоруда аталган маалы-маттардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы жөнүндөгү маалы-матты ал жарыяланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде багыттоогомилдеттүү. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган эмитенттин жылдык жана ар кварталдык отчетторун жарыялоогоже башка бир жол менен адамдардын кењири чөйрөсүнө алардын жеткиликтүү-лүгүн камсыз кылууга укуктуу. 31-статья. Маанилүү фактылар жөнүндө маалыматтын эмитент тарабынан ачып берилиши 1. Эмитент өзүнүн финансы-чарбалык ишмердигине тийиштүү маанилүүфактылар (окуялар, иш-аракеттер) жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө мил-деттүү. Маанилүү фактыларга эмитенттин финансы-чарбалык ишмердигине тие-шелүү жана/же баалуу кагаздардын баасына таасир этүүчү окуялар (факты-лар) кирет, анын ичинде: - эмитенттин башкаруу органдарына кирүүчү адамдардын (катышуучу-лардын жалпы жыйынынан тышкары) тизмесин өзгөртүү; - эмитенттин башкаруу органына, эмитенттин, ошондой эле анын туун-ду жана көз каранды коомдорунун уставдык капиталына кирүүчү жактардынкатышуусунун өлчөмүндөгү өзгөрүүлөр жана, эгерде алар көрсөтүлгөн капи-талдын 20 процентинен көбүрөөк бөлүгүнө ээ болсо, ал жактардын башкаюридикалык жактардын капиталына катышуусу жөнүндө; - ээлик кылуучулардын 5 процентинен жана андан ашык баалуу кагаз-дардын (үлүштөрдүн) тизмелериндеги өзгөрүүлөр, ошондой эле ээлик кылуу-чулардын 5 процентинен жана андан ашык баалуу кагаздардын (үлүштөрдүн)үлүшүнүн өзгөрүүлөрү жөнүндө; - уставдык капиталдын 20 жана андан көп процентине эмитент ээ бол-гон юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө; - эмитенттин реестринде анын каалагандай айрым бир түрдөгү эмисси-ялык баалуу кагазынын 5 процентинен ашык бөлүгүнө ээ болгон жактын пай-да болушу; - келишимдин мөөнөтүнө карата эмитенттин активдеринин 10 процентинжана андан ашык бөлүгүн түзгөн мүлктүн наркынын өлчөмүндөгү эмитенттинбир жолку келишимдери; - эмитенттин активдеринин наркынын 10 процентинен ашыкча бир жолкужогорулашына же азайышына алып келген факты (фактылар); - эмитенттин накталай кирешесинин 10 процентинен ашыкча бир жолкужогорулашына, же накта зыянынын 10 процентинен ашыкча бир жолку жогору-лашына алып келген факты (фактылар); - эмитентти, анын туунду жана көз каранды коомдорун кайра уюштуруужөнүндө; - эмитенттин баалуу кагаздары боюнча эсептелинген жана (же) төлөпберилүүчү (төлөп берилген) кирешелери; - жалпы жыйналыштардын чечимдери; - эмитенттин баалуу кагаздарынын тындырылышы; - баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын нормативдик укуктук актылары тарабынан каралганбашка окуялар (фактылар). 2. Эмитент маанилүү факты башталган учурдан тартып 5 жумушчу күн-дөн кечикпестен төмөнкүлөргө милдеттүү: - маанилүү факты жөнүндө маалыматты эмитенттин баалуу кагаздарынынээлеринин көпчүлүгүнө жеткиликтүү тираж менен таркатылуучу жалпыга маа-лымдоо каражаттарында жарыялоого; - фондулук биржага маанилүү факты жөнүндө маалыматтуу берүүгө. 3. Эмитент маанилүү маалыматты ачып берген мөөнөттөн баштап 3 жу-мушчу күндөн кечиктирбестен ушул статьяда белгиленген тартипте маанилүүфакты жана анын ачып берилиши жөнүндөгү маалыматты баалуу кагаздар ры-ногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгөмилдеттүү. 4. Фондулук биржа маанилүү фактылар жөнүндө маалыматты алган учур-дан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбестен соодалоонун өзүнүн каты-шуучуларына жеткирүүгө тийиш. Тооруктардын катышуучусу келишимдердитүзгөнгө чейин эмитенттин баалуу кагаздарын алган кардарлардын кызыкчы-гында ага берилген маанилүү маалыматтар жөнүндө маалыматты өзүнүн кар-дарына тааныштырууга милдеттүү. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органэмитенттердин маанилүү фактылар жөнүндөгү кабарларын жарыялоого же кан-дайдыр бир башка жолдор менен кењири коомчулукка алардын жеткиликтүүлү-гүн камсыз кылууга укуктуу. 32-статья. Баалуу кагаздарды ачык жарыялабаган, баалуу кагаздарынын ээлеринин саны 200гө чейин жана андан ашык болгон эмитенттин милдеттенмеси 1. Ачык сунуштоочу компания катары саналбаган эмитенттин баалуукагаздарынын ээлеринин саны 200гө чейин болгон учурда, анда мындай эми-тент төмөнкүлөргө милдеттүү: а) беш күндүн аралыгында аталган факты жөнүндө жазуу жүзүндөгү тө-мөнкү маалыматтарды камтыган кабардаманы жөнөтүү аркылуу баалуу кагаз-дардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгабилдирүүгө: - эмитенттин аталышы жана юридикалык дареги; - 200гө жакын жана андан ашуун кагаз ээлеринин карамагындагы баа-луу кагаздардын түрү; б) алты айдын аралыгында өзүнүн ишмердүүлүгүн бул Мыйзамга ылайыккелтирүүгө. Ачык сунуштоочу компанияга карата ушул Мыйзамда белгиленген талап-тарды эмитент аткарганга чейин, эмитенттин баалуу кагаздарын ачык су-нуштоого тыюу салынат. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, эмитенттин реестрин жүргү-зүүчү көз карандысыз реестркармоочу бир күндүн ичинде эмитентке жанабаалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органга аталган эмитенттин баалуу кагаздарына 200гө жакын жана ан-дан ашуун кагаз ээлери ээлик кыларын билдирүүгө милдеттүү. V глава Эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгышы 33-статья. Эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгышынын тартиби 1. Ачык сунуштоочу компания болуп саналган баалуу кагаздардын эми-тенти төмөнкүнүн негизинде ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чы-гууга укуктуу: - эмитенттин чечими; - эмитенттин жоюлушу. 2. Ачык жүгүртүүдө акциялар гана болгон эмитенттин ачык сунуштоочукомпаниянын статусунан чыгуу жөнүндөгү чечими акционерлердин жалпы чо-гулушунда коомчулуктун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынан добуш-тардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү менен гана кабыл алынат. Мунуменен бирге мындай чечимге каршы добуш берген акционерлер сатып алууүчүн акцияларды көрсөтүүгө укуктуу, ал эми эмитент аларды Кыргыз Рес-публикасынын акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам-дары тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көз карандысызбаалоочу тарабынан аныкталган нарк боюнча сатып алууга милдеттүү. Эмитенттин акцияларына 200дөн төмөнкү сандагы акционерлер ээликкылган шартында гана, эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусунанчыгуу жөнүндөгү чечими кабыл алынышы мүмкүн. 3. Ачык жүгүртүүдө акциялардан башка баалуу кагаздары болгон эми-тенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгуу жөнүндөгү чечимиыйгарым укуктуу орган тарабынан ачык жүгүртүүдө турган бардык баалуукагаздарды кайрадан сатып алуу жана тындыруу шартында гана кабыл алы-нат. 4. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык сунуштоочу компаниянын стату-сунан чыгуу жөнүндөгү маселеси каралганга чейин 30 күндөн кем эмес уба-кытта бул аталган факты жөнүндө фондулук биржага жана баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуужүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу билдирүүгө тийиш, анда төмөнкүмаалыматтар камтылышы керек: - ачык сунуштоочу компаниянын аталышы жана юридикалык дареги; - фондулук биржада тоорук ишке ашырылып жаткан баалуу кагаздардынтүрү; - ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгуу жөнүндөгү маселесинкароонун мөөнөтү. 5. Фондулук биржа эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусу-нан чыгуу жөнүндөгү алдын ала каралган чечими тууралуу жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү алгандыгы жөнүндө маалыматты тооруктагы өзүнүн катышуучула-рына мындай билдирүү алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечикпестенбилдирүүгө тийиш. Тооруктун катышуучусу келишимдерди түзгөнгө чейинэмитенттин баалуу кагаздарын алган кардарлардын кызыкчылыгында өзүнүнкардарын эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгуу жөнүн-дөгү алдын ала каралган чечими тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жө-нөтүү менен тааныштырууга милдеттүү. 6. Эмитент ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгуу жөнүндөгүмаселе каралган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечикпестен төмөнкүлөргөмилдеттүү: - жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык сунуштоочу компаниянынстатусунан чыгуу жөнүндөгү маселенин каралышынын натыйжалары жөнүндөгүмаалыматты жарыялоого; - ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгуу жөнүндөгү маселенинкаралышынын натыйжалары жөнүндөгү маалыматты фондулук биржага жана баа-луу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганга көрсөтүүгө. 7. Фондулук биржа эмитенттин ачык сунуштоочу компаниянын статусу-нан чыгуу жөнүндөгү маселенин каралышынын натыйжалары жөнүндөгү маалы-матты мындай маалымат алынгандан баштап бир жумушчу күндөн кечикпестентооруктагы өзүнүн катышуучуларына жеткирүүгө милдеттүү. 8. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык компаниянын ыктыярдуу жоюлушужөнүндөгү суроону караганга чейин 30 күндөн кем эмес убакытта фондулукбиржага аталган факты тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркы-луу билдирүүгө тийиш, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: - ачык сунуштоочу компаниянын аталышы жана юридикалык дареги; - фондулук биржада соодалоо ишке ашырылып жаткан баалуу кагаздар-дын түрү; - ыктыярдуу жоюлуу жөнүндөгү маселени кароонун мөөнөтү. 9. Баалуу кагаздардын эмитенти ачык сунуштоочу компаниянын үстүнөначык сунуштоочу компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгүн таануу тууралуу дооөндүрүшүн сот тарабынан кабыл алгандан тартып 5 күндөн кечиктирбестенфондулук биржага аталган факты жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнө-түү аркылуу кабарлоого милдеттүү. 10. Фондулук биржа жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандыгы жөнүндөмаалыматты соодалоодогу өзүнүн катышуучуларына мындай билдирүү алынган-дан тартып бир жумушчу күндөн кечикпестен билдирүүгө тийиш. Тооруктункатышуучусу келишимдерди түзгөнгө чейин эмитенттин баалуу кагаздарыналган кардарлардын кызыкчылыгында өзүнүн кардарын эмитенттин жазуу жү-зүндөгү билдирүүсү менен тааныштырууга милдеттүү. 11. Эмитент ачык сунуштоочу компаниянын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө-гү суроону карагандан баштап же ачык компаниянын үстүнөн ачык сунуштоо-чу компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгүн таануу тууралуу сот чечими күчүнөкиргенден тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен ачык сунуштоочу компа-ниянын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндөгү суроону кароонун же ачык сунуштоочукомпаниянын үстүнөн ачык сунуштоочу компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгүнтаануу тууралуу сот чечими күчүнө киргендиги жөнүндөгү маалыматты жал-пыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, ошондой эле көрсөтүлгөнмаалыматты фондулук биржага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүүгө милдеттүү. 12. Фондулук биржа ачык сунуштоочу компаниянын ыктыярдуу жоюлушужөнүндөгү суроону кароонун натыйжалары же ачык компаниянын үстүнөн ачыксунуштоочу компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгүн таануу тууралуу сот чечи-ми күчүнө киргендиги жөнүндөгү маалыматты тооруктагы өзүнүн катышуучу-ларына мындай маалымат алынгандан тартып бир жумушчу күндөн кечикпестенбилдирүүгө тийиш. Статья 34. Эмитенттин ачык сунуштоочу компаниясынын статусунан чыгуусунун кесепеттери 1. Баалуу кагаздардын эмитенти жана баалуу кагаздардын ээлери ме-нен бирге башка жактарга эмитент тарабынан ачык сунуштоочу компаниянынстатусунан чыгышы же ыктыярдуу жоюлушу жөнүндөгү чечими кабыл алынганкүндөн тартып же ачык сунуштоочу компаниянын үстүнөн ачык компаниянынтөлөөгө жөндөмсүздүгүн таануу тууралуу сот чечими күчүнө киргенден тар-тып баалуу кагаздарды эл алдында сунуш кылууну ишке ашырууга тыюу салы-нат. 2. Ачык сунуштоочу компания болууну токтоткон баалуу кагаздардынэмитенти ачык сунуштоочу компаниянын статусунан чыгышы жөнүндө чечимкабыл алгандыгына байланыштуу мындай чечимди кабыл алган күндөн тартыпалты айдын ичинде ачык сунуштоочу компанияга карата бул Мыйзамда белги-ленген тартипте жана көлөмдө маалыматты ачып берүүнү жүзөгө ашыруугамилдеттүү. VI глава Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясы 35-статья. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясы 1. Акциялардын уюмдаштыруучу эмиссиясы жекече эмиссия болуп сана-лат жана төмөнкү баскычтардан турат: - уюмдаштыруучулар тарабынан акционердик коомду түзүү жана уюмдаш-тыруучулар ортосунда акцияларды бөлүштүрүү жөнүндөгү чечимдин кабыналынышы; - акционердик коомдун мамлекеттик катталышы; - акционердик коомдун уюмдаштыруучуларынын арасында акциялардынбөлүштүрүүнүн мамлекеттик катталышы. 2. Баалуу кагаздардын эмиссиясы башка бир учурларда төмөнкү ыраат-туу баскычтардан түзүлөт: - эмитент тарабынан баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндө чечимдинкабыл алынышы; - баалуу кагаздардын жекече эмиссиясынын мамлекеттик катталышы; - жекече атайын сунуштоо жолу аркылуу баалуу кагаздарды жайгашты-руу. 36-статья. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясынын мамлекеттик катталышы 1. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясынын мамлекеттик каттоодонөткөрүү үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди көрсөтүүгө тийиш: - жекече эмиссияны каттоо үчүн арыз; - эмитенттин баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндө чечими; - эмитенттин уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөлөрү; - каттоо жыйымын төлөгөндүгүн тастыктоочу документ. Бул Мыйзамда каралбаган кандайдыр бир башка документтерди жана ма-алыматтарды талап кылууга тыюу салынат. 2. Эмитенттин баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндө чечими эмитент-тин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлууга тийиш жана төмөнкүмаалыматтар камтылышы керек: - чыгарылып жаткан баалуу кагаздардын түрү жана саны; - баалуу кагаздардын формасы; - бул баалуу кагаздарды жайгаштыруунун натыйжасында алууга план-даштырылган акчалай каражаттардын (активдер) көлөмү; - баалуу кагаздарды жайгаштыруунун тартиби; - баалуу кагаздарды жайгаштыруудан келип түшкөн каражаттарды пай-даланууну багыттоо; - чыгарылып жаткан баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү. 3. Документтик баалуу кагаздар чыгарылган учурда эмитенттин баалуукагаздардын эмиссиясы жөнүндө чечимине баалуу кагаздардын бланктарынынүлгүлөрү тиркелүүгө тийиш. 4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди ал-ган мөөнөттөн баштап 10 жумушчу күндүн аралыгында баалуу кагаздардынжекече эмиссиясын каттоодон өткөрүүгө же бул статьяда каралган негиз-дерге ылайык каттоодон өткөрбөөгө милдеттүү. 5. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясын каттоодон өткөрүү үчүн ко-миссиялык жыйым акысы алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан белгиленет. 6. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясын мамлекеттик каттоодон өт-көрүүдөн баш тартууга негиз болуп эмитенттин Кыргыз Республикасынынмыйзамдары жана аны уюмдаштыруучу документтери тарабынан каралган баа-луу кагаздардын эмиссиясы жөнүндөгү чечимин кабыл алуу тартибинин бузу-лушу эсептелет. 7. Баалуу кагаздардын эмиссиясын жүргүзүп жаткан эмитент баалуукагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү аяктагандан кийин 30 календардык күн-дүн аралыгында баалуу кагаздардын жекече эмиссиясынын жыйынтыктары жө-нүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга билдирүү аркылуу ачып берүүгө милдеттүү. Билдирүүнүн формасы жана тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө са-луу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 8. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган баалуу кагаздын жекече эмиссиясынын жыйынтыгы жөнүндөмаалымат келип түшкөн учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде бул эмис-сияны болгон жок деп табууга жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаз-дар рыногунун жөнгө салуучу мыйзамдардын эгерде эмитент тарабынан баа-луу кагаздардын жеке эмиссиясын жайгаштыруу процессинде бузган болсобаалуу кагаздардын жеке эмиссиясын каттоону токтотууга укуктуу. Баалуу кагаздын жекече эмиссиясынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат ке-лип түшкөн учурдан тартып 10 жумушчу күн өткөндөн кийин баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу ка-газдардын ушул эмиссиясы болгон жок деп табуу жөнүндө чечим кабыл алуу-га укугу жок. Эмиссиясы болгон жок деп таанылган баалуу кагаздар жокко чыгары-лууга тийиш. 9. Эгерде баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы болгон жок деп тааныл-ган шартта, жеке эмиссияны жүргүзгөн эмитент, бул баалуу кагаздардынэмиссиясын чыгаргандыгын 30 календардык күндүн ичинде жок кылып, булбаалуу кагазды жайгаштыруу үчүн алынган каражатты инвесторлорго кайта-рып берүүгө милдетүү. Ишке ашпаган деп таанылган баалуу кагаздардын эмиссиясын таануугажана каражаттарды ээлерине кайтарууга байланыштуу бардык чыгашалар эми-тенттин эсебине тиешелүү болот. VII глава Баалуу кагаздарга карата менчик укугу жана укуктарды өткөрүп берүү 37-статья. Баалуу кагаздарга карата менчик укугу 1. Эмитент чыгарган бардык баалуу кагаздар баалуу кагаздарды көзкарандысыз реестркармоочусу тарабынан реестрге катталууга тийиш. Баалуукагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын көз карандысыз реестркармоочусуменен баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактообоюнча келишим түзүшү керек. 2. Документтик эмес формадагы баалуу кагаздарга карата менчик уку-гу реестрди жүргүзүү системасында - реестрди кармоочунун өздүк эсепте-риндеги жазууларда же депозитарийде баалуу кагаздарга карата укуктардыэсепке алуу учурунда депозитарийлердеги депо эсептериндеги жазуулар ме-нен күбөлөндүрүлөт. 3. Документтик баалуу кагаздарга карата ээлеринин укуктары баалуукагаздар менен же депозитарийлердеги депо эсептери боюнча сертификаттаржана жазуулар менен (эгерде сертификаттар депозитарийге сактоого берил-ген учурда) күбөлөндүрүлөт. 4. Бир эле баалуу кагазга болгон менчик укугу бир эле мезгилдебаалуу кагаздардын ээлеринин реестринде да, жана депозитарийдин депоэсеби боюнча да чагылдырылышы мүмкүн эмес. 38-статья. Баалуу кагаздарга болгон укуктарды өткөрүп берүү 1. Баалуу кагаздарга карата укуктардын пайда болушу, өткөрүлүшү(өткөрүп берилиши), өзгөрүшү, оордотулушу жана токтотулушу жаран-дык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча ишке ашырылат. Баалуукагаздар боюнча жүгүртүүгө жана укуктарды ишке ашырууга чектөөлөр Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ганаболот. 2. Ысымдуу документтик эмес баалуу кагазга болгон укук сатып алуу-чуга төмөнкү учурларда өткөрүп берилет: - депозитардык ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан адамдын баалуу ка-газдарына карата укуктарды эсепке алган учурда - сатып алуучунун депоэсеби боюнча кириштөөчү жазууну түшүргөндөн тартын; - реестрди жүргүзүү системасында баалуу кагаздарга болгон укуктар-ды эсепке алган учурда - сатып алуучунун өздүк эсебине кириштөөчү жазуутүшүрүлгөндөн тартып өткөрүлөт. Документтик баалуу кагаздарга карата укуктарды өткөрүп берүү тар-тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. 3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка учурлар ка-ралбаса, анда депозитарий же көз карандысыз реестркармоочу каттоодонөткөн бир кармоочунун эсебинен башка жактын эсебине баалуу кагаздардынтөмөнкүнүн негизинде которулушун жүргүзө алат: - катталган жактын тапшырмасынын; - фондулук биржада бүтүмдүн түзүлгөндүгүн ырастоочу документтер-дин; - укуктук улантуучулукту ырастоочу документтердин; - соттун чечиминин. 4. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүп жаткан адамреестрде баалуу кагаздарга болгон укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү ти-ешелүү жазууну түшүрүү боюнча себеби көрсөтүлгөн терс жоопту сунуш кы-лууга тийиш. 5. Баалуу кагаздарга жана баалуу кагаздарга бекитилип берилгенукуктарга болгон укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө документтердеги Жекежактардын колтамгаларынын аныктыгын (Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган учурлардан тышкары) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыга-руусуна ылайык нотариалдуу түрдө же баалуу кагаздардын рыногунун адискатышуучусу тарабынан күбөлөндүрүүгө болот. 6. Эгерде баалуу кагаздарга болгон укуктардын пайда болушу, өткө-рүп берүү (өткөрүү), өзгөртүлүшү, чектелиши жана токтотулушу жөнүндөмаалыматтар баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсепке алынышын ишкеашыруучу жакка кабарланбаса, баалуу кагаздарды түзүп жаткан (добуш бе-рүү, дивиденд алуу ж.б.) эмитенттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн реес-трди жабуу учурунда, катталган ээсине карата орундуу болуп табылат.Мындай билдирүүнүн өз учурунда аткарылышына болгон жоопкерчилик баалуукагазды сатып алуучуга жүктөлөт. 39-статья. Баалуу кагаздарды жүгүртүү 1. Ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык компания-лардын акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча келишимдер фон-дулук биржада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктукактыларына жана биржалык уставга ылайык ишке ашырылат. 2. Бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардан башкабаалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча келишимдер,ошондой эле баалуу кагаздар менен, ошонун ичинде бул статьянын 1-пунк-тунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен болгон башка келишимдер КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жана баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктукактыларына ылайык ишке ашырылат. VIII глава Корпоративдик контролдоо жана акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндөгү тике сунуштар 40-статья. Ачык акционердик коомдо акциялардын контролдук пакетин сатып алуу 1. Жеке же юридикалык жак листингден өткөн же өтпөгөн акционердиккоомдун акцияларынын контролдук пакетин төмөнкү шарттарда сатып алуугатөмөнкүдөй учурларда укугу бар: - акциялардын контролдук пакетин ачык акционердик коомунун ачыкэмиссиясынын жөнөкөй акцияларын сатып алуу жолу менен баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоодонөткөн проспектке ылайык бул акцияларды жайгаштыруунун натыйжасында са-тып алынган; - акционерге же башка жакка акционердик коом тарабынан кошумча чы-гарылган акцияларды сатуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталганпроспектте бул ачып берилген шартта ишке ашырылган; - жеке же юридикалык жак жөнөкөй акцияларды бул мыйзамдын жанаКыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык ачык ак-ционердик коомунун жөнөкөй акцияларынын бардык аффилирленбеген кармоо-чуларына акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндөгү алдын алажасалган тике сунуштун негизинде сатып алган. Банктык ишмердикти жүзөгө ашырган ачык акционердик коомунун акция-ларынын контролдук пакетин алуу Кыргыз Республикасынын банктык ишмер-дикти жөнгө салуучу мыйзамдарында бекитилген тартипте жүргүзүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ачык акционердик коому-нун акциялардын контролдук пакетин сатып алууга карата кошумча чектөө-лөр белгилениши мүмкүн. 41-статья. Акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндөгү тике сунуш тууралуу маалыматты ачып берүү 1. Жеке же юридикалык жак баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акциялардын контролдук пакетинсатып алуу жөнүндө жасаган тике сунушу тууралуу кабарлоого милдеттүү. 2. Акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунуштун формасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана өзүнө төмөнкүлөрдүкамтыйт: - жеке жактын фамилиясын, аты-жөнүн, атасынын атын же акциялардынконтролдук пакетин сатып алуу боюнча тике сунушун жасаган юридикалыкжактын дарегин; - акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунуштун жеке же юридикалык жактын ачык акционердик коомунун жөнөкөйакцияларынын жүгүртүүдө анын кредитору же акционери болгондугу, же бол-богондугу тууралуу маалыматтарды; - акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө сунушту каржы-лоонун булагын; - акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунуш ийгиликтүү болгон учурда, ачык акционердик коомунун келечегинекарата жеке же юридикалык жактын ниеттерин; - акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунуштун иштешинин мөөнөтүн; - бул Мыйзамга ылайык же ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башканормативдик укуктук актыларга ылайык талап кылынган ар кандай башкамаалыматтарды. 42-статья. Акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндөгү тике сунушту жасоочу жактын милдеттенмелери 1. Жеке же юридикалык жак баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма бо-юнча жана тартипте жөнөкөй акциялардын бардык ээлерине акциялардын кон-тролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тике сунушунун шарттарынынкөчүрмөсүн жана маалыматты ачып берүү боюнча ага байланыштуу документтикөрсөтмөйүнчө, акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жаса-ган тике сунушун жасоого укугу жок. 2. Акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунушунун шарттарын өзгөрткөн учурларда жеке же юридикалык жак баалуукагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-га, акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тике су-нушту алуучулардын бардыгына, тийиштүү акционердик коомго жана фондулукбиржага өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. 3. Акциялардын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө жасаган тикесунушту жасаган Жеке же юридикалык жак баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштун иштешининмөөнөтү аяктагандан кийин 30 календардык күндүн аралыгында, акциялардынконтролдук пакетин сатып алуу боюнча тике сунуштун натыйжалары жөнүндөкабарлоого милдеттүү. 43-статья. Акциялардын ири же контролдук пакетине ээлик кылуу жөнүндө кабарлоо 1. Жеке же юридикалык жак баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ачык акционердик коомго, фон-дулук биржага 5 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү учурлардан баштап кабар-лоого тийиш: - ачык акционердик коомунун акцияларынын ири пакетин сатып алгандаже ачык акционердик коомунун акцияларынын ири пакетине ээлик кылуунутоктоткондо; - ачык акционердик коомунун акцияларынын ири пакетинин үлүшүнүнжогорулоо же азаюу жагына карай ачык акционердик коомунун жөнөкөй акци-яларынын жалпы санынын бешке жакын жана андан ашык процентке өзгөргөн-дө; - ачык акционердик коомунун акцияларынын ири пакетин сатып алгандаже ачык акционердик коомунун акцияларынын ири пакетине ээлик кылуунутоктоткондо; - ачык акционердик коомунун акцияларынын контролдук пакетинин үлү-шү жогорулоо же азаюу жагына, ачык акционердик коомунун жөнөкөй акция-ларынын жалпы санынын бешке жакын жана андан ашык процентке өзгөргөндө. 2. Бул статьянын 1-пунктуна ылайык билдирүү өзүнө төмөнкүлөрдүкамтыйт: - жеке жак үчүн фамилиясы, аты, атасынын аты жана паспорттук маа-лыматтары же юридикалык жак үчүн юридикалык жактын аталышы жана юриди-калык дареги; - ачык акционердик коомунун жөнөкөй акцияларын жеке же юридикалыкжак сатып алганда колдонгон бүтүмдүн түрү жана наркы, ошондой эле анытүзүү датасы; - ачык акционердик коомунун жеке же юридикалык жагы ээлик кылганжөнөкөй акцияларынын саны; - жеке же юридикалык жактын ар бир аффилирленген жагы жөнүндө маа-лыматтар, ачык акционердик коомунун жөнөкөй акцияларынын жалпы санындааффилирленген жактын ээлик кылган үлүшүн көрсөтүү менен; - эгерде жеке же юридикалык жак аффилирленгшен жак болууну токто-кон болсо, жеке же юридикалык жак жөнүндөгү маалыматтар; - бул Мыйзамга жана ушул мыйзамга ылайык кабыл алынган нормативдикукуктук актыларга ылайык ачып берүүгө тийиш болгон башка маалыматтар. 3. Бул статьянын талабына жараша жеке же юридикалык жак көрсөтүүгөмилдеттүү болгон маалымат бул Мыйзамга ылайык баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белги-ленген форма боюнча керсөтүлүшү керек. IX глава Баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик ишмердик 44-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик ишмердиктин түрлөрү 1. Баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишмердик катары төмөнкүлөртаанылат: - брокердик ишмердик; - дилердик ишмердик; - инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишмердик; - депозитардык ишмердик; - баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишмер-дик; - баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу боюнча ишмердик; - клирингдик ишмердик; - инвестициялык фонддордун ишмердиги. 2. Баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишмердик атайын уруксаттын -лицензиянын негизинде коммерциялык уюмдар болуп эсептелүүчү юридикалыкжактар тарабынан гана жүргүзүлөт. Бул Мыйзамда белгиленген учурлардакесиптик ишмердиктин айрым түрлөрүн коммерциялык эмес уюмдар болуп са-налган юридикалык жактар ишке ашырууга укуктуу. Лицензияны берүүнүшарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкта-лат. Баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишмердикти жүзөгө ашырууга ка-рата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, эгерде кайсыбир жакка алардын ар биринин капиталындагы жыйырма беш процентинен жо-горку бөлүгү таандык болсо, алардын ортосунда келишимдерди түзө алыш-пайт. 45-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына коюлуучу талаптар 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкей катышуучусу төмөнкү талап-тарга ылайык келүүгө тийиш: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан белгиленген квалификациясы бар кызматкерлердинболушу; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын талаптарына ылайык баалуу кагаздар рыногунда кесиптикишмердүүлүктү ишке ашырууга зарыл болгон программалык-техникалык кара-жаттардын жана башка жабдуулардын болушу; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, баалуу кагаз-дар рыногунда ишмердүүлүктү ишке ашыруунун шарттарын жана тартибин бел-гилөөчү өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын ички документтери баалуу ка-газдар рыногун жөнге салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынталаптарына шайкеш келүүгө тийиш; - баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишмердүүлүктүн тиешелүү түрүучүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган тарабынан белгиленген каржылык туруктуулуктун нормативде-рин жана башка критерийлерин сактоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка талаптар-ды сактоо. 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкей катышуучусунун кызматкерле-рин аттестациялоону жүргүзүүнүн жана квалификациялык күбөлүктөрдүберүүнүн тартиби, ошондой эле квалификациялык күбөлүктердүн ишин токто-туу жана кайра чакыртып алуу тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө са-луу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 46-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматтык өкүлдөрүнө коюлуучу талаптар 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматтыкөкүлдөрүнө коюлуучу талаптар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан белгиленген квалификациянын шайкеш келиши; - каржылык чөйрөдө экономикалык, каржылык же юридикалык суроолорбоюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан белгиленген башка талаптар. 2. Жетектөөчү кызматка төмөнкүдөй адамдар дайындалбайт, эгерде ал: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жоопбербесе; - экономика чөйрөсүндө кылмыштары үчүн соттолгон болсо, анын сот-толгондугу мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жоюлбаса же алынбаган-да; - каржылык рыноктогу ишмердүүлүккө байланышкан укук бузууларды жа-сагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылган баалуу кагаз-дардын рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматтык адамынын кызмат ор-дуна бир жыл ичинде докумештерин көрсөтүүдөн мурда; - эгерде өткөн мезгилде банкрот деп табылган же консервацияга, са-нацияга же мажбурланган жоюлууга туш болгон уюмдун жетектөөчү кызматке-ри катары, аталган уюмдун директорлор кењешинин же аткаруучу органынынмүчөсүнүн (төрагасынын) кызматында болсо. Бул шарт көрсөтүлгөн окуялар-ды болушуна чейин бир жылга жакын убакта мындай уюмдардын жетекчи кыз-маткерлери катары турган адамдарга колдонулат, жана анын пайда болушу-нан кийин үч жыл аралыгында аракетте болот. 47-статья. Брокер жана брокердик ишмердик 1. Тиешелүү келишимдин негизинде иш аткаруучу агент же комиссионеркатары баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү брокердик ишмердик дептаанылат. Брокердик ишмердикти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун ке-сипкей катышуучусу брокер деп аталат. Баалуу кагаздар рыногунда брокерөзүнүн кардарынын баалуу кагаздарынын номиналдык кармоочусу катары ка-тышат. 2. Брокер Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынаылайык өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарынын жана акчалай каражатта-рынын эсебин алууну жүргүзүүгө жана алар менен операцияларды жүргүзүүгөмилдеттүү. Кардарлардын акчалары жана баалуу кагаздары брокердин менчик ак-тивдеринен өзүнчө эсепке алынат жана брокер банкрот болгондо же ыктыяр-дуу жоюлууга туш болгондо ликвидациялык массага киргизилбейт. 3. Брокер депозитарийдеги өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарынаболгон укуктарын эсепке алууну, ал эми коммерциялык банктардагы кардар-лардын акчаларынын эсепке алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык камсыз кылат. Брокердин кардарларынын депозитарийде же коммерци-ялык банкта турган активдерине брокердин милдеттенмелери боюнча жазаколдонулбайт. 4. Брокер өзүнүн кардарына тескери маалымат берүүгө акысы жок жанакардардын инвестициялык чечимине таасир этүүчү, кардардын кызыкчылыкта-ры менен брокердин кызыкчылыктарынын, же брокердин аффилирленген жебайланышкан адамынын кызыкчылыктарынын ортосунда чыр-чатак пайда кылуу-чу ар кандай маалыматты кардарга жеткирип турууга милдеттүү. 5. Брокерге кардарга таандык баалуу кагаздарды кардардын жазуу жү-зүндөгү буйругу жок учурда кардардын атынан сатып алууга же сатууга жеөткөрүп берүүгө тыюу салынат. Брокер өзү алган же брокер тарабынан милдеттендирилген адамдынкардарлардан алынган буйруктарды буйрук берген кардарлардын ар бирининаты-жөнүн, буйруктардын майдабараттарын жана анын келип түшүшүнүн убак-тысын көрсөтүү менен күн сайын эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш. Брокер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишимдин предмети бол-гон жана ачык жайгаштыруудан өткөн баалуу кагаздар жөнүндө кардарларгамаалыматты ачып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. 6. Брокер кардардын буйруктары келип түшкөн тартипте кардардынбаалуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алмаштырууга карата буйрук-тарын аткарууга милдеттүү, жана брокердин же аффилирленген жактын жеброкердин байланышкан жагынын жеке буйруктарына караганда баалуу кагаз-дар менен болгон операцияларды ишке ашырууда кардардын буйруктарына ар-тыкчылык берүүгө милдеттүү. 7. Брокер кардардын буйруктарына түздөн-түз баш ийиши керек, эгер-де буйрукту аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегенучурда, брокер анын буйругун аткарууга укугу жок экендигин кардарга ка-барлоого милдеттүү. 8. Бир фондулук биржанын тооруктарынын катышуучусу болгон брокербашка фондулук биржалардын тооруктарынын катышуучусу болууга укугу бар. 9. Брокердин жана анын кардарынын брокер тарабынан тиешелүү тап-шырма алынганга чейин кардарга маалымдалбаган кызыкчылыктарынын чыр-ча-тагы ал тапшырманын кардардын кызыкчылыктары үчүн зыян алып келүү мененаткарылган учурда, брокер зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын жа-рандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте өзүнүн эсебинен толтуруугамилдеттүү. 48-статья. Дилер жана дилердик ишмердик 1. Мындай ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан жарыяланган бааларбоюнча белгилүү бир баалуу кагаздарды сатып алуу жана/же сатуу милдет-тенмеси менен андай баалуу кагаздарды сатып алуунун жана/же сатуунунбааларын жарыялоо менен баалуу кагаздарды өзүнүн атынан жана өз эсеби-нен сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо дилердик ишмердик деп таанылат. Баалуу кагаздардын рыногунда дилердик ишмердикти ишке ашыруучу ке-сипкөй катышуучу дилер деп аталат. Дилер келишим түзүүдөн баш тарткан учурда ага мындай келишимдимажбурлап түзүү жөнүндө жана/же кардарга келтирилген зыяндын ордун тол-туртуу жөнүндө доо коюлушу мүмкүн. 2. Дилер төмөнкүлөргө милдеттүү: - кардарларга, анын ичинде потенциалдуу кардарларга дилердин аркандай каржылык кыйынчылыктары жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө; - эсепке алуу регистрлерин жүргүзүүнүн жана ички отчеттуулукту тү-зүүнүн ички жол-жоболорун жана эрежелерин бекитүү. 49-статья. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишмердик 1. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишмердик катары башка-руучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин ишеним башка-руусу боюнча башкаруучу компаниянын ишмердүүлүгү саналат. 2. Кардарларынын инвестициялык активдерин башкаруу боюнча ишмер-дүүлүк башкаруучу компания тарабынан башкаруучу компаниянын кардарлары-нын кызыкчылыктарында киреше алуу максатында сыйлык берүү үчүн ишкеашырылат. 3. Башкаруучу компаниянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайыкакча каражаттарын эмиссиялык баалуу кагаздарга же башка каржылык шай-мандарга инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алуу; 2) инвестициялык активдерди башкаруу процессинде жөнгө салынуучусубъекттер менен өз ара аракеттенүү; 3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына жана анынички документтерине ылайык белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу ка-газдар менен же башка каржылык шаймандар менен жүргүзүлүүчү келишимдер-ди эсепке алууну жүргүзүү; 4) инвестициялык активдерин башкаруу боюнча келишимдин шарттарынаткаруу. 4. Башкаруучу компания кардарлардын активдеринин менчик ээси болупэсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкаруучу компаниянын кар-дарларынын мүлкүнөн өзүнчө турууга тийиш. 5. Башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактыларына ылайык кардарларынын инвестициялык активдерин жана алар ме-нен болгон операцияларды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү. 6. Инвестициялык активдерди башкаруучулар, эгерде Кыргыз Республи-касынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, башкарууда турган эмиссия-лык баалуу кагаздарга же башка каржылык шаймандарга карата аларды пай-далануу жана ээлик кылуу боюнча укуктарды ишке ашырууга укугу бар. 7. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишмердикти жүзөгө ашы-руунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жанабаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет. 8. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерибашкаруучу компаниянын менчик активдеринен өзүнчө эсепке алынат жанабашкаруучу компаниянын банкрот болгон учурда же ыктыярдуу жоюлушунунучурунда ликвидациялык массага киргизилбейт. Башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча башкаруучу компания-нын кардарларынын инвестициялык активдерине карата жаза колдонууга жолберилбейт. 50-статья. Депозитарин жана депозиттик ишмердик 1. Бүтүмдөрдү ишке ашырууга арналган, ошондой эле бул баалуу ка-газдардын номиналдык кармоочусу же менчик ээси менен келишимдин неги-зинде (депозиттик келишим) бүтүмдөрдү ишке ашыруудан улам алынган, баа-луу кагаздарга карата укуктарды каттоо жана (же) өткөрүп берүү, сактоожана (же) баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу жана алардынбашкаларга өтүшү боюнча ишмердүүлүк депозиттик ишмердүүлүк деп тааны-лат. Депозитарийдин баалуу кагаздарды сактоо жана/же баалуу кагаздаргаболгон укукту эсепке алуу боюнча кызматтарынан пайдалануучу жак депо-нент деп аталат. Депоненттердин акчалай каражаттары боюнча депозитарийтөлөм агенти катары чыгат. Баалуу кагаздар рыногунун депозиттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучукесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. 2. Депозиттик келишимди түзүү депоненттин баалуу кагаздарына мен-чик укугу депозитарийге өтүшүнө алып келбейт. Депозитарийдин депонент-тин баалуу кагаздарын жана баалуу кагаздарды өз алдынча тескөөгө жүзөгөашырууга укугу жок. Депозитарийдин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуудепоненттердин баалуу кагаздарына багытталышы мүмкүн эмес. Кардарлардын акча каражаттары жана баалуу кагаздары депозитарийдинөздүк менчик активдеринен өзүнчө түрдө эсепке алынат жана депозитарийбанкрот болгон же ыктыярдуу жоюлган учурда жоюу массасына киргизилбейт. 3. Депозитарий баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлеринде баалуукагаздар боюнча номиналдуу кармоочу катары катталууга укуктуу. 4. Кардарлардын баалуу кагаздары менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн түшкөнакчалай каражаттар депозитарийдин кирешеси болуп эсептелбейт. 5. Депозитарий баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндөгү буйруккаылайык жана бардык жактар үчүн бирдей болгон бүтүм боюнча төлөм акысынтараптардан алууга укугу бар. Депозитарий бүтүмдүн көлөмүнөн пайыз тү-рүндө бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу жок. 6. Депозитарий депозиттик келишимди аткарбагандыгына же туура эмесаткарылгандыгына байланыштуу депонентке зыян келтиргендиги үчүн жооп-керчилик тартат. 51-статья. Клирингдик уюштуруу жана клирингдик ишмердүүлүк 1. Клирингдик ишмердүүлүк катары баалуу кагаздарды берүүлөр жанааларды эсептешүүнү жүргүзүү боюнча өз ара милдеттенмелерди (баалуу ка-газдар менен бүтүмдөр боюнча маалыматтарды жыйноо, салыштырып текшерүү,аларга түзөтүү киргизүү жана алар боюнча бухгалтердик документтерди да-ярдоо) аныктоо жана аларды кириштөө эсептелет. 2. Клирингдик ишмердүүлүктү ишке ашыруучу баалуу кагаздар рыногу-нун кесипкөй катышуучусу клирингдик уюм деп аталат. 3. Клирингдик уюмдар баалуу кагаздар менен болгон операциялар бо-юнча эсептешүүлөргө байланыштуу баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларыменен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз ара милдеттенмелерди аныктоо-до аткаруу үчүн даярдалган бухгалтердик документтерди кабыл алышат,алар үчүн белгиленген тартипте эсептешүүлөр жүргүзүлөт. Клирингдик уюм клирингдик уюм тарабынан бекитилген баалуу кагаздарбоюнча клирингди ишке ашыруунун эрежелерине ылайык баалуу кагаздардынклирингин жүзөгө ашырат. 4. Клирингдик уюмдарга, карата, ошондой эле баалуу кагаздар боюнчаклирингди ишке ашыруу эрежелерине карата талаптар баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталып бел-гиленет. Баалуу кагаздар боюнча клирингди ишке ашыруунун эрежелери, ошондойэле аларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылуугатийиш. 5. Баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү ишке ашы-руучу клирингдик уюм баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдүн аткарылбай калуутобокелдиктерин азайтуу үчүн атайын фондуларды түзүүгө милдеттүү. Кли-рингдик уюмдардын атайын фондуларынын минималдуу өлчөмү баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынананыкталат. 52-статья. Инвестициялык фондунун ишмердүүлүгү Инвестициялык фондунун ишмердүүлүгү катары өз баалуу кагаздарынчыгаруу жана ачык жайгаштыруу аркылуу тартылган каражаттарды баалуу ка-газдарга жана башка инвестициялык активдерге кийин диверсификацияланганинвестициялоо менен акчалай каражаттарды тартуу болуп эсептелет. Инвестициялык фонддорду түзүү жана алардын ишмердиги "Кыргыз Рес-публикасынын инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын баш-ка мыйзамдары менен жөнгө салынат. 53-статья. Көзкарандысыз реестр кармоочу жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк 1. Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча кесипкөйишмердүүлүк катары эмитенттин баалуу кагаздарын реестрин жүргүзүү жанасактоо, көзкарандысыз реестркармоочунун бул баалуу кагаздардын эмитентименен түзүлгөн келишимдин негизинде эмитенттин баалуу кагаздарынын кар-моочуларынын укуктарын каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмер-дүүлүк таанылат. Ачык сунуштоочу компания, Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген учурларда ачык сунуштоочу компания болуп эсеп-телбеген баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын ээлеринин реес-трин жүргүзүүнү жана сактоону көзкарандысыз реестркармоочуга өткөрүпберүүгө милдеттүү. 2. Бир эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестри биркөзкарандысыз реестркармоочу тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көзкаранды-сыз реестркармоочу чектелбеген сандагы эмитенттердин баалуу кагаздарынкармоочуларынын реестрлерин жүргүзө алат. 3. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн, баалуукагаздарды кармоочулардын реестрин киргизүүгө байланышкан башка бардыкдокументтерди жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин өткөрүпберүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 4. Көз карандысыз реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочунунталабы боюнча бул баалуу кагаздарды кармоочунун баалу кагаздары жөнүндөмаалыматты камтыган реестрдин көчүрмөсүн берүүгө милдетүү. Реестрденалынган көчүрмөдө бул суроо-талап жөнөтүлгөн кармоочуда канча баалуукагаз бар экендиги жөнүндө маалымат, бул кагаздар үчүн түйшүк тартуужана башка тиешелүү маалыматтар камтылууга тийиш. Реестрден көчүрмөбаалуу кагаз болуп эсептелбейт. 5. Реестрди жүргүзүү боюнча келишимдин колдонулушу лицензиянын ишитоктотулган учурда көзкарандысыз реестркармоочу эмитент тарабынан көр-сөтүлгөн башка көзкарандысыз реестркармоочуга баалуу кагаздарды кармоо-чулардын реестрин өткөрүп берет. Бул эмитенттин баалуу кагаздарынынреестрин жүргүзүүгө байланышкан бардык башка документтер Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш. 6. Көзкарандысыз реестркармоочу, ошондой эле анын кызматкерлери,уюштуруучулары, анын кызмат адамдары жана катышуучулары, анын акцияла-рынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) бешке жакын жана андан ашык пайыздарынаөз алдынча же аффилирленген жактар менен бирге ээлик кылган эмитенттинаффилирленген адамдары болушу мүмкүн эмес. Көзкарандысыз реестркармоочу баалуу кагаздарын кармоочуларынынреестрин жүргүзүп жаткан эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылуугаукугу жок. 7. Көзкарандысыз реестркармоочунун реестрди жазуудан негизсиз баштартуусу же андай жазуудан четтөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да каралган жоопкерчиликке алып келет. Көзкарандысыз реестркармоочу кардарлардын алдында көзкарандысызреестркармоочу тарабынан баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүр-гүзүүнүн тартиби бузулгандыгын натыйжасында кардарлардын укуктарын ишкеашырууга мүмкүн болбогондуктан келтирилген зыян үчүн (түшпөй калганпайданы бирге кошуу менен) жоопкерчиликти тартат. Көзкарандысыз реестркармоочу эмитент тарабынан баалуу кагаздардынкармоочуларынын реестрин түзүү жана жүргүзүү максатында туура эмес маа-лыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт. 8. Көзкарандысыз реестркармоочу бардык жактар үчүн бирдей болгонбаалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндөгү буйруктардын санына шайкешкелген төлөм акысын бүтүм боюнча тараптардан алууга укугу бар. Көзка-рандысыз реестркармоочу бүтүмдүн көлөмүнөн пайыз түрүндө бүтүм боюнчатөлөм акысын тараптардан алууга укугу жок. 9. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде бекитилген юридика-лык жана жеке жактардын баалуу кагаздарынын саны, эсептери, баалуу ка-газдар менен болгон операциялар боюнча маалыматтар конфиденциалдуу маа-лымат болуп саналат. Көрсөтүлгөн маалымат баалуу кагаздардын ээлеринежана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилиши мүмкүн, ал эми Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдаргаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет. Бул Мыйзамга ылайык жалпыга жеткиликтүү маалымат катары баалуу ка-газдардын ээлери жөнүндө ачыкка чыгуучу маалымат конфиденциалдуу маалы-мат болуп эсептелбейт. 54-статья. Фондулук биржа жана баалуу кагаздардын рыногундагы сооданы уюштуруу боюнча ишмердүүлүк 1. Баалуу кагаздардын рыногундагы сооданы уюштуруу боюнча ишмер-дүүлүк катары фондулук биржанын баалуу кагаздардын рыногунун катышуучу-ларынын ортосундагы баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү түзүүгө кө-мөктөшүүчү кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү таанылат. 2. Фондулук биржа өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында жүзөгөашырат. 3. Фондулук биржада сатыктын катышуучулары бул фондулук биржанынакционерлери, ошондой эле фондулук биржада тоорукка кое берилген акцио-нерлер боло алышат. Фондулук биржанын катышуучулары болуп Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана (же) дилердик ишмердик-ти жүзөгө ашырууга укугу бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй каты-шуучулары болуп эсептелет. Фондулук биржа бештен кем эмес мүчөгө ээ бо-лушу керек. Фондулук биржанын мүчөлөрү тењ укукка ээ. Фондулук биржанын саты-гына катышуу тартиби ички документтери аркылуу аныкталат. 4. Фондулук биржа, биржалык соода эрежесин кабыл алат, анда сатык-тын катышуучуларынын ортосунда калыс атаандаштык принцибинин негизинде,баалуу кагаздар рыногунда ачык-айкындыкты камсыз кылуу, фондулук биржа-нын кызматкерлери жана катышуучулар тарабынан көзбоемочулуктун жанатуура эмес мамиленин болушунан инвесторлорду коргоо камтылышы керек: 1) баалуу кагаздардын сатылыш жана өндүрүш каражатын жүзөгө ашырууэрежеси; 2) сатыктын катышуучуларын, сатыкка катыштыруу, утурумдук токтотуужана биротоло токтотуу эрежелери; 3) фондулук биржага мүчө болуп кирүү тартиби жана шарты, фондулукбиржанын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, фондулук биржага каты-шууну убактылуу жана биротоло токтотуу тартиби жана шарттары; 4) баалуу кагаздарды сатыкка катыштыруу тартиби, анын ичинде лис-тинг эрежелери; 5) бүтүм түзүү жана аткаруу тартиби; 6) финансылык шаймандар менен сатыкта түзүлгөн бүтүм боюнча эсеп-тешүүлөрдү жүргүзүү тартиби; 7) баалуу кагаздар боюнча жыйымдарды жана башка фондулук биржа та-рабынан алынуучу төлөмдөрдү төлөөнүн тартиби жана өлчөмү; 8) сатыкка катышуучулардын баалар боюнча көз боемочулугун чектөөкыскартуу эрежелери; 9) сатыкка катышуучулардын, ошондой эле сатыктын катышуучулары жа-на фондулук биржанын ортосундагы талаш-тартышты кароо тартиби. Мында биржалык соода эрежеси уставда бул биржалык фонддун катышуу-чулары башка фондулук биржанын катышуучусу болуусуна каршы болгон жобо-ну камтышы мүмкүн эмес. Биржалык соода эрежеси, ошондой эле ага толуктоолор жана өзгөртүү-лөр фондулук биржанын катышуучуларынын жалпы чогулушунда бекитилет. 5. Фондулук биржа биржалык соода эрежесин, ошондой эле бул фонду-лук биржага кайрылгандардын баалуу кагаздарынын тизмесин, алар менентүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты (бүтүмдүн катышуучулары жөнүндөмаалыматтан тышкары) жана биржалык көрсөткүчтөрдү ар кандай кызыкканжактардын таанышуусу үчүн берүүгө милдеттүү. 6. Бир же ошол эле эмитенттин баалуу кагаздарын сатуу бир нечефондулук биржалардын соода системасында ишке ашырылышы мүмкүн. Мындайбаалуу кагаздарды башка фондулук биржада саткандыгынын себеби боюнчафондулук биржада баалуу кагаздарды сатууну чектөөгө жол берилбейт.Эгерде бир эмитенттин баалуу кагаздары бир нече фондулук биржаларда са-тылса, анда фондулук биржалар алардын соода системаларында түзүлгөн бү-түмдөр боюнча мындай баалуу кагаздардын баасы жөнүндө бири-бирине бил-дирүүгө тийиш. Фондулук биржа мындай маалыматты реалдуу мезгил режимин-де ачууга тийиш. 7. Баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптар баалуу кагаз-дар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тара-бынан белгиленет. 8. Фондулук биржадагы бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынажана нормативдик укуктук актыларга ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотула ту-рушу мүмкүн. 9. Фондулук биржанын кызматкерлери бул фондулук биржанын катышуу-чулары болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучу-ларынын кызматкерлери боло алышпайт. Фондулук биржанын кызматкерлериаткаруучу функциялар башка адамдарга берилиши мүмкүн эмес. 10. Акчалай взностор жана жыйымдар фондулук биржа тарабынан төмөн-күдөй учурларда алынат: 1) фондулук биржага катышуучу болуп кирүү үчүн; 2) фондулук биржанын мүлкүн пайдалануу үчүн; 3) баалуу кагаздардын листинги жана алардын фондулук биржанын тиз-месинде болушу үчүн; 4) бүтүмдөрдү каттоо жана тариздөө үчүн; 5) маалыматтык кызматтар үчүн; 6) биржалык уставда каралган башка учурларда. 11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик орган биржалык инспекторлорду дайындоого укуктуу, алар фон-дулук биржа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын контролдоонуишке ашырууга ыйгарым укуктуу болушат. 55-статья. Баалуу кагаздар рыногунда тоорукту уюштуруу боюнча иштерди жана депозиттик ишмердүүлүктү жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына кошумча талаптар Баалуу кагаздар рыногунда тоорукту уюштуруу боюнча иштерди жанадепозиттик иштерди жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй каты-шуучуларына кошумча талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт: - реалдуу мезгил режиминде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалы-мат берүүнү камсыздоо үчүн тиешелүү операциялык эрежелерди жана техни-калык потенциалдын болушун; - тооруктар процессинде катышуучулардын жана катталган субъекттер-дин иш-аракетин көзөмөлдөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү чараларды, ошондойэле алар фондулук биржанын баалуу кагаздарынын талаптарын аткаруунукамсыздоочу чараларды; - алдамчылык иш-аракеттерди болтурбоо жана баалуу кагаздар рыногу-нун катышуучулары тарабынан тиешелүү операциялык эрежелерди сактоо бо-юнча мониторинг жүргүзүү максатында баалуу кагаздар рыногунда көзөмөлдүжүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарымукуктарды аныктоочу ички документтерди; - кесиптик иш-аракетти жүргүзүүгө, клирингге жана баалуу кагаздарбоюнча эсептешүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу үчүн жетиш-түү каражаттардын (механизмдердин) болушун; - мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча кызматкер катары баа-луу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ган тарабынын сертификатталган кеминде бир кызматкердин болушун; - жетектөөчү органдын курамында көз карандысыз директорлордун бо-лушун; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган белгилеген башка талаптарды. 56-статья. Баалуу кагаздар рыногунда ишмердиктин кесипкөй түрлөрүн айкалыштыруу 1. Инвестициялык фонддун ишмердиги, ошондой эле баалуу кагаздардыкармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишмердик эрежеден тышкаркы өз-гөчө болуп саналат жана баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердик-тин башка түрлөрү менен айкалышпайт. 2. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишмердиктин төмөнкү түрлөрүнайкалыштырууга жол берилет: - брокердик ишмердик жана дилердик ишмердик; - брокердик ишмердик, дилердик ишмердик жана инвестициялык актив-дерди башкаруу боюнча ишмердик; - депозиттик ишмердик жана баалуу кагаздар рыногунда соодалоонууюштуруу ишмердиги; - депозиттик ишмердик жана клирингдик ишмердик; - депозиттик ишмердик жана баалуу кагаздар рыногунда соодалоонууюштуруу ишмердиги. 3. Эгерде бир эле юридикалык жак тарабынан кесипкөй ишмердиктинбир нече түрү айкалыштырылганда, алардын ар бирин ишке ашыруу үчүн алтийиштүү лицензияга ээ болушу жана өзүнчө бир структуралык подразделе-ние болууга тийиш. 57-статья. Номиналдык кармоочу 1. Номиналдык кармоочу төмөнкүдөй мүлктүк укуктарды ишке ашырышымүмкүн: - баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу); - эгерде келишимде каралса, баалуу кагаздар боюнча кирешелердиалуу. Баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катары депозитарий жанаброкер катары чыгышы мүмкүн. 2. Депозитарий болуп саналбаган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөйкатышуучусу башка номиналдык кармоочунун кызыкчылыгында баалуу кагаз-дардын номиналдык кармоочу катары чыга албайт. 3. Баалуу кагаздарды номиналдык кармоого өткөрүп берүү өзүнүн ар-тынан баалуу кагаздарга менчик укугун номиналдык кармоочуга өткөрүп бе-рүүгө алып келбейт. 4. Номиналдык кармоочунун кардарларынын баалуу кагаздары номинал-дык кармоочунун кредиторлорунун пайдасына алып коюуга жатпайт. 5. Номиналдык кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү: - ал баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу болуп саналгандардынкызыкчылыгында жактын (же анын өкүлүнүн) тапшырмасы боюнча жана буладам менен түзүлгөн келишимге ылайык баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо-го; - ал башка жактардын кызыкчылыгында өзүнчө баланстан тышкаркыэсептерде кармаган баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүүгө; - ал баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу болуп саналган жак-тын (же анын өкүлүнүн) талабы боюнча баалуу кагаздарды кармоочулардынреестриндеги анын өздүк эсебине же депозитарийдеги депо эсебине өткөрүпберүүгө; - Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларына ылайык,баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын мөөнөттөрүндө реестрди кармоочунун, депозитарийдин талабы бо-юнча баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалыматты ачып берүүгө; - бул баалуу кагаздар боюнча төлөнүүчү төлөмдөрдү алган учурдантартып үч жумушчу күндөн кем эмес убакта өзү баалуу кагаздардын номи-налдык кармоочусу катары эсептелген жактын кызыкчылыгында бул жөнүњдөага билдирүүгө, анын эсебине бул баалуу кагаздардан улам алынган кара-жаттарды андан тиешелүү тапшырма алгандан тартып үч жумушчу күндүн ара-лыгында которууга милдеттүү. 58-статья. Андеррайтер 1. Андеррайтер катарында брокер же диллер гана чыга алат. 2. Андеррайтер тарабынан баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жарна-малоо ачык сунуштоонун шарттарын жана мындай баалуу кагаздардын прос-пектин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдан каттоодон өткөрүүгө чейин жүргүзүлбөйт. 3. Андеррайтер төмөнкү милдеттерди аткарат: а) баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын даярдоо: - баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын өткөрүү жөнүндө эмитенттинниети тууралуу жалпыга жарыялоо; - баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын шарттарын инвестициялык ке-њешчи жана (же) эмитент менен биргеликте аныктоо жана документтерди иш-теп чыгуу; - баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын алдын ала баалоо, баалуукагаздарды таркатуу боюнча эмитенттер жана инвесторлор ортосунда байла-ныштарды түзүү; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдан баалуу кагаздардын ачык эмиссиясынын шарттарын жанапроспектин каттоодон өткөрүүгө көмөктөшүү. б) баалуу кагаздарды сатуу: - баалуу кагаздарды инвесторлорго сатуу; - жарнама кампаниясын өткөрүү; - андеррайтердин формаларына жараша баалуу кагаздардын жайгашты-рууда аларды сатып алууга кепилдик берүү; - аналитикалык жана изилдөөчүлүк колдоо көрсөтүү. 4. Келишим боюнча аидеррайтер же андеррайтерлер тарабынан баалуукагаздарды ачык сунуштоо жана жайгаштырууну тейлөө боюнча кызматтардынбашка түрлөрү да каралышы мүмкүн. 5. Келишимде андеррайтерге баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жанажайгаштырууну тейлөө боюнча кызматтардын бардык түрлөрү үчүн сыйлыкакынын өлчөмү каралууга тийиш. 6. Андеррайтерлердин төмөнкүлөргө укугу жок: - потенциалдуу инвесторлорго аларды кызыктыруу жана алардын инвес-тициялык чечим кабыл алуусуна таасир этүү максатында туура эмес маалы-мат берүүгө; - эмитентке жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча бурмаланган же чындыккажооп бербеген отчетту, туура эмес же толук эмес маалыматты камтыганпроспектти берүү; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органда катталбаган проспектти пайдаланууга жана таркатууга; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органда ачык сунуштун шарттарын жана проспектисин каттоодонөткөргөнгө чейин жарнамалык кампанияны өткөрүүгө же ачык сунуштоого; - эмитент жөнүндөгү баалуу кагаздарды ачык сунуштоого байланышпа-ган маалыматты көрсөтүү. 7. Андеррайтер (андеррайтерлердин тобу) анын укуксуз иш-аракетте-ринин натыйжасында эмитентке зыян келтирилген учурда эмитенттин алдындатолук мүлктүк жоопкерчиликти тартат. 59-статья. Борбордук депозитарий 1. Борбордук депозитарий - ушул Мыйзамга ылайык депозиттик ишмер-дүүлүктү ишке ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын "Борбордук депозита-рий жөнүндөгү" Мыйзамына шайкештикте кошумча милдеттерге ээ болгон ке-сипкөй катышуучу. Борбордук депозитарийди түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүнүн тартибиКыргыз Республикасынын "Борбордук депозитарий жөнүндөгү" Мыйзамы мененбелгиленет. Борбордук депозитарий катарында ишмердүүлүктү бир гана депозитарийжүргүзө алат. X глава Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттенмелери 60-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларга маалыматтарды ачын бериши Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөрдү атка-рууга милдеттүү: - өзүнүн кардарына анын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешесибар маалыматты ачын берүүгө; - кардарга баалуу кагаздар жана алардын эмитенти тууралуу (баалуукагаздар рыногундагы коммерциялык жана кызматтык жашыруун сырды камты-ган маалыматтан башка) бардык маалыматты баалуу кагаздар менен болгонбүтүмдөрдү түзүүгө карата буйрукту алган учурда тааныштырууга мүмкүндүкберүү; - өзүнүн кардарына аталган кардардын буйругу боюнча каржылык шай-мандар менен болгон бүтүмдөрдү жүргүзүү процессинде кызыкчылыктардынконфликти пайда болгон фактылар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабарлоого; - өзүнүн кардары түзүүгө ниеттенген каржылык шаймандар менен бо-луучу бүтүмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынанбелгиленген чектөөлөр жана өзгөчө шарттар жөнүндө кабарлоого; - өзүнүн кардарына анын талабын аткаруудан баш тартуунун себебинтүшүндүрүүгө; - кардарларга эмитенттен алынган жана жайылтууга арналган маалы-маттарды жеткирүүгө; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын нормативдик укуктук-актыларында белгиленген көлөмдөжана тартипте лицензиаттын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маалыматы кардарлар-га ачып берүүгө; 61-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун маалыматтарды ачып бериши жана отчеттуулугу 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөргөмилдеттүү: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кар-дар жөнүндөгү, алардын талаптары боюнча түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндөгүмаалыматтардын ачып берүү милдеттенмесине ылайык баалуу кагаздар менентүзүлгөн бүтүмдөр тууралуу маалымат берүүгө; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга лицензия алууда көрсөтүлүүчү документтерге киргизилгенөзгөртүүлөр жана толуктоолорду билдирүүгө; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органдын талабы боюнча зарыл болгон, мыйзам тыюу салбаган маа-лыматты берүүгө. Алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганучурлардан башка убакта жарыяланбоого тийиш. 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бир жылдык жанакварталдык отчет формасында маалыматты мезгилдүү түрдө ачып берүүгөмилдеттүү, анын курамында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучу-сунун квартал үчүн каржылык отчеттуулугунда жана баалуу кагаздар рыно-гун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдикукуктук актыларында каралган башка маалыматтар камтылышы керек. 3. Жылдык жана квартал сайын берилүүчү отчетторго киргизилүүчү фи-нансылык отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярда-лышы керек. Төртүнчү квартал үчүн финансылык отчеттуулук тапшырылбайт. 4. Жылдык отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - аудитордук текшерүүдөн өткөн эмитенттин бир жылдык каржылык от-четтулугун, ага карата аудиторлук корутундуну; - отчеттук мезгилде болгон кызматтарга дайындоолордогу бардык өз-гөртүүлөрдү көрсөтүү менен кызмат адамдарынын тизмесин; - бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетинкармоочу-акционерлердин жана алардын эмитенттин акцияларынын санындагыүлүшүнүн тизмесин; - эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасынын кыскача сыпатта-масы, анын ичинде отчеттук мезгил аралыгында колдонулган же өзгөртүлгөнпрактиканын кыскача сыпаттамасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынталаптарына эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасынын шайкеш ке-лишин; - Көзкарандысыз директорлор тарабынан айтылган башка ар түрдүү пи-кирлерди кошо алганда, отчеттук мезгил үчүн эмитенттин ишмердүүлүгү жа-на каржылык натыйжалары тууралуу жетекчинин отчетун; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралганбашка маалыматтар жана кабарларды. 62-статья. Фондулук биржанын маалыматын ачып берүү жана анын отчеттуулугу 1. Фондулук биржа ар кандай кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык андагы тизмеде болгон баалуу кагаздар жөнүндө,алардын эмитенттери тууралуу (баалуу кагаздар рыногундагы коммерциялыкжана кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматтардан башка) өзүндөболгон маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү. 2. Фондулук биржа баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органга бул Мыйзам жана баалуу кагаздар рыногунжөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдикукуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте отчету даярдоого жанаберүүгө милдеттүү. 3. Квартал үчүн отчет квартал аяктап жаткан ай бүткөндөн кийин 30календарлык күндөн кечикпестен берилиши керек. 4. Жылдык отчет финансылык жыл аяктагандан кийин 90 календарлыккүндөн кечикпестен берилет. 5. Отчетко кесипкөй катышуучунун жетекчиси кол коет. Жылдык отчетбаалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган бекиткен аудиторлордун реестрине кирүүчү көзкарандысыз аудитортарабынан тастыкталат. 6. Отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - кесипкөй катышуучунун отчеттук мезгилде болгон кызматтык дайын-доолор боюнча бардык өзгөртүүлөрдү көрсөтүү менен жетекчилердин, аныничинде кесипкөй катышуучу тарабынан жалданган жактардын тизмеси; - акциялардын контролдук пакетине ээлик кылган бардык акционерлер-дин, отчеттук күнгө карата акциялардын кандай үлүшүнө ээлик кылуусункөрсөтүү менен ири акционерлердин тизмесин; - отчеттук мезгил ичиндеги баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй ка-тышуучусунун каржылык натыйжалары; - баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр же баалуу кагаздар боюнчаэсептешүүлөр боюнча милдеттенмелердин бузулушунун ар кандай учурлары; - Бул Мыйзамга жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ый-гарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актыларына ылай-ык талап кылынган башка маалыматтар. Фондулук биржа баалуу кагаздары листинге киргизилген же линстинг-ден алынган эмитенттерди, ошондой эле котировкалардын тизмесине кирги-зилген же котировкалардан чыгарылган баалуу кагаздарды көрсөтөт. 63-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы каржылык кењештер 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, эгерде мындайкењештер кардардын инвестициялык максаттарына, анын каржылык абалынажана талаптарына пайдалуу болсо, кардарларга баалуу кагаздарды инвести-циялоо боюнча кењештерди бере алат. 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, эгерде жањжалкардардын кызыкчылыгына тиешеси болсо, кызыкчылыктардын ар кандай олут-туу жањжалдарын кардарга ачып берүүгө милдеттүү. XI глава Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдары 64-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюму 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюму - Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамына жана башкамыйзамдык актыларына ылайык иштөөчү кесиптик уюм болуп саналган баалуукагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын бирикмеси. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкей катышуучуларынын уюму баалуукагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органберген уруксаттын негизинде өзүн өзү жөнгө салуучу статуска ээ болот. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюмуна статусун алуу тартиби Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик органынын нормативдик укуктук актыларына ылайык иш-ке ашырылат. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюму бештен кем эмес мүчө болгон учурда түзүлөт. 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнге салынуучу уюму: - өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун эрежелерин жана ички норматив-дик документтерин, анын ичинде милдеттүү дисциплинардык кодексти, уюмгаанын уставы, мүчөлүк эрежелери жана ички нормативдик актылары жүктөгөнар кандай ыйгарым укуктарына шайкештикте мүчөлөрүнүн аткаруусун жөнгөсалат; - уюмдун мүчөлөрүн окутат жана сертификациялоону жүргүзөт; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган менен болгон талкууларда өзүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылык-тарын көрсөтөт; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан тапшырылган милдеттерди аткарат; - бул Мыйзамга ылайык жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу бо-юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актылары-на ылайык бул Мыйзамды аткарууга карата кабыл алынган башка милдеттердиаткарат. 3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюму өзүнүн ишмердүүлүгүн белгилүү бир мөөнөткө чейинже белгисиз бир мөөнөткө чейин жүзөгө ашырат. 4. Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жана өзүн өзүжөнгө салуучу уюмдун эрежелери тарабынан аныкталат. Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун эрежелери, ошондой эле аларгакарата өзгөртүүлөр жана толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. 65-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмунун милдеттери 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюму төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талапта-рын сактоого; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга өзүнүн мүчөлөрү кетирген тартип бузуулар жана аларгакарата көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга отчет берүү жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуубоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын нормативдик укуктук актыла-рына ылайык өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө мил-деттүү. 2. Өз алдынча жөнгө салынуучу уюм баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын ичинде анын кыз-маткерлерине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча анын милдетте-рин аткарылышында көмөктөшүүгө милдеттүү. 66-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынча жөнгө салынуучу уюмунун ишмердүүлүгүнүн убактылуу токтотулушу жана биротоло токтотулушу 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз алдынчажөнгө салынуучу уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюмдунмүчөлөрү кабыл алган чечимдин негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуугаукуктуу. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары өз алдынча жөнгөсалынуучу уюм тарабынан бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгөсалуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укугу бар: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөткө карата, бирок үч айданашык эмес, өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун тартип бузуулар аныкталса,алар четтетилгенге чейин өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдун ишмердүүлү-гүн токтото турууга; - өз алдынча жөнгө салынуучу уюмга берилген уруксатты кайра алуу-га. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өз ал-дынча жөнгө салынуучу уюмуна карата көрүлгөн чаралардын себептерин көр-сөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдетүү. XII глава Баалуу кагаздарга карата тыюу салынган иш-аракеттер 67-статья. Инсайдарлерге бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салуу 1. Баалуу кагаздардын эмитентинин инсайдерлери болуп төмөнкүлөрэсептелет: - эмитенттин кызмат адамдары; - эмитенттин ири акционери; - өзүнүн кызматтык абалынан, эмгектик милдеттенмелеринен, эмитентменен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимден улам же ал тарабынан аткары-луучу көзөмөлдүк, контролдук же башка ыйгарым укуктардан улам конфиден-циалдуу маалыматтарга уруксаты болгон адам; - атайылап же көзкарандысыз шарттарда конфиденциалдуу маалыматтанкабардар болгон же алынган маалыматтын мүнөзү жөнүндө билген же билүүгөмилдеттүү болгон жогоруда көрсөтүлгөн жактарга байланышкан жактар. 2. Инсайдерлерге, ошондой эле алардын аффилирленген жактарына тө-мөнкүлөргө тыюу салынат: - конфиденциалдуу маалыматты өз кызыкчылыгында же башка бир үчүнчүжактардын кызыкчылыктарында пайдалануу аркылуу баалуу кагаздар мененболгон бүтүмдөрдү жасоого; - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыконфиденциалдуу маалыматты же ага негизделген маалыматты үчүнчү жактар-га берүүгө же үчүнчү жактарга жеткиликтүү кылууга; - конфиденциалдуу маалыматка негизделген баалуу кагаздар менен бү-түмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштарды үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. 3. Эмитенттин инсайдеринен, же анын аффилирленген жагынан конфи-денциалдуу маалыматты алуучу ар кандай жак, эгерде аталган жак маалы-матты алган учурда же баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү учурундамаалымат конфиденциалдуу мүнөзгө ээ экендигин билип калса же шектенсеаталган маалыматтын негизинде бул эмитенттин баалуу кагаздары менен бү-түмдөрдү түзүүгө укугу жок. 4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна төмөнкү шарт-тарда эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салын-байт, эгерде: - баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү түзүүнү ишке ашырып жаткан ке-сипкөй катышуучу кардардын агенти катары белгилүү бир бүтүмдү жүргүзүүүчүн кардардын көрсөтмөлөрүнө ылайык катышканда; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучу кардар инсайдерденалынган маалыматтын негизинде аракеттенгендигинен кабардар болбогондо; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздардытескөө боюнча кењеш бербегенде; - кардар кесипкөй катышуучу менен байланышкан же аффилирленгенадамы болбогондо тыюу салынбайт. 68-статья. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тыюу салынган иш-аракеттери 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна төмөнкүлөргөалып келүүчү же алып келген бүтүмдөргө катышууга же баалуу кагаздар ме-нен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат: - баалуу кагаздар рыногунда аталган баалуу кагаздар менен соодакылууда жасалма нарк түзүүгө; - баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар менен соода жүргүзүл-гөн жасалма нарктын дењгээлин кармап турууга тыюу салынат. 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, эгерде баалуукагаздар рыногунда соода жүрүп жаткан наркты колдоого, анын өсүшүнө жетөмөндөшүнө алып келүүчү же инвесторлорду баалуу кагаздарды сатып алуу-га же сатуусуна түрткү берүүчү арыз же маалымат бурмаланган мүнөздөболгондо, ачык айтпоого же маалыматты жайылтпоого тийиш. XIII глава Баалуу кагаздар рыногундагы жоопкерчилик 69-статья. Инвестордун жоопкерчилиги (тобокелдиги) Инвестициялардын объектисин, формасын жана өлчөмдөрүн тандап алууинвестордун өзүнүн жоопкерчилиги болуп эсептелет, тийиштүү түрдө, баа-луу кагаздарга, анын ичинде акцияларга салынган өздүк инвестицияларынкоргоого жоопкерчиликти инвесторлордун (акционерлер) өздөрү тартышат. 70-статья. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчилик 1. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучубул Мыйзамды жана башка мыйзамдык актыларын бузгандыгы үчүн жактар Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартиптежоопкерчиликке тартылат. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудан улам келтирилгензыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартиптеорду толтурулууга тийиш. 3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органында ачык сунушту каттоодон өткөрбөстөн туруп, баалуу ка-газдарды ачык сунуштоо мыйзамсыз болуп эсептелет. Мыйзамсыз ачык сунушжасаган жак тарабынан алынган инвесторлордун каражаты инвесторлоргокайтарылып берилүүгө тийиш. Бул мыйзамга ылайык шарттары катталбаганачык сунуштоодон алынган кирешелер инвесторлорго кайтарылып берилүүчүсуммаларды чыгарып таштоодон кийин, республиканын бюджетине алынат. 4. Лицензиясыз жүзөгө ашырылган кесипкөй ишмердүүлүк мыйзамсыз бо-луп эсептелет. Баалуу кагаздар рыногундагы лицензиясыз ишмердүүлүк жүргүзгөн ке-сипкөй катышуучулардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Лицензиясыз ишмердүүлүктөн алынган кирешелер Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте республиканын бюджетине алынуугатийиш. XIV глава Башка шарттар 71-статья. Кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы чаралар 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары шектүү опера-циялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган киреше-нин изин жашыруу жана терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жолу менен алынганкирешенин изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органга билдирүүгө милдетүү. 2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган тарабынан божомолдуу түрдө кылмыш жолу менен алынган ки-решелердин изин жашырууга же терроризмди каржылоого байланышкан ишмер-дүүлүктү тапкан учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйга-рым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө кылмыштуу жол менен алынганкирешелердин изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органга дароо билдирет. 72-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндө күчү-нө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үч айлык мөөнөттө нормативдикактыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-июлундагы № 95 "Баалуу ка-газдардын рыногу жөнүндө"
Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 18 "Баалуукагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү кир-гизүү тууралуу"
Мыйзамы. 4. 200гө жакын же андан ашуун адамдар акцияларына ээлик кылганкомпаниялар, жана (же) бул Мыйзамдын күчүнө киришине чейин баалуу ка-газдарды ачык жайгаштырууну жүзөгө ашырган компаниялар, ошондой элеменчиктештирүүнүн жана менчикти мамлекеттен ажыратуунун натыйжасындапайда болгон ачык акционердик коомдор бул Мыйзамга ылайык ачык сунуш-тоочу компаниялар деп таанылат жана бул Мыйзам күчүнө кирген күндөнбаштап алты айдын аралыгында өзүнүн ишмердүүлүгүн бул Мыйзамга шайкешкелтирүүгө милдеттүү. Бул Мыйзамга ылайык ачык сунуштоочу компаниялар деп таанылган ком-паниялар бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алты айдын аралыгындааталган Мыйзамда белгиленген тартипте ачык сунуштоочу компания статусу-нан баш тартууга укуктуу. 5. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жасоочу жеке же юридикалыкжактар бул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык мындай сунушту ишкеашырууга милдеттүү. 6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары бул Мыйзам кү-чүнө кирген күндөн баштап алты айдын аралыгында өздөрүнүн ишмердүүлүгүнушул Мыйзамга шайкеш келтирүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Президенти