Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-ноябры № 636 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо-нун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Аталган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин бекитүүсүнө жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган Жо-бонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 4. Запастын жерлерине Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануутартиби жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынанбекитилген күнгө карата жердин башка категориясына киргизилбеген мамле-кеттик менчиктеги бардык жерлер таандык экендиги белгиленсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агрөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 636 токтому менен жактырылган Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо 1. Жалпы жоболор 2. Запастагы жерлерди берүү тартиби 1. Жалпы жоболор 1. Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө ушулЖобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башканормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана запастагыжерлерди түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт. 2. Запастагы жерлерге, жердин башка категориясына киргизилбегенжана жеке менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер кирет. Булжерлер мамлекеттик менчик болуп эсептелет. 3. Запастагы жерлердин категориясына таандык жер участоктору ушулЖободо белгиленген тартипте гана пайдаланууга берилиши мүмкүн. 4. Запастагы жерлерди берүү алардын негизги максаттуу багытынаылайык мамлекеттик менчикте калтыруу менен аларды запастагы жерлердинкатегориясынан башка категорияга которуудан кийин жүргүзүлөт. 5. Белгиленген тартипте башка категорияга которулган запастагыжерлер жеке менчикке берилбейт. 6. Запастагы жерлерди пайдалануунун негизги максаттуу багыты айылчарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, кен пай-далануу жана башка мамлекеттик максаттар болуп эсептелет. 7. Запастагы жерлер айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануугажергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилет. 8. Запастагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн берүү максатынан тыш-кары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн чечими менен пайдаланууга берилет. 2. Запастагы жерлерди берүү тартиби 9. Запастагы жерлерден жер участогун берүү жөнүндө өтүнүч каттыкызыкдар адам тиешелүү райондун мамлекеттик администрациясына берет. 10. Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - жер участогун пайдалануунун максаты; - жер участогунун жайгашкан жери жана аянты; - суралып жаткан аянтка экономикалык негиздеме; - пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү жана шарттары; - жер участогун берүү үчүн негиздеме; - жер участогун алууга чектөөлөрдүн жоктугу. 11. Өтүнүч катка Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - арыз ээ-синин ким экендигин тастыктоочу документтеринин көчүрмөсү; юридикалыкжактар үчүн - уюштуруу документтери жана юридикалык жактын каттоодонөткөндүгү жөнүндө күбөлүгү тиркелет. 12. Максаттуу багытына жараша жергиликтүү мамлекеттик администра-ция курамына жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту кат-тоо, архитектура жана курулуш, айлана чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаал-дар, кен пайдалануу боюнча инспекциясынын, санитардык-эпидемиологиялыкжана өрт өчүрүү көзөмөлүнүн, айыл жана суу чарбанын жана зарыл учурдаушул жер участогу боюнча негизделген корутунду бере алган башка тие-шелүү кызматтардын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген Комиссиятүзөт. Өтүнүч катты кароодо Комиссия өтүнүч каты менен кайрылган адамдычакырууга укуктуу. 13. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыктары боюнча Комиссия жер участо-гун пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө же өтүнүч катты четке кагуутууралуу корутунду чыгарат. Мында пландык-картографиялык материалды,айлана чөйрөнү коргоо органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялыккөзөмөлдүн корутундуларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууКыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктинжергиликтүү органынын жер жайгаштыруу ишин түзүү үчүн зарыл болгон баш-ка документтерин тиркөө менен жер участогун текшерүү (тандоо) актысы(үч нускада) таризделет. 14. Комиссиянын корутундусунун негизинде райондун мамлекеттик ад-министрациясы жер участокту "Запастагы жерлер" категориясынан "Айылчарба багытындагы жерлер" категориясына которуу менен айыл чарбалыкөндүрүш үчүн берүү жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат. Жер участокту ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн башка максат-тарга берүүдө райондун мамлекеттик администрациясынын чечими облустунмамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберилет, ал белгиленген тар-типте материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кирги-зет. Жер жайгаштыруу материалдарын даярдоо жана кароо, чечимдерди кабылалуу жерлерди бир категориядан башкасына которууда же жердин тиешелүүкатегориясы үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт. 15. Запастагы жерлер 10 жана 25 жылга узартуу укугу менен 5тен 7жылга чейин пайдаланууга берилет.