Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 267 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-ноябры № 654 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жанакөзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы бул Мыйзам долбоорун Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө 1-глава Жалпы жоболор 1-статья. Бул Мыйзам жөнгө салуучу чөйрө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуужана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызматтын (мындан ары - Улуттук кызмат)уюштурулуу жана иштөө тартибин аныктайт жана банктан тышкаркы финансы-лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгөсалууга жана көзөмөлдөөгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат. 2-статья. Улуттук кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар 1. Улуттук кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту, бухгалтер-дик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөөжөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жа-на ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктукактыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзам-да белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана ма-кулдашуулардан турат. 2. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгилен-ген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда,ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана нор-маларында ушул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер белгиленсе, андаэл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын, эл аралык укуктун жалпытааныган принциптеринин жана нормаларынын эрежелери колдонулат. 3-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр 1. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана аныктамалар: Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн аффилирленген жагы - Аткаруу кењешининмүчөсү кабыл алуучу чечимге тике жана (же) кыйыр, анын ичинде келишим-дин же башка бүтүмдүн күчү менен таасир эте алуучу ар кандай жеке жеюридикалык жак. Анын жакын туугандары, ошондой эле ал же анын жакын ту-угандары, же ал өзүнүн жакын туугандары менен биргелешип акциялардынбир же андан ашык процентине (үлүшүнө), жүгүртүүдөгү облигацияларга ээ-лик кылган юридикалык жактар милдеттүү түрдө Аткаруу кењешининмүчөсүнүн аффилирленген жагы деп эсептелишет; башка компаниянын же компаниялар тобунун аффилирленген компаниясы- башка компания (компаниялар тобу) кабыл алуучу чечимди тике жана (же)кыйыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, аныничинде келишимдин жана (же) андай компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн)20 процентинен ашыгына ээлик кылуунун күчү менен укуктуу компания. Аф-филирленген компания деп ошондой эле башка компаниялар (компаниялар то-бу) ошол аффилирленген компания кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кы-йыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичин-де келишимдин же аффилирленген компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 20процентинен ашыгына ээлик кылуунун күчү менен таасир этүүгө укуктуукомпания да эсептелет; компаниялар тобу - кесипкөй катышуучудан жана анын туунду жана/жекөз каранды компанияларынан жана/же холдинг компаниядан жана анын туун-ду жана/же көз каранды компанияларынан турган компаниялар тобу; банктык эмес финансылык сектор - Кыргыз Республикасынын финансылыкрыногунун бөлүгү, ал өзүнө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу иш-мердигин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдердибашкаруучу компаниялардын ишмердиктерин, ошондой эле ушул Мыйзамга жанаКыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногунун көрсөтүлгөнишмердиктерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык оюн-зоок жана ло-тереялык ишмердикти камтыйт; Аткаруу кењешинин аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес мүчөсү -Улуттук кызматтын кызмат адамы же кызматкери болуп эсептелбеген, Улут-тук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарганыүчүн акы албаган адам; кесипкөй катышуучу - аудитордук ишмердик жана ушул Мыйзамга жанаКыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитордук иштижана лицензиялоону жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык ишмердиктер-ди жүргүзүүгө Улуттук кызмат берчү лицензиясы же башка уруксат докумен-ти бар юридикалык же жеке жак; пруденциялык талаптар - кесипкөй катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлү-гүн жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында анын финансылыкабалына карата коюлчу талаптар; ачык компания - баалуу кагаздарына ээлик кылгандар эки жүз жана/жеандан ашык болгон эмитент, жана/же баалуу кагаздарды ачык сунуш кылганже сунуш кылуучу эмитент; жөнгө салынчу субъект - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынынбанктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордукишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынчу ишмердиктижүргүзгөн юридикалык же жеке жак. Жөнгө салынчу субъектиге кесипкөй ка-тышуучу кирет; өзүн өзү жөнгө салуучу уюм - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республика-сынын башка мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары түзүлгөн кесипкөйкатышуучулардын бирикмеси; башкаруучу жак - Директорлор кењешинин төрагасы, мүчөсү, эмитент-тин аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасынын юридикалык жактардын иштерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ыла-йык кызмат адамы деп таанылчу адам; кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын инвес-торлорун коргоо фонду - инвесторлорго кесипкөй катышуучулардын караса-натай аракеттеринен улам келтирилген зыяндын орду толтурулушун камсыз-доо максатында кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарытарабынан түзүлчү фонд; холдинг компания - уюштуруу-укуктук формасына карабастан активде-ринин курамына башка уюмдардын акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын)контролдук пакеттери кирген уюм. 2-глава Улуттук кызматтын укуктук абалы жана милдеттери 4-статья. Улуттук кызматтын укуктук абалы 1. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылыкрынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасынөнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жөнгөсалынчу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарымукуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет. 2. Улуттук кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган жана өзүнүн аталышы мам-лекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгүмөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык казыналык системасында жана банктарда ачылчу эсептери болот. 3. Улуттук кызматтын ушул Мыйзамга жана банктык эмес финансылыкрынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык белгиленген укуктары,функциялары жана ыйгарым укуктары башка мамлекеттик органдарга өткөрүпберилиши мүмкүн эмес. 4. Улуттук кызматтын берилген ыйгарым укуктарына ылайык кабылалынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында бардык юриди-калык жана жеке жактар аткарышы үчүн милдеттүү. 5. Улуттук кызмат өз ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашы-руу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болсо өзүнүн ишин ат-каруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара байланыштажүргүзөт. Ушул мыйзам менен Улуттук кызматтын карамагына берилген маселелер-ди чечүүгө башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 6. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.Мында Улуттук кызмат өзүнүн саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен координациялайт. 5-статья. Улуттук кызматтын максаттары жана милдеттери 1. Улуттук кызматтын ишинин негизги максаты банктык эмес финансы-лык рынокту, аудитордук ишти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулуксистемасын мамлекеттик жөнгө салуу жана жөнгө салынчу субъекттердин иш-терин көзөмөлдөө аркылуу Кыргыз Республикасында финансылык рыноктуөнүктүрүү болуп эсептелет. 2. Улуттук кызматтын негизги милдеттери: - Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, аныничинде баалуу кагаздардын эмиссиясын жана ачык сунушталышын жөнгө салуубоюнча, ошондой эле аудит жана бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуу-лук боюнча нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү; - жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республика-сынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсептижөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларын сакташын камсыздоо; - жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы-нын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салчу нормативдик укуктук ак-тыларында каралган баалуу кагаздардын эмиссиясына жана алардын ачык су-нушталышына карата талаптарды аткарышын камсыздоо; - баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүү; - жөнгө салынчу субъекттер финансылык отчеттуулуктун жана аудиттинкабыл алынган стандарттарын сакташы үчүн шарттарды камсыздоо; - бул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финан-сылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктунсистемасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук-тук актыларынын тийиштүү талаптарын ишке ашырууну натыйжалуу монито-рингдөө жана камсыздоо аркылуу банктык эмес финансылык рыноктун бардыккатышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынкоргоо; - банктык эмес финансылык рыноктун ачык-айкындыгын камсыздоо. 3-глава Улуттук кызматтын функциялары жана укуктары 6-статья. Улуттук кызматтын функциялары Улуттук кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - банктык эмес финансылык рынок тармагындагы опурталдарды башкаруубоюнча саясатты аныктоо менен кошо банктык эмес финансылык рынокту,бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит системаларынөнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт; - банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынчу субъекттерине ка-рата опурталдарды башкаруу боюнча талаптарды белгилейт; - ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучубашка мыйзамдарын аткаруу үчүн жана аларга ылайык банктык эмес финансы-лык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук ак-тыларды иштеп чыгат; - бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук маселелери боюнчанормативдик укуктук актыларды кабыл алат; - жөнгө салынчу субъекттердин финансылык жана башка отчеттордутүзүшүнүн тартибине карата талаптарды белгилейт; - жөнгө салынчу субъекттер өз иштеринин алкагында маалыматты ачышыбоюнча талаптарды белгилейт; - банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылыкотчеттуулук, аудит боюнча нормативдик укуктук актылардын колдонулушужөнүндө методикалык рекомендацияларды иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасында чыгарылчу баалуу кагаздардын ачык сунуш-талышын жана андай баалуу кагаздардын проспектин каттоону ишке ашырат; - Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын коомчулук үчүн жет-киликтүү бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт; - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык КыргызРеспубликасынын баалуу кагаздарынын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баа-луу кагаздарынын ачык сунушталышын карайт жана каттайт; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамда-рынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишжүргүзүү укугуна, аудитордук иш жүргүзүү укугуна лицензияларды жанабашка уруксат документтерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензиялардын жана башкауруксат документтердин жарактуулугун токтотот, кайрадан жањыртат жанажокко чыгарат (жоет); - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аудитор-дун квалификациялык сертификаттарын берет, кайра алып коет (ажыратат); - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдары-нын талаптарына ылайык өзүн өзү жөнгө салуучу уюм катары иштөөгө урук-сат берет; - банктык эмес финансылык рынокко берилген, токтотуп коюлган, кай-ра жањыртылган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана башка уруксатдокументтердин реестрин жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын аудиторлорунун, аудитордук уюмдарынын,жеке аудиторлорунун, кесипкөй аудитордук бирикмелеринин мамлекеттик ре-естрлерин жүргүзөт; - ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык от-четторуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлор-го карата талаптарды аныктайт; - Улуттук кызмат бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жанааудит тармагында кабыл алуучу нормативдик укуктук актылардын жана алар-ды колдонуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн реестрин жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынчу субъек-ттерде Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана ау-дитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптары аткарылышыжагында текшерүүлөрдү жүргүзөт; - жөнгө салынчу субъекттерге карата арыздарды жана даттануулардыкарайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тийиштүүчараларды колдонот; - Улуттук кызматтын компетенциясына берилген маселелер боюнча ма-териалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана сотко доо менен кайры-лат; - чет өлкөлөрдүн финансылык рынокторду көзөмөлдөө боюнча ыйгарымукуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен банктык эмес финансылыкрынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит система-сын өнүктүрүү маселеси боюнча кызматташат; - жөнгө салынчу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натый-жалуу жана ачык-айкын финансылык рыноктун принциптерин киргизет; - фондулук биржа соодалык сессиянын жыйынтыгы менен бүтүмдөржөнүндө маалыматты такай жана өз убагында ачып турушун контролдойт; - жөнгө салынчу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен өзфункцияларын аткаруу жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жагында кызмат-ташат; - бардык катышуучулар жана инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасынынбанктык эмес финансылык рыногу, анын ичинде баалуу кагаздардын каттал-ган чыгарылышы, баалуу кагаздардын ачык сунушталышы, баалуу кагаздардынээлери, жөнгө салынчу субъекттер жана Улуттук кызмат баалуу кагаздардынкайсы бир эмитенти же жөнгө салынчу субъект тарабынан башталган же жа-салган мыйзамсыз ишке карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндөмаалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу маалыматтар базасын иштеп чыгатжана жүргүзөт; - Улуттук кызматтын иш процессинде пайда болгон архивдик документ-терди комплектилөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Улут-тук кызматтын керектөөсү үчүн товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга,кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте конкурстардын өткөрүлүшүн жана мам-лекеттик контракттардын түзүлүшүн уюштурат; - банктык эмес финансылык рыноктун катышуучуларын окутууну жанасертификаттоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугунаталапкерлерди аттестациялоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялардыишке ашырат. 7-статья. Улуттук кызматтын укуктары Улуттук кызмат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөйукуктарга ээ: - Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, аудитти,бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча мамле-кеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук систе-масын жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларына ылайык норма-тивдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө; - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка нормативдикукуктук актыларынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рыноктокесипкөй иш жүргүзүүнүн шарттарын, анын ичинде пруденциялык талаптарды,опурталдарды, рыноктогу операцияларды башкаруу боюнча талаптарды бел-гилөөгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жоюуга; - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамда-рынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишжүргүзүү укугуна, аудитордук иш жүргүзүүгө лицензияларды жана башкауруксат документтерди берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган учурларда аталган лицензиялардын жана башка уруксатдокументтердин жарактуулугун токтотууга, кайрадан жањыртууга жана жоккочыгарууга (жоюуга); - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аудитор-дун квалификациялык сертификаттарын берүүгө, кайра алып коюуга (ажыра-тууга); - Улуттук кызматтын нормативдик укуктук актылары менен белгиленгентартипте кесипкөй аудитордук бирикмелердин кесипкөй катышуучуларынынөзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзүүгө; - ачык компаниялардын жана лицензияланган кесипкөй катышуучулардынфинансылык отчетторуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана же-ке аудиторлорго талаптарды белгилөөгө; - кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын ин-весторлорун коргоо фондун түзүү жана анын иштеши боюнча талаптарды бел-гилөөгө; - клиринг жасоонун натыйжасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөр ат-карылбай калуу тобокелин азайтуу максатында клирингдик уюмдун гарантия-лык фонд түзүшү жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсеп-тешүүсү боюнча талаптарды белгилөөгө; - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларында белги-ленген талаптардан тышкары банктык эмес финансылык рыноктогу маалыматтыачуу боюнча жөнгө салынчу субъекттерге карата кошумча талаптарды бел-гилөөгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жанатартипте жөнгө салынчу субъекттерден алардын финансылык-экономикалыкиштери жөнүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка норма-тивдик укуктук актыларында каралган отчетту, маалымкаттарды жана башкамаалыматты суроого жана алууга, ошондой эле тийиштүү маалыматты алууүчүн башка мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга кайрылууга; - жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамга жана/же Кыргыз Республи-касынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсептин, финансы-лык отчеттун жана аудиттин маселелерин жөнгө салуучу башка нормативдикукуктук актыларынын талаптарын аткарышына мониторинг жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамда-рына ылайык ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес фи-нансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдарынын жобо-лорун аткаруу жагынан жөнгө салынчу субъекттерде текшерүүлөрдүжүргүзүүгө; - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарында бел-гиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурларда жөнгө салынчусубъекттерге көрсөтмөлөрдү жана эскертүүлөрдү жиберүүгө; - жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана/же Кыргыз Республи-касынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө са-луучу башка мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаган жана/жебузган учурларда жөнгө салынчу субъекттерден андай эреже бузуулардыулуттук кызмат белгилеген мөөнөттөрдө жоюуну талап кылууга; - жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы-нын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучубашка мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузбашын жана сакташын кам-сыздоо максатында сот органдарына кайрылууга; - жөнгө салынчу субъект болуп эсептелген юридикалык жактын жетек-чилеринин ыйгарым укуктарды аткарышын Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген учурларда жана тартипте убактылуу токтотуп турууга жекызматтан четтетүүгө; - ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын, жана/же баалуу кагаздардысоодалоону уюштуруучунун, клирингдик уюмдун жана/же депозитарийдин эре-желерин бузуу менен жасалган баалуу кагаздардын операцияларын токтотупкоюуга; - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын бузган компа-ниядан кызыкдар тараптардын катышуусу менен акционерлерин (катышуучу-лардын) кезексиз чогулушун өткөрүп, андай чогулушта эреже бузуулардыжоюуга арналган чараларды кароону талап кылууга; - ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнчатекшерүү же соттук териштирүү жүрүп жаткан жөнгө салынчу субъекттин ак-тивдерди тескөөсүн чектөө талабы менен сот органдарына кайрылууга. Ак-тивдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө мындай талап сот органдарына жөнгөсалынчу субъекттин активдеринин башкаруучусу болуп эсептелген, ушулМыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыноктужөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнча текшерүү жесоттук териштирүү жүрүп жаткан башка жакка карата да берилиши мүмкүн; - сот органдарына сотто Кыргыз Республикасынын банктык эмес финан-сылык рыноктун жана аудитордук иштин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузганыүчүн күнөөлүү деп табылган жөнгө салынчу субъекттин кирешелерин мамле-кеттик бюджетке алып коюу жана ал жак Кыргыз Республикасынын банктыкэмес финансылык рыноктун жана аудитордук иштин чөйрөсүндөгү мыйзамдардыбузганынын кесепетинен жабыркаган юридикалык жана жеке жактардын зыян-дарынын ордун толтуруу талабы менен кайрылууга; - сот органдарына укук бузуунун куралы же түздөн түз объекти бол-гон предметти конфискациялоо талабы менен кайрылууга; - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучубашка мыйзамдарында каралган талаптардын аткарылышын камсыздоо боюнчачараларды көрүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганучурларда материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө жана Улуттуккызматтын компетенциясына берилген маселелер боюнча доо менен соткокайрылууга; - жөнгө салынчу субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген учурларда жана тартипте администрациялык жазаларды берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жанатартипте комиссиялык жана башка жыйымдардын өлчөмдөрүн аныктоого жанажөнгө салынчу субъекттерден алууга; - бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктыкэмес финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тармагындагы эларалык форумдарга катышууга жана андай форумдарда Кыргыз Республикасы-нын кызыкчылыктарынын атынан чыгууга; - биргелешкен иштин алкагында, анын ичинде жөнгө салынчу субъект-терди алар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес фи-нансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу-чу башка мыйзамдарынын талаптарын аткарышы жагынан текшерүүдө коомдукжана жашырын маалыматты алмашуу максатында, банктык эмес финансылык ры-нокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча четөлкөлүк органдар менен кызматташууга; - мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте маалыматтарды (анын ичинде жашырын маалыматтарды)сурап алууга жана Улуттук кызматка тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүнзарыл көмөк көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалыматтардыКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө жанакөмөк көрсөтүүгө; - Улуттук кызматтын аймактык органдарын түзүү жана жоюу жөнүндөбелгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле алардын иш тар-типтерин аныктоого; - курамына иштери финансылык рынокту жөнгө салууга байланышканмамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү, жөнгө салынчу субъект-тердин, алардын союздарынын, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердинөкүлдөрү жана көз каранды эмес эксперттер кирген консультация-лык-кењешүүчү орган - Эксперттик кењеш түзүүгө; - жумушчу топторду (анын ичинде акы төлөнүүчү негизде) түзүүгө жа-на мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө са-лынчу субъекттеринин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнчаадистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдар-дын жана/же жөнгө салынчу субъекттердин адистерин банктык эмес финансы-лык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудитчөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдүиштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө ишке тартууга; - Улуттук кызматтын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте окутуу борборун жана илимий изилдөөчү институттүзүүгө. 4-глава Улуттук кызматтын финансылык кызматтарды сунуш кылуучу компаниялардын топторуна жана холдинг компанияларга карата ыйгарым укуктары 8-статья. Финансылык кызматтарды сунуш кылуучу компаниялардын топтору жана холдинг компаниялар 1. Эгер банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицен-зия алууга арыздын ээсинде мурда банктык ишти же банктык эмес финансы-лык рыноктогу башка ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар болсо, Улуттук кыз-мат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жанаучурларда арызды кароо башталганга чейин арыз ээсинен лицензия алууүчүн кайрылууга укугу бар жањы юридикалык жак түзүүнү талап кылуугаукуктуу. Жањы уюштурулган юридикалык жак мурдагы кайрылган арызберүүчү, ошондой эле жањы түзүлгөн юридикалык жак дагы холдинг компани-янын туунду компаниялары болгон сыяктуу эле, холдинг компаниянын туундукомпаниясы болууга тийиш. Мында эгер арыз ээси банктык иш жүргүзсө, ан-да Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу ме-нен жогоруда айтылган талаптарды коюуга укуктуу. 2. Эгер банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицен-зия алууга арыздын ээси банктык иш же банктык эмес финансылык рыноктоиш жүргүзүүгө лицензиясы (лицензиялары) бар башка компаниянын же компа-ниялардын аффилирленген жагы болсо, анда Улуттук кызмат Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арызберүүчүдөн жана анын аффилирленген компанияларынан арызды кароо баштал-ганга чейин финансылык кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинен бирөө хол-динг компания боло турган компаниялар тобун түзүүнү талап кылууга укук-туу. Мында эгер арыз берүүчү банктык иш жүргүзсө же коммерциялык банк-тын аффилирленген жагы болсо, Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынынулуттук банкынын макулдугу менен ушул пунктта көрсөтүлгөн талапты коюу-га укуктуу. 3. Эгер ушул статьянын талаптарына ылайык компаниялар тобунун фи-нансылык кызмат көрсөтүүчү холдинг компаниясы түзүлсө, анда мындай хол-динг компанияны төмөнкүлөр көзөмөлдөөгө тийиш: - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - эгер компания финансылыккызматтарды көрсөтүүчү тигил же бул компаниялар тобунун алкагындагыкоммерциялык банк болсо; - башка бардык учурларда - Улуттук кызмат. 4. Улуттук кызмат банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү үчүнлицензия алууга арыз берүүчүнүн документтерин кароодо ушул статьяныналкагында холдинг компаниянын башкарылышын, уюштуруу документтерин, фи-нансылык абалын жана холдинг компанияны жетектөөчү адамдардын ушул Мый-замда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгөсалуучу башка мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайыктыгын көњүлгөала алат. 5-глава Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону жана ишке ашырууну камсыздоо боюнча Улуттук кызматтын ыйгарым укуктары 9-статья. Жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар 1. Улуттук кызмат төмөнкүдөй учурларда жөнгө салынуучу субъекттер-ди текшерүү жүргүзүүгө укуктуу: - ушул Мыйзамдын жана банктык эмес финансылык рынокту жана ауди-тордук ишмердикти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамда-рынын талаптарын көрсөтүлгөн жактар сакташын аныктоо максатында жөнгөсалынуучу субъектиге текшерүү жүргүзүү; - ушул Мыйзамда жана банктык эмес финансылык рынокту жана аудитор-дук ишмердикти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарындабелгиленген талаптарды жөнгө салынуучу субъект сактабаганда жана/жебузганда. 2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында ушул статьяга ыла-йык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматкеритөмөнкүлөргө укуктуу: - текшерүү жүргүзүү үчүн жумуш убагында жөнгө салынуучу субъекти-нин жайына кирүүгө; - жөнгө салынуучу субъектиден жүргүзүлүүчү текшерүүгө тиешеси бардокументтерди жана башка маалыматтарды талап кылууга; - документтерден көчүрмөлөрдү алууга, аларды текшерүүгө, ошондойэле зарыл учурларда жөнгө салынуучу субъекттен документтердинкөчүрмөлөрүнүн жана алардын выпискаларынын тууралыгын күбөлөндүрүүнүталап кылууга; - жөнгө салынуучу субъект текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгонкөмөк көрсөтүшүн талап кылууга. 3. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-ри текшерүү жүргүзүүнүн алкагында жөнгө салынуучу субъект төмөнкүлөргөмилдеттүү: - текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-рине текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү документтерге жеткиликтүүлүгүнкамсыздоого; - текшерүүчүнүн талабы боюнча текшерилүүчү маселелердин маанисибоюнча зарыл материалдарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө. 4. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-ри өзүнүн ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында текшерүүжүргүзүү учурунда укук коргоо органдарына жардам үчүн кайрылууга жа-на/же аудиторлорду кошо алганда тиешелүү эксперттерди ишке тартуугаукуктуу. 5. Улуттук кызмат текшерүү жүргүзүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттекшерүүнүн бүткүл жүрүшүндө ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өзүнүнэсебинен мыйзамдуу өкүлдү жана/же адвокатты ишке тартууга укуктуу. 6. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-ри текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча акты даярдоого милдеттүү. Зарылучурда аны Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин кароосуна берет. 10-статья. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата Улуттук кызматтын ыйгарым укуктары 1. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундаконтролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруунун чектериндетөмөнкүлөргө укуктуу: а) Улуттук кызмат тарабынан лицензиясы же башка уруксат берүү до-кументи убактылуу токтотулган же кайра алынган кесипкөй катышуучунутөмөнкүлөргө милдеттендирүүгө: - лицензиясынын же башка уруксат берүү документтеринин убактылуутоктотулгандыгы, кайра алып коюлгандыгы жөнүндө кардарларга кабарлоого; - кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга та-андык акчаны жана/же башка мүлктү кардарларга кайтарып берүүгө; - кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын аткаруугаже жоюуга же кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же кардар менен болгон макулда-шууда белгиленген учурларда жана тартипте башка кесипкөй катышуучунунаткарышына өткөрүп берүүгө; б) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайыккесипкөй катышуучуну банкрот деп таануу жөнүндө талап менен коомдук кы-зыкчылыктарды камсыздоо максатында сотко кайрылууга. 2. Улуттук кызмат баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнүжөнгө салуу боюнча функцияларды ишке ашыруунун чектеринде төмөнкүлөргөукуктуу: а) эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жак жекөрсөтүлгөн жактардын башкаруучу адамдары ушул Мыйзамды жана КыргызРеспубликасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башкамыйзамдарын бузган учурда баалуу кагаздарды чыгарууну же баалуу кагаз-дарды ачык сунуштоону каттоону жоюуга; б) эмитенттен же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жактан проспек-тиге өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү же проспектинитөмөнкүдөй учурда каттоо үчүн кењири жањы маалымат менен алмаштыруунуталап кылууга: - проспектиде ачып көрсөтүлүүгө тийиш болгон жањы олуттуу маалы-маттын болушуна; - проспектиде жалган же чаташууларга алып келүүчү маалыматтардыаныктоону же проспектиде мындай олуттуу кемчиликтер болсо аларды маалы-матта ачып көрсөтүүнү; в) эмитенттен же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жактан эгердебаалуу кагаздарды чыгарууну же баалуу кагаздарды ачык сунуштоону каттоожоюлса, же болбосо эмитент же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жакушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык ры-нокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык проспектиге өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизбесе же проспекттин ордун алмаштыруучу кењирижањы маалымат бербесе инвесторго каражаттарды кайтарып берүүнү талапкылууга; г) мындай баалуу кагаздардын эмитенти жоюлгандыгынын натыйжасындабаалуу кагаздарды чыгарууну жана/же ачык сунуштоону жокко чыгарууга; д) эгерде мындай баалуу кагаздарга ээлик кылуу ушул Мыйзамды жеКыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучубашка мыйзамдарын бузуу болуп саналса, баалуу кагаздарга ээлик кылуунутоктотуу боюнча иштерди жасоону юридикалык же жеке жактардан талап кы-лууга; е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен баалуу кагаздараркылуу жасалган бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө доо менен соторгандарына кайрылууга. 6-глава Улуттук кызматтын ишмердигин уюштуруу 11-статья. Улуттук кызматтын уюштуруу түзүмү 1. Улуттук кызматтын уюштуруу түзүмү төмөнкүлөрдөн турат: - Аткаруучу кењешинен; - Улуттук кызматтын борбордук аппаратынан; - Улуттук кызматтын аймактык подразделениелеринен. Улуттук кызматтын алдында ушул Мыйзамга ылайык талаш-тартыштардысотко чейинки жөнгө салуу боюнча Комиссия иштейт. 2. Улуттук кызматтын Аткаруу кењеши төмөнкүлөрдү кошо алганда жетимүчөдөн турат: - Улуттук кызматтын төрагасы - Аткаруу кењешинин төрагасы; - Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары - Аткаруу кењешининтөрагасынын орун басары; - аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кењешинин экимүчөсүн кошо алганда Аткаруу кењешинин беш мүчөсү. 12-статья. Аткаруу кењешинин статусу жана ыйгарым укуктары 1. Аткаруу кењеши коллегиалдуу орган болуп саналат, ал банктыкэмес финансылык рынокту өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит тарма-гында Улуттук кызматтын стратегиясын жана саясатын аныктайт жана агаушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн функци-ялар менен ыйгарым укуктарды Улуттук кызматтын ишке ашырышын контрол-дойт. 2. Аткаруу кењешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүүкирет: - Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктуөнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудитордук тармагында Улуттук кызмат-тын стратегиясын жана саясатын бекитүү; - Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө са-луу, бухгалтердик эсеп жана аудитордук ишмердик тармагында Улуттук кыз-маттын ишмердигин координациялоо; - Улуттук кызматтын алдындагы Эксперттик кењешти түзүү жана жоюужөнүндө чечим кабыл алуу, ошондой эле Эксперттик кењештин ишмердигинжөнгө салуучу жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү; - өзүн-өзү уюштуруу ишмердигине уруксат берүү, убактылуу токтотууже уруксатты кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу; - баалуу кагаздар эмитенттеринин, банктык эмес финансылык рыноктункесипкөй катышуучуларынын ишмердигин жана Улуттук кызмат жөнгө салуучубашка ишмердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү; - бухгалтердик эсептин жана аудиттин стандарттарын колдонуу метод-дорун кошо алганда Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык ры-нокту, бухгалтердик эсепти жана аудитти жөнгө салуучу нормативдик укук-тук актыларды бекитүү; - Улуттук кызматтын жөнгө салуучу айрым функцияларын анын аймактыкподразделениелерине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; - баалуу кагаздарды ачык сунуштоо шарттарын жана проспектини кат-тоо, баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүргүзүүгө карата Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында каралган талаптарды ишке ашырууну камсыздоо бо-юнча Улуттук кызматтын ыйгарым укуктарын колдонуу жөнүндө чечим кабылалуу; - жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан тартип бузуулар аныкталсажана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай жактарга карататаасир этүү чараларын көрүү талап кылынса жана/же жөнгө салынуучу субъ-екттердин ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыктарын укук коргоо органдарынажиберүү же көрсөтүлгөн жактарга карата таасир этүүнүн тийиштүү чарала-рын көрүү максатында сот органдарына доо менен кайрылуу зарыл болсо,жөнгө салынуучу субъекттердин ишмердигин текшерүүнүн натыйжаларын ка-роо. Аткаруу кењеши ушул Мыйзамда жана Улуттук кызматтын нормативдикукуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Улуттук кызмат-тын ишмердигинин башка маселелери боюнча чечим кабыл алууга укуктуу. 13-статья. Аткаруу кењешинин заседаниелери 1. Аткаруу кењешинин заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок айынабир жолудан кем эмес Улуттук кызматтын функциялары менен ыйгарым укук-тарын ишке ашырууну камсыздоо максатында өткөрүлөт. Аткаруу кењешининзаседаниесин Аткаруу кењешинин төрагасы алып барат, ал жок учурда булфункцияларды анын орун басары аткарат. 2. Аткаруу кењешинин төрагасы ар кандай мезгилде өзүнүн демилгесибоюнча Аткаруу кењешинин кезексиз заседаниесин чакыра алат жана Аткаруукењешинин башка үч мүчөсү кол койгон жазуу жүзүндөгү суроо-талапты ал-ганда кезексиз заседание чакырууга милдеттүү. 3. Аткаруу кењеши кворум болсо чечим кабыл алууга укуктуу. Аткаруукењешинин заседаниесинин кворуму беш мүчөсүнөн турат, алардын бири Ат-каруу кењешинин төрагасы же орун басары болууга тийиш. 4. Аткаруу кењеши тигил же бул маселелерди талкуулоодо өзүнүн за-седаниесине ар кандай башка адамдарды чакырууга укуктуу. Бул учурдамындай адамдар Аткаруу кењешинин заседаниесинде добуш берүү укугуна ээболбойт. 5. Аткаруу кењеши заседаниеге катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүкдобушу менен чечим кабыл алат. 6. Аткаруу кењешинин заседаниесинде добуштар тењ болуп калганучурда Аткаруу кењешинин заседаниесине төрагалык кылуучу добуш бергенчечим кабыл алынат. 14-статья. Улуттук кызматтын төрагасын, төраганын орун басарын жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүн дайындоо 1. Улуттук кызматтын төрагасы кызматка жети жылдык мөөнөт мененушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайын-далат жана бошотулат. Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары жана аткаруучулук ыйга-рым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кењешинин мүчөлөрүн кошпогондо Атка-руу кењешинин башка мүчөлөрү кызматка беш жылдык мөөнөт менен Улуттуккызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан кызматтан бошотулат. Аткаруучулук ыйгарым укуктарына ээ болбогон Аткаруу кењешининмүчөлөрү кызматка беш жылдык мөөнөт менен Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-нан дайындалат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Прези-денти тарабынан кызматтан бошотулат. 2. Улуттук кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары, ошондойэле Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү экономикалык, финансылык маселелербоюнча жана мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл, бухгалтердик эсеп,финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызматкөрсөтүү жана укук жагынан кесиптик тажрыйбасы бар адамдар болушу ке-рек. 15-статья. Улуттук кызматтын төрагасын жана төраганын орун басарын, Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрүн кызматтан өз каалоосу боюнча кетирүү жана бошотуу 1. Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Аткаруукењешинин башка мүчөлөрү иштен өз каалоосу боюнча бошонушу мүмкүн. Өзкаалоосу боюнча иштен бошогондо Улуттук кызматтын төрагасы, төраганынорун басары жана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү болжолдонгон бошонуукүнүнө чейин бир ай мурда аларды кызматтан бошотуп коюу жөнүндө КыргызРеспубликасынын Президентине арыз берүүгө тийиш. 2. Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Аткаруукењешинин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынантөмөнкүдөй учурларда кызматтан бошотулат: - ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө; - ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды туура эмес аткарганда; - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыштыкжаза берүүчү жосундарды жасаганда; - мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкта-лып кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда жана/же чет мам-лекеттин жарандыгын алганда. 16-статья. Улуттук кызматтын статс-катчысы Статс-катчы Улуттук кызматта жогорку администрациялык мамлекеттиккызматты ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Статс-катчынын кызматы укуктук статусу боюнча Улуттук кызматтынтөрагасынын биринчи орун басарынын кызматына тењештирилет. Статс-катчыны ишке дайындоонун жана бошотуунун тартиби, ошондойэле статс-катчынын ишмердигинин башка маселелери Кыргыз Республикасынынмамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. 17-статья. Бош кызмат орундарын ээлөө Эгерде Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Ат-каруу кењешинин башка мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейиништен бошосо, Кыргыз Республикасынын Президенти отуз календардык күндүничинде башка адамды бошогон кызматка дайындоого укуктуу. Мөөнөтүнөнмурда бошогон кызматка дайындалган адам бул кызматта мөөнөтүнөн мурдабошогон тийиштүү кызматтагы адамдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнкүнгө чейин болот. 18-статья. Улуттук кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ачышы 1. Ишке дайындалган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичиндеУлуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Ат-каруу кењешинин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасындагы же анын чегиненсырткаркы ишкердиктеги, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкарычыгарылган баалуу кагаздардагы кызмат милдеттеринин жана жеке кызыкчы-лыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүнболгон жеке кызыкчылыктары тууралуу Аткаруу кењешине жазуу жүзүндө маа-лымдоого милдеттүү. 2. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басарыжана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү ушул статьянын 1-пунктундакөрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктарынын пайда болушуна же токтошуна жарашабул тууралуу Аткаруу кењешине дароо маалымдоого милдеттүү. 3. Эгерде Аткаруу кењешинин заседаниесине катышкан Аткаруу кењеши-нин мүчөсү Аткаруу кењеши кароочу маселелерге тике же кыйыр түрдө жекекызыкчылыгы болсо, ал бул тууралуу Аткаруу кењешине билдирүүгө мил-деттүү жана мындай маселелер боюнча чечимдерди кароого жана/же кабылалууга катышпоого тийиш. 4. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басарыжана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү эгерде каралуучу маселенин пред-мети Улуттук кызматтын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун ба-сарынын, Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн жакын тууганы же аффилирленген жа-гы болуп саналса, Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганынорун басары, Аткаруу кењешинин мүчөсү же анын тууганы акциялардын(үлүштөрдүн) ири пакетинин ээси болуп саналган юридикалык жак болсо,ага карата болгон жеке кызыкчылыгын моюнга алышы керек. 19-статья. Улуттук кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 1. Улуттук кызматтын төрагасы Улуттук кызматка башчылык кылат жанаУлуттук кызматтын учурдагы башкаруу иштери үчүн жооп берет. 2. Улуттук кызматтын төрагасы: - Улуттук кызматты күтүүгө каралган бюджеттин каражаттарын башкытескөөчүнүн жана алуучунун, ага жүктөлгөн функцияларды аткаруучунун ишмилдеттерин жүргүзөт; - Улуттук кызматтын ишмердигин жетектейт; - Улуттук кызматтын атынан расмий документтерге кол коет; - Улуттук кызматтын атынан көрсөтмөлөрдү жиберет; - Улуттук кызматтын жана Аткаруу кењешинин чечимдеринин аткарылы-шын контролдойт; - Улуттук кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу үчүнсанкцияларды салуу жөнүндө чечим кабыл алат; - Улуттук кызматтын төрагасынын орун басарына жана Аткаруу кењеши-нин мүчөлөрүнө берилүүгө тийиш болгон функциялар менен милдеттердинтизмесин бекитет; - Улуттук кызматтын түзүмүн жана Улуттук кызматтын борбордук аппа-ратынын кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президенти-нин бекитүүсүнө киргизет; - эмгекке акы төлөө фондунун жана анын белгиленген санынын чекте-ринде Улуттук кызматтын аймактык подразделениелеринин кызмат орундары-нын тизмесин бекитет; - Эксперттик кењештин жеке курамын жана башка консультациялыккењештердин курамын бекитет; - Улуттук кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк подразделение-лери жана аймактык подразделениелери жөнүндө жоболорду бекитет; - Улуттук кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин ишке да-йындайт жана иштен бошотот; - Улуттук кызматтын атынан ишеним кат берет; - Аткаруу кењешинин жактыруусу менен Улуттук кызматтын аймактыкподразделениелеринин жетекчилерин кызматка дайындайт жана андан бошо-тот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте колдоо көрсөтүү жана тартип жаза чараларын колдонот; - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатындаУлуттук кызматтын төрагасынын компетенциясына кирген маселелер, ошондойэле Улуттук кызматтын ички уюштуруу иштеринин маселелери боюнча буйрук-тарды чыгарат; - Улуттук кызматтын мүлкүн жана каражатын Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык тескейт; - тиешелүү түзүмдүк подразделенилердин жана Аткаруу кењешининтейлөөчү мүчөсүнүн сунушу боюнча аудитордун квалификациялык сертифика-тын берүү жана кайра алып коюу (ажыратуу) жөнүндө чечим кабыл алат; - тиешелүү түзүмдүк подразделениелердин жана Аткаруу кењешининтейлөөчү мүчөсүнүн сунушу боюнча банктык эмес финансылык рынокто жанааудитордук ишмердикте иш жүргүзүү укугуна, анын ичинде Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм катарында лицен-зияларды жана башка уруксат документтерин берүү, убактылуу токтотуу,калыбына келтирүү жана кайра алып коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат; - ушул Мыйзамдын жоболорун жана банктык эмес финансылык рынокту,Кыргыз Республикасынын аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мый-замдарын бузгандыгы үчүн баалуу кагаздардын эмитенттерине, банктык эмесфинансылык рыноктун кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адам-дарына айыптарды кошо алганда администрациялык жазаларды берет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялардыишке ашырат. 3. Улуттук кызматтын төрагасы анын жетекчиси катары алардын функ-цияларын ишке ашырууга жана милдеттерди Аткаруу кењешинин башкамүчөлөрүнө жана Улуттук кызматтын кызматкерлерине бөлүштүрүп берүүгөбайланыштуу маселелер боюнча жеке өзү чечим кабыл алууга укуктуу. 4. Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары: - Улуттук кызматтын төрагасы жок учурда белгиленген тартипте анынордун алмаштырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же төраганын чечиминеылайык анын милдетине кирүүчү маселелер боюнча Улуттук кызматтынтүзүмдүк подразделениелеринин жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялардыишке ашырат. 5. Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Улуттук кызматтынтөрагасынын чечимдеринде аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде Улут-тук кызматтын структуралык подразделениелеринин жетекчилеринекөрсөтмөлөрдү берет; - Аткаруу кењешине жазуу же оозеки түрүндө өзүнүн өзгөчө пикиринже кошумча материалдарды киргизет, алар Аткаруу кењеши кароочу маселе-лер боюнча Аткаруу кењешинин заседаниесинин протоколуна милдеттүү түрдөкиргизилүүгө тийиш; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Аткаруу кењешинин че-чимдерине ылайык Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финансылык ры-нок, аудит, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасы боюнчаУлуттук кызматтын секторлорунун ишмердигин башкарат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук кызматтын төра-гасынын чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансы-лык рынокту, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жанааудит боюнча саясатты жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялардыишке ашырат. 20-статья. Улуттук кызматтын кызматкерлери 1. Улуттук кызмат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык Улуттук кызматтын функцияларын, ыйгарым укуктарын жанамилдеттерин аткаруу үчүн туруктуу, ошондой эле убактылуу негизде зарыл-дыгына жараша кызматкерлерди ишке алууга укуктуу. 2. Эмгек акынын өлчөмүн кошо алганда кызматкерлерди ишке жалдоомөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкУлуттук кызмат тарабынан белгиленет. 3. Улуттук кызмат өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруумаксатында кошумча төлөө менен көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу-га укуктуу. 21-статья. Улуттук кызматтын кызматкерлеринин ачыкка чыгарууга тийиш болгон жеке кызыкчылыктары 1. Улуттук кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасында же анынчегинен сырткаркы жерлердеги ишмердигинде, Кыргыз Республикасында жеанын чегинен сырткары чыгарылган баалуу кагаздардагы жана кызматтыкмилдеттери менен жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылы-шуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктар тууралуу маалымат-ты ачыкка чыгарууга тийиш. Улуттук кызматтын кызматкерлеринин жеке кы-зыкчылыктары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби жанамөөнөтү боюнча талаптар Улуттук кызматтын төрагасынын чечими менен бел-гиленет. 2. Улуттук кызматтын кызматкерлери алардын жеке кызыкчылыгы бармаселелерди кароого катышууга жана/же корутунду берүүгө тийиш эмес. 22-статья. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун басары, Аткаруу кењешинин мүчөлөрү жана Улуттук кызматтын кызматкерлери тарабынан жашырындуулукту сактоо 1. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун баса-ры, Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү жана Улуттук кызматтын кызматкер-лери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө ээ болгон жа-на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга чыгарууга болбойтурган маалыматтардын жашырындуулугун сактоого милдеттүү. Улуттук кыз-маттын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун басары, Аткаруу кењеши-нин башка мүчөлөрү жана Улуттук кызматтын кызматкерлери ушул Мыйзамдажана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жанатартипте Улуттук кызматтын функциялары менен ыйгарым укуктарын аткаруумаксатында көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө укуктуу. 2. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенучурларда жана тартипте өзүнүн чечими менен төмөнкүлөргө жашырын маалы-маттарды ачып берүүгө укуктуу: - мамлекеттик органдарга; - Улуттук кызмат менен жашырын маалыматтарды берүү жөнүндө ти-йиштүү макулдашуу түзгөн, финансылык рынокту жөнгө салууну жанакөзөмөлдөөнү ишке ашырган чет өлкөлүк мамлекеттик органга; - өндүрүшүндө турган кылмыш жана жарандык иштер боюнча сот орган-дарына, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына. 7-глава Улуттук кызматты каржылоо, алардын отчеттуулугу жана жылдык отчету 23-статья. Каржылоо 1. Улуттук кызматтын ишмердигин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебиненишке ашырылат: - республикалык бюджеттин каражаттарынын; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жанатартипте Улуттук кызмат тарабынан алынуучу жыйымдардын жанатөлөмдөрдүн; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гранттардын, эл ара-лык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке адамдардыныктыярдуу взносторунун; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонунбашка булактарынын. 2. Өнүктүрүүгө, материалдык жактан колдоого, стимулдоого жана со-циалдык колдоого каражаттарды сарптоо Улуттук кызматтын төрагасы бекит-кен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт. 24-статья. Отчеттуулук жана аудит 1. Улуттук кызмат финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жүргүзөт. 2. Улуттук кызматтын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте текшерүүгө жатат. 25-статья. Улуттук кызматтын жылдык отчету Улуттук кызмат жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-ап-релинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине өз ишмердигижөнүндө отчет берип турат. 8-глава Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин координациялоо боюнча комиссия 26-статья. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин координациялоо боюнча комиссия 1. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө са-луу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин координа-циялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими мененКыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу саясатын иштепчыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин координациялоо боюнча комиссия (мынданары - Комиссия) түзүлөт. 2. Комиссия төмөнкүдөй үч мүчөдөн турат: - Улуттук кызматтын төрагасы; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; - Кыргыз Республикасынын финансы министри. Комиссиянын төрагасы Комиссия мүчөлөрүнүн арасынан Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти тарабынан дайындалат. 3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берүүчү ве-домстволор аралык коллегиалдуу орган болуп саналат. Комиссиянын аткару-учу органы болуп Комиссиянын Секретариаты эсептелет, анын курамынаУлуттук кызматтын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирет. Комиссиянын Секре-тариатынын ишмердигин каржылоо өкүлдөрү Комиссиянын Секретариатынын ку-рамына кирген органдардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Комиссиянын Секретариаты Комиссиянын заседаниелерин уюштуруу жанаөткөрүү үчүн жооптуу. 4. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-ган ыйгарым укуктардын чектеринде кабыл алынуучу Комиссиянын чечими же-текчилери Комиссиянын курамына кирген мамлекеттик органдар тарабынанаткарылууга тийиш. 5. Комиссиянын рекомендациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Прези-денти ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кошумча убакты-луу негизде Комиссия мүчөлүгүнө башка адамдарды дайындашы мүмкүн. 27-статья. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары 1. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө салуужана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы бухгалтердик эсеп,аудит жана салык салуу боюнча нормативдик укуктук актыларды кошо алган-да Кыргыз Республикасынын банктык жана банктык эмес финансы рынокторунжөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана шайкешкелтирүү; - финансылык рыноктун инфраструктураларын өркүндөтүү жана КыргызРеспубликасынын финансылык рыногундагы финансылык инструменттердикењейтүү; - экономикадагы соњку өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу менен Кыр-гыз Республикасынын финансылык рыногундагы маанилүү багыттар менен тен-денцияларды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагыжањы маалыматтык жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган милдеттерди ишке ашыруумаксатында Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу жанакөзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын ортосундагы иштерди координация-лоо; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун эл аралык жана регион-дук финансы рынокторуна кыйла натыйжалуу интеграциялоо үчүн зарыл шарт-тарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салууда бир-диктүү мамилелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардынортосунда маалымат алмашуу жана координациялоону камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун реформалоо жанаөнүктүрүү максатында андагы мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштепчыгуу; - финансылык рынокту жөнгө салуу, аудитордук ишмердик, бухгалтер-дик эсепти жүргүзүү жана финансылык рыноктун катышуучулары колдонуучуфинансылык отчеттуулукту түзүү боюнча талаптарды өркүндөтүү жана шайкешкелтирүү жагынан Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы жөнгөсалуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштарды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу мамле-кеттик органдардын жөнгө салуучулук жана көзөмөлдөөчү функцияларын бол-турбоонун натыйжасында келип чыгуучу жагдайларды чечүүгө көмөктөшүү; - финансылык туруксуздуктун орун алган жана потенциалдуу учурлары-на карата Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу мам-лекеттик органдар колдонуучу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чара-ларды координациялоо. 28-статья. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ: - Комиссия өз функцияларын аткаруу жана милдеттерди чечүү үчүн за-рыл болгон тиешелүү маалыматтарды мамлекеттик башка органдардан, юриди-калык жана жеке жактарга суроо-талап жиберүүгө жана алууга; - Комиссияга жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында минист-рликтердин жана ведомстволордун, жеке сектордун өкүлдөрүнүн жана экс-перттердин катышуусу менен комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө салуужана көзөмөлдөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен кызматта-шуу аркылуу конференцияларды, семинарларды жана окуу сабактарын уюшту-рууга жана өткөрүүгө; - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү маселелерибоюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо-го жана жиберүүгө. 29-статья. Комиссиянын иш регламенти 1. Комиссиянын иш регламенти ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республика-сынын башка мыйзамдарына ылайык Комиссия тарабынан бекитилет. 2. Комиссия заседаниени зарылдыгына жараша, бирок ар бир эки айдакеминде бир жолу өткөрүп турат. Комиссия анын бардык мүчөлөрү заседани-еге катышкан шартта заседаниенин күн тартиби боюнча чечим кабыл алуугаукуктуу. 3. Комиссиянын чечими Комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жалпы са-нынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калганучурда Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат. 4. Комиссиянын заседаниесинде заседаниенин протоколу жазылат, андачыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, добушберүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечим чагылдырылат. Комиссия-нын заседаниесинин протоколуна Комиссиянын ар бир мүчөсү кол коюуга ти-йиш. 5. Комиссия жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине отчетберип турат. 9-глава Улуттук кызматтын жана жөнгө салынуучу субъекттердин ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу 30-статья. Улуттук кызматтын жана жөнгө салынуучу субъекттердин ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салууну ишке ашыруучу орган Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ыла-йык жөнгө салынуучу субъекттерге карата Улуттук кызматтын чечимдеринсотко чейин кайра кароо максатында Улуттук кызматтын алдында Талаш-тар-тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия иштейт. 31-статья. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын курамы 1. Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин сунушу боюнча Улуттук кыз-маттын төрагасы тарабынан дайындалуучу Талаш-тартыштарды сотко чейинкижөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасын кошо алганда Талаш-тартыштардысотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия беш мүчөдөн турат. Талаш-тар-тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын үч мүчөсү Улуттуккызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн арасынан дайындалат. Талаш-тар-тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын калган мүчөлөрүэкономикалык, финансылык маселелер жана/же финансылык рынокто мамлекет-тик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, укук, бухгалтердик эсеп, финансылыкотчеттуулук жана аудит жагындагы маселелер боюнча кесиптик тажрыйбагаээ адамдар болууга тийиш. Мында алар дайындалган учурда жана Талаш-тар-тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн функ-цияларын ишке ашыруу мезгилинде Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн жанаУлуттук кызматтын кызматкерлеринин кызматын ээлей алышпайт. 2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянынтөрагасы жана мүчөлөрү бир жылдык мөөнөткө дайындалат жана кызматкакайрадан дайындалышы мүмкүн, бирок бул үч жолудан ашпоого тийиш. 3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянынтөрагасы жана мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук кызматтын төрагасытарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн: - ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө; - өз каалоосу боюнча; - мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизиндемилдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо; - өз милдеттерин аткарбаганда, анын ичинде үч айдын ичинде Та-лаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын заседание-лерине үч айдын ичинде бир нече жолу жүйөлүү себепсиз катышпаганда; - мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүндө белгиленген кылмыштыкжаза алуучу жосун жасаганда; - өз милдеттерин так аткаруу жөндөмдүүлүгүнө кесепети тийүүчү кы-зыкчылыктарынын жањжалы болсо. 32-статья. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары 1. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиятөмөнкүлөргө тиешелүү Улуттук кызматтын чечимдерин кайра кароо жөнүндөжөнгө салынуучу субъекттердин арыздарын кайра карап чыгуу жана чечимкабыл алуу ыйгарым укуктарына ээ: - Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу ишмер-дикти, аудитордук ишмердикти жүргүзүүгө кесипкөй катышуучуга лицензияже башка уруксат документтерин берүүдөн баш тартууга; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкөзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигине уруксат берүүдөн баш тар-тууга; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыккесипкөй катышуучулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдары катары ишмер-диктин же лицензиялык ишмердиктин чектеринде шарттарды жана/же талап-тарды сактоону камсыздоого өзүн-өзү жөнгө салуучу субъектиге көрсөтмөберүүгө; - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыр-гыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу ишмердикти жанааудитордук ишмердикти жүргүзүүгө лицензияны же өзүн-өзү жөнгө салуучууюмдун ишмердигине уруксатты убактылуу токтотууга же кайра алып коюуга; - өзүн-өзү жөнгө салуучу субъект болуп саналган юридикалык жактынжетекчисинин ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтотууга же кызма-тынан четтетүүгө; - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынаылайык Улуттук кызматтын башка ыйгарым укуктарын ишке ашырууга. 2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиятөмөнкүлөргө укуктуу: - Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия ка-был алганга чейин Улуттук кызматтын чечимдеринин аткарылышын убактылуутоктотууга; - жөнгө салынуучу субъектинин каралуучу арызына жана Улуттук кыз-мат кабыл алган чечимге карата тиешеси бар документтерди жана материал-дарды кароого; - документтерди жана материалдарды алууга, кароого, кызыкдар та-раптардын өтүнүч каттарын жана арыздарын угууга; - Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянынзаседаниесине Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комис-сиянын регламентинде белгиленген тартипте Талаш-тартыштарды сотко че-йинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын кароосу жана кабыл алуусу үчүн ма-аниси бар маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон адамдарды чакыруу-га. 3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссияжөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана кароо мөөнөтүн узартуужөнүндө арыз ээси өтүнүч кылбаган учурлардан тышкары арыз келиптүшкөндөн 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынган чечимжөнүндө кабарлоого милдеттүү. 4. Улуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучусубъекттин арызы каралгандан кийин Талаш-тартыштарды сотко чейинкижөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу: - Улуттук кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кандайдырбир аракет көрүү зарылдыгына ылайык чечим кабыл алууга; - Улуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучусубъекттин арызын канааттандыруудан баш тартууга. 5. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия өзишмердигин Улуттук кызматтын Аткаруу кењеши бекиткен регламентке ылайыкишке ашырат. 33-статья. Улуттук кызматтын чечимдерин кайра кароого жөнгө салынуучу субъекттин арызы 1. Жөнгө салынуучу субъект Улуттук кызматтын чечимдерин кайра ка-роо жөнүндө арызды Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнчакомиссияга анын регламентинде белгиленген тартипте жөнгө салынуучусубъектиге карата Улуттук кызмат чечим кабыл алган күндөн тартып 30 ка-лендардык күндөн тартып кечиктирбестен жиберет. 2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссияУлуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн жөнгөсалынуучу субъектиге белгиленген мөөнөттө чечимди кайра кароо жөнүндөарыз берүүгө мүмкүн болбогон жүйөлүү себептер болгондугу жөнүндөкөрсөтүлгөн жак далилдерин берген учурда 30 календардык күндөн ашпаганмөөнөткө узартып берүүгө укуктуу. Улуттук кызматтын чечимдерин кайракароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеси Та-лаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын регламен-тинде белгиленет. 10-глава Корутунду жоболор 34-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Бул Мыйзамды бузган жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат. 35-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн ки-йин күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-тирсин; - бул Мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы-нын башка мыйзам актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө су-нуштарды даярдасын жана киргизсин. Кыргыз Республикасынын Президенти