Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-ноябры № 657 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-ноябрында кол коюлган "Улуттук жол тармагын реабилитациялоо (Ош-Исфана), № Q6240 долбоорун даярдоого Аванс" сунушталган долбоорду даярдоого Аванс төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду ат-каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-ноябрында кол коюлган "Улуттукжол тармагын реабилитациялоо (Ош-Исфана), № Q6240 долбоорун даярдоогоАванс" сунушталган долбоорду даярдоого Аванс төлөө жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосун-дагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-зам долбоору жактырылсын. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо су-ралсын. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрикөрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-ноябрында кол коюлган "Улуттук жол тармагын реабилитациялоо (Ош-Исфана). N Q6240 долбоорун даярдоого Аванс" сунушталган долбоорду даярдоого Аванс төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-ноябрында кол коюлган "Улуттук жолтармагын реабилитациялоо (Ош-Исфана), № Q6240 долбоорун даярдоогоАванс" сунушталган долбоорду даярдоого Аванс төлөө жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосун-дагы Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти