Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-декабры № 674
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин № 230,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин N 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
14-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрация-
ларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү ор-
гандарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Бал-
дардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы N 285 токтомуна төмөнкүдөй өз-
гөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген
сөздөрдөн кийин "(мындан ары - ҮБКБ) үч штаттык бирдиктен" деген сөздөр
менен толукталсын;
- 2-пункт "ушул сыяктуу бөлүмдөрдү" деген сөздөрдөн кийин "жана
балдардын иштери боюнча комиссияларды" деген сөздөр менен толукталсын.
- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тик, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы
(макулдашуу боюнча)":
- 2008-жылдын аягына чейин ҮБКБнын адистерин, Балдардын иштери бо-
юнча комиссиялардын жооптуу катчыларын окутууну уюштурушсун;
- 2009-жылдын аягына чейин ҮБКБнын кадрларын жана Балдардын иштери
боюнча комиссиялардын жооптуу катчыларын даярдоо жана кайра даярдоо
курстарынын программаларын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.";
- аталган токтом менен бекитилген Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо
боюнча бөлүм жөнүндө типтүү жободо:
- 1.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Бөлүм балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоо боюнча адистештирилген орган болуп эсептелет жана балдардын
укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызмат
көрсөтүүчү кызматтардын системасын түзгөн органдардын тизмесине ки-
рет.";
- 1.4-пунктта "мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча ор-
гандары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5.4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу балдардын
укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча атайын ыйгарым
укуктуу органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып
салынсын;
- 5.6-пункттагы жетинчи алып салынсын;
- 5.6-пункт 5.5-пункт деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 5-декабрындагы
№ 674 токтомуна
тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 2-августундагы
№ 406 токтомуна
тиркеме
Облустук маанидеги шаарлардын
мэрияларынын аппараттарынын типтүү
ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ
-----------------------------------------------------------------------
|Шаарлардын|Мэр |Биринчи|Вице-|Аппарат|Бөлүм |Сектор |Башкы |Систем- |
| аталышы | |вице- |мэр |жетек- |башчысы|башчысы|бух- |дик |
| | |мэр | |чиси | | |галтер|админис-|
| | | | | | | | |тратор |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Балыкчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Жалал-Абад| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Каракол | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Кара-Көл | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Кызыл-Кыя | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Майлуу-Суу| 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Нарын | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | - | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Сүлүктү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Талас | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Таш-Көмүр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Токмок | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 1 | 1 |
|----------|----|-------|-----|-------|-------|-------|------|--------|
|Жыйынтыгы | 11 | 11 | 11 | 11 | 12 | 18 | 11 | 11 |
-----------------------------------------------------------------------
-----------------------------------------------------------------------
|Шаарлардын|Башкы|Жетек- |I |Жетекчи-|Секре- |Чарба |Бардыгы |
| аталышы |адис |төөчү |катего- |нин |тарь - |башчысы| |
| | |адис |риядагы |катчысы |маши- | | |
| | | |адис | |нистка | | |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
| | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Балыкчы | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 17 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Жалал-Абад| 4 | 3 | 1 | 1 | 1 | 1 | 20 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Каракол | 3 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Кара-Көл | 3 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Кызыл-Кыя | 3 | 3 | 1 | 1 | 1 | 1 | 19 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Майлуу-Суу| 3 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Нарын | 4 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 17 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Сүлүктү | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 16 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Талас | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 16 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Таш-Көмүр | 3 | 3 | 1 | 1 | 1 | 1 | 19 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Токмок | 6 | 5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 25 |
|----------|-----|-------|--------|--------|-------|-------|----------|
|Жыйынтыгы | 35 | 28 | 11 | 11 | 11 | 11 | 203 |
-----------------------------------------------------------------------
".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов