Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 413
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык санын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
- Жалал-Абад облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 3-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 4-тиркемеге ылайык;
- Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 5-тиркемеге ылайык;
- Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 6-тиркемеге ылайык;
- Талас облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 7-тиркемеге ылайык;
- Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 8-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 6-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 1-тиркеме |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмү
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү:
1. Тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (мындан ары - ЖМА) аппаратынын түзүмү ушул типтүү түзүмдүн негизинде ЖМАнын башчысынын тескемеси менен бекитилет.
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталышы ЖМАнын аппаратынын түзүмүн бекитүүдө ушул типтүү түзүмдө каралган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн багыттарын сактоо менен ЖМА тарабынан өз алдынча аныкталат.
3. Кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин саны белгиленген ченемдерге ылайык ЖМАнын тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде аныкталат.
(*) - негизги персоналы 15 штаттык бирдиктен ашкан ЖМАда тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде башкы адистердин/жетектөөчү адистердин/адистердин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн штаттык бирдиктеринин минималдуу ченемдерин сактоо менен дагы бир түзүмдүк бөлүм түзүлөт.
4. ЖМАнын аппаратынын жалпы штаттык санынын чегинин эсеби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары рангында - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун эсепке албастан белгиленет.
ЖМАнын орун басары рангында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги:
- агроөнөр жай комплекси, кайра иштетүү өнөр жайы, суу ресурстары маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдө көзөмөлдөөнү жана координациялоону жүргүзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жер ресурстарын кошпогондо, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жана жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө маселелер боюнча ЖМАда түзүлгөн комиссияларда төрагалык кылбайт.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 2-тиркеме |
Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Баткен | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кадамжай | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Лейлек | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 3 | 3 | 3 | 3 | 7 | 12 | 7 | 6 | 44 | 3 | 3 | 3 | 9 |
| 3-тиркеме |
Жалал-Абад облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Аксы | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ала-Бука | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Базар-Коргон | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 3 | 2 | 15 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ноокен | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Сузак | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 4 | 2 | 17 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Тогуз-Торо | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Токтогул | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Чаткал | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 8 | 8 | 8 | 8 | 17 | 30 | 20 | 16 | 115 | 8 | 8 | 8 | 24 |
| 4-тиркеме |
Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Жети-Өгүз | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ысык-Көл | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 3 | 2 | 15 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ак-Суу | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 3 | 2 | 15 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Түп | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Тоң | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 5 | 5 | 5 | 5 | 11 | 18 | 13 | 10 | 72 | 5 | 5 | 5 | 15 |
| 5-тиркеме |
Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Ак-Талаа | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ат-Башы | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Жумгал | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кочкор | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Нарын | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 5 | 5 | 5 | 5 | 10 | 20 | 10 | 10 | 70 | 5 | 5 | 5 | 15 |
| 6-тиркеме |
Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Алай | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Араван | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кара-Суу | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 4 | 2 | 17 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кара-Кулжа | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ноокат | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Өзгөн | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Чоң-Алай | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 | 12 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 7 | 7 | 7 | 7 | 17 | 23 | 19 | 14 | 101 | 7 | 7 | 7 | 21 |
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 61-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун мезгилинде Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын штаттык санынын чеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 7-тиркеме |
Талас облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчиси | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/чарба башчысы | Бардыгы |
Бакай-Ата | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кара-Буура | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Манас | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Талас | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 2 | 2 | 13 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 4 | 4 | 4 | 5 | 8 | 12 | 8 | 8 | 52 | 4 | 4 | 4 | 12 |
| 8-тиркеме |
Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын штаттык санынын чеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчи | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/ чарба башчысы | Бардыгы |
Сокулук | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 5 | 4 | 2 | 18 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Панфилов | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Москва | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кемин | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ысык-Ата | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 6 | 4 | 2 | 19 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Аламүдүн | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 5 | 4 | 2 | 18 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Жайыл | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 4 | 2 | 17 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Чүй | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 8 | 8 | 8 | 8 | 21 | 35 | 26 | 16 | 130 | 8 | 8 | 8 | 24 |
Эскертүү. Республика боюнча жалпы 704 штаттык бирдик, анын ичинде:
- негизги персонал - 584 штаттык бирдик;
- техникалык тейлөөчү персонал - 120 штаттык бирдик.
|
| 81-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун мезгилинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын штаттык санынын чеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)