Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-декабры № 697 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 180 "Кыргыз Рес-публикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Мыйзамынын 1-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмө-тү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекеме-лердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин киреше-сине алып коюуга тийиш болбогон атайын каражаттардын тизмеси ушул ток-томдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул ток-томго ылайык келтирүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкиргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз Республика-сынын Финансы министрлигине жүктөлсүн. 4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-декабрындагы № 697 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттин кирешесине алып коюуга тийиш болбогон атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ 1. Ветеринардык препараттарды сатып өткөрүүдөн түшүүлөр. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын материалдыксыйлоолор фондуна чегерүүлөр түрүндө (чегерүүлөрдүн белгиленгенөлчөмүнөн 1ден 10 процентке чейинки өлчөмдө) түшүүчү каражаттар. 3. Ортопедиялык продуктуларды сатып өткөрүүдөн түшүүлөр. 4. Жарандардын жењилдик берилген категорияларына ортопедиялык жанастоматологиялык жардам көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттар. 5. Гуманитардык, демөөрчүлүк жардам, гранттар түрүндө түшүүчү ка-ражат жана марафон өткөрүүдөн түшүүчү каражаттар. 6. Фелдъегердик байланыш кызматын көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттар. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволукмекемелеринин өндүрүштүк ишмердигинен кирешелер жана жаратылышты коргоожана токой тармагын өнүктүрүү фондуларынын каражаттары. 8. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы-нын Республикалык адистештирилген комбинатынын кир жууп-тазалоо боюнчакызмат көрсөтүүдөн түшүүчү киреше. 9. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштууБотаникалык бакты пайдалануудан түшүүчү кирешелер. 10. Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана илимийнаамдарды жана даражаларды ыйгаруу жөнүндө дипломдорду берүүдөнтүшүүлөр. 11. Бюджеттик мекемелерге таандык эс алуу үйлөрүнө, пансионаттаргажана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер санаториясынажолдомолорго акы төлөө каражаттары. 12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруусистемасынын органдары менен мекемелеринин чарбалык ишмердигинен жанажолугушуулар бөлмөсүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүсүнөн түшүүчү ка-ражаттар. 13. Билим берүү жана маданият мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчүкызмат үчүн каражаттар. 14. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер гарнизондо-рунун үй башкармалыктарын жана мейманканаларын күтүүгө жана техникалыктейлөөгө каражаттар. 15. Саламаттык сактоо мекемелеринин тењ төлөө түрүндө жарандардантүшүүчү каражаттар. 16. Иммуннобиологиялык, диагностикалык препараттарды, стандарттар-ды, кандын реактивдери менен препараттарын чыгарууну жүргүзгөн саламат-тык сактоо мекемелеринин өндүрүштүк ишмердигинен түшүүчү кирешелер. 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин комиссиондук жыйымда-рынан жана башка түшүүлөрдү алуудан каражаттар. 18. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-рлиги системасындагы карылар менен майыптар үчүн психоневрологиялык ин-тернат үйлөр жана интернат үйлөр алуучу каражаттар. 19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин кара-жаттары. 20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун каражаттары. 21. Депутатка талапкерлерден күрөө түрүндө келип түшүүчү КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-сиясынын каражаттары. 22. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин каражат-тары. 23. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаментинин сугат сууларын берүү үчүнкызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттар. 24. Нотариалдык конторалар жана жарандык абалдын актыларын жазууоргандары тарабынан бекем отчеттуулук бланктарын жана бланкалык продук-цияны сатып өткөрүүдөн түшүүчү каражаттар. 25. Нотариалдык конторалардан жана жарандык абалдын актыларын жа-зып калтыруу органдары тарабынан мамлекеттик төлөм алуулардан түшүүчүкаражаттар. 26. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуужана ири габариттүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардантүшүүчү каражаттар. 27. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөнүүчүжолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүшүүчүн жыйым алуудан түшүүчү каражаттар. 28. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдукжыйымдарын алуудан түшүүлөр. 29. Күрөөнү каттоо үчүн жыйымдарды алуудан түшүүлөр жана күрөөлүккаттоо контораларынын каттоо кызматын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар. 30. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комите-тинин тамактануу пункттарынын, дүкөн менен жатаканаларынын каражаттары. 31. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ве-домстволук мекемелеринин өздүк өндүрүшүндө кызмат көрсөтүүдөн, жумуш-тарды аткаруудан жана продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттар. 32. Бажы органдарынын коммерциялык эмес ишмердигинен кошуп эсеп-телген бажы жыйымдарынын эсебинен түшкөн бажы органдарынын каражаттары. 33. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин комиссиондук жыйымдарынан түшүүлөр жана башкатүшүүлөр. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов