Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 20-декабры № 703                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына            администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы №

341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык

жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

- Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан имаратты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына өткөрүп берсин;

- көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу - өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июлундагы № 429

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администраци-

ялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрин бекитүү жөнүндө"

токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу

органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо ре-

естрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-декабрындагы №

754 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы №

126 буйругун  ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

- 1-пункттун он төртүнчү абзацындагы "Орозбеков көч., 37" деген

сөздөр жана цифра алынып салынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

 

Премьер-министр И.Чудинов