КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-декабры № 711 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын "Товарларды контролдук (латенттик) маркаларменен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 4-статьяларына ылайык,товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү үчүн эсепке алуунун жана контрол-доону өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой элеконтрафакттык товарларды контрабандалык алып келүүлөрдү жана жүгүртүүнүболтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. "Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийишболгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын жана ал беки-түү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-тетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети-нин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган токтом дол-боорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүболуп дайындалышсын. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушултоктомго ылайык келтиришсин. 5. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо ушул токтом расмий жа-рыялангандан жана контролдук (латенттик) маркалар менен милдеттүү мар-кировкаланууга тийиш болгон товарлардын тизмесин Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши бекиткен күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирээрибелгиленсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов