Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-декабры № 727 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-ринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканалардытүзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-июнундагы № 211 токтомуна жана Сеул шаарында 2007-жылдын 27-июнундакол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу бо-юнча мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын Эмгек министрли-гинин ортосундагы Иштөөгө уруксаттарды берүү системасы боюнча КореяРеспубликасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү туура-луу" Меморандумдун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндөтиркелген жобо бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-кеттик комитетинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-публикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетижөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери Мамкомитет-тин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан дайындалат"; - 10-пунктта: 4-абзац "төраганын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин "Мам-комитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин" деген сөздөр ме-нен толукталсын; - бешинчи абзацта "жана Мамкомитеттин аймактык органдарынын" жана"аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тар-типтик жаза чараларын колдонот" деген сөздөр алып салынсын; - сегизинчи абзац "Мамкомитеттин ведомстволук уюмдарынан тышкары"деген сөздөр менен толукталсын; - тогузунчу абзацта "жана Мамкомитеттин ведомстволук уюмдарынын"деген сөздөр алып салынсын. төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "- Мамкомитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, аймактыкоргандардын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүнжетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жанатартиптик жаза чараларын колдонот;". 3. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрүтарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N596 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардынструктуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызматкөрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - төмөнкүдөй мазмундагы XXII бөлүм менен толукталсын: "XXII. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети Маалыматтык-консультациялык борбор 1. Чет өлкөлүк өнөктөр үчүн кызматкерлерди тандоого жана жиберүүгөкөмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. 2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алыскы чет өлкөлөрдө жу-муш издегендерге ишке орношууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.". 4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов