Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-декабры, № 603 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбашкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө» жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынтүзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» жарлыктарына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитети жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын штатынын сандык чеги 56штаттык бирдик менен белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинекараштуу Миграциялык кызмат департаментинин жана КыргызРеспубликасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Ишменен камсыз кылуу департаментинин укук улантуучусу болоорубелгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялыкмекеме деген статустары сакталсын. 5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттиккомитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн тийиштүү каржылоонукамсыздасын. 6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитети борбордук аппаратынын штаттык расписаниесин жанаструктурасын бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнчамамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигижана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргооминистрлиги менен бирдикте эки айдын ичинде мурда кабыл алынганчечимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө беришсин. 8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги«Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү аныкталгантартипте киргизсин. 9. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N315 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №625 «Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын РоссияФедерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүнтүзүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «КыргызРеспубликасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети»деген сөздөргө алмаштырылсын; - аталган токтомдун тиркемесинин аталышында «Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «КыргызРеспубликасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекетгик комитети»деген сөздөргө алмаштырылсын. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу СХЕМАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун редакциясына ылайык) ------------ ------------ | Төрага |------------------| Коллегия | ------------ ------------ --------------------- | Борбордук аппарат | --------------------- ------------------------------------------------- v v v v ---------------- ------------ ------------- ----------------- | Чет | | Аймактык | |Миграциялык| | Маалыматтык- | | өлкөлөрдөгү | | органдар | | фонд | |консультациялык| | өкүлчүлүктөр | | | | | | борбор | ---------------- ------------ ------------- ----------------- Премьер-министр Ф.Кулов