Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-декабры № 744 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктары-нын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-стать-ясына ылайык, психикалык жактан бузулган жарандардын укуктарын коргоо,адистештирилген жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республи-касынын психиатриялык стационарларда кармоо шарттарын жакшыртуу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы мененбекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттык санынын чегиндеПсихиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоокызматын (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин(Акыйкатчы) Аппаратынын алдында түзүү сунушталсын. 2. Кызматтын ишин уюштуруу, Кызматтын ишин жөнгө салуучу ченемдикукуктук базаны иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери Кыргыз Республикасы-нын Омбудсменинин (Акыйкатчы) карамагына өткөрүп берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдан тартыпКыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607Жарлыгы менен бекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттыксанынын чегинде Кызматты каржылоону карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кызматтыреспубликанын психиатриялык стационарларынын аймагынан акысыз негиздекеректүү жайлар менен камсыз кылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов