КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-декабры №750 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердилегализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жыл, 8-август, № 58)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 1-берененин 2-пунктундагы "таркатууга" деген сөз "өткөрүпберүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2. 2-беренеде: - экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кылмыш жолу менен алынган кирешелер - Кыргыз Республикасынын Кыл-мыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасоонун натыйжасында тике же кы-йыр түрдө ээлик кылынган (алынган) акча каражаттары жана мүлк; кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) -Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинде каралган,жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун; мүлк - ар кандай буюмдар, буюмдарда же укуктарда көрүнгөн жана ма-териалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (КыргызРеспубликасынын аймагында жана анын чет-жакаларындагы жайгашкан кыймыл-дуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар,антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондойэле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу документ-тер же актылар;"; - алтынчы-жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайыкшектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алыну-учу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты борбордоштурулган чогул-тууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле, өлкөнүн фи-нансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында терроризмди каржылоогожана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)каршы аракеттенүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган; терроризмди каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси-нин 226-1-беренесинде каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго кор-кунучтуу жосун;"; - сегизинчи абзац алып салынсын; - тогузунчу-он биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ички контроль - милдеттүү контролго алынуучу операцияларды(бүтүмдөрдү) аныктап табуу, шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана тер-роризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легали-зациялоого (адалдоого) байланыштуу акча каражаттары же башка мүлк мененжасалуучу бөлөк операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу жана алардыаныктап табуу боюнча маалыматтарды берген жактар тарабынан көрүлүүчүчаралардын жыйындысы. Ички контролдун жалпы жоболору ыйгарым укуктуумамлекеттик орган тарабынан белгиленет. банк-кабыкча - өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймак-тарда каттоодон өткөн жана кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылыктопко аффилеринбеген банк; ФАТФ - акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүбоюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнчаөкмөттөр аралык уюм (топ);"; - берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "акча каражаттары - каалаган өлкөнүн валютасындагы акчалар (банк-ноттор жана металл тыйындар) жана алдын ала төлөнгөн карта формасындагыэлектрондук акчалар; чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар - чет мамлекетте олуттуу мам-лекеттик жана саясий функциялар берилген же берилип жаткан чет мамле-кеттердин жарандары (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, жогоркударажалуу саясий ишмерлер, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү,укук коргоочу жана фискалдык органдардагы жогорку кызмат адамдары, сая-сий жана диний партиялардын жетекчилери жана ишмерлери), анын ичиндемурункулар дагы, ошондой эле алардын жакын туугандары (теги бир жанатикелей тууганчылыгы бар туугандары (ата-энелери жана балдары, чоњ ата-сы, чоњ энеси жана неберелери), толук кандуу жана толук кандуу эмес(бир атадан же бир энеден чыккан) ага-инилери, эже-сињдилери, карындаш-тары, асырап алгандар жана асырандылар) жана ишкер өнөктөштөрү; бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - акырында менчик укук-тарына ээлик кылуучу же кардарды жана (же) эсепти контролдооочу, жеболбосо анын тапшыруусу боюнча операция өткөрүүчү, же кимдирбирөөлөрдүн кызыкчылыгына бүтүм жасоочу жеке жак; идентификация - жеке же юридикалык жактар тарабынан берилгентүпнускалардын же документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөнкөчүрмөлөрүнүн негизинде маалымат берүүчү жактар тарабынан төмөнкү маа-лыматтардын аныкталуусу: жеке жакка карата - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамданже улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), жарандыгы, инсандыктыкүбөлөндүрүүчү маалыматтар (паспорту) жана чет өлкөлүк жарандын же жа-рандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгонукугун тастыктоочу документи, жашаган (катталган) жеринин же турган же-ринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгонучурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, эсептеги кара-жаттарды тескөө боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республика-сынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка маалы-маттар; юридикалык жакка карата - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мам-лекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери,мамлекеттик каттоодон өткөн жери жана жайгашкан жеринин дареги, салыктөлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызматадамдары тууралуу маалыматтар жана кардардын ишин жөнгө салуучу устав-дык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар; верификация - ички контролду ишке ашыруу максатында, маалыматберүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу идентификациянын жыйынтыкта-рын тактоо же тиешелүү түрдө текшерүү боюнча иш-чаралар; акча каражаттары же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү бир ка-лыпта кармап туруу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомунунжана анын иштөө мөөнөтүнүн негизинде акча каражаттарын же мүлктүөткөрүп берүүнү, өзгөртүп түзүүнү, алып коюуну же которууну токтотуу.Аларга карата операцияларды же бүтүмдөрдү бир калыпта кармоожүргүзүлгөн акча каражаттары же мүлк жеке же юридикалык жактардын мен-чигинде кала берет жана финансы-кредиттик мекеменин тескөөсүндө калсада болот; транзакция - товарларды сатып алууда, кызмат көрсөтүүдө, валюта-ларды алмаштырууда же накталай акча каражаттарын алууда банктык төлөмкарталарын пайдалануу менен жасалуучу, аны жасоонун натыйжасында опера-циянын суммасына карата банктык төлөм карталарынын ээсинин (кармоочу-нун) эсеби өзгөрүп кетишине алып келген айрым операция; маалымат берүүчү жактар (ушул Мыйзамга карата) - төмөндө келтирил-гендердин ичинен акча каражаттары же башка мүлк менен операцияларды жебүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу каалаган юридикалык жак жана/же жеке адам: - банктар (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда); - финансылык уюмдар жана мекемелер (филиалдарын жанаөкүлчүлүктөрүн кошо алганда): кредиттик уюмдар (мекемелер) жана алардын филиалдары; кредиттик кошуундар; камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары; баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары; ипотекалык компаниялар; пенсиялык активдерди тескөө боюнча компаниялар; лизингдик (финансылык) компаниялар; кесиптик негизде, анын ичинде эсеп ачпастан акча которуунун адис-тештирилген системалары боюнча акча каражаттарын же баалуулуктарды ко-торуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар; кесиптик негизде чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу же конвер-тация менен алектенүүчү жактар (алмаштыруу бюросу); күрөөканалар жана сатып алуучу кењселер; товардык биржалар; трасттык же дилердик компаниялар (баалуу кагаздар рыногундагы ке-сипкөй ишмердүүлүктөн башкасы); - финансылык эмес коммерциялык түзүмдөр: казино (анын ичинде интернет-казино), оюн автоматтары, электрондукрулеткасы, тотализатордун жабдуулары бар оюн-зоок жайлары жана букме-кердик кењселер; лотереяларды уюштуруучу жана өткөрүүчү жактар; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор; кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу же кыймылсызмүлктү алып-сатуу бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууда ортомчулук кызматкөрсөтүүчү уюмдар (риэлторлор) жана агенттер (брокерлер); кардар менен накталай ар кандай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгөашырган учурда, кымбат баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жа-салган зер буюмдары менен (жана ушундай зер буюмдардын калдыктары ме-нен) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар; - акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгөашыруучу башка жактар: ишеним фонддорун жана компанияларын тейлөө, ошондой эле аларды(баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердүүлүктөн башкасы) тескөөбоюнча кызмат көрсөтүүчү жактар; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды документке негиз-деп тастыктоочу же каттоочу уюмдар; акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почталык жана телег-рафтык байланыш уюмдары.". 3. 3-беренеде: - 1-пункттун үчүнчү-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын: "Маалымат берүүчү жактар: - кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын идентификация-лоого жана алынган маалыматтарды каттап жазууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартиптекардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын верификациялоого; - эсепте жайгашкан акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө укугу баржактардын ыйгарым укуктарын жана аныктыгын күбөлөндүрүүгө; - түзүлгөн кырдаалдарда бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучу-ларды) белгилөө жана идентификациялоо боюнча негиздүү жана жеткиликтүүчараларды көрүүгө; - кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда табуучулар)жөнүндөгү маалыматты дайыма жањылап турууга милдеттүү."; - 2-пункттун биринчи абзацындагы "банктык көзөмөл боюнча Базелькомитеттин сунуштамаларына жана талаптарына ылайык" деген сөздөр алыныпсалынсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын: "2-1. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу барбанктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чет өлкөлүксаясий мааниге ээ жактарга эсепти (аманатты) ачууда жана эсептери боюн-ча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда, ушул беренеде белгилен-ген чаралардан тышкары: - түзүлгөн кырдаалдарда, тейленүүдө болгон же тейлөөгө алынуучужеке жактардын арасынан, ушундай жактардан алынган маалыматтардын жанажалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде чет өлкөлүк саясий мааниге ээжактарды таап чыгуу боюнча негиздүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө; - чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды банктын же финансы-лык-кредиттик мекеменин жана уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечи-минин негизинде гана тейлөөгө алууга; - түзүлгөн кырдаалдарда чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардынакча каражаттарынын же башка мүлкүнүн пайда болгон булактарын аныктообоюнча негиздүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө; - банктын же финансылык-кредиттик мекеменин жана уюмдунтескөөсүндө бар болгон, алардын тейлөөсүндө турган чет өлкөлүк саясиймааниге ээ жактар жөнүндөгү маалыматты дайыма жањылап турууга; - чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакынтуугандары тарабынан же көрсөтүлгөн адамдардын атынан жүзөгө ашырылуучуакча каражаттары же башка мүлк менен жасалган операцияларга(бүтүмдөргө) көбүрөөк көњүл бурууга тийиш. 2.2. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу барбанктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чегаралыккорреспонденттик мамилелерди жүзөгө ашырууда: - алар менен корреспонденттик банктык мамилелерди жүзөгө ашырганмекеме-корреспонденттерди идентификациялоого жана верификациялоонужүргүзүүгө; - мекеме-корреспонденттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү тууралуу маалыматтоптоого; - жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде мекеме-корреспондент-тин кадыр-баркын жана тийиштүү көзөмөлдүн мүнөзүн баалоону жүргүзүүгө; - корреспонденттик банктык мамилелер түзүлгөнгө чейин аткаруучужетекчиликтин макулдугун алууга; - терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө карата мекеме-кор-респондент тарабынан колдонулуучу контролдоо механизмдерин баалоонужүргүзүүгө; - корреспонденттик эсеп аркылуу операциялар жүргүзүлгөн учурда,мекеме-корреспондент өз кардарынын инсандыгын текшерүүнү жүргүзгөнүнөынанууга, өз кардарларына карата туруктуу мониторинг механизмдерин кол-донууга жана талап боюнча тийиштүү идентификациялоочу материалдардыберүүгө милдеттүү. 2.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттарын өзүнүнкайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында жыйнаган, алган, берген же ко-торгон коммерциялык эмес уюмду терроризмди каржылоо же кылмыш жолу ме-нен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында пайдаланы-лууга жол бербөөгө багытталган эрежелерди иштеп чыгат."; - 4-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички көзө-мөл эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алар-дын аткарылышын милдеттүү түрдө тескөө механизмдерин жана кызматкерлер-ди жалдоодо жогорку стандарттарды камсыз кылуу үчүн тандоо жол-жоболо-рун иштеп чыгууга;"; үчүнчү абзац "тууралу маалыматтарды" деген сөздөрдөн кийин "жанаадаттан тыш транзакцияларды иликтөөнүн жыйынтыктары" деген сөздөр менентолукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- акча каражаттары же мүлк кылмыштуу жол менен алынган же терро-ризмди каржылоо менен байланышкан, же ушул максатта колдонула турганкирешелер экендиги жөнүндө шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздербар болгон учурда, билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен)кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө; - терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контрольэрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жооптуу атайын кызмат адамдарын(жетекчиликтин дењгээлинде) дайындоого; - туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, терроризмдикаржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого(адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды, Кыргыз Рес-публикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте даяр-доону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө."; - 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жа-на бөлөк финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башка маалыматберүүчү жактар террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстре-мисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жанаюридикалык жактардын операциясын кардардын операцияны жүзөгө ашыруу ту-уралуу буйругу аткарылышы керек болгон күндөн тартып үч жумушчу күнгөтоктотуп коюшат жана операция токтотулган күндөн кечиктирбей ал туура-луу маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет. Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишкекатышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-тардын тийиштүү операциясын кошумча мөөнөткө бир калыпта кармап туруутууралуу ыйгарым укуктуу органдын токтому көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичиндеалынбай калган учурда, банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугубар банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башкамаалымат берүүчү жактар акча каражаттары же башка мүлк менен операцияныкардардын буйругу боюнча жүзөгө ашырышат. Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишкекатышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-тардын акча каражаттары жана мүлк менен операцияларын же бүтүмдөрүн ый-гарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча бир ка-лыпта кармап туруу же көрсөтүлгөн жактардын акча каражаттарын жанамүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленгентартипте прокурордун же прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүнтоктомунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Тийиштүү операцияны же бүтүмдү кошумча мөөнөткө бир калыпта кармаптуруу же акча каражаттарын же мүлктү камакка алуу тууралуу прокурордунже прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүн токтому ыйгарым укуктууоргандын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткүчө алынбай калган учурда,банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана бөлөкфинансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башка маалымат берүүчү жактаракча каражаттары же мүлк менен операцияны же бүтүмдү кардардын буйругубоюнча жүзөгө ашырышат. Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишкекатышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-тардын тизмегин аныктоонун жана аларды маалымат берген жактарга жет-кирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.". 4. 4-беренеде: - 1-пунктта: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Маалымат берген жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:"; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "- ушул Мыйзамда аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык мил-деттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар жебүтүмдөр тууралуу маалыматты, бүтүм же операция жасалган күндөн кийинкижумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал тара-бынан белгиленген формада берүүгө; - шектүү операциялардын жана бүтүмдөрдүн критерийлеринин тизмегинеылайык шектүү операцияларды жана бүтүмдөрдү аныктап табууга жана аларжөнүндөгү маалыматты, операция же бүтүм шектүү деп табылган күндөн ки-йинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органгаберүүгө. Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жанаалар жөнүндөгү маалыматты берүү жол-жобосу (формасы) ыйгарым укуктуумамлекеттик орган тарабынан аныкталат."; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- жеке же юридикалык жакты идентификациялоонун натыйжасында алын-ган маалыматтар;"; тогузунчу абзац алып салынсын. - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Маалымат берүүчү жактар, татаал, адаттан тыш ири операциялар-дын жана бүтүмдөрдүн, ошондой эле айкын экономикалык мањызы же айкынмыйзамдуу максаты жок болгон адаттан тыш схема боюнча өткөрүлгөн опера-циялардын жана бүтүмдөрдүн аныкталган чыныгы жагдайларын документтүүжазууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө мил-деттүү. Мындай операциялардын жана бүтүмдөрдүн белгилеринин тизмеги ыйга-рым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат."; - берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Маалымат берген жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга,анын жазуу жүзүндөгү сурамы боюнча, милдеттүү контролдун объектиси бо-луп калган операциялар (бүтүмдөр) менен байланышкан жана шектүү опера-цияларга жана бүтүмдөргө карата, анын ичинде кызматтык, коммерциялык,банктык же бөлөк сырды түзгөн кошумча маалыматты жана документтерди,ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдерининнегизинде берилүүчү документтерди жана маалыматтарды сурам алынгандантартып беш жумушчу күндөн (аймактык өкүлчүлүктөрдөн жана филиалдарданзарыл маалымат талап кылынган учурда кошумча 3 жумушчу күндөн) кечик-тирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.". 5. 5-беренеде: 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчүжана аныкталуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы" деген сөз-дөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырыл-сын; 2-пунктта: - 1-пунктча "топтоону" деген сөздөн кийин ", иштеп чыгууну" дегенсөз менен толукталсын; - 3-пунктчадагы "документтерди жана башка" деген сөздөр "жалпылан-ган" деген сөз менен алмаштырылсын; - 6-пунктчадагы "тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды" дегенсөздөр "тиешелүү жалпыланган материалды" деген сөздөр менен алмаштырыл-сын; - төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пунктчалар менен толукталсын: "7) ушул Мыйзамга жана бөлөк ченемдик укуктук актыларга ылайыканын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат берүүчү жактартарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдик укуктук актыларды чыга-рат; 8) милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) сыяктууэле, кардарларга жана бенефициардык менчик ээлерине (пайда табуучулар-га) байланыштуу маалыматка карата да, ушул Мыйзамдын 4-статьясындакөрсөтүлгөн маалымат боюнча жазуу жүзүндөгү сурамдарды маалымат берүүчүжактарга жиберет; 9) аткарылган функцияларга ылайык алынган ар кандай маалыматка ка-рата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терроризмди каржылоого жана кыл-мыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршыаракеттенүү менен байланышкан ар кандай кошумча маалыматты мамлекеттикоргандардан жана маалымат берүүчү жактардан сурап-билүүгө жана алуугаукуктуу. Мамлекеттик органдар жана маалымат берүүчү жактар талап кылын-ган маалыматты көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген формада ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү."; 3-пунктта: - "токтотот" деген сөз "бир калыпта кармайт" деген сөз менен ал-маштырылсын; - "террордук иштерге (терроризмди каржылоого)" деген сөздөр "тер-рористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке" дегенсөздөр менен алмаштырылсын; - "3-статьясынын 6-пунктуна" деген сөздөр жана сандар "3-статьясы-нын 5-пунктуна" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишкекатышкандыгы тууралуу анык маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалыкжактардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларын же бүтүмдөрүнбир калыпта кармоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жарандык-укук-тук жана башка жоопкерчилигинин келип чыгуусуна негиз болуп санал-байт.". 6. 6-беренеде: 1-пунктта: - "14 күн аралыгында ишке ашырылган" деген сөздөр алып салынсын; - "(чет өлкө валютасына эквиваленттүү)" деген сөздөрдөн кийин", ушул берененин 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында камтылганоперациялардан жана бүтүмдөрдөн башкасы" деген сөздөр менен толуктал-сын; 2-пунктта: - 3-пунктчада: биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) акча каражаттары менен бөлөк операциялар жана бүтүмдөр: - накталай чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу, эгерде жасалыпжаткан анын суммасы 100000 сомго (чет өлкө валютасындагы эквиваленти)барабар же жогорку болсо;"; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу,эгерде жасалып жаткан анын суммасы 100000 сомго (чет өлкө валютасындагыэквиваленти) барабар же жогорку болсо;"; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- казинодо жана оюн автоматтары, рулеткалары, кумар оюндарынөткөрүү курулмалары же каражаттары бар башка оюн-зоок жайларында жасал-ган операциялар же бүтүмдөр, эгерде жасалып жаткан анын суммасы 100000сомго (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) барабар же жогорку болсо;"; - 4-пунктчада: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен башка бүтүмдөр:"; экинчи абзацтагы "коюу" деген сөз "жайгаштыруу" деген сөз мененалмаштырылсын; 3-пункттагы "диний экстремисттик көзкарашка ыктаган уюмдарды кошоалганда" деген сөздөр "экстремисттик ишке катышы бар жактарды кошо ал-ганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 7. 7-беренеде: 1-пунктта: - "соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында" деген сөздөрдөн кийин", ошондой эле өз ара укуктук жардамдын бөлөк формасы боюнча" дегенсөздөр менен толукталсын; - "кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди кар-жылоого" деген сөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу мененалынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр мененалмаштырылсын; 2-пунктта: - "Кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди кар-жылоого" деген сөздөр "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу мененалынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр мененалмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терроризмди каржылоого жанакылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) кар-шы аракеттенүү жаатындагы зарыл маалыматты берүү жөнүндөгү сурамдардычет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жиберет."; 5-пункттун экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого" дегенсөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 8. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 1. Ушул Мыйзамда каралган талаптардын маалымат берүүчү жактар та-рабынан бузулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартип-те администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет. 2. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүчү жактардан алынуучу маалы-матка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болгон ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башкамамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде му-рункулары, банктык, коммерциялык же бөлөк сырды мыйзамсыз түрдө ачыккачыгаргандыгы, колдонгондугу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалан-гандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайыккылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат. 3. Маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери, анын ичинде мурунку-лары, сурамдарды аткаруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маа-лыматтарды жиберүү фактысын ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.". 9. V глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын: "8-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана документтерди берүү 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынфункцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана до-кументти (жарандардын жеке өмүрү тууралуу маалыматтан башкасын) КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуумамлекеттик органга беришет. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бөлөк көзөмөл органдары,маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык ай-мактарынын башкы дирекциялары, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ас-социациялары жана кошуундары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функ-цияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана доку-ментти белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, аныничинде анын сурамы боюнча, беришет. 3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана бөлөк көзөмөл ор-гандары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактартарабынан маалыматтардын жана документтердин ушул Мыйзамда каралганмаксаттарда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бе-рилүүсү, мунун ичинде анын сурамы боюнча да, кызматтык, банктык, салык-тык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча кара-жаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) бузгандыкболуп саналбайт. 4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясы-нын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат бергенжактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, статис-тикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, Кыргыз Республи-касынын аймагында аккредиттештирилген чет өлкөлүк компаниялардынөкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалы-матты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, казаболгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкаларытууралуу маалыматтарды беришет. 5. Маалымат берүүчү жактар, ошондой эле ишкердик субъекттерининассоциациялары жана кошуундары тарабынан акча каражаттары же мүлк мененшектүү операциялар жана бүтүмдөр жөнүндөгү жана милдеттүү контролгоалынуучу операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматтын ушул Мыйзамдакөрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бе-рилүүсү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык жана байланыш сырын(акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында)ачыкка чыгаргандык болуп саналбайт.". 10. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандайжөндөмөдөгү "каршы аракеттер" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "каршыаракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы: - өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келти-ришсин; - ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук ак-тыларды иштеп чыгышсын. Кыргыз Республикасынын Президенти