КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 6-апрели № 214 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Миграция, эмгек, соци-алдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаттары де-милге кылган "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген
ко-рутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги № 214
токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаттары демилге кылган "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыксактоо боюнча комитетинин депутаттары демилге кылган "Калкты иш мененкамсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карапчыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген мыйзам долбооруна карататөмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет. 1. 1-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл ара-лык келишимдери" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болупэсептелген эл аралык келишимдер менен белгиленген тартипте күчүнө кир-ген" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз. 2. 2-беренеде: - төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толуктоо керек: "Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:"; - "жумушсуздар" жана "жумуш издеген жарандар" деген түшүнүктөр би-рин бири кайталаганына байланыштуу "жумушсуздар" деген терминди колдо-нууну сунуш кылабыз жана тиешелүү түрдө мыйзам долбоорунун бардык текс-ти боюнча "жумуш издеген жарандар" деген түшүнүктү алып салуу керек; - бешинчи абзацта: "Кыргыз Республикасынын
Конституциясы" деген сөздөрдү "эмгек" де-ген сөз менен толуктап, "эреже катары, аларга киреше" деген сөздөрдү"аларга киреше (эмгек акы)" деген сөздөр менен алмаштыруу керек; - жетинчи абзацтагы "билимге" деген сөздү "квалификация" деген сөзменен толуктоо зарыл; - Бул мыйзам долбоорунун 14-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык жу-мушсуздарды иш менен камсыз кылуу органдарынын жолдомосу боюнча кесип-тик окутуу мезгилинде аларга стипендия төлөнөрүн эске алып, 2-берененитөмөнкүдөй мазмундагы түшүнүк менен толуктоону сунуш кылабыз: "Окутуу мезгилинде жумушсуздарга стипендия - иш менен камсыз кылууоргандарынын жолдомосу менен окуп жаткан жумушсуздарга Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө стипендия төлөнөт.". 3. 3-берене боюнча төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алууну сунуш кы-лабыз: - бул беренеге иш менен камсыз болгон калкка тиешеси жок окуучуларжана студенттер киргенин эске алып, 3-берененин аталышын төмөнкүдөй ре-дакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "3-берене. Жарандардын иш менен камсыз болуусу жана иш менен кам-сыз болгонго тењештирилген ишмердик"; - биринчи жана экинчи абзацтарды төмөнкүдөй редакцияда берүү ке-рек: "Иш менен камсыз болгон жарандарга, ошондой эле ишмердиги иш мененкамсыз болгондорго тењештирилген жарандарга төмөнкүлөр кирет: - толук же толук эмес жумуш убактысынын шарттарында акы үчүн эмгеккелишими боюнча иштеп жаткандар, ошондой эле тиешелүү келишим мененырасталган акы төлөнүүчү жумушу барлар, бирок оорусуна, отпускасына,убактылуу өндүрүштүн токтотулушуна байланыштуу убактылуу жумуш мененкамсыз болбогондор"; - тогузунчу абзац үчүнчү абзацты кайталаганын эске алып, белгилен-ген беренедеги үчүнчү абзацты алып салууну сунуш кылабыз; - алтынчы абзацтагы кайталоону болтурбоо максатында "анын ичиндеальтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөп жаткандар" деген сөздөрдүалып салуу керек; - беренени төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоо керек: "- үй чарбасында товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү, аныничинде айыл, токой чарба, мергенчилик, балык уулоо продукцияларын өндү-рүү жана кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруу менен алектенгендер,эгерде алар өндүргөн продукция базарда сатуу үчүн арналса.". 4. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 73-беренесинин 1-пунк-туна ылайык Өкмөт Конституция жана мыйзамдар менен Президенттин жанаЖогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды кошпо-гондо мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет, тиешелүү түрдөкалкты ишке орноштурууга көмөктөшүүчү мамлекеттик органдын функцияларынКыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Ушуга байланыштуу мыйзам дол-боорунун 5-беренесинин редакциясын кайра кароону сунуштайбыз. 5. 6-берененин үчүнчү бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "или-мий-изилдөө иштери" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, себебиилимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, жањы техника жана технологияларды өз-дөштүрүү жана жайылтууну кошкондо илимий-техникалык ишмердик процессинжөнгө салуучу мамилелер илимий мекемелер аркылуу жүзөгө ашырылат жанаилим жана илимий ишмердик жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат, КыргызРеспубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн тиешелүү жылгакаралган республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат. 6. 7-берененин экинчи бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы "майыптар"деген сөздү "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарыжана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар" деген сөздөр менен алмаш-тыруу керек. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-беренесине ылайыкжарандын өзүнүн иш-аракети менен жарандык укуктарга ээ болууга жана жү-зөгө ашырууга, өзү үчүн жарандык милдеттерди түзүүгө жана аларды атка-рууга жөндөмдүүлүгү (жарандык ишке жарамдуулугу) толук көлөмдө эрезегежетиши, башкача айтканда, 18 жашка толушу менен пайда болот, ушуга бай-ланыштуу 7-берененин экинчи бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы "14 жаштан18 жашка чейинки жашы жетпегендер" деген сөздөрдү алып салууну сунуш-тайбыз. 7. 8-беренеде: - экинчи абзацты "ишке ашыруу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик"деген сөз менен толуктоо керек.; - биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацын "берүү" деген сөздөн кийин"анык" деген сөз менен толуктоо керек; - биринчи бөлүктүн алтынчы абзацын "миграция" деген сөздөн кийин"жана бул маселе боюнча маалымат алмашуу" деген сөздөр менен толуктоокерек; - нормалардын кайталана беришин болтурбоо үчүн экинчи бөлүктүнүчүнчү абзацын жана төртүнчү бөлүктүн бешинчи абзацын алып салуу керек,себеби 6-берене калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иш-чараларынкаржылоонун каражат булактарын, тагыраак айтканда республикалык жанажергиликтүү бюджеттердин жана жумуш берүүчүлөрдүн каражаттарын көрсөтүүменен карайт. Жалпысынан 8-статьяны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мур-да аталган 73-беренесинин жоболорун эске алуу менен кайра кароону су-нуштайбыз. Ушундай эле сунушту мыйзам долбоорунун 11, 16 жана 17-беренелерибоюнча да киргизебиз. 8. 13-берененин экинчи бөлүгүндөгү "талапкерликке коюу" деген сөз-дөрдү алып салууну сунуш кылабыз. 9. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 1-беренесинде мамлекеттик пособиелерди чек-төө жана төлөө маселелерин Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынакиргизүүгө тыюу салынган, ушуга байланыштуу 18-берененин экинчи бөлүгүналып салууну сунуш кылабыз. 10. 20-берененин биринчи бөлүгүнүн сегизинчи абзацы ошол эле бө-лүктүн экинчи абзацын кайталагандыктан сегизинчи абзацты алып салуунусунуш кылабыз. 11. 2005-жылдын 1-июлунан тартып Социалдык камсыздандыруу фондунунжоюулгандыгына байланыштуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүн-дө, камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө ылайык убактылуу эмгекке жарамсыздыкмезгили үчүн жумушсуздарга төлөнбөйт, ушуга байланыштуу 21-берененинбиринчи бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз. 12. Кыргыз Республикасынын жумушсуз жарандарын каттоонун тартибинжөнөкөйлөштүрүү жана ички мигранттарды ишке орноштурууга көмөктөшүүмаксатында 22-беренени төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону су-нуш кылабыз: "Иш менен камсыз кылуу органдарында Кыргыз Республикасынын жумуш-суз жарандарын убактылуу жашаган жери боюнча каттоого жол берилет.Убактылуу жашагандыгы жөнүндө каттоо карточкасы жана башка тиешелүү до-кументтери бар болсо алар убактылуу каттоо күчүндө болгон мезгилде эм-гек рыногунун (акы төлөнүүчү коомдук иштер, социалдык жумуш орундары,кесиптик окутуу, жумушсуздарды микрокредиттөө) активдүү иш-чараларынакатышууга укуктуу." 13. Жалпысынан бул мыйзам долбоорун нормативдик укуктук актылардынтүзүлүш эрежелерине ылайык келтирүүнү, тактап айтканда, беренелердипункттарга, өз кезегинде аларды пунктчаларга же абзацтарга бөлүүнү су-нуш кылабыз. Бул сунуш мыйзам долбоорлорун андан аркы кодификациялоонуыњгайлаштыруу максатында киргизилет.