Редакцияот 06.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 6-апрели № 216                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун             протоколдорун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз               Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу      Кыргыз Республикасы  Жарандык  авиациянын  эл  аралык  уюмуна мүчөэкендигин эске алып, эл аралык аба укуктары документтерине карата атка-рылган кол   коюу,   ратификациялоо   же   кошулуу  жөнүндө ушул уюмдун2009-жылдын 30-январындагы  №  LE  3/40-09/6 расмий билдирүүсүн көњүлгөалып, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын  нормативдик  укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына  ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Жарандык  авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратифика-циялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинежиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам  долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                  Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун                 протоколдорун ратификациялоо жөнүндө      1-берене.      Төмөнкүлөр ратификациялансын:     Монреаль шаарында  1998-жылдын  1-октябрында кол коюлган Эл аралыкжарандык авиациялар  жөнүндө  конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдегитексти тууралуу   протоколу   (Чикаго,   1944-жыл);        Монреаль шаарында 1947-жылдын 27-майында кол коюлган Эл аралык жа-рандык авиациялар  жөнүндө  конвенциянын 93 bis беренесине оњдоо кирги-зүүгө тиешелүү протоколу;     Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жа-рандык авиациялар  жөнүндө  конвенциянын 45-беренесине оњдоо киргизүүгөтиешелүү протоколу;     Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жа-рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а), 49 (е) жана 61-беренеле-рине оњдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу;     Рим шаарында  1962-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Эл аралык жа-рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48(а)-беренесине оњдоо киргизүү-гө тиешелүү протоколу.       2-берене.      Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:     - Америка  Кошмо  Штаттарынын Өкмөтү депозитарий болуп эсептелген,Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жаран-дык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги текститууралуу протоколду (Чикаго, 1944-жыл) Кыргыз Республикасы ратификация-лагандыгы жөнүндө грамотаны сактоого берсин;     Жогоруда аталган  протоколдорду Кыргыз Республикасы ратификацияла-гандыгы жөнүндө грамоталарды депозитарий болуп эсептелген Жарандык ави-ациянын эл аралык уюмуна сактоого берсин.       Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев