Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-июнундагы №411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 12-майы 289 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жөнөтүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы,2008-жылдын 26-декабры, N 96) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо кир-гизилсин: 1. 12-беренеде: - 1-пунктунда "депутаттык фракциянын өкүлү катары" деген сөздөралып салынсын; - 2-пунктунда "же болбосо депутаттык фракция" деген сөздөр алыпсалынсын; - 3-пунктунда "же тийиштүү депутаттык фракцияга" деген сөздөр алыпсалынсын. 2. 13-берененин биринчи бөлүгүндө: - 2-пунктунда "депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө," дегенсөздөр алып салынсын; - 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын; - 4-пунктунда "органдарынан," деген сөздөн кийин "мамлекеттик жемуниципалдык менчик үлүшү бар" деген сөздөр менен толукталсын. 3. 14-берененин 4-пунктундагы "Регламенти жөнүндө Мыйзам" дегенсөздөр "Регламенти" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. 15-беренеде: - 4-пунктундагы "түшүндүрмө берүү үчүн Жогорку Кењештин тийиштүүкомитетинин жыйналышына чакырылат" деген сөздөр "түшүндүрмө берет" де-ген сөздөр менен алмаштырылсын; - 6-пунктта: биринчи абзацындагы ", менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын,мекемелердин жана уюмдардын" деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөздөр "мыйзамда каралгантартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 5. 17-берененин 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: "2. Жогорку Кењеш жана мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун башка органдары, мамлекеттик же муниципалдык менчикүлүшү бар ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары Жо-горку Кењештин депутаты кайрылган учурда депутаттык ишке байланышканмаселелер боюнча аны адистердин консультациялары менен камсыз кылууга,зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.". 6. 30-берененин 2-пунктундагы "ал шайланган" деген сөздөр "ал антберген" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 7. 33-берененин 1-пункту "органдары," деген сөздөн кийин "мамле-кеттик же муниципалдык менчик үлүшү бар" деген сөздөр менен толуктал-сын. 8. 35-берененин 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-далсын: "Жогорку Кењештин депутаты ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганданкийин мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордуна квалификаци-ялык талаптарына ылайык келсе конкурстук тандап алуусуз дайындалуугаукуктуу болот.". 9. 37-берененин 2-пунктундагы "өзгөчө сињирген эмгеги үчүн" дегенсөздөр алып салынсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөп тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти