Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 27-апрели № 261
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган
агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы
болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө
келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге
аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу
Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия
коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык
коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техника-
лык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколдун (мындан ары - Прото-
кол) 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Протоколдун ишке ашырылышын
камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Протоколду ишке
ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө Жа-
мааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Секретариатына билдирсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов