КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 27-апрели № 258 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толук-тоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуубоюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндекаралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., N 5, 229-ст.)төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-статьяда: - статьянын аталышы "ошондой эле аларда иштеген" деген сөздөрдөнкийин "же аларга жалданган" деген сөздөр менен толукталсын; - 1-бөлүктө: биринчи абзацы "иш берүүчүлөр" деген сөздөрдөн кийин "жана иш-тин/кызматтын заказчылары" деген сөздөр менен толукталсын; а) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "а) эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин, юридикалыкжакты түзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн жекежактардын, ишти аткаруу жана (же) кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде биржолку, тынышма келишим (контракт) боюнча жалданган - Кыргыз Республика-сынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүкжарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилгентөлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн, иш берүүчүнүн (заказчынын) менчигининтүрүнө карабастан - 17,25 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз;"; б) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "б) эмгек келишими боюнча жалданган, ошондой эле юридикалык жактытүзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөн, иштиаткаруу жана (же) кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышмакелишим (контракт) боюнча жалданган I жана II топтогу майыптардын пай-дасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 15,25 пайызөлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз;"; в) пунктунда: - "ай сайын" жана "кызматкер " деген сөздөр алып салынсын; - "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "ишти аткаруу жа-на (же) кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышма келишим(контракт) боюнча жалданган" деген сөздөр менен толукталсын; г) пунктунда: - "Пенсиялык фондго" деген сөздөр алып салынсын; - "17 пайыз" деген сөздөр "15,25 пайыз" деген сөздөргө алмаштырыл-сын; - төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз.". 2-бөлүктө: биринчи абзац "кызматкерлер" деген сөздөн кийин "жана ишти/кызмат-ты аткаруучулар" деген сөздөр менен толукталсын; а) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "а) эмгек келишими боюнча жалданган, юридикалык жакты түзбөстөн жепатенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн, ишти аткаруу жана (же)кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышма келишим (контракт)боюнча жалданган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республи-касында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жокадамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн, ишберүүчүнүн (заказчынын) менчигинин түрүнө, каржылоо булактарына кара-бастан - 10 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;"; б) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "б) эмгек келишими боюнча жалданган, ошондой эле юридикалык жактытүзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн, ишти ат-каруу жана (же) кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышмакелишим (контракт) боюнча жалданган I жана II топтогу (Улуу Ата Мекен-дик согуштун майыптарынан жана аларга тењештирилгендерден башкалар) ма-йыптардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 4 пайызөлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;"; в) пунктунда: - "Пенсиялык фондго" деген сөздөр алып салынсын; - "8" саны "10" санына алмаштырылсын; - төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүбул бөлүктүн (а) пунктуна ылайык жүргүзүлөт.". 2. 3-статьяда: - аталышындагы "алардын кызматкерлери" деген сөздөр "аларда иште-ген же аларга жалданган жеке жактар" деген сөздөргө алмаштырылсын"; - а) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "а) Иш берүүчүлөр жана иштин/кызматтын заказчылары - Кыргызстандыназиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдарыүчүн, анын ичинде эмгек келишими боюнча жалданган, юридикалык жактытүзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн, ишти ат-каруу жана (же) кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышмакелишим (контракт) боюнча жалданган майып жана пенсионер кызматкерлер-дин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 17,25 пайызөлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз.". - б) жана в) пункттары төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "б) кызматкерлер жана ишти/кызматты аткаруучулар үчүн: кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардыктүрлөрүнөн, каржылоо булактарына карабастан 9,5 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 7,5 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; в) майыптардын жана пенсионерлердин (Улуу Ата Мекендик согуштунмайыптарынан, аларга тењештирилген адамдар жана Улуу Ата Мекендик со-гуштун катышуучуларынан башкалар) пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бар-дык түрлөрүнөн каржылоо булактарына карабастан - 4 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; в) ишти/кызматты аткаруучулар үчүн - ишти аткаруу жана (же) кызматкөрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышма келишим (контракт) боюнчажалданган, анын ичинде юридикалык жакты түзбөстөн же патенттик негиздежеке эмгек ишмердик жүргүзгөн жеке жактардын пайдасына фонддор боюнчакамсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын бөлүштүрүү менен, бул бөлүктүн"а)", "б)" пункттарына ылайык.". 3. 4-статьяда: - аталышындагы "алардын кызматкерлери" деген сөздөр "аларда иште-ген же аларга жалданган жеке жактар" деген сөздөргө алмаштырылсын"; - 1-бөлүктө: а) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "а) иш берүүчүлөр жана иштин/кызматтын заказчылары үчүн - коммер-циялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, туракжай ээлеринин шериктери жана диний уюмдар эмгек келишими боюнча жалдан-ган, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн же патенттик негизде жекеэмгек ишмердик жүргүзгөн, ишти аткаруу жана (же) кызмат көрсөтүү үчүн,анын ичинде бир жолку, тынышма келишим (контракт) боюнча жалданган ма-йып жана пенсионер кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүнбардык түрлөрүнөн - 13,25 пайыз өлчөмүндө;"; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 13 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз;"; б) пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "б) кызматкерлер жана ишти/кызмат аткаруучулар үчүн - эмгек кели-шими боюнча жалданган, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн же па-тенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн, ишти аткаруу жана (же)кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде бир жолку, тынышма келишим (контракт)боюнча жалданган, каржылоо булактарына карабастан (Улуу Ата Мекендиксогуштун майыптарынан, аларга тењештирилгендерден жана Улуу Ата Мекен-дик согуштун катышуучуларынан башка) майыптардын жана пенсионерлердинпайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 4 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз."; 2-бөлүк "кызматкерлерине" деген сөздөн кийин "жана иштин/кызматтынаткаруучуларына" деген сөздөр менен толукталсын. 4. 5-статьяда: 1) 2-бөлүктө: а) үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-сын: "Пенсиялык фондго - 91,7 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 7,4 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,9 пайыз."; бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар алып салынсын; - 3-бөлүк "үстүбүздөгү жыл үчүн" деген сөздөн кийин "жапа чеккенайыл чарба жерлерине" деген сөздөр менен толукталсын. 5. 6-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери 1. Юридикалык жакты түзбөстөн жекече ишкердик жүргүзгөн жана жал-данма кызматкерлердин эмгегин пайдаланбаган жеке жактар, орточо айлыкэмгек акынын 9,25 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз. 2. Юридикалык жакты түзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек иш-мердик жүргүзгөн, жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган же иштиаткаруу жана (же) кызмат көрсөтүүгө тынышма келишим (контракт) түзүшкөнжеке жактарга камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуп эсептөө, кармап калуу,төлөө жана аларды жалданма кызматкерлер же ишти/кызматты аткаруучуларүчүн фонддор боюнча бөлүштүрүү ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 1-бөлүгүнөылайык жүргүзүлөт. 3. Патенттик негизде жеке эмгек ишмердик жүргүзгөн, өзүн өзү ишменен камсыз кылуучу жарандар жана ишти аткарууга же кызмат көрсөтүүгөжалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланбаган жеке жактар камсызданды-руу төгүмдөрүн төлөөнү камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу аркы-луу ишке ашырышат. Камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби, алар-дын наркы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнчабөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.". 6. 7-статьяда: 1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Юридикалык жакты түзбөстөн же патенттик негизде жеке эмгек иш-мердик жүргүзгөн, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба жерлери-нен башка) ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар камсыздандыруутөгүмдөрүн, бул мүлктү кармоого кеткен чыгымдардан сырткары алган кире-шеден 9,25 пайыз өлчөмүндө, бирок орточо айлык эмгек акыдан кем эмесөлчөмдө ай сайын төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүтөмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондуна - 0,25 пайыз."; - 4-бөлүктө: а) "Пенсиялык фондго" деген сөздөр алып салынсын; "8 пайыз" деген сөздөр "9,25 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүбул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.". 7. 8-статьяда: 1-бөлүк "иш берүүчү" деген сөздөрдөн кийин "жана иштин/кызматтынзаказчысы" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгү: "кызматкерлер" деген сөздөн кийин "жана ишти/кызматты аткаруучу-лар" деген сөздөр менен толукталсын; "каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилгенбардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө" де-ген сөздөр "бул Мыйзамдын 2-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 8. 9-статьяда: - аталышындагы "өздүк камсыздандыруу эсебине жана Пснсиялык фонд-дун тиешелүү бөлүгүнө" деген сөздөр алып салынсын; - биринчи абзацы "Пенсиялык фондго" деген сөздөрдөн кийин "жанабул Мыйзамдын 2, 3, 4, 8-статьяларына, 5-статьясынын 1-бөлүгүнө жана6-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна"деген сөздөр менен толукталсын; - экинчи абзацтагы "22 пайыз" деген сөздөр "20 пайыз" деген сөздөрменен алмаштырылсын; - төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө- 2 пайыз;"; - үчүнчү абзац иретине жараша төртүнчү абзац болуп эсептелсин. 9. 10-статьяда: - аталышындагы "Пенсиялык фондго" деген сөздөр алып салынсын; - абзац 1-бөлүк деп белгиленип жана төмөндөгүдөй редакцияда баян-далсын: "1. Пенсиялык фондго жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунакамсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө жеке жактар, юридикалык жак-тар тарабынан жеке жактардын пайдасына жана юридикалык жакты түзүү ме-нен дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү тарабынан ар кандай өлчөмдө,бирок орточо айлык эмгек акыдан Пенсиялык фондго 8 пайыздан жана (же)Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыздан кем эмес өлчөмдө кам-сыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн."; - төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "2. Юридикалык жакты түзбөстөн ишмердик жүргүзгөн дыйкан (фермер-дик) чарба мүчөлөрү жана жер үлүшүн же анын бөлүгүн ээлеген, бирок дый-кан (фермердик) чарбанын мүчөсү эмес же өз жер үлүшүн же анын бөлүгүнижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн ык-тыярдуу төлөөнү, үстүдөгү жылда алардын колдонуусундагы же карамагында-гы айыл чарба жери үчүн төлөнүүгө тийиш болгон, бирок жер салыгынын ба-залык ченинен кем эмес ар кандай өлчөмдө ишке ашырышса болот. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүбул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт."; - төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жанажарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жекежактардын пайдасына 1996-жылдын январынан кийинки мезгилдеги камсыздан-дыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебине кам-сыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында, камсыздандыруу төгүмдөрүнПенсиялык фондго төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок айына орточо айлык эм-гек акынын 8 пайызынан кем эмес төлөшсө болот.". 10. 11-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "Иш берүүчү" дегенсөздөрдөн кийин "жана иштин/кызматтын заказчысы" деген сөздөр менен то-лукталсын. 11. 13-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакция-да баяндалсын: "3. Иш берүүчү же иштин/кызматтын заказчысы ар бир кызматкер үчүнушул Мыйзамдын 2, 3, 4, 8-статьяларында, 5-статьясынын 1-бөлүгүндө жана6-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөчүөлчөмү эсептелген орточо айлык эмгек акы суммасынын 40 пайызынан азболбоого тийиш. Мында кызматкерге же ишти/кызматты аткаруучуга ишберүүчү же иштин/кызматтын заказчысы тарабынан камсыздандыруутөгүмдөрүн чегерүү, кармап калуу жана төлөө иш жүзүндө эсептелген эмгекакыдан же иштин/кызматтын акысынан жүргүзүлөт."; 12. Төмөндөгүдөй мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын: "14-1-статья. Орточо айлык эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө Бул Мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айрым категориялар-га карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн алынган орточо айлыкэмгек акынын өлчөмү - бул облустарда жана республикалык маанидеги шаар-ларда мурдагы календардык жылда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистика комитети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынынөлчөмү. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду облустарда жана республика-лык маанидеги шаарларда мурдагы календардык жылда түзүлгөн орточо айлыкэмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистика комитетинин камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендеринэсептөө үчүн расмий статистикалык маалыматынын негизинде жыл сайынүстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаптурат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин облустардажана республикалык маанидеги шаарларда мурдагы календардык жылдатүзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматына ылайыктарифтик ченди эсептөө жыл сайын үстүдөгү жылдын 1-июлунан баштапжүзөгө ашырылат." 2-статья. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3,4, 8-статьяларында көрсөтүлгөн иш берүүчү же иштин/кызматтын заказчыла-ры, 6-статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар жана 5-статьянын1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн 2009-жылдын1-июлунан тартып кызматкерлердин жана ишти/кызматты аткаруучулардынпайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн, Эмгекчилердин денсоолугун чыњдоо фондуна 0,25 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери белгиленет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 4-статья. Бул Мыйзамдын 1-статьясынын 11 жана 12-бөлүктөрүнөн жана 2-стать-ясынан башкасы 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Бул Мыйзам-дын 1-статьясынын 11-12-бөлүктөрү жана 2-статьясы 2009-жылдын 1-июлунанбаштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти