КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 28-апрели № 262 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесине, "КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабековдемилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолордукиргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн тиркелген
корутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 262
токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесине, "КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жанаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорункарап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 73-беренесинин 2-пунктунун3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансылык, баа, та-рифтик, инвестициялык жана салыктык саясаттарды жүргүзүүнү камсыз кы-лат. Каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын эркин эконо-микалык зоналарындагы субъекттердин бардык категорияларына салыктыкжењилдик берүүнү караштырат. Айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү каалагандай салыктык жењил-диктер бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдей шартта-рын түзүүнү караган салык салуунун принциптеринин бирин - адилеттүүлүкпринцибин бузууга алып келет. Экономикалык ишкердиктин бир түрүнө салыктык жењилдиктерди берүүменен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарууга жетүү үчүн ишкер-диктин башка түрлөрүнө салык жана бажы төлөмдөрүн жогорулатууга мажбурболот. Ушуну менен бирге 2009-жылга мамлекеттик бюджеттин кирешебөлүгүнүн долбоорун эсептөөдө болжолго Кыргыз Республикасынын Салык ко-дексинин колдонуудагы редакциясына ылайык бажы төлөмдөрүнөн келиптүшүүлөр кошулган, ушуга байланыштуу сунушталуучу мыйзам долбоорун ка-был алуу бюджеттин кыйла жоготууларына алып келет. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, бюджеттин киреше бөлүгүн атка-руу жана бардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүү макса-тында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жанаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-нун сунушталуучу вариантын кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептей-биз. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын1-апрелиндеги № 205 токтому менен Кыргыз Республикасынын эркин экономи-калык зоналарынын ишмердигин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин депутаты К.Ш.Кыдыровдун төрагалыгы менен Ведомстволораралык комиссия түзүлгөн. Жогоруда аталган Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын эркинэкономикалык зоналарынын ишмердигине толук экономикалык талдоожүргүзүлөт жана алардын ишмердигин өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизи-лет.