КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 8-майы № 282 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуубоюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1996-ж., № 7, 85-берене) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандырууфонду, анда камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуу-чу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуумаксатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоогокамсыздандыруу төгүмдөрү топтолот. Инвестициялык киреше - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер бо-юнча дивидендер жана пайыздар (кирешелер), пенсиялык топтолгон каражат-ты инвестициялоо боюнча операциялардын кирешелеринин башка түрлөрү. Топтолгон пенсиялык камсыздоо - топтолуулардын системасы, пенсия-лык топтолууларды инвестициялоо, жарандардын камсыздандыруу эсебининтоптолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешени бөлүштүрүү жана алардыннегизинде пенсияларды төлөө. Пенсиялык активдер - инвестициялоо, камсыздандырылган адамдын пай-дасына инвестициялык киреше алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялыктөлөмдү камсыздоо жана жүргүзүү үчүн багытталган каражаттар. Пенсиялык келишим - бир тараптан топтоочу пенсиялык фонддун жанаэкинчи тараптан салымчынын же алуучунун ортосунда пенсиялык төгүмдөржана топтоолор менен байланышкан укуктук мамилелерди белгилөө, өзгөртүүже токтотуу жөнүндө түзүлө турган келишим (макулдашуу). Пенсиялык топтоолор - пенсиялык топтоолорго түшкөн камсыздандыруутөгүмдөрүнүн жана аларды инвестициялоодон алынган кирешенин эсебинентүзүлгөн каражаттардын жарандардын жеке камсыздандыруу эсебинин топто-луучу бөлүгүндө эсепке алынган жыйындысы.". 2. 8-беренеде: - 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "жеке топтолуучу пенсиялык камсыздоо системасын уюштурууга; мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондду уюштурууга жана башкаруу-га; башкаруучу компанияларга ишенимдик башкарууга пенсиялык активдердикоторууга; жарандардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча ин-вестициялык кирешелерди бөлүштүрүү жана пенсиянын топтолуучу бөлүгүнтөлөөнү жүргүзүүгө.". - 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "пенсиялык топтоо каражаттын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндөжөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органга пенсиялык топтоолорду башкаруу жөнүндө тиешелүү отчеттуөз убагында тапшырууга; башкаруучу компанияларга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган тартипте пенсиялык топтоолорду башкарууга укугу бар жана топ-толуучу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен алектенген жеке пен-сиялык фонддорго жана башка түзүмдөргө башкаруу үчүн камсыздандырылганадамдын арызы боюнча камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин жи-берүүгө.". 3. 9-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчуабзацтар менен толукталсын: "пенсиялык келишим түзүү үчүн топтолуучу пенсиялык фондду тандоо-го; топтолуучу пенсиялык фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан аныкталуучу көлөмдө пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компани-ялардын уюштуруучулары жөнүндө маалымат алууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топто-олорун мурастоого; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынынчегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жатканда пенсиялык топтоолордукайтарып алууга.". 4. 21-берененин экинчи бөлүгү: - төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "пенсиялык активдерди инвестициялоодон түшкөн кирешелердин;". 5. 22-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менентолукталсын: "Билдирүүлөрдүн эмгек акы жана камсыздандыруу салымдары жөнүндөбөлүгүндөгү маалыматтар кагазда жазылган, ошондой эле электрондук фор-мада (магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча) документ түрүндө бери-лиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү элект-рондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген маалыматты коргоонун башка системасы менен ырасталууга ти-йиш.". 2-берене. Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти