Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-августу №540
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМУ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу менен демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №540 токтому мененжактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, А.С.Тагаев, А.Т.Мамасалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" мыйзамдары) карап чыгып, төмөнкүдөй сунуштарды жана эскертүүлөрдү сунуштайт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Бирок, жогоруда аталган мыйзам актысы конституциялык Мыйзам деп эсептелет жана аны кабыл алуу тартиби башка мыйзам актыларын кабыл алуу тартибинен айырмаланат. Демек, башка актыларга (укуктук иерархия боюнча төмөн турган) өзгөртүүлөрдү киргизүү менен катар ага өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыксыз. Ушуга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин ченемдерин өзүнчө мыйзам долбоору түрүндө киргизүү керек.
Долбоордун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 34 Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору", 1996-жыл, № 7, 101-берене) Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларын ченемдик укуктук актылардын тизмесине кошуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 37-беренесинин негизиңде күчүн жоготту деп табылгандыгын белгилейбиз. Мындан тышкары, аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ, ал эми укук ченеми (укуктук ченем) - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери деп түшүнүлөт. Барыбызга белгилүү болгондой протоколдук тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, аткаруу бийлигинин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тигил же бул маселе боюнча отчет же маалымат алуу максатындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу болуп эсептелет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 2-беренесин алып салуу максатка ылайык деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу предмети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле анын ишмердигинин кепилдиктерин белгилөө контекстиндеги анын укуктук статусун аныктоо болуп эсептелет. Бул Мыйзам менен парламенттин жалпы ишмердиги жөнгө салынбайт. Айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 3-беренесин алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесине ылайык Жогорку
Кеңеш Конституциянын 58-беренесинин 1-пунктунун 1, 3-6, 9, 22-28-пунктчаларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча мыйзамдарды кабыл алат, мыйзамдардын аткарылышын контролдоону кошуп алганда башка маселелер боюнча токтом кабыл алат.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык аталган берененин биринчи бөлүгүнүн 1, 3-6, 9, 22-28-пунктчаларында каралган маселелер боюнча Жогорку Кеңештин актылары мыйзам түрүндө кабыл алынат, ал эми мыйзамдардын аткарылышын контролдоону кошуп алганда башка маселелер боюнча токтом кабыл алат. Айтылгандардан сырткары, Жогорку Кеңеш токтом түрүндө кабыл алынуучу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды жасоого укуктуу. Жогорку Кеңештин токтомдору жогоруда аталган Мыйзамдын 51-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана көрсөтүлгөн Регламентте кабыл алуунун башка тартиби белгиленбесе депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Ушинтип, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасы" деген түшүнүк жок жана протоколдук тапшырмаларды берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укугуна кирбейт.
Депутаттардын түздөн-түз кайрылуу формасы мыйзам түрүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынган.
Ушинтип, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 250-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин де-
путаты мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жазуу жүзүндөгү стенограмма боюнча Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан таризделип, депутаттын өз колу коюлуучу суроо-талапты жиберүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө
" мыйзамдарынын жогоруда аталган ченемдери Жо-
горку Кеңештин токтомдору жана депутаттардын суроо-талаптары аркылуу Жогорку Кеңешке жана депутаттарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Молдошева, А.С.Тагаев, А.Т.Мамасалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.