КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-апрели № 227 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Чакырылуучу мобилизациялык резервге чакыруунун жана аскердик кыз-мат өтөөнүн маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 41 жана 73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана аль-тернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бе-ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-рандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө тир-келген
жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчи-ликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк подразделениелеринде анын аткары-лышын камсыздашсын. 3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов