Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                            КР Өкмөтүнүн            2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-апрели № 227                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз              Республикасынын жарандарын чакыруунун жана                    аскердик кызмат өтөөнүн тартиби                    жөнүндө жобону бекитүү тууралуу      Чакырылуучу мобилизациялык  резервге чакыруунун жана аскердик кыз-мат өтөөнүн  маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 41  жана  73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын жалпыга  бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана аль-тернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бе-ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Чакырылуучу  мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-рандарын чакыруунун  жана  аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө тир-келген жобо бекитилсин.     2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору,  жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчи-ликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк подразделениелеринде анын аткары-лышын камсыздашсын.     3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигине жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов