КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-февралындагы № 52
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-апрелиндеги № 227
токтому менен бекитилген Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО I бап. Жалпы жоболор II бап. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жарандарды табуу жана иликтөө тартиби III бап. Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка жарандарды киргизүү тартиби IV бап. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын каттоо тартиби V бап. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө тартиби VI бап. Аскер кызматчыларын окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) жөнөтүү жана ташуу тартиби VII бап. Запаска бошотуу VIII бап. Чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка киргизилген, аскердик жыйындарга чакырылган жана запаска бошотулган чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларынын укуктары, милдети жана жоопкерчилиги I бап Жалпы жоболор 1. Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-рандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө ушулжобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыгабирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтаржөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамы) ылайык иштелип чыккан. Жобо төмөнкүлөрдү аныктайт: - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каа-лоосун билдирген жарандарды табуу жана иликтөө тартибин; - чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка жаран-дарды киргизүү тартибин; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын каттоо тарти-бин; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө тарти-бин; - окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) аскер кызматчыларын жибе-рүү жана ташуу тартибин; - чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматтан бошотуутартибин; - чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка чакырылганжарандардын укуктарын жана милдеттерин. 2. Чакырылуучу мобилизациялык резервде кызмат өтөө - Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлигиндеги (мындан ары - Коргоо министрлиги)аскердик кызматтын өзгөчө түрү, ага конституциялык парзын жана Мекендикоргоо боюнча милдеттерин ишке ашыруу максатында чакыруу курагындагыКыргыз Республикасынын жарандары мөөнөттүү кызматтын ордуна чакырылат. 3. Он сегиз жаштан жыйырма жети жашка чейинки, мөөнөттүү калтыруу-га же чакыруудан бошонууга укугу жок, ден соолугунун абалы боюнча ас-кердик кызматка жарактуу жарандар өз каалоосу боюнча чакырылуучу моби-лизациялык резервде кызмат өтөөгө укуктуу. Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги кызмат чакырылуучулар тара-бынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын эсебине акчатөлөмдөрүн төлөөнү карайт. Акча төлөмдөрүнүн суммасы салыкты эсепке алганда, 120 эсептик көр-сөткүчтүк өлчөмдө бекитилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө чакы-рылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскердик жыйындарды уюштуруужана өткөрүү, окуу борборлорунун материалдык-техникалык базасын кармоожана жакшыртуу үчүн багытталат. 4. Чакырылуучу мобилизациялык резервге жарандарды аскердик кызмат-ка чакыруунун жалпы жетекчилигин, каттоону жүргүзүү, чакырылуучу моби-лизациялык резервдеги аскердик кызматты уюштуруу жана акча каражаттары-нын төлөнүшүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүнүнБашкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы) аркылуу Кор-гоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. 5. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабына төмөнкүлөр жүктөлөт: - Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарынынжарандар тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө тартибижөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу республиканын калкын ка-барлоо; - жарандардын чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызма-тын өтөп жаткандыгы үчүн Коргоо министрлигинин атайын эсебине акча ка-ражаттарын төлөөсүнүн жүрүшүн контролдоо; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматты өтүүнүуюштуруу; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин Күжүрмөн даярдык программа-сын түзүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын белгилен-ген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу. 6. Аскер комиссариаттарына төмөнкүлөр жүктөлөт: - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каа-лоосу бар чакырылуучуларды иликтөө жана тандоо; - чакырылуучу мобилизациялык резервге жарандарды аскердик кызматкакиргизүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынын персоналдыккаттоосун жүргүзүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка жаран-дарды чакыруу жана жиберүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин Күжүрмөн даярдык программа-сына ылайык аскер комиссариаттарында аскердик жыйындарды өткөрүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка чакырыл-ган кызматчыларды окуу борборлорундагы аскердик жыйындарга жиберүү; - чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматтан бошо-тулган аскер кызматчыларын аскердик каттоого тургузуу; - жаштар арасында чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердиккызматтын өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөрү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүр-гүзүү. 7. Окуу борборлоруна төмөнкүлөр жүктөлөт: - аскердик жыйындарды өтүү үчүн келген чакырылуучу мобилизациялыкрезервдин аскер кызматчыларын камсыздоонун бардык түрлөрүнө коюу жанабөлүкчөлөр боюнча бөлүштүрүү жана жайгаштыруу; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин Күжүрмөн даярдык программа-сына ылайык аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскер кызматчыларын да-ярдоо; - аскерлер кызматын жана аскер кызматынын коопсуздугун уюштуруунукамсыздоо, аскердик тартипти кармоо жана аскердик жыйындарды өтүп жат-кан аскер кызматчыларынын ден-соолугун сактоо; - аскердик жыйындарды өтүп жаткан аскер кызматчыларын Кыргыз Рес-публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн салттарынын, Мекенине жанаэлине берилгендиктин духунда тарбиялоо; - чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларынын Ас-кердик антты берүүсүн уюштуруу; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын белгилен-ген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу. II бап Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жарандарды табуу жана иликтөө тартиби 8. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каа-лоосун билдирген жарандарды табуу аскердик жана альтернативдик кызмат-тарга жарандарды иликтөөнү жана тандоону өткөрүп жаткан мезгилде аскеркомиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. 9. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каа-лоосун билдирген жарандарды иликтөө жарандар жөнүндө толук маалыматтарменен райондук (шаардык) чакыруу комиссияларды камсыздоо максатында,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырылуу-га тийиш болбогон жарандарды чакырылуучу мобилизациялык резервге аскер-дик кызматка киргизүү учурларын жоюу максатында аскер комиссариаттарытарабынан жүргүзүлөт. 10. Аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон чакырылуучулардыиликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, ичкииштер бөлүмдөрүнүн, менчиктин формасына карабай ишканалардын, уюмдардынжана мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен аскер комиссарынын жетекчилигиалдында аскер комиссариатынын өздүк курамы тарабынан жүргүзүлөт. 11. Аскер комиссариаттары иликтөөнүн жүрүшүнүн убагында чакырылуу-чунун жарандыгын, ден-соолугунун абалын, билимин, жарандык адистигин,зарыл болгон башка маалыматтарды такташат. Иликтөө чакырылуучунун өзү,анын ата-энеси же чакырылуучуну тарбиялаган адамдар менен жеке маекте-шүү аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир маектешүү чакырылуучунун жана аныната-энесинин колдору менен, ошондой эле маектешүүнү өткөргөн адамдынколу менен милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыктары чакырылуучунун иликтөө баракчасында көрсө-түлөт. 12. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгөкаалоосун билдирген чакырылуучуларга чакырылуучу мобилизациялык резерв-де аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жана аскердик кызматка чакыруунунтартиби жеткирилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгө каалоо-сун билдирген жарандар райондук (шаардык) чакыруучу комиссияны өтүүгөчейин 3 күндөн кем эмес убакытта аскер комиссарынын атына белгиленгенформа боюнча жазуу түрүндөгү арызды беришет, анда белгиленген акча тө-лөмүнүн суммасын төлөөгө жана аскердик жыйындарды өтүүгө милдеттенишет. 13. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгөкаалоосун билдирген жарандар тарабынан акча төлөмүнүн белгиленген сум-масын төлөө чакырылуучу мобилизациялык резервге киргизилгенден кийинжүргүзүлөт. 14. Чакырылуучу менен жеке маектешүүнүн, диспансердик каттоодотурган жарандар жөнүндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын тизмесинин жаначакырылуучунун аскердик кызматка жарамдуулугу жөнүндө жарандарды бирин-чи аскердик каттоого тургузуу боюнча комиссиянын чечиминин негизиндеаскер комиссары аны чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кыз-матка дайындоо жөнүндө чечим чыгарат. Аскер комиссарынын чечими анынколу жана гербдүү мөөрү менен иликтөө баракчасында күбөлөндүрүлөт. 15. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөөгөкаалоосун билдирген жарандардын саны жөнүндө маалыматты райондук (шаар-дык) аскер комиссариаттары тиешелүү түрдө 25-мартка жана 25-сентябргакарата Башкы штабдын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгына бери-шет. III бап Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка жарандарды киргизүү тартиби 16. Чакырылуучу мобилизациялык резервге жарандарды аскердик кыз-матка чакыруу аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Чакыруу күнүндө 18 жашка толгон эркек жарандар кызматка чакырылат. 17. Чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кирги-зилүүгө тийиш болгон жарандардын саны аскер комиссариаттарындагы чакы-рылуучу ресурстардын бар болушунун негизинде Куралдуу Күчтөрдүн Башкыштабы тарабынан аныкталат. 18. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча жана чакырылуучу-нун арызынын негизинде райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы тиешелүүчечим чыгарат. 19. Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка кирги-зилген чакырылуучулар чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары(мындан ары - чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары) депаталышат. 20. Чакырылуучу мобилизациялык резервге киргизүү жөнүндө чакыруукомиссиясынын чечими чыккандан кийин, чакырылуу Коргоо министрлигининатайын эсебине белгиленген сумманы толук өлчөмдө төлөйт. 21. Мобилизациялык резервдеги аскердик кызмат өтөө үчүн белгилен-ген акча өлчөмүн төлөгөн, бирок аскер жыйындарын өткөнгө чейин казаболгон (курман болгон, сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп табылган)чакырылуучу чакырылуучулардын аскердик каттоодон чыгарылат. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө үчүн алтарабынан төлөнгөн акчалай төлөм мураскорго кайтарылып берилүүгө тийиш. 22. Төлөнгөн акчалай төлөм коргоо министринин буйругу менентөмөнкү тартипте кайтарылып берилет: а) кезектеги чакыруу аяктагандан кийин аскер комиссары КуралдууКүчтөрдүн Башкы штабына билдирме берет. Билдирмеге протоколдордун ки-тептеринен көчүрмөлөрү, Республикалык чакыруу комиссиясы тарабынан рай-ондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечимин тастыктоо жөнүндө медици-налык күбөлөндүрүүнүн анкетасынын көчүрмөлөрү, жаран тарабынан белги-ленген акча төлөмүнүн толук өлчөмдө төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктүн кө-чүрмөлөрү, каза болгондугу (курман болгондугу, соттун чечиминин көчүр-мөлөрү) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү тиркелет; б) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы берилген документтердин негизин-де коргоо министрине көрсөтүлгөн суммаларды кайтарып берүү жөнүндө өтү-нүч берет; в) акча каражаттарын кайтарып берүү коргоо министринин буйругунуннегизинде казыналыктын региондук органындагы аскер комиссариатынынатайын эсебинен ушул Жобонун 21 жана 22-пункттарында аталган алуучулар-дын банктын мекемесиндеги жеке эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт; г) каттоо боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү аскер комиссари-атынын атайын эсебинин киреше бөлүгүн азайтуунун жолу менен таризделет. 23. Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка кирги-зилген жарандар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын протоколунуннегизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат жана райондук (шаар-дык) аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн аты жазылган тизме боюн-ча чакырылуучу мобилизациялык резервдин каттоо бөлүмчөсүнүн каттоосунаберилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынын өздүк де-лолору, күбөлүктөрү жана каттоо-кызмат өтөө карточкалары чакырылуучумобилизациялык резервдин делолорду каттоо бөлүмчөсүнө берилет. IV бап Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын каттоо тартиби 24. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын каттоодогужалпы жетекчиликти жана контролдоону Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы, алэми республиканын областтарынын, райондорунун жана шаарларынын чегиндеаскер комиссарлары жүргүзөт. 25. Аскер комиссарлары алар тейлеген аймактагы чакырылуучу мобили-зациялык резервдин кызматчыларын каттоону уюштуруу жана анын толук бо-лушу үчүн жоопкерчилик тартышат жана аларга төмөнкүлөр жүктөлөт: - Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык чакырылуучумобилизациялык резервдин кызматчыларынын каттоосун жүргүзүү; - үй-бүлөлүк абалы, ден-соолугунун абалы, билими, адистиги, иште-ген орду, жашаган жерлеринин даректери жана башка маалыматтары өзгөр-гөндүгү жөнүндө маалыматтарды тактоо жана чакырылуучу мобилизациялыкрезервдин кызматчыларынын каттоо-аскердик документтерине өз убагындакиргизүү. 26. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынын каттооперсоналдык жана сандык болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн Бакшы штабында сандык каттоо, аскер комиссариаттарында пер-соналдык каттоо жүргүзүлөт. Персоналдык каттоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт: - өздүк делолор боюнча; - персоналдык каттоо журналдары боюнча. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын ыкчам каттооүчүн аскер комиссариатында кыймылдарды каттоо журналы жүргүзүлөт жанабул журналда чакырылуу мобилизациялык резервдин кызматчыларын саны жанаалардын кыймылы (кетүүсү, келүүсү) чагылдырылат. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларын өздүк делолору-нан төмөнкү картотекалар түзүлөт: - чакырылуучу мобилизациялык резервдин каттоого алынган кызматчы-ларынын (өздүк делолор аскердик жыйынга чакырылган датасы, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, алфавит боюнча коюлат); - чакырылуучу мобилизациялык резервдин каттоодон чыгарылган кыз-матчыларынын (каттоодон чыгарылган себептери боюнча); - издөөдө жүргөндөрдүн. 27. Чакырылуу мобилизациялык резервдин кызматчылары төмөнкү учур-ларда каттоо алынат: - райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы тарабынан чакырылуучу мо-билизациялык резервине аскердик кызматка киргизүү жөнүндө чечим кабылалынгандан кийин; - башка аскер комиссариаттардан жањы жашаган жерине келген учурда. 28. Каттоого алуу тартиби: а) райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы тарабынан чакырылуучу мо-билизациялык резервине аскердик кызматка киргизүү жөнүндө чечим кабылалынгандан кийин чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынакүбөлүк жана каттоо-кызмат өтөө карточкалары жазылып берилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервинин кызматчыларынын өздүк дело-лору, каттоо-кызмат өтөө карточкалары аларды запаска киргизүүгө чейинаскер комиссариатынын 1-бөлүмчөсүндө сакталат; б) чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысы башка аскер ко-миссариаттарынан жањы жашаган жерине келгенде. Башка райондордон келген чакырылуучу мобилизациялык резервдин кыз-матчыларын каттоого алуу тартиби төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: - каттоо журналга чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысыжөнүндө каттоо маалыматтары жазылат; - кабарлоо (жазма буйруктун дүмүрчөгү) эки нускада толтурулат; - биринчи нуска анын өздүк делосун жиберүү суранычы менен кызмат-чынын мурдагы каттоо жери боюнча аскер комиссарына жиберилет; - экинчи нуска контролдоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынажиберилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынын өздүк делосуналганга чейин алар өздүк делолордун картотекасында сакталган жазма буй-руктар боюнча эсептелинет. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысына анын өздүк дело-су келгенден кийин персоналдык каттоо журналында тиешелүү белги коюлат. Келген өздүк дело такталгандан кийин тиешелүү картотекага коюлат.Мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча аскер комиссары тарабынан берилгенжазма буйрук өздүк делого тиркелет. 29. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары каттоодоналынууга тийиш, эгерде алар: а) аскердик жыйындарга чакырылса; б) жањы жашаган жерине кетип жатса; в) тынчтык мезгилде аскердик кызматка жараксыз деп, аскердик мез-гилде чектүү жарактуу деп же аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердиккызматка жараксыз деп табылса; г) соттолсо жана кылмыш-жаза жазасын өтөө жерине кетсе; д) сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп табылса, ошондой эле казаболгон учурда. 30. Каттоодон чыгаруу тартиби: а) аскердик жыйындарга чакырылганда чакырылуучу мобилизациялык ре-зервдин кызматчылары аскер комиссарынын буйругунун негизинде каттоодоналынышат. Персоналдык каттоо китебинде тиешелүү белги коюлат; б) жањы жашаган жерине кетип жаткан чакырылуучу мобилизациялык ре-зервдин кызматчысын каттоодон чыгаруу анын арызынын негизинде аткары-лат. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысына жазма буйруктунэки нускасы жазылат. Биринчи нуска кызматчыга берилет жана жањы жашаганжерине келүүсү боюнча белгиленген мөөнөттө ал тиешелүү аскер комиссари-атына каттоо туруу үчүн милдеттүү экендиги түшүндүрүлөт. Жазма буйруктун экинчи нускасы контролдоо үчүн Куралдуу КүчтөрдүнБашкы штабына жиберилет. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысынын жањы жашаганжери боюнча аскер комиссарынан кабарлоону алгандан кийин анын өздүк де-лосу каттоо-кызмат өтөө карточкасы менен бирге 3 күндүк мөөнөттөн кемэмес убакытта тиешелүү аскер комиссариатына жиберилет. Персоналдык кат-тоо журналында өздүк делонун жиберилгендиги жөнүндө белги коюлат. Которуу жөнүндө чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчысынынарызы жана өздүк дело жањы жашаган жери боюнча жиберилгендиги жөнүндөаскер комиссариатынын кабарлоосу аскер комиссариатынын тиешелүү делосу-на тиркелет. Эгерде кызматчыларды каттоодон алгандан кийин бир айлыкмөөнөттүн ичинде тиешелүү аскер комиссариаттарынан аларды аскердик кат-тоого алгандыгы жөнүндө кабарлоо келбесе, аскер комиссариаттары ушундайкызматчыларды ички иштер органдары, ата-энелери жана жакын туугандарыаркылуу издөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө милдеттүү; в) тынчтык мезгилде жараксыз, согуш убагында аскердик кызматкачектүү жарактуу деп табылган чакырылуучу мобилизациялык резервдин кыз-матчылары Коргоо министринин Аскердик-дарыгерлик комиссиясынын корутун-дусунун негизинде каттоодон чыгарылышат жана андан ары аскердик билеттиберүү менен аскерге милдеттүүлөрдүн экинчи категориясына киргизилишет. Каттоодон чыгаруу үчүн негиз болгон документтер делого тиркелет.Өздүк делолор запаска берилгенден кийин 2 жыл сакталат жана белгиленгентартипте жок кылынат; г) соттолгон жана кылмыш жазасын өтөө жерине кеткен чакырылуучумобилизациялык резервдин кызматчылары өкүмдүн жана соттолгон адамдаргакарата өкүмдөрдү күчүнө киргизүү жөнүндө, аларды кылмыш жазаларын өтүүжерлерине жиберүү тууралуу кабарлоолордун көчүрмөсүн алганда каттоодончыгарылат; д) чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары каза болгонучурда же сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп табылганда каза болгонду-гу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттун чечиминин көчүрмөсү алын-гандан кийин каттоодон чыгарылат. Кызматчылардын персоналдык каттоо ки-тебине тиешелүү жазуу жазылат. Каттоодон чыгаруу үчүн негиз болгон документтер делого тиркелет.Өздүк делолор запаска берилгенден кийин 2 жыл сакталат жана белгиленгентартипте жок кылынат. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары тарабынан чакы-рылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө үчүн төлөнгөн ушулберененин "в", "г", "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн акча төлөмдөрү алар-га же жакын туугандарына кайтарылып берилүүгө тийиш. Төлөп берүү тарти-би ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. V бап Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө тартиби 31. Чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызмат Коргооминистрлигинин окуу борборлорунда аскердик жыйындарды өтүүнүн жүрүшүндөбир айлык мөөнөткө белгиленет. Чакырылуучу мобилизациялык резервдинкызматчылары чакырылуучу мобилизациялык резервге киргизилген күндөнбаштап 12 айдын ичинде аскердик жыйындарды өтүшөт. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын башталышыболуп аскердик жыйындарды өтүү үчүн аскердик кызматка чакыруу жөнүндөаскер комиссарынын буйругу чыккан күн эсептелет. Аскердик жыйындарды өтүү үчүн аскердик кызматка чакыруу жөнүндөаскер комиссарынын буйругу чыккан жана "катардагы жоокер" аскердик наа-мы ыйгарылган учурдан баштап чакырылуучу мобилизациялык резервдин кыз-матчылары аскер кызматчыларынын статусун алышат. Аскердик жыйындар экиэтапта өткөрүлөт: - биринчи этап - аскер комиссариаттарынын алдында; - экинчи этап - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы аныктаган окуу бор-борлорунда (аскер бөлүктөрүндө). 32. Аскердик жыйындар коргоо министри бекиткен Чакырылуучу мобили-зациялык резервди даярдоо программасы боюнча өткөрүлөт. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары даярдала турганаскердик адистиктердин тизмеси Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы тарабы-нан аныкталат. 33. Жашаган жеринде жашоо менен аскер комиссариаттарынын алдындагыаскердик жыйындар чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынааскердик кызматтын негиздери боюнча теориялык даярдыкты жана баштапкыпрактикалык ыкмаларды берүү максатында өткөрүлөт. Аскер комиссариаттарынын алдындагы аскердик жыйындар Куралдуу Күч-төрүнүн Башкы штабынын көрсөтмөлөрүнө ылайык өткөрүлөт. 34. Окуу борборлорундагы (аскер бөлүктөрүндөгү) аскердик жыйындарокуу борборлорунун (аскер бөлүктөрүнүн) жайгашкан пункттарында чакыры-луучу мобилизациялык резервдин кызматчыларына аскердик адистиктерди бе-рүү максатында өткөрүлөт. Окуу борборлорундагы (аскер бөлүктөрүндөгү) аскердик жыйындардыөтүү убагында аскер кызматчылары Аскердик ант беришет. 35. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын бүтүшүболуп окуу борборунун (аскер бөлүгүнүн) начальнигинин (командиринин)өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу жөнүндө буйругу чыккан күн эсептелет. 36. Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Чакырылуучу мобилизациялык ре-зервдин аскердик жыйындарын өткөрүү боюнча директиваны иштеп чыгат, ан-да төмөнкүлөрдү аныктайт: - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматты өтүүнүкаалаган жарандардын аскердик комиссариаттагы санын эсепке алуу мененаскердик жыйындарды өткөрүү мөөнөтүн; - аскер комиссариаттары алдында аскердик жыйындарга чакыруу жанаөткөрүү тартибин; - окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) аскер кызматчыларын жөнө-түү жана ташуу тартибин; - окуу борборлорунда (аскер бөлүктөрүндө) аскер кызматчыларын ка-был алуу жана бөлүштүрүү тартибин; - окуу борборлорунда (аскер бөлүктөрүндө) окуу процессин уюштуруутартибин; - Аскердик антты салтанаттуу кабыл алууну уюштуруу; - чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын белгилен-ген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу тартибин; - запаска бошогон аскер кызматчыларын ташуу тартибин. Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Чакырылуучу мобилизациялык резерв-дин аскердик жыйындарын өткөрүү боюнча директиванын көчүрмөсүн тиешелүүкызмат адамдарына чейин жеткирет. 37. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскердик жыйындарын өткө-рүү боюнча директиванын көчүрмөсүн алгандан кийин аскер комиссарлары,окуу борборлорунун начальниктери Аскердик жыйындарды өткөрүү пландарынтүзүшөт, анда аскердик жыйындарды уюштуруу, камсыздоо жана өткөрүү үчүнзарыл иш-чаралар аныкталат. 38. Аскердик жыйындарды өтүү убагында камсыздоонун бардык түрлөрүменен камсыздоо Кыргыз Республикасынын коргоо министринин тиешелүү буй-руктары менен аныкталат. VI бап Аскер кызматчыларын окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) жөнөтүү жана ташуу тартиби 39. Аскер кызматчыларын окуу борборлоруна (аскер бөлүктөрүнө) жө-нөтүү жыйын пункттары аркылуу жүргүзүлөт. Окуу борборлорунда (аскер бөлүктөрүндө) аскер жыйындарын өтүү үчүнаскер кызматчыларын жөнөтүү планына ылайык аскер комиссарлары аскеркызматчыларынын жыйын пункттарына келүүсүн камсыз кылат. 40. Аскер кызматчылары жыйын пункттарына Чакырылуучу мобилизация-лык резервдин аскердик жыйындарын өткөрүү боюнча директива аныктаганмөөнөттө аскер комиссариаттары тарабынан жеткирилет. 41. Окуу борборунун (аскер бөлүгүнүн) өкүлдөрү дайындалган жергекелгенде, аты жазылган тизме боюнча өздүк курамды тапшырышат. Ошол элеубакта тиешелүү начальниктерге аскер тартибинин абалы жөнүндө жана жолжүрүүдө болгон тартип бузуулардын бардык учурлары тууралуу билдирет. VII бап Запаска бошотуу 42. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматтын белги-ленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары, Куралдуу Күчтөрдүн Баш-кы штабынын Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскердик жыйындарынөткөрүү боюнча директивасына ылайык окуу борборунун (аскер бөлүгүнүн)начальнигинин (командиринин) буйругу менен запаска бошотулат. 43. Аскер кызматчылары берилген аскер кийим формасынын комплектименен запаска бошотулат. 44. Запаска бошотулган аскер кызматчылары жыйын пункттарына окууборборлорунун (аскер бөлүктөрүнүн) транспорттору менен жеткирилет жанааты жазылган тизме боюнча жыйын пункттарынын начальниктерине берилет. 45. Запаска бошотулган аскер кызматчыларын негизи жок жыйын пункт-тарында (аскер бөлүктөрүндө) кармоого тыюу салынат. 46. Мобилизация жарыяланганда чакырылуучу мобилизациялык резервдинаскер кызматчыларын запаска бошотуу өзгөчө буйрукка чейин токтотулат. 47. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскер кызматчыларын запас-ка бошотууда аскердик-каттоо документтерин толтуруу тартиби Катуу от-четтуулуктун бланктарын жасоо, каттоо, сактоо жана толтуруу тартиби жө-нүндө тескемеде аныкталат. 48. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларын за-паска бошотулгандарга киргизүү тартиби Аскерге чакырылуучулардын жанааскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоосун жүргүзүү тартиби жөнүндө жо-бодо аныкталат. VIII бап Чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка киргизилген, аскердик жыйындарга чакырылган жана запаска бошотулган чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларынын укуктары, милдети жана жоопкерчилиги 49. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчылары төмөнкүлөргөмилдеттүү: - аскердик жыйындарды өтүү үчүн көрсөтүлгөн жөнөтүү мөөнөтүндө ас-кер комиссариатынын чакыруусу боюнча келүүгө; - жашаган жериндеги, үй-бүлөлүк абалындагы бардык өзгөрүүлөр жө-нүндө 10 күндүк мөөнөттө аскер комиссариатына билдирүүгө; - жашаган жери алмашкан учурда аскердик каттоого туруу үчүн жазмабуйрукта көрсөтүлгөн аскер комиссариатына жана белгиленген мөөнөттө ке-лүүгө. 50. Аскердик жыйындарды өтүүдөн баш тарткан чакырылуучу мобилиза-циялык резервдин кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылай-ык жоопкерчиликке тартылышат. 51. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынын укуктары,милдеттери жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындааныкталат. 52. Аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 53. Чакырылуучу мобилизациялык резервдин запаска бошотулган аскеркызматчылары төмөнкүлөргө милдеттүү: - дайыма жашаган жери боюнча аскердик кийим формасынын комплекттинүч жыл сактоого; - аскер комиссариатынын чакыруусу боюнча аскердик кийим формасындакелүүгө; - аскердик кийим формасы жоголсо же жарабай калса өз эсебинен ка-лыбына келтирүүгө. 54. Чакырылуучу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөн аскерге мил-деттүүлөр контракт боюнча аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн. 55. Чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматын өтөгөнжогорку билими бар жана офицердик курамдын запас боюнча биринчи "лейте-нант" наамын алууну каалаган аскерге милдеттүүлөр Коргоо министрлигинатайын эсебине 120 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө кошумча акчалай төлөмдүтөлөгөндөн кийин Запастагы офицерлер программасы боюнча окуу жыйынынөтүү укугуна ээ болот. 56. Альтернативдик кызматты өтөгөн жана "аскер кызматына жараксыз"деп табылган аскерге милдеттүүлөр медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн жа-на алар "аскер кызматына жарактуу" деп табылгандан кийин Коргоо минист-рлигин атайын эсебине салыктарды эсепке алганда 120 эсептик көрсөткүчөлчөмүндө акчалай төлөмдү төлөгөн учурда ушул Жобого ылайык чакырылуучумобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөө укугуна ээ болот.