Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 456, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Негизги түшүнүктөр
1. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
бюджеттен тышкаркы билим берүү иши - акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик билим берүү уюмдарында көрсөтүлгөн билим берүү кызматтары;
кошумча билим берүү кызматтары - мамлекеттик билим берүү стандарттарынан ашыкча кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ыктыярдуу негиздердеги юридикалык жактардын (билим берүү ишине лицензиясы бар) коммерциялык эмес иши. (Кошумча билим берүү кызматтарына төмөнкүлөр кирбейт: негизги жалпы билим берүүчү программаларды ишке ашыруу, жеке жана топтук сабактар, негизги жалпы билим берүүчү программалар үчүн бөлүнгөн сааттардын эсебинен тандоо боюнча курстар);
калькуляциялоо - экономикалык жактан негизделген тарифтерди аныктоо максатында учурдагы ченемдерге жана мурдагы мезгилди анализдөөгө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын чагылдыруучу көрсөтүлгөн кызматтардын өздүк наркын эсептөө;
билим берүү кызматтары - Кыргыз Республикасынын аймагында билим чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын коммерциялык эмес иши;
билим берүү уюмдары (мекемелер) - юридикалык жактар жана алардын юридикалык жактын же филиалдын статусуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте керектөөчүлөргө билим берүү кызматтарын көрсөткөн, билим берүү ишине лицензиясы бар башка юридикалык жактардын филиалдары, мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү (окутуу борборлору ж.б.);
жогорку окуу жайларынан кийинки кесиптик билим берүү - жогорку кесиптик билимдин базасында билиминин, илимий, педагогикалык квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга жарандарга мүмкүнчүлүк берген билим берүү;
билим берүү кызматтарынын тарифтери - билим берүү уюмдары (мекемелер) тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү, билим берүү кызматтары үчүн белгиленген төлөмдөр.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Жалпы жоболор
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары (мекемелер) көрсөтүүчү билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү ченемдик укуктук документ болуп эсептелет.
Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү укугу берилген башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынан тышкары, Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Жобонун 7-пунктунун талаптары алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул Жобонун негизги милдеттери:
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим алуучуларга теориялык жана практикалык даярдыкты камсыз кылуучу билим берүүнүн акы төлөмө кызматтарын керектөөчүлөргө көрсөтүү;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди негизсиз коюудан жана жогорулоодон (төмөндөөдөн) керектөөчүлөрдүн укугун коргоо;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызматын көрсөтүүчү уюмдардын (мекемелердин) жетекчилеринин билим берүүнүн акы төлөмө кызматынын тарифтеринин түзүлүшүнүн тууралыгына жоопкерчилигин жогорулатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Билим берүүчү уюмдар (мекемелер) үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи ушул Жобонун IV главасына ылайык түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранттарын макулдашуунун жана бекитүүнүн тартиби
5. Билим берүүчү уюмдун (мекеменин), анын ичинде билим берүүчү уюмдун (мекеменин) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүүнүн акы төлөмө кызматын көрсөтүүсүнө тарифтеринин прейскуранты билим берүүчү уюмдун (мекеменин) жетекчиси тарабынан бекитилет.
Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин бекитилген прейскурантынын көчүрмөлөрү, аларды негиздеген эсеп материалдар ошол билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тарифтердин прейскурантын иштеп чыгуу тапшырылган башкармалыгынын (бөлүмүнүн), бөлүнүшүнүн жетекчисинин колу коюлуп, билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле баш ийгендигине жараша маалымат берүү үчүн башка мамлекеттик органдарга жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
6. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Чет өлкөлүк студенттер үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет. Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин өлчөмү ушул Жобого ылайык белгиленген минималдуу өлчөмдөн төмөн болбошу керек.
Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген тартипте аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Тиешелүү лицензиясы бар билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү кызматтарына (кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, даярдоо курстары ж.б.) тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат, ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакциясына ылайык)
IV. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу тартиби
8. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди түзүү төмөнкүдөй материалдардын негизинде жүргүзүлөт:
- билим берүүчү уюмдун (мекеменин) финансылык-чарбалык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн ар бир түрү боюнча колдонуудагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө талдоонун;
- сарптоолордун ар бир беренеси боюнча чечмелөө менен окуу жылындагы кирешенин жана чыгымдардын сметасынын;
- материалдык, эмгектик жана башка сарптоолорду чечмелөө менен кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча өздүк нарктын калькуляциясынын;
- бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын жана кирешелердин сметасынын иш жүзүндөгү аткарылгандыгы жөнүндө отчёттун;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонуудагы тарифтердин жана тарифтердин долбоорлорунун салыштырма таблицасынын;
- өткөн эки жылдагы тарифтердин өзгөрүү динамикасынын;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин деңгээлин өзгөртүүнүн себептерине негиздеменин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Тарифтердин прейскурантынын долбоору жана аларды негиздөө боюнча эсептик материалдар, ошондой эле бекитилген тарифтердин прейскуранты жана алардын негиздемеси боюнча эсептөөчү материалдар өзүнчө көктөмөгө (папкага) тиркелет жана билим берүүчү уюмда (мекемеде) жети жыл бою сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтер окуучулардын санын (контингентин), окуу процессин камсыздоо үчүн зарыл болгон кийинки окуу жылына бекитилген окуу планын жана окутуу программасын эске алуу менен иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша аныкталат.
Акы төлөнүүчү окутуу тарифтери адистигине (адистиги) жана окутуу формасына (күндүзгү, күндүзгү-сырттан, кечки, сырттан, дистанциялык, экстернат ж.б.) жараша дифференцияланат.";
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Билим берүү уюмдарына акы төлөнүүчү кызматтардын наркынын эсебинен жогору турган органдарды жана оперативдүү башкарууда турган уюмдарды күтүүгө чегерүүлөр жүргүзүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эсептик материалдарга ошол билим берүүчү мекеменин (уюмдун), түзүмдүк бөлүкчөнүн тарифтердин прейскурантынын долбоорун иштеп чыгуу жүктөлгөн башкармалыгынын (бөлүмүнүн) жетекчиси кол коет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Акы төлөмө билим берүү иши ишкердик катары каралбайт жана андан келип түшкөн киреше толугу менен билим берүү процессин камсыз кылууга чыгымдарды жабууга кетет.
13. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин экономикалык негиздемеси болуп билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүнө негиздүү чыгымдарынын негизинде аныкталуучу алардын өздүк наркы эсептелет.
Прейскуранттын ар бир позициясы боюнча калькуляциялоо сарптоолордун ар бир беренеси боюнча толук түрдө түзүлөт.
131. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскурантын бекитүү үчүн тарифтерди түзүүдөгү материалдардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик билим берүүчү уюмдун (мекеменин) жетекчисине жана ошол билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тарифтердин прейскурантын иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн башкармасынын (бөлүмүнүн), түзүмдүк бөлүнүшүнүн начальнигине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Тарифтердин прейскурантын бекитүү окуу жылы башталганга чейин окутуунун жана адистиктин тиешелүү багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү бекитилгенден кийин ишке ашырылат. Тарифтердин прейскуранты билим берүүчү уюм (мекеме) тарабынан билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу керектөөчүлөргө маалымдоо максатында атайын берилген орунда (стенд, такта) жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына киргизилүүчү билим берүү уюмунун (мекеменин) сарптоолору
15. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы төмөнкү беренелер боюнча түзүлөт:
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгек акы төлөөгө жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүгө сарптоолор;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сый акылар, тарифтик ставкаларга (кызмат маяналарга) үстөктөр, отпуск акысы жана компенсациялар. Үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилөө финансылык каражаттар болсо, камкорчулар кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук жана башка коэффициенттердин төлөмдөрү;
- эгер аткарган иши үчүн жумушчулар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекеме тарабынан эсептешүүлөр жүргүзүлсө, түзүлгөн келишимдер боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн зарыл болгон жумуштарды аткаргандыгы үчүн мекеменин штатында турбаган жумушчулардын эмгек акысы;
- социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдүн башка түрлөрү;
- жабдууларды жана инвентарларды сатып алуу:
- отчеттук мезгил үчүн ченемдерге ылайык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз колдонулган негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациялык чегерүүлөрүнүн (эскирүү) суммасы чагылдырылат;
- учурдагы ремонт:
акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына баштапкы баланстык наркынын 10 пайыз өлчөмүндө киргизилет;
- коммуналдык чыгымдар:
акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөр процессине түздөн-түз тиешеси бар электр жана жылуулук энергиясына, суу, газ менен камсыздоо, байланыш кызматтарына төлөөгө сарптоолор акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына киргизилет;
- транспорт чыгымдары:
бул беренеде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген ченемдер боюнча автомашиналардын КММга болгон чыгымдары көрсөтүлөт;
- башка сарптоолор:
- уруксаат берүүчү документтерге сарптоолор;
- белгиленген тартипте аныкталган ставкалардын чегинде банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык командировкалык чыгымдар;
- өрт өчүрүү жана кароолдук кайтарууга төлөө;
- келишимдерге ылайык (анын ичинде ижара келишимдери) билим берүү процессин уюштуруу үчүн пайдаланылган имарат чыгымдары;
- кызмат (жумуштарды) көрсөтүүлөрдө зарыл болгон мезгилдик, илимий-техникалык жана ченемдик-усулдук адабиятка жазылуу;
- кеңсе чыгымдары;
- маданий, илимий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө сарптоолор;
- кирешенин суммасынан 0,3 процент өлчөмүндө өкүлчүлүк чыгымдар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр;
- түзүмдүк бөлүкчөлөр тарабынан жогору турган билим берүү мекеменин (уюм) чыгымдарын жабуу;
- өндүрүштүк жана педагогикалык практикага чыгымдар;
- жарнакка чыгымдар;
- тамак ашка (сүткө) чыгымдар (Эмгектин өзгөчө, зыяндуу шарттары жөнүндө жободо берилген ченемдерге ылайык);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар.
Башка билим берүү уюмдарынан (мекемелерден) же бир адистиктен башкасына которулган, ошондой эле чыгарылгандан кийин кайра окууга алынган студенттер окуу пландарындагы айырманы жоюу үчүн кошумча төлөшөт. Бул төлөмдүн өлчөмү окуу жүктөмүнүн жана окутуучулардын эмгек акысына саат боюнча ставканын өлчөмүнүн айырмасына карата эсептөө жолу менен аныкталат.
Аспирантурада күндүзгү жана сырттан окутуу формасынын тарифтери ушул Жобонун 5 жана 15-пункттарына ылайык эсептелет.
Окуу жайларына кирүүчү абитуриенттер үчүн кызмат көрсөтүүлөр тарифтери билим берүү уюмдары мындай кызмат көрсөтүүлөрдү аткарышы үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү чыгымдарга (иштеген адамдардын - кабыл алуу комиссия мүчөлөрүнүн эмгек акысы, бланка продукциясынын наркы, кирүү экзамендерин өткөрүү) жараша аныкталат. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен аныкталуучу, иш жүзүндө иштеген убакыт (мезгили) үчүн ушул Жобонун 5 жана 15-пункттарына ылайык бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына төмөнкүлөр киргизилбейт:
- жашоо шартын жакшыртуу үчүн материалдык жардам, ссуда жана башка социалдык төлөп берүүлөр;
- дарыланууга жана эс алууга, экскурсия жана саякаттоо жолдомолорго ж.б. төлөөлөр;
- соттук чыгымдар;
- финансы-чарба ишмердүүлүгүн текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
- финансы-чарба иштерин бузгандыгы үчүн айып салуулар, туумдар жана санкциялардын башка түрлөрү;
- уурдоодон келип чыккан зыяндар;
- социалдык инфраструктура объектилерин кармоого чыгымдар;
- демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдар, гранттар;
- турак жайга, жатаканага ж.б.у.с. төлөөлөр;
- кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга түздөн түз тиешеси жок башка сарптоолор.
Сарптоолордун бул беренелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен, анын ичинде чет элдик студенттердин келишимдеринин негизинде окуунун эсебинен каржыланышы мүмкүн.
161. Ушул Жобонун 16-пункту өзгөчө статусу бар ЖОЖдорго жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
VII. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин макулдашуунун, ишке киргизүүнүн тартиби
22. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер ушул Жобонун III главасында белгиленген тартипке ылайык бекитилген күндөн тартып иштейт жана окуу жылы аяктаганга чейин жарактуу болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Мерчемделген нарктын 50 процентке чейин өлчөмүндө окутуу үчүн акы алуу учурларын кошпогондо, тарифтердин прейскуранты бекитилгенге чейин окутуу үчүн студенттерден акча каражаттарын алууга тыюу салынат.
25. Студентти кабыл алгандан кийин билим берүүчү уюм (мекеме) аны менен акы төлөмө кызмат көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди коюунун тууралыгына мамлекеттик контроль жүргүзүү
26. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюунун жана колдонуунун тууралыгына жана ушул Жобонун талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы жана анын аймактык органдары жүзөгө ашырат.
IX. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
27. Бул Жобону бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жаза колдонулат.
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобого тиркеме |
Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтердин минималдуу өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы N 431 токтомунун редакциясына ылайык)
Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтердин минималдуу өлчөмү бир студентке төмөнкүдөй аныкталат:
ПМӨ = Эк 2111 * МБС + Эк 2121 * МБС + Эк 2211 * МБС + Эк 2212 * МБС + Эк 2213 * МБС + Эк 2214 * МБС + Эк 2215 * МБС + Эк 2217 * МБС + Эк 2218 * МБС + Эк 2221 * МБС + Эк 2222 * МБС + Эк 2231 * МБС + Эк 3111 * МБС + Эк 3112 * МБС,
мында:
ПМӨ - бир студентке тарифтердин прейскурантынын минималдуу өлчөмү;
Эк - төмөнкүлөр боюнча (үчүн) бир студентке орточо чыгымды аныктоодо эселөө коэффициенти:
Эк 2111 - эмгек акы (21,143);
Эк 2121 - Соцфондго төгүмдөр (3,644);
Эк 2211 - иш сапарларга чыгымдар (0,361);
Эк 2212 - байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (0,361);
Эк 2213 - ижара акысы (0,83);
Эк 2214 - транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (0,108);
Эк 2215 - башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (0,902);
Эк 2217 - медикаменттерди сатып алуу (0,108);
Эк 2218 - тамак-аш продуктуларын сатып алуу (0,036);
Эк 2221 - учурдагы оңдоого чыгымдар (0,469);
Эк 2222 - предметтерди жана материалдарды сатып алуу (0,253);
Эк 2231 - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (0,361);
Эк 3111 - имараттар жана курулмалар (0,361);
Эк 3112 - машиналар жана жабдуулар (7,144);
МБС - минималдуу базалык ставка 2022-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча 7040 сомду түзөт.