Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-декабры № 817
"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына негиздүү тарифтерди коюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "баа" сөзү тиешелүү жөндөмөдөгү "тарифтер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- преамбуласы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "Билим берүү жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун камсыздоо, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына негиздүү тарифтерди коюу, ошондой эле аларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
Аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "баа" сөзү тиешелүү жөндөмөдөгү "тарифтер" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
бюджеттен тышкаркы билим берүү иши - акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик билим берүү уюмдарында көрсөтүлгөн билим берүү кызматтары;
кошумча билим берүү кызматтары - мамлекеттик билим берүү стандарттарынан ашыкча кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ыктыярдуу негиздердеги юридикалык жактардын (билим берүү ишине лицензиясы бар) коммерциялык эмес иши. (Кошумча билим берүү кызматтарына төмөнкүлөр кирбейт: негизги жалпы билим берүүчү программаларды ишке ашыруу, жеке жана топтук сабактар, негизги жалпы билим берүүчү программалар үчүн бөлүнгөн сааттардын эсебинен тандоо боюнча курстар);
калькуляциялоо - экономикалык жактан негизделген тарифтерди аныктоо максатында учурдагы ченемдерге жана мурдагы мезгилди анализдөөгө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын чагылдыруучу көрсөтүлгөн кызматтардын өздүк наркын эсептөө;
билим берүү кызматтары - Кыргыз Республикасынын аймагында билим чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын коммерциялык эмес иши;
билим берүү уюмдары (мекемелер) - юридикалык жактар жана алардын юридикалык жактын же филиалдын статусуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте керектөөчүлөргө билим берүү кызматтарын көрсөткөн, билим берүү ишине лицензиясы бар башка юридикалык жактардын филиалдары, мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү (окутуу борборлору ж.б.);
жогорку окуу жайларынан кийинки кесиптик билим берүү-жогорку кесиптик билимдин базасында билиминин, илимий, педагогикалык квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга жарандарга мүмкүнчүлүк берген билим берүү;
билим берүү кызматтарынын тарифтери - билим берүү уюмдары (мекемелер) тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү, билим берүү кызматтары үчүн белгиленген төлөмдөр.";
2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары (мекемелер) көрсөтүүчү билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү ченемдик укуктук документ болуп эсептелет.
Ушул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет";
4-пункттагы "наркы" сөзү "тарифи" сөзүнө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Тиешелүү лицензиясы бар билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү кызматтарына (кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, даярдоо курстары ж.б.) тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат, ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет.";
10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтер окуучулардын санын (контингентин), окуу процессин камсыздоо үчүн зарыл болгон кийинки окуу жылына бекитилген окуу планын жана окутуу программасын эске алуу менен иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша аныкталат.
Акы төлөнүүчү окутуу тарифтери адистигине (адистиги) жана окутуу формасына (күндүзгү, күндүзгү-сырттан, кечки, сырттан, дистанциялык, экстернат ж.б.) жараша дифференцияланат.";
төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Билим берүү уюмдарына акы төлөнүүчү кызматтардын наркынын эсебинен жогору турган органдарды жана оперативдүү башкарууда турган уюмдарды күтүүгө чегерүүлөр жүргүзүүгө тыюу салынат.";
төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1. Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтерди макулдашуу үчүн берилген материалдардын толуктугу жана аныктыгы үчүн билим берүү уюмунун (мекемесинин) жетекчиси жоопкерчиликтүү болот.";
15-пунктта:
экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сый акылар, тарифтик ставкаларга (кызмат маяналарга) үстөктөр, отпуск акысы жана компенсациялар. Үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилөө финансылык каражаттар болсо, камкорчулар кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт;";
он төртүнчү абзацтагы "баланстык калдык наркынан (имараттар, курулмалар, жайлар, жабдуулар, инвентарлар ж.б.) 15 проценттен ашык эмес көлөмгө" сөздөрү жана саны "баштапкы баланстык наркынын 10 пайыз өлчөмүндө" сөздөрү жана саны менен алмаштырылсын;
он сегизинчи абзацтагы ".Автомашинаны оңдоого сарптоолор транспортко амортизациялык чегерүүлөрдөн орду толтурулат" сөздөрү алынып салынсын;
жыйырма сегизинчи абзацтагы "0,1" сандары "0,3" сандарына алмаштырылсын.
отуз алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Аспирантурада күндүзгү жана сырттан окутуу формасынын тарифтери ушул Жобонун 5,6 жана 15-пункттарына ылайык эсептелет";
төмөнкү мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
"окуу жайларына кирүүчү абитуриенттер үчүн кызмат көрсөтүүлөр тарифтери билим берүү уюмдары мындай кызмат көрсөтүүлөрдү аткарышы үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү чыгымдарга (иштеген адамдардын - кабыл алуу комиссия мүчөлөрүнүн эмгек акысы, бланка продукциясынын наркы, кирүү экзамендерин өткөрүү) жараша аныкталат. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен аныкталуучу, иш жүзүндө иштеген убакыт (мезгили) үчүн ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет.";
17-пункттагы "жыл сайын" сөздөрү алынып салынсын;
18-пунктта "жыл сайын", ", анын түзүмдүк бөлүкчөсүнүн" сөздөрү алынып салынсын;
19-пунктта "жыл ичинде" сөздөрү алынып салынсын;
20-пунктта "жыл сайын" сөздөрү алынып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|