ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-апрелиндеги №227 «Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
                            КР Өкмөтүнүн            2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-апрели № 227                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз              Республикасынын жарандарын чакыруунун жана                    аскердик кызмат өтөөнүн тартиби                    жөнүндө жобону бекитүү тууралуу      Чакырылуучу мобилизациялык  резервге чакыруунун жана аскердик кыз-мат өтөөнүн  маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 41  жана  73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын жалпыга  бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана аль-тернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бе-ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Чакырылуучу  мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-рандарын чакыруунун  жана  аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө тир-келген жобо бекитилсин.     2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору,  жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчи-ликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк подразделениелеринде анын аткары-лышын камсыздашсын.     3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигине жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов