КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 10-марты № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С. Исабековтарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине то-луктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тир-келген
корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 161
токтому менен
жактырылган Кыргыз Республикасынынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодек-сине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорубоюнча төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын жањы Салык кодексинине ылайык КНСтин став-касы 20 дан 12 пайызга чейин төмөндөгөн, автомобиль жолдорун пайдалан-гандыгы үчүн салыктын, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу үчүнкаражат которуунун жана чекене сатуудан жана калкка кызмат көрсөтүүүчүн салыктын ордуна сатуудан алынуучу салык киргизилген, салыктардынжалпы саны 16 дан 8 ге чейин кыскартылган. Айыл чарба техникаларын өнөр жайлык жыйноо үчүн импорттолуучу то-варларды (түйүндөрдү, бөлүктөрдү, агрегаттарды, механизмдерди, матери-алдарды) кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштаган чара салыкты баш-карууда кыйла кыйынчылыктарды түзөт, бул КНСти төлөбөстөн жогорудааталган товарларды киргизүү мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө жүр нарыга салганишкерлер үчүн өбөлге түзүүгө барабар. Ставканы төмөндөтүү же кандайдыр бир салыкты алып таштоо үчүн аде-генде бюджеттин түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тиешелүү булак-тарды аныктап алуу керек. Мында биз төмөнкүнү белгилейбиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 22-декабрындагы № 707 токтому менен айыл чарба техникаларынберүүгө салыктык жењилдиктерди, ошондой эле тамак-аш жана кайра иш-тетүүчү өнөржай ишканаларын пайдага жана КНС салыктарынан бошотууну ка-раган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасьнын Мыйзам долбоору жактырылган. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынынжањы Салык кодексин киргизүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджеттин кыйлажоготууларын жана берилген салык жењилдиктерин эске алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоорун кабыл алууну максатсыз деп эсептейт.